Коррупция менен күрөшүү жана алдын алуу
24.09.2014 | Разместил Бакыт Сманкулов в Жаңылыктар | |
Жаны тема:
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү маселеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана эл аралык келишимдеринин негизинде жөнгө салынат. Мамлекеттик кызматка талапкер Кыргыз Республикасынын жарандары коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында Коррупцияга каршы аракеттенүү Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү өзүнө ыктыярдуу түрдө кабыл алат.
Коррупция фактысы жөнүндө билдирген же кандайдыр-бир башкача түрдө коррупцияга каршы күрөшүүгө көмөк көрсөткөн адамга мамлекеттик коргоо камсыз кылынат.
Коррупцияга каршы күрөштө көмөк көрсөткөн адам жөнүндөгү маалымат мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналат жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын же соттун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча гана берилет.
Коррупция көрүнүшүнүн фактылары жөнүндө билип туруп жалган маалымат берген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик кызматчыларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– педагогикалык, илимий жана чыгармачылыктан башка акы төлөнүүчү ишти аткарууга;
– жеке ишкерлик иш иштөөгө, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар кандай гана формада болбосун андан сыйакы алуу менен ишкердик ишин жүзөгө ашырууда аларга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызмат абалынан пайдаланууга;
– өзү кызматында турган, болбосо өзүнө түздөн-түз баш ийген же контролдугунда болгон мамлекеттик органда үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл болууга;
– материалдык-техникалык, каржылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү жана кызматтык маалыматты кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
– кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу иш-аракеттери же аракетсиздиги үчүн жеке жана юридикалык жактардан белек түрүндө сыйакыларды, акча жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
– иш таштоолорго, манифестацияларга катышууга жана башка иш-аракеттери менен мамлекеттик органдардын иштешине жана мамлекеттик кызматчылар кызматтык ыйгарым укуктарын аткарышына тоскоолдук кылууга;
– өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу саясий партиялардын ишине катышууга;
– кызматы өзү менен жакын туугандык мамиледе болгон адамдардын (ата-энеси, жубайы, ага-иниси, эже-карындаштары жана балдары) түздөн-түз баш ийүүсү же контролдукта болушу менен байланышкан мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызматта болууга.
Коррупция үчүн шарт түзүүчү укук бузууларга жол бербестен аларга богот коюу учун колдон келген аракетти жумшообуз зарыл. Мамлекеттик кызматчылар тарабынан кандайдыр бир укук бузуулардын жасалышы, эгерде ал кылмыш катары жазалана турган жосундун белгилерин камтыбаса, тартиптик жаза тартууга, ошону менен бирге мамлекеттик кызматтан четтетүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотулушуна алып келет.
1. Коррупциялык укук бузуулар болуп төмөндөгүдөй жосундар саналат:
а) адам тиешелүү иш-милдетин аткарбаган уюмдардан, ошондой эле жарандардан, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өз иш милдеттерин аткаргандыгы үчүн башка жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын көздөп акча, кызмат көрсөтүү түрүндө ар кандай сыйакыларды кабыл алуу;
б) өз иш милдеттерин аткаргандыгы үчүн белектерди алуу же жалпы кабыл алынган ызаат көрсөтүү ченемдерине ылайык, болбосо протоколдук, дагы башка расмий иш чараларды өткөрүү учурунда берилген символдук сувенирлерди эсепке албаганда, кызматы боюнча көз каранды адамдардан ошондой белектерди алуу;
в) чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын, Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын эсебинен мамлекеттик ички жана тышкы туристтик, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана башка сапарларга чакырууларды кабыл алууда ага төмөндөгүдөй сапарга баруу кирбейт:
– жакын туугандарынын чакыруусу боюнча алардын эсебинен;
– эгерде мамилеси чакыргандардын кызматтык ишинин маселелерине тиешеси жок болсо, дагы башка жеке жактардан алган чакыруу боюнча;
– Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын ортосундагы келишимдер боюнча өз ара негизде тиешелүү мамлекеттик органдардын жана (же) эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу сапарлар;
– коомдук бирикмелердин уставдык иш-аракеттеринин чектеринде жүзөгө ашырылуучу эл аралык илимий, спорттук, чыгармачылык, кесиптик, адамынын, болбосо коллегиялуу башкаруу органынын макулдугу менен чет өлкөлүк өнөктөрдүн чакыруусу боюнча жана алардын эсебинен жүзөгө ашырылуучу сапарлар;
г) аларга өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн берилген транспорт жана байланыш каражаттарын, электрондук-эсептөө техникасын, акча каражаттарын, кыймылсыз жана башка мүлктү жеке, топтук жана башка кызматтык таламдар үчүн пайдалануу.
Укук бузуулардан улам мыйзамсыз байыган учурларда мыйзамсыз алынган мүлк – жүгүртүлүүгө, ал эми мыйзамсыз көрүлгөн кызмат тейлөөлөрүнүн наркы – колдонуудагы мыйзамдардын негизинде соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине кириш кылынууга тийиш.
Укук коргоо органдары жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде соттун чечими чыкканга чейин мүлктү, акча каражаттарын жана укук бузуучуларга таандык дагы башка дөөлөттөрдү камакка алууга укуктуу.
Коррупция менен курошуу ар бир Кыргыз Республикасынын жаранынын, анын ичинде ар бир мамлекеттик кызматкердин бирден бир милдети болуп саналат.
Мамлекеттик кызматкер тарабынан жогорудагы корсотулгон коррупциялык укук бузуулардын кайсы биринин жасалышы, эгерде анда кылмыштык жазаланууга тийиш болгон иштердин белгиси жок болсо, тартиптик жаза тартууга жана мамлекеттик кызматтан четтетуу менен ээлеген кызмат ордунан бошотулушуна алып келет. Эгер мамлекеттик кызматкердин кыймыл аракетинде же аракетсиздигинде кылмыштын белгиси болсо Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Коррупция менен курошуу ар бир мамлекеттик кызматкердин милдети, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы курошуу» жонундо мыйзамынын 7-статьясынын негизинде коррупцияга каршы курошту оз компетенцияларынын чегинде бардык мамлекеттик органдар менен мамлекеттик кызматкерлер жузого ашырууга милдеттуу. Мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери оздорунун ыйгарым укуктарынын чегинде «Коррупцияга каршы курошуу» жонундогу мыйзамынын талаптарын аткарылышын жана каралган чараларды колдонушун камсыз кылууга милдеттуу.
Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенуу жөнүндө» мыйзамынын негизинде коррупция фактысы жонундо билдирген же кандайдыр бир башкача турдо коррупцияга каршы курошууго комок корсоткон адамга мамлекеттик коргоо камсыз кылынат. Коррупцияга каршы курошто комок корсоткон адам жонундогу маалымат мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналат жана коррупцияга каршы курош жургузууго ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын же соттун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги жазуу жузундогу суроо-талабы боюнча гана берилет. Ал эми коррупция корунушунун фактылары жонундо билип туруп жалган маалымат берген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
Эгерде Нарын облусундагы юстиция органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдуулукту сактабагандыктары, мамлекеттик кызматкердин этикасынын талаптарын сактабагандыктары боюнча фактыларды жана ар кандай дунуйокордук, коррупциялык укук бузууларды байкасаныздар, Нарын облустук юстиция башкармалыгынын томондогу «ишеним телефондоруна» маалымат бере аласыздар: