СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коомдогу жаны технология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Коомдогу жаны технология»















К
оомдогу жа
ңы технология



















Коомдогу жаңы технология

Интерактивдүү окутуу - бул мугалим менен окуучунун жана окуучу менен окуучунун мамилелерин активдештирип, максаттуу пикир алышуунун процесси. Окутуу иши коллективдүү түрдөгү (мугалим класстагы окуучулары), группалык (окуучу-окуучулар), жекече түрдө (окуучу-репититор окуучу мугалим жана башка) формаларда болуп, бардык учурда тең окуучу сөзсүз окутуу процессинде окутуучулук милдетти аткарат. Мугалимге окутуунун стратегиясы так аткаруу милдети жүктөлөт. Сабактын дидактикалык структурасын түшүнүү, ой жүгүртүү фазалары түзөт.

Окутуу методу –окуучуларга билим, билгичтик, көндүмдөрдү берүүгө, аларды тарбиялоого ж-а өстүрүп өнүктүрүп чыгармачыл инсандыкка даярдоого багытталган мугалим м-н окуучулардын арасындагы өз ара максаттуу биргелешип аракеттенүүлөрүнүн ыкмасы.

Демек, окутуу методу үч нерседен: окутуунун максатынан, окуучунун окуп үйрөнүү ыкмаларынан ж-а окутуучунун (мугалимдин) окутуу ыкмаларынан турат. Эгерде бул үчөөнүн ар бирин өз-өзүнчө айрым алып карай турган болсок, анда биз О. м-дору жөнүндөгү  даана жооп ала албайбыз. Мис., окуп үйрөнүүнүн ыкмаларын эсепке албай туруп О. м-рун анын жалаң максаттары б-ча гана аныктагыбыз келсе, анда ал максаттарга жетишүү үчүн жасалуучу аракеттерге туура келүүчү метод кандай боло турганын аныктоо мүмкүн эмес. Эгерде биз окуп үйрөнүүнүн законченемдүүлүктөрү м-н гана чектеле турган болсок, анда өздөштүрүп кабылдоо кандай максаттарга багытталгандыгы ж-а эмнени өздөштүрүп кабыл алуу зарыл экендиги түшүнүксүз болуп калат. Ал эми окуп үйрөнүүнүн максаттарын ж-а законченемдүүлүгүн билбей туруп, мугалимдин окутуунун максаттарына жетишүүнү камсыз кылуучу иш аракеттеринин эффективдүү ыкмаларын табууга болбойт. Ошондуктан окутуу методдорун ж-а окуп үйрөнүү методдорун өз ара бир-бирине ж-а окутуунун максаттарына туура келтирбей айрым-айрым аныктоо мүмкүн эмес.