Просмотр содержимого документа
«Коррупция- эң ириде элге жасалган оор кылмыш»
Сабактын темасы: Коррупция - эң ириде элге жасалган оор кылмыш Сабактын максаты: а) Окуучулар коррупция тууралуу кеңири маалыматка ээ болушат. б) Бул терс көрүнүштү жаратуучу процесстерди жана анын коомго тийгизген кесепеттерин талдап, ой жүгүрто билишет. в) Ак ниеттүүлүккө, чынчылдыкка, адамгерчиликке, ак эмгек менен мээнет кыла билүүгө тарбияланат. Сабактын усулу: Талкуу, суроо-жооп Сабактын тиби: Айкалышкан сабак Сабактын жабдылышы: Ватман, маркер, сүрөттөр Сабактын жүрүшу: Уюштуруу: Алтын эрежени кабыл алуу : 1. Кол көтөрүп сүйлөө 2. Башкалардын сөзүн уга билүу 3. Бакалардин пикирин сыйлоо 4. Айткан адамды эмес, алардын идеяларын сыйылоо 5. Теманы талкуулоодо алардын атын атабоо Жаңы тема башталганга чейин темадагы негизги түшүнүктөрдү, терминдерди дал келтирүү тапшырмасы берилет.
№ | Терминдер | Аныктамалар |
1. | Пара | а) Жеке пайданы көздөп, эрежелерди жана жоболорду бузуу, кызмат ыйгарымынан мыйзамсыз түрдө пайдалануу |
2. | Коррупция | б) Берген адамдын пайдасын көздөп жасалган кандайдыр бир мыйзамсыз иш- аракеттин акысы |
3. | Трайбализм | в) Ишенимге кыянат кылып, бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу |
4. | Уурулук | г) Маданий өзгөчөлүктөр менен аныкталуучу ой жүгүртүү ыгы |
5. | Менталитет | д) Урууларга бөлүнүүчүлүк |
1.Пара - Берген адамдын пайдасын көздөп жасалган кандайдыр бир мыйзамсыз иш- аракеттин акысы. 2. Коррупция - Жекече пайданы көздөп, эрежелерди жана жоболорду бузуу менен кызмат ыйгарымынан мыйзамсыз түрдө пайдалануу. 3.Трайбализм - Урууларга бөлүнүүчүлүк, кайсы бир урууга артыкча укутарды берүү. 4. Уурулук - Ишенимге кыянат кылып , бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу.
5. Менталитет - Маданий өзгөчөлүктөр менен аныкталуучу ой-жүгүртүү ыгы.
Мугалим талкуу учурунда төмнкүдөй эрежелерди сактоо тууралуу окуучуларга эскертет: . Биздин максатыбыз башка адамдарды таарынтуу эмес, коррупциянын келип чыгыш себептерин кантип болтурбай коюуга болорун, анын тийгизген тасирин түшүнүү. . Өз коомчулугубуздагы кимдир бирөөгө тиешеси бар коррупциялык окуяларды талкуулабай эле койгон оң. . Коррупцияга катышы бар адамдардын атын атабайбыз. . Кээде адамдар өздөрү каалабаса деле коррупциялык иштерге аралашууга аргасыз болорун эске тутуубуз керек.
Мугалим теманы талкуулоо үчүн бир нече кырдаалдарды кезеги менен берет, окуучулар алгач топтордо талкуулап, кийин презентациялашат.
Кырдаалдар:
1.Ооруканадан дарыланып чыгып бараткан адам докторго торт берди.
2. Мамлекеттик органдын кызматкери университетте окуган кызынын экзамендик бааларын коюп берүүгө мугалимдерди мажбурлады.
3. Жумушчу өзү иштеген ишканадан товар уурдап чыгып базарга сатты.
4. Айылдык кеңешке талапкер шайлоочуга “мен үчүн добуш бер” деп акча сунуштады.
5. Жигиттин ата-энеси кыздын ата-энесине кудалашуу үчүн акча берди, кыз билбейт.
6. Сугат маалында сууну кезексиз алуу үчүн мурабга акча сунуштады.
Окуучулар бул кырдаалдарды коррупциябы, паралообу же коррупцияга кирбейби талкуулашат.
Жооптор ар түрдүү болот:
1.Буга жол берилет, медициналык жардам көрсөтүү врачтын кызматтык милдети, аны аткарбай коюуга анын акысы жок. Орулуу дарыланып бүтөк соң, торт берип жатат, аны алдын ала макулдашкан эмес. Чын ыкластан кандайдыр бир пайданы көздөбөй белек берүү – пара берүү эмес. Көпчүлүк өлкөлөдө буга жол койбоо үчүн кызмат адамдарына белек берүүнүн катуу тартиби киргизилген. Бул эрежеге ылайык кызмат адамдары же белек алуудан баш тартат, же элдин көзүнчө гана алышат.
2. Бул мыйзамсыз иш –аракет, коррупция. Анткени жалпыга бирдей тартип бирөөнүн жеке пайдасы үчүн бузулуп жатат.
3. Бул коррупция, анткени ишканадагы эрежелер жана иштөө тартиби жекече пайда табуу үчүн бузулуп жатат. Анын үстүнө бул- уурулук.
4. Бул мыйзамга каршы келет. Бул- паралоо, коррупцияга да кирет.
5. Бул кырдаалда жигиттин ата-энеси кыздын ата-энесине бир чечимге келүү үчүн берилип жатат, коррупция эмес.
6. Бул- паралоо.
Сабакты бышыктоо: Мугалим окуучуларга төмөнкү кырдаалды окуп берет. Сен көчөдө баратып ичинде 3000 сому бар айдоочулук күбөлүктү таап алдың. Ал адамды тааныбайсың, бирок күбөлүктө айдоочу коңшү айылда жашай тургандыгы көрсөтүлгөн. Сен эмне кыласың?
Эмне кыларын ар бир топ баракка жазып беришет. ( Жооптор ар түрдүу болушу мүмкүн)
Үй тапшырмасы: “ Канткенде коррупцияны азайтууга болот?” деген темада дилбаян жазып келишет.
Баалоо