Просмотр содержимого документа
«Кун-кундузгу жылдыз»
Табият таануу 5-класс
Токтогул районундагы №21 Ыбыш Алымбеков атындагы орто мектеби
Тема: Күн-күндүзгү жылдыз
Мугалим:Смайылахунова Айнура Арзымбаевна
Максаты:
а) Күн - деген эмне, Күндүн сырткы катмарынын түзүлүшү жөнүндө кенири маалымат алышат . Күндүн адам баласынын жашоосуна тийгизген таасирин түшүнүшөт .
б) Жашоого болгон көз караштарын өнүгөт.
в) Күн- бул жашоо. Окуучуларды сейрек жашоо мүнөздөрү калыптанат жана алдыга туура максат коюп, жакшы жашоого тарбияланышат.
Шыктандыруучу суроо?
- Силер кандай ойлойсуңар, Күн болбосо биз жашай алабызбы?
- Албетте жок.
- Күн Жерди ысытып жана жарык кылып турат.
- Кундүн жылуулугу болбосо өсүмдүктөр өспөй, дарактарга жалбырактар чыкпай, талаалар жашылданбай калмак.
- Күндүн нурларынан канаттуулар, айбанаттар албетте — биз менен силер — адамдар да кубат алып, кубанабыз.
I Күн — күндүзү көрүнүүчү бизге жакын турган жылдыз.
Анын диаметри Жердин диаметринен 109 эсе чоң. Күндүн массасы Жердин массасынан 333000 эсе чоң.
Күндүн температурасы 6000°С ге жакын.Жүндүн түпкүрүндө температура алда канча жогору жана борбордук зонасында 15000000°С ге жетет.
- Жогорку температуранын натыйжасында Күндөгү заттар газ турүндө болушат, ал эми түпкүрүндө химиялык элементтер атомдук ядролорго жапа эркин кы й мылдашкан электрондорго «ажырап кетишкен». Күндөгү бардык газ түрүндөгү масса анын борборуна тартылгандыктан, анда кармалып турат. Сырткы катмарлары өзүнүн салмагы менен терендегилерин кысышат, катмар улам терендеген сайын кысылуу чоңоё баштайт.
Бул Күндүн түпкүрүндө термоядролук реакциянын жүрү - шүнө мүмкүндүк берет , анда ядролук энергиянъш бөлүнүшү менен суутек гелийге айланат .
Бул энергия акырындык менен күндөгү тунук эмес затты тешип өтүп сырткы катмарга « сиңип », мындан дүйнө мейкиндигине таралат .
Натыйжада Күндүн борбордук бөлүгүндө гелийдия саны акырындык менен көбөйүп , ал эми суутектин саны азаят .
Окумуштуулар Күн дайда болгон 4—5 миллиард жылдын ичинде анын так борборунда болжол менен суутектин жарымы гелийге айланып кетти деп эсептешет .
Күндүн сырткы катмарынын түзүлүшү
- Бизге көрүнгөн Күндүн бети фотосфера деп аталат .
- Фотосферанын калыңдыгы анча деле чоң эмес , болгону 100—200 километр .
- Анын үстүндө калындыгы 20000 километрге чейин болгон хромосфера катмары жайгашкан .
- Хромосфераны биз толук Күн тутулуу болгондо гана көрө алабыз . Азыркы учурдагы куралдар хромосфераны Күндүн толук тутулуусун күтпөй эле , аба ырайы ачык убакта көрүүгө мүмкүндүк берет .
2
1
- Хромосферада газдардын жогору көтөрүлгөн жана төмөн түшүп туруучу кыймылы болуп өтөт . Айрым учурда хромос - ферада бийиктиги 250000 километрге жеткен газдардын жа - рылуусу — протуберанцтар пайда болуп турат (61- сүрөт ).
- Протуберанцтар хромосферадай эле толук Күн тутулуу болгон учурда көрунөт. Хромосферанын үстүндө 2000000 километр аралыкка созулуп жаткан Күн таажысы жайгашкан.
- Таажы — байкоо үчүн таң калаарлык кооз объект.
- Тилекке каршы биз аны Күн тутулуунун толук фазасында, Ай Күндүн дискасын жапкан учурда гана көрө алабыз.
- Күн бир жылда жылдыздарга салыштырмалуу чоң тегеректи сызып өтөт.
эклиптика деп аталат. Эклиптика басып өткөн топ жылдыз- дар зодиактык топ жылдыздар деп аталышат гректин « sodiak » — деген сөзүнөн алынып жаныбарлар дегенди түшүндүрөт.
Зодиактык топ жылдыздар
- Кой (21-март — 19-апрель)
- Торпок (20-апрель — 21-май)
- Эгиздер (22-май —21-июнь)
- Чаян (22-июнь — 21-июль) Арстан (22-июль — 21-август)
- Кыздар (22-август — 22-сентябрь)
- Тараза (23-сентябрь — 22-октябрь)
- Бөйөн (23-октябрь — 21-ноябрь)
- Жаачы (22-ноябрь — 21-декабрь)
- Too эчки (22-декабрь — 20-январь)
- Суу куйду (21-январь — 19-февраль)
- Балык (20-февраль — 20-март)
Y йгө тапшырма:
- Күндүн чоңдугу Жерге сапыштырмалуу кандай?
- Күн жарыкты кайдан алат?
- Күндүн сырткы түзүлүшү кандай?
- Эклиптика деген эмне?
- Зодиактык топ жылдыздар кайсылар?
Ушул суроолорго жооп жазып, кайтарым байланыш кылгыла!
Көӊүл бурганыӊарга чоӊ рахмаат!!!!