СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коздүн түзүлүшү

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Көздүн түзүлүшү маалыматтар

Просмотр содержимого документа
«Коздүн түзүлүшү»

Көздүн түзүлүшү

Ал көз алмасынан жана анын жардамчы аппараттарынан турат. Көз алмасынын арткы уюлунан көрүү нерви чыгып мээ менен байланышкан. Көз алмасы шар сымал, алдыңкы уюлу томпок линзага окшош. Көз алмасы көз чанагында жайгашып, ички ядросунан жана аны курчап турган үч катмардан (ички, ортоңку жана сырткы) турат. Көз алмасынын сырткы катмарынын алдыңкы уюлу жарык нурун өткөрүүгө ылайыкталган тунук, сааттын айнегине окшош келип, тунук чел деп аталат. Көз алмасынын сырткы катмарынын тунук челден калган бөлүгү ак түстөгү катуу ткандан турат да, көздүн ак чели (склера) деп аталат.

Көздүн ак челинин арт жагында тегерете көз булчуңдары бекип, көз алмасынын кыймылын камсыз кылат. Көз алмасынын ортоңку катмары кан тамырга өтө бай, ошондуктан кан тамырлуу катмар деп аталат. Кан тамырлуу катмардын негизинде пигмент түү кабыкча жайгашып, пигменттин аз же көп болушуна жараша көз ар кандай түстө (карадан бозго чейин) болот.

Кишинин көзүнүн сырткы: 1—каш; 2,7— көз жапкактарынын кирпиктүү четтери; 3— көздүн агы; 4,9— көз кычыктары; 5— жаш этчеси; 6— көк жаа сымал кабык; 8— карек.

Кан тамырлуу катмардын алдыңкы бөлүгүн — түстүү жаа сымал кабык, ортосун кирпиктүү (цилиар) денече, арткы бөлүгүн — кан тамырлуу катмардын өзү түзөт.

Көздүн түзүлүш схемасы (туурасынан кесилген): 1—көздүн тунук кабыгы; 2—көздүн алдыңкы камерасы; 3— чечекей; 4— көздүн жаа сымал кабыгы; 5—конъюнктива; 6—ңилиар денеси; 7— көздүн ак кабыгы; 8, 16— көз. булчуңдары; 9—кан тамырлуу кабык; 10—торчо кабык; 11— айнек сымал дене; 12— көздүн торчо кабыгынын* сары тагы; 13— артернялар; 14— көрүү нерви; 15— көрүү нервинин кабыгы.


Түстүү жаа сымал кабыктын так ортосунда карек жайгашкан. Ал жарык шооласынын аз же көп түшүүсүнө жараша кичирейип же чоңоюп турат. Каректин чоңоюп же кичирейип турушун түстүү жаа сымал кабыкта жайгашкан атайын булчуңдар камсыз кылат.

Түстүү жаа сымал кабыктан артты карай улай кирпиктүү денече жайгашкан. Кирпиктүү денече жумурусунан келген тегерек. Анын ич жагындагы талчалары чечекейди кармап турат. Кирпиктүү денечеде чечекейди жукартып же калыңдатып туруучу булчуңдар бар.

Кан тамырлуу катмардын арткы бөлүгү жалаң кан тамырлардан турат да, анын сыртындагы кара пигмент кабыкчасы жарык нурун чагылтпастан жутуп турат. Көз алмасынын эң ички катмары — тор сымал катмар. Бул көздүн жарыкты жана ар кандай түстөрдү сезүүчү бөлүгү кан тамырлуу катмарды ичинен каптап, өтө татаал түзүлүштө. Тор сымал катмардын эң тереңинде жарык сезүүчү — таякчалар жана колбачалар жайгашкан. Көз алмасынын ички ядросу чечекей, айнек сымал килкилдек жана көздүн астыңкы, арткы камераларындагы суюктуктан турат. Чечекей эки жагы томпок линзага окшош тунук, ийилгич, каректин астында жайгашат. Кирпиктүү денеченин кирпикчелеринин жардамы аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун натыйжасында чечекей өзүнүн калыңдыгын өзгөртүп, алыстан же жакындан даана көрүүгө көздү ылайыктап турат. Анын бул физиологиялык кызматы аккомодация деп аталат.