СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коррупция деген эмне

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Коррупция деген эмне»

КОРРУПЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот.


Исхак Раззаков

Сабактын максаты:

  • Коррупция жана анын пайда болуу формалары жөнүндө маалымат берүү;

  • Коррупциянын коомчулуктун өнүгүшүнө жана өзүнчө бир адамдын жашоосуна болгон таасирин окуучулар менен талкуулоо.



Сабактын милдеттери:

  • Окуучулардын мыйзамга каршы келген жана укук бузуу иш-аракети катары каралган коррупцияга болгон терс мамилесин калыптандыруу;

  • Окуучуларды коррупция менен күрөшүү жолдорун көрө билүүгө үйрөтүү.



Керектелүүчү ресурстар: ватмандар, маркерлер.



Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Көңүлдү буруу

7 мүн.

2.

Көнүгүү «Карусель» жана казустарды карап чыгуу

25 мүн.

3.

Мини-лекция

3 мүн.

4.

Жыйынтыктоо

10 мүн.




Сабактын жүрүшү:

  1. Көңүлдү буруу (7 мүн.)

Максаты: коомчулукта коррупциянын ар түрдүү пайда болуу жолдорун карап чыгуу аркылуу окуучулардын көңүлүн сабактын темасына буруу.

Мугалим: «Балдар, бүгүн биз силер менен актуалдуу теманы, жашообузда тилекке каршы тез-тез жолуктурган көрүнүштү карайбыз. Эмне жөнүндө сөз боло тургандыгын түшүнүү үчүн биринчиден, келгиле «биздин теманы» мүнөздөгөн формаларды жана пайда болуу жолдорун табалы. Азыр мен доскага (ватманга) сөздөрдү жазамын,

ал эми силер аларды укканда башка дагы кайсы сөздөр менен элестетсе боло тургандыгын айтасыңар.

  • Пара;

  • Сатып алуу;

  • Кыянаттык кылуу;

  • «Телефондук укук» (окуучулардан телефондук укукту кандай түшүнө тургандары боюнча сурасаңар болот: телефондук укук - коммуникациялык байланыш, көбүнчө телефон аркылуу берилген официалдуу эмес, мыйзамга туура келбеген буйруктар, талаптар, шарт коюулар);

  • Опузалап (коркутуп) алуу;

  • Белек.

Мугалимге сунуш: Окуучулар бул сөздөрдү «коррупция» деген сөз менен элестете тургандыгын айтышкандан кийин, «коррупция» түшүнүгүнө өздөрүнүн аныктамасын берүүсүн өтүнүңүз. Окуучулардын жоопторун угуу менен алар коррупцияны кылмыштуулук же материалдык байлыкка жетүү жолу катары карап жатышканына же андай эместигине көңүл буруу керек.

Официалдуу булактардан алынган коррупция түшүнүгүнүн аныктамасы жазылган плакатты ачып көрсөтүңүз (коррупциянын аныктамалары көп, улуттук мыйзамдан жана эл аралык нормалардан алынган эки аныктаманы карап чыгабыз).

Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексине ылайык: «Коррупция

  • бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун, башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле, алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына

коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун».

1978-жылы 17-декабрда БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган укук тартипти колдоо үчүн кызмат адамдарынын жүрүм- турум Кодексине ылайык: «Коррупция- милдеттерди аткарууда кандайдыр бир аракеттерди аткаруу же аткарбоо, же алынган, же берилген белектердин, сөз берүүлөрдүн, ар дайым мыйзамсыз

алуунун жыйынтыгындагы аракеттер же аракетсиздик”.

Официалдуу коррупция менен күрөшүү күнү - 9-декабрь БУУ тарабынан бекитилген.



Мугалим: Эгерде бул Кылмыш – жаза кодексиндеги аныктаманы көңүл буруп окусак, «коррупция» атайылап жасалган жосун катары мүнөздөлөт (мындайча айтканда, адам алдын ала эмне жасап жатканын билген жана түшүнгөн), «системалык байланыш» кызмат адамы жана үчүнчү адамды ортосундагы мыйзамсыз пайда алуу максатында. Пайда ар түрдүү болот: акчалай, материалдык нерсе катары, кызмат көрсөтүү, мүлктү өткөрүп берүү, белектерди берүү ж.б. Мыйзам тарабынан 8 жылдан 15 жылга чейин мүлктү конфискациялоо менен эркинен ажыратуу каралган. Коррупция биздин жашообузда кандай пайда болот, бизге кандай таасирин тийгизе тургандыгы боюнча мындан ары силер менен талкуулайбыз.

Мугалимге сунуш: Окуучулардан

«жасабоону-аткарбоону» кандай түшүнө тургандарын сураңыз. Мисал катары төмөндөгүдөй жооптор болушу мүмкүн: дарыгердин оорулууга жардам көрсөтүүдөн баш тартуусу, милиционердин кылмышкер ага төлөп

койгондугу үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуусу ж.б.



  1. Карусель: «Коррупция, анын пайда болуу формалары, кесепеттери» (25 мүн.)

  1. Окуучуларды 4 топко бөлүңүз ( сиз аларды биринчи, экинчи, үчүнчү…. деген принципте бөлүнөөрүн айтсаңыз да болот);

  1. Маркерлерди жана алдын ала төмөндөгү тапшырмалар менен даяр болгон ватмандарды таркатып бериңиз:

    • 1-топ. Коррупциянын кандай себептери бар?

    • 2-топ. Коррупциянын кандай пайда болуу жолдорун билесиңер?

    • 3-топ. Адам үчүн коррупция кандай кесепеттерге алып келет?

    • 4-топ. Мамлекет үчүн коррупция кандай кесепеттерге алып келет?

    • 5-топ. Коррупция менен кандай күрөшсө болот?

  1. Иштөө эрежелерин топторго түшүндүрүңүз:

    • Үч мүнөттүн ичинде топтор ватманда өздөрүнүн жоопторун жазуулары керек;

    • Мугалимдин белги берүүсүнө карай ватмандарды саат жебесине карата 2 мүнөттүн ичинде өздөрүнүн жооптору менен толукташ керек;

    • Мугалимдин белгисине карай топтор ватмандарды дагы кийинки топко беришет.

    • Ар бир топ өздөрүнүн алгачкы ватмандарын алганда гана топтордо иштөө токтойт.

  1. Топтордо иштөө бүткөндөн кийин аларга эч нерсе кошумчалап жазбоосун жана жоопторун презентациялоосун айтыңыз. Биринчи топ презентациясын баштайт жана ошентип кезеги менен чыгышат (ар бир топ үчүн 2 мүнөт убакыт берилет);

  2. Мини-лекция жана жалпы талкуулоо аркылуу сабакты жыйынтыктаңыз.

  1. Мини-лекция (3 мүн.)

Мугалимге сунуш: Лекция учурунда окуучулар ватманда көрсөткөн жоопторго дагы таяныңыз. Коррупциянын

негизги себептерине алардын пайда болуу формаларына, адамга, класста

олтурган ар бир окуучуга, дегеле жалпы мамлекетке коррупция кандай негативдүү таасир бере турганына алардын көңүлүн буруңуз. Коррупцияга каршы туруу мүмкүн эмес болгондой болсо дагы, ага милдеттүү түрдө каршы күрөшүүбүз керектигин белгилеп кетиңиз.

«Биз көргөндөй эле коррупция саламаттыкты сактоодо бар (акчаң жок болсо, татыктуу дарылоо болбойт же таптакыр дарыланбайт), билим берүүдө (колунда жоктор билим ала алышпайт, студенттер дипломдорду сатып алышат, квалификациялуу адистер жок), социалдык камсыздоодо, жашоонун бардык аспектилеринде бар, адамга жана мамлекетке терс таасирин тийгизет. Коррупциянын бир түрү болгон-бул саясий коррупция.

Саясий коррупция - чоң мансаптагы кызмат адамдары мыйзамсыз түрдө мамлекеттик мүлктү сатуу, пара алуу, атайын топтун кызыкчылыгын колдоо, бюджеттик каражаттарды уурдоо менен байышат. Коррупция материалдык жыргалчылыктарга жетишүүнүн жолу болуп калды, ошондой эле, башка адамдардын керектөөлөрүн жана кайгысын пайдалануу менен адамдар жоопкерчиликти, уяттуулукту сезбей калышты. Адамдар урууга бөлүнүп, жакындарын жана тааныштарын тажрыйбасы жана билими туура келбегенине карабай жумушка алышат.

Коррупция менен күрөшүү жөнүндө

сүйлөп жатканда ар бир адам өзүнөн баштоосу керектигин окуучулар түшүнүүсү зарыл. Карасак, коррупциянын эки түрү бар: мажбурлоо жана ыктыярдуу. Кызмат көрсөткөндүгү үчүн бийлик органдарынын кызматкерлери мажбурлап акча талап кылышат:

чек арада товарларды каттоо, документтерди, күбөлүк берүүдө,

жадагалса бир кичинекей баракты алууда. Ыктыярдуу: Көйгөйлөрү аларга керектүү болгондой чечилиш үчүн жарандар өздөрү акча беришет. Эгерде, мажбурлаган коррупцияга дуушар болсок, коргонуу үчүн кайрылбайбыз жана ал акчаны төлөө менен тезирээк кутулууга аракет кылабыз, ушундай нерселерди жасоо менен коррупцияны кайра өстүрүп жана аны колдоп жатканыбызды билдиребиз.

Эгерде, официалдуу статистиканы карасак Транспэренси Интернэшнл (Transparency International) эл аралык уюму тарабынан өткөрүлгөн коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 2014- жылы 176 мамлекеттин ичинен 136

  • орунду ээлеген. Мындай рейтингдер статистикадан башка дагы, мамлекеттин алсыздыгын, экономикалык өнүгүү жагынан артта калгандыкты көрсөтөт, инвесторлор өздөрүнүн каражаттарын жумшашпайт, анткени акчаларынын сакталышына кепилдик жок ж.б.

  1. Жыйынтыктоо (10 мүн.)

Мугалимге сунуш: Төмөндө көрсөтүлгөн карточкалардагы мисалдарды бирден топторго таркатуу менен сабакты жыйынтыктаңыз, ар

бир учурда кылмыштуулукка жол берүү эмнеге алып келе тургандыгына жооп берүүлөрүн айтыңыз.

◊ Айдоочу мас абалында жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кыла турган мамлекеттик инспекциясынын кызматкерине пара берет. Ал кызматкер протокол жазып, айдоочуну токтоткондун ордуна акчаны алып, аны кое берди.