СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коп угуп, аз суйло, ойчул бол!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Коп угуп, аз суйло, ойчул бол!»

КѲП УГУП, АЗ СҮЙЛѲ, ОЙЧУЛ БОЛ

Сабактын максаты:

Окуучулар сүйлөө маданиятын үйрөнүшөт. Көп сүйлөөнүн зыяндуулугун түшүнүшөт. Ойчул болууга умтулушат.

Сабактын жабдылышы:

Талкуулоо үчүн тексттер.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалим окуучуларды 2 топко бөлөт. Ар бир топко текст берет. Топтор текстти талкуулашып, класска жалпы презентация жасашат.

Мугалим:

Элибизде “Сууну сиңген жерге куй, сѳздү уккан кишиге айт”, “Ойлобой сүйлѳгѳн онтобой ооруга жолугат”, “Ойноп сүйлѳсѳң да, ойлоп сүйлѳ” деген нуска кептер бар. Бул сѳздѳрдүн түпкүлүгүндѳ кыргыз элинин адеп-ариетин чагылдырган түшүнүктѳр камтылган. Урматтуу жаш жеткинчек, бирѳѳнүн сѳзүн тыңдай билүү, аны түшүнүү, ойлоно билүү, сѳз кадырын билүү, аны кѳкүрѳктѳ бекем сактап калуу сендеги артыкча сапаттардан болуп саналат.

Кыргыз эли сѳз баккан, тирешкенин сѳз менен жыккан, ойго кенен эл. Кѳп сүйлѳгѳндү бабыр же тантык деп коюшкан. Кѳп тыңдап, аз сүйлѳсѳ да маанилүү саз сүйлѳп, чечендик ѳнѳрдү туу тутушкан. Элибизден чыккан Жээренче чечен, Акыл Карачач, Асан Кайгы ж.б. кѳптѳгѳн сѳз усталарынын ѳрнѳктүү ѳмүрү бүгүнкү күнгѳ чейин жетип келди. Силерге кыргыз элинин “Чечен келин” деген жомогун сунуш кылмакчымын, сѳз кудуретин баамдагыла.

1-топко:

Чечен келин

Илгери бир кѳпкѳлѳң тарткан мырза жигит жолоочулап келе жатып бир үйгѳ токтойт. Үйдѳн бир сулуу жаш келин чыга калып, коноктун атын алып, үйгѳ киргизет. Мырза жигиттин куржуну бар экен. Үйгѳ киргенде ал бой кѳтѳрүп, бир жагынан жардыраак турмушту шылдыңдап: “Бул куржунду кайсы жерге илейин, келинчек”, - деп кекирейет. Анда келин: “Эгер сексен баштуу керегеден куржунуңуз илине турган баш табылбай калса, анда мойнуңузга илип алыңыз”, - дейт. Жигит келиндин туура сѳзүнѳ жыгылат.

Күйѳѳсүнүн жок экенин билгизбей келинэт бышырып, конокту сыйлайт. Мырза жигит бир жиликти алып мүлжүгѳндѳн кийин аны сындырмакчы болуп, маки менен ургулай баштайт. Аны кѳргѳн келин, чыгдандан бир табак сары май салып келип: “Издегениңиз май болсо, мына бул даяр майды жеңиз!” - деп кашыгы менен жигиттин алдына коет. Жигит бул жолу да туура сѳзгѳ сынат.

Эртеси келин конокту узатат. Мырза жигит аттанып жѳнѳѳрдѳ, конгон үйдүн чоң дѳбѳтү үрүп, жигиттин үзѳңгүсүнѳ асыла кетет. Жигит эңкейе калып, дѳбѳттү камчы менен башка тартып жиберет. Дѳбѳт каңшылап калат. Анда келин каңшылап жаткан дѳбѳттү эркелетип: “Кой, Маңгыт, ыйлаба! Агасы инисин уруп койсо эчтеке болбойт” - дейт. Ошентип чечен келинден мырза жигит үч жолу сѳзгѳ сынып, сѳзгѳ сѳлтүк, кепке кемтик болуптур.

2-топко:

Даанышмандык

Илгери ѳткѳн заманда Иранда “Унчукпастар” деп аталган уюм бар экен. Уюмда отуз мүчѳ болуп, андан ашык эч кимди алышчу эмес. Мүчѳ болуунун негизги шарттары кѳп ойлонуу, аз жазуу жана аз сүйлѳѳ. Бул уюм тууралуу атактуу акын Жами угуп калып, ага мүчѳ болууну абдан каалайт. Бир күнү “Унчукпастардын” бир мүчѳсү каза болуп калат. Муну уккан Жами уюмга кирүү үчүн алар жашаган жайга келет.Аны тосуп алган адамга эч нерсе дебестен атын бир кагазга жазып, “Унчукпастарга” жиберет.

“Унчукпастар” Жами келерден бир күн мурда жаңы мүчѳ алып коюшкан эле. Уюмдун башчысы бир кесеге мелт-калт суу толтуруп, кайра Жамиге жиберет. Кеседе бир тамчы тамса эле ташып кете тургандай суу бар эле. Демек, Жами кечигип калганын түшүнѳт да, ары жакта ѳсүп турган кооз розалардын бир кичине таажысын үзүп алып, кесеге салып, кайра жиберет. Кеседеги суу таптакыр ташыбаганын, роза менен кайра кооз болуп калганын кѳргѳн унчукпастар Жаминин даанышман экенин сезишип, мүчѳ катары кабыл алышат. Уюмдун башчысы эми Жаминин атын тизмеге жазаардан мурда “300” деген санды коет. Бул уюм жүз эсеге акылдуу адам менен кѳбѳйдү дегенге барбар эле.

Муну кѳргѳн Жами ыраазы болбой, унчукпай барып, “300дүн” экинчи нѳлүн ѳчүрүп, “030” деп жазып коет. Мындай даанышмандыгы менен ал ѳзүнүн сол жактагы нѳлгѳ барабар экенин, унчукпастардын катары кѳбѳйбѳгѳнүн айткысы келген эле.

Кѳрдүңѳрбү балдар, унчукпастык алтынга тете!

2-кадам:Окуучулар суроолорго жооп беришет:

Суроолор:

  1. “Сууну сиңген жерге куй, сѳздү уккан кишиге айт” деген макалдын маанисин кандайча түшүнѳсүң?

  2. Эмне үчүназ сүйлѳ, ойчул бол деп айтылат?

  3. Чечен келин эмне үчүн жигитти кайра-кайра сѳзгѳ жыгып жатты?

  4. Жами “Унчукпастар” уюмуна кантип мүчѳ болду?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат. Залкар ойлор

Ой –океан, тил –булак.



Ой –сѳздүн балагы.



Жакшы сѳз суу, жаман сѳз уу.



Сѳзүң күмүш болсо, тууруң алтын.



Сууну кѳп кечсе балчык болот, Сѳздү кѳп сүйлѳсѳ тантык болот.

(Элден)

Үйгө тапшырмалар:

  1. Жолдошуң менен чечен сѳздѳр аркылуу кат алышып кѳр.

  2. Классташтарың менен “унчукай” маектешкенге аракет жасапкѳр.

  3. Кыргыз эл жомокторунан чечендик ѳнѳрдү ачып бергендерин таап окугула, айтып бергиле.

  4. Залкар ойлорду окуп, класста талкуулагыла.