СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Корком онор сабагынан "Кузгу боёк" темасында отулгон ачык сааттын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Корком онор сабагы окуучулардын эстетикалык сулуулукка болгон табитин оорчутот. Бул сабакта окуучулар кузгу сулуулукка суктануу менен, кадамдар менен клен дарагынын  жалбырагын тартууга уйронушот.  

Просмотр содержимого документа
«Корком онор сабагынан "Кузгу боёк" темасында отулгон ачык сааттын иштелмеси»

Корком онор сабагы

Сабактын темасы: «Кузгу жалбырак» тартуу


Сабактын максаты:


Корком онор материалдарынын коп турдуулугу жонундо билимдерин кенейтуу.

Графикалык билимдерин жана ыкмаларын остуруу;

Тузулушу жонокой кузгу жалбырактардын корунушундогу негизги жана кошумча тустордун айкалышын оздоштуруусуно жетишуу;

Жаратылышка аяр мамиле жасоо жана суйуу сезимдерине тарбиялоо



Сабактын тиби: жаны билим беруучулук.

Мугалим учун жабдуулар: табигый материал, суротчулордун «Куз» жонундогу суроттору,компьютер, проектор,окуу китеби, презентация.

Окуучулар учун жабдуулар: кагаздар,акварель боёктору, кисть, суу куюучу идиш, тряпка.



 

Сабактын этаптары.

Колдонулган усулдар

Сабактын журушу

Окуучулардын ишмердуулугу

Социалдык-коммуникативдик жыйынтык

1.Уюштуруу убагы .


Саламатсынарбы!

-Азыр кайсы сабак?

-Корком онор сабагында кайсы окуу куралдарын колдонобуз?

Кана, бири-биринерге коз жугурткулочу. Баарынар сабакка даярсынарбы? Партанардын устундо акварель краскасы, кисточка, суу куюлган идишинер, тряпка турууга тийиш.


Мугалим менен саламдашып бири-биринин окуу куралдарына коз жугуртушот

Мугалим менен биргеликте окуу кызматташтыгын пландоо

2. Мурда отулгондорду кайталоо (билимин актуализациялоо).

Ангемелешуу. Суроо.

-Корком онор сабагы бизди эмнеге уйротот?

-Корком-сурот онорунун кандай турлорун билесинер?

-Живопись деген эмне экен?

-графика дегенчи?

-Скульптурачы?

Колдонмо жасалга онору дегенге кандай тушуносунор?

-Архитектура деген эмне?

Корком-сурот онорундо кандай жанрлар бар экен?

Пейзаж жанры эмнени суроттойт?

-Анималистика жанрычы?

Топтордо 1.корком сурот онорунун турлоруно жана жанрларына кластер тузушот

Суроолорго жооп беришет. Топтордо иштешет. корком сурот онорунун турлоруно жана жанрларына токтолушат.

Алган маалыматтарды колдоно алуу жондому калыптанат.



Азаматсынар силер корком онор сабагы боюнча коп маалыматтарды билет экенсинер. Азыр мен силерге бир корунушту суроттоп берейин силер бул суроттоодо эмне жонундо айтылганын тапкыла. «Айлана алтын туско айланды. Тээ алыстан бозоргон добо корунот. Берирээкте турган кош чынар терек алтындан койнок кийген жалбырактарын шамалга алдырганына капа болгондой башын чайкайт. Жердин бети туркун-тустуу жалбырактан койнок кийгендей.»

-Мен эмнени суроттодум?

-эмне учун антип ойлойсунар?

Кузгу жаратылышты суроттоп тартылган сурот эмне деп аталат?

-Азаматсынар. Силер туура таптынар.

Азыр мен силерге бир музыканы коем. Уккула, бул музыкада кайсы мезгил суроттолгон деп ойлойсунар?

Ооба Бул Петр Ильич Чайковскийдин "Кузгу ыр» чыгармасы

Куз-живописчи, пейзажчылардын суйуктуу мезгили. (слайд корсотулот)

Алардын копчулугу куздун ачык тусун тартып калуу учун жаратылышка чыгышат. Бирок, чон суроттун баарын камтып тартууга мумкун болбогон себептуу, натурадан кичинекей суротторду тартып алышат. Муну этюд деп коёт.

-Бул суроттордо кайсыл мезгил суроттолуптур? (Куз.)


-Жалбырактар туркун туско боелгон учурда , кузду кандай куз деп атап коюшат? (Алтын куз)


- Билесинерби, бул сурот эмне деп аталаарын. Бул сурот «Алтын куз» деп аталат.

-Хор менен кайталайбыз.«Алтын куз»

-Суротту орус суротчусу Исаак Левитан тарткан.

-суроттун автору ким экен?

-Келгиле хор менен суроттун авторун кайталайбыз.

- Суроттон алтын куздун кандай белгилерин коруп турасынар? (асмандын тусу, суу, чоптор жалбырактар.)

- Алдынкы планда эмнени коруп турасынар? (дарыяны)

- Дарыянын сол жактагы жээгин кооз создор менен суроттоп айтып бергилечи.

- Сол жаккы жээгинде кандай дарактар осуп турат. Кооздор ким жооп берет?

- Алыстан эмнени коруп турасынар?

- Дарыянын тусу жакындан кандай болуп корунот?

- Узактанчы?

-Эмне учун?

-Ким суротту кооздоп суроттоп айтып берет?

- Бул суротту карап туруп кандай сезимдерге курчалдынар?

- Кандай деп ойлойсунар, Левитан озунун туулган жерин суйгонбу?

- Эмне учун антип ойлойсунар?

Мугалимдин ангемесинен анын кайсы мезгилди суроттогондугун табышат.

Куз мезгилин анын белгилерине токтолуп суроттоп беруу жондомдуулуктору осот.

3. Сабактын темасы жана максаты менен тааныштыруу.

Эвристика усулу .

Куздун тусу эмнелердин тусуно байаныштуу болот? –туура таптынар, куздун тусу ар тур туско боелгон жалбырактардын тусуно шайкеш келет.Демек, бугун эмнелердин суротун тартабыз?

-кузгу жалбырактын.

-Ооба, балдар, бугун кузгу жалбырактын, болгондо да жалбырактардын ханынын суротун тартабыз. Ким тапты, бул кайсы дарактын жалбырагы?

- Бул клен жалбырагы, ал таажыны элестетип турат. (слайд ) Анда ишти баштайбыз.


Оз алдынча теманы ачышат. Табышмакты табуу менен клен дарагына муноздомо беришет. Мугалимдин айтканын угуп, анализдеп, оздорунун ойлорун далили менен айтышат.

Суроого карай оздорунун оюн так жана кыска берууго уйронушот.

4. Педагогикалык корсотуу

Тушундуруу усулу

Азыр мен силерге клен жалбырагын кантип тартууну уйротом.

1.кагазды горизонталдуу турдо жайгаштырам. Анткени, жалбырактын туурасы узунуна караганда чон.

2.алгач жалбырактын негизги сызыктарын же схемасын сызып алабыз.

3-астынкы сызыкка жалбырактын сабын тартабыз.

4.Негизги сызыктардын учуна клен жалбырагынын чокуларын окшоштуруп чиебиз.

5. Эми жалбырактын астынкы болугун окшоштуруп чийип алабыз. .

-мына биздин хан жалбырагыбыз даяр болду.

-Демек, биз суротчулорбуз. Суротчулор иштеп жатканда аларга эмне керек?

-Албетте, акварель менен кисти.Демек, биз живопись тартып жатабыз десек болот.

Иштин аткарылшы тартибине байкоо жургузуу менен оздоштурушот.

Практикалык иштин журушун козомолдоп, аткарылышын оздоштурууго уйронушот

5.Чыгармачылык иш алып барууну уюштуруу.

Практикалык усул

Анда жалбырагыбызды боёйбуз.

-Аткарган ишибиз кызыктуу болушу учун каалоо менен аткарып,фантазиябызды,кыялыбызды иштетишибиз керек. Кузундогу клен жалбырагына карайбыз.

- Клен жалбырагына конул буруп карагыла. Жалбырактан кайсы негизги тусторду жана кошумча тусторду коруп турасынар. (слайд )

-Жаратылышта негизги тустор чанда гана кездешет. Кобунчо жаратылыш кошумча тустор менен берилет. Жылуу тустор менен кошо муздак тустор берилет. (палитраны карайбыз).(слайд )

-Клен жалбырагын алуу учун биз жашыл тус менен сары тусту аралаштырып алабыз. Кызыл тус менен сарыны да аралаштырабыз. Анткени кузгу клен дарагынын жалбырагы алтын туско боелуп турат.

-Эми балдар, силер чыныгы суротчулорго айланасынар. Алдынардагы жалбырактарды озунордун фантазиянарды, кыялынарды иштетип боегула. Краска менен иштейбиз. (Краска менен иштоо эрежесин кайталоо). Клен жалбырагын боео учун видеофрагментти корсотом.

Балдар оз алдынча жалбырактарын боёшот.

Берилген тапшырманы жеткиликтуу ой,кыялдарын иштетип аткарууга уйронушот.


Мугалимдин созуно кулак салуу менен оз алдынча иштешет.

Тапшырманы кабыл алуу, чапчан аткаруу, ишке чыгармачыл мамиле жасоо жондомдору калыптанат.


Сурот сабагына кызыгуусу кучойт. Иштоого каалоосу оорчуйт.

6. сабакты жыйынтыктоо, рефлексия

Оозеки усул

Рефлексия.

-биздин туйшуктуу ишибиз акырына чыкты. Анда сабакты жыйынтыктайбыз. . келгиле бири-бирибиздин ишибизге коз жугуртолу. Тарткан суротторубузду доскагы алып келип илебиз. Суротту карагылачы. Кимдин иши ото чыгармачылык менен жасалыптыр? Азаматсынар, ордунарга отургула. Томонку суйломдорду аяктайбыз. (слайд 24)

-бугун мен сабакта__________билдим;


-мага __________кызыктуу болду;


-мен эми_________жасай аламын;


-Мен суротчулордун_____ суротторун эстеп калдым.


-мага кыйынчылык жаратты___________;


-мен_______жардам бердим____________боюнча






Коргозмону карап, озунун жана жолдошторунун жетишкендиктерин баалоо

Эмгектин жыйынтыгын талдоого уйронушот. Оздорунун иштерин улгуго карап салыштырып, баалоого кондум алышат.

Уй тапшырмасын беруу

Уйдон бугунку жалбырак тартуунун этаптарын кайрадан элестетип, жалбырак тартып келесинер.

Тапшырма алышат

Бир ишти жасаганда кезектуулук менен жасаганга конугушот, аткарган ишинин мазмуну жонундо ойлонушат.