ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын БК-2-22 тайпасынын куратордук сааттын отурумунун
№ 3 протоколу
19-сентябрь 2022-жыл
Өзгөн шаары Жалпы: 25 студент
Катышкандар: 25 студент
Күн тартибинде каралуучу маселе:
“Мекенди сүйүү, Мекенди коргоо – ыйык милдет”. (Баяндамачы Кадырова З.Э.)
Ар түрдүү маселелер
Сөзгө чыкты: Куратор - Мекенди сүйүү, анын жаратылышы, символдору, улут аралык достук, окуудагы ийгилик, тартип, тарбия туралуу ой бөлүшөбүз.
Мамлекетибиздин өзүнө тиешелүү символдору, Кониституциясы, чек арасы, мамлекеттик тили бар. Мекенибиздин гүлдөп өсүшү үчүн, мамлекеттин символдорун ыйык сактап, силер жакшы билим-тарбияга ээ болуп, каада–салтты үйрөнүп, көп улуттуу эл менен достукта, ынтымакта жашап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуубуз абзел. “Мекеним дебеген адам, адамзаттын коомуна жат”. “Мекенимдин быкшып турган түтүнү бал жыттанат”. “Адамды сүйө албаган киши, Ата Мекенин да урматтай албайт”. Ата - Мекенине пайдасыз жашаган киши, өз бактысына өзү балта чабат, анткени ал келечекте мөмөсүз даракка окшошуп калат, элине кызмат кылуу - бул ыймандуулуктун белгиси, атуулдук парз. Кызмат дегенди официалдуу кызматка орношуу деп түшүнбөш керек. Мекенге кызмат кылуу кичинеден башталат. Мекен деп – жети атабыз жашап өткөн, адамдын киндик кан тамган жерин аташат. Ар бирибиздин туулуп өскөн, тарбия көргөн, агарып-көгөргөн жерибиз, элибиз, коомубуз – бул Мекен. Камкор атабыздын, он ай көтөрүп, омурткасы сыздап, төрөгөн, ак сүтү менен оозанткан, бешик ырын ырдап, тилибизди чыгарган, карегибиз менен тең айланып, арзуу-тилегин тилеп, уядан учурган апаларыбыздын, чоң энелерибиздин эли, жери. Мекен – бул дүйнөгө алып келген бабалардын мурасы, ал Кыргызстан деп жүрөгү соккон жалпы калкыбыздыкы. Бала төрөлгөндө мамлекет тарабынан анын саламаттыгы, ырыскысы камкордукка алынат, тамга үйрөтүлөт, билим берилет ж.б. Ошондуктан ар бир жарандын Мекен алдында милдети бар. Мен мекенчилмин, патриотмун, улутумдун күйөрманымын, деген сөздүн маанисин түшүнөбүзбү? Мекенчилдик, улутту сүйүү, татыктуу жаран болуу канчалык оор, татаал, ошол эле мезгилде сыймыктуу милдет экенин аңдайбызбы? Адамдын Мекен алдында төө көтөргүс жоопкерчилиги болуш керек, бирок аны элдин баары эле түшүнө бербейт. Ошондуктан сөз менен иш, асман менен жердей ажырымга айланып кеткен. Мекенчилдик адамдан руханий да, эмоционалдык да, физикалык да, интеллектуалдык да туура таалим-тарбияны, чоң даярдыктан өтүүнү талап кылат. Мекенчилдик сөз менен эмес, иш менен аныкталат. Мекенчилдикти ар ким алган таалим-тарбиясына, аң-сезиминин жана билим көрөңгөсүнүн деңгээлине, акыл-жүрөгүнө сиңген дөөлөттөрүнө жараша ар кандай түшүнөт. Алардын бирөөсүнүкүн туура, экинчисин туура эмес деп баалоо кыйын, анткени ар кимдин өз чындыгы бар.
Сөзгө чыкты: Эркинбекова Тансулуу - өлкөдө тарбия оңолбосо, ар бир адам өзүн өзү көзөмөлгө алып, өзгөрбөсө, ал өлкөдө коомдук аң-сезим өзгөрбөйт. Коомдук аң-сезим өзгөрбөсө, ал коом өнүкпөйт. “Бир күн даам таткан жериңе миң жолу салам бер”-деген акылман сөз элибизде бар, андай жакшылыктарды элес албай койчу кесирдик элибизде жок.
Манасова Гульвира- Чөйрөнүн таасири зор болот, адам өзү аракет кылбаса, доор алмашкан сайын, тарыхый Мекен, үрп - адат, салт-санаа, эне тили унутулуп, башка тилди сиңирип кетчү сапат бар. Азыр “Жыргаган жериң – мекениң” деген көз караштагы адамдар бар. Ар-намысы, эси бар, атуулдук милдетин түшүнгөн жакшы адам үчүн – өтө пас, жат психология мына ушул нерсе. Кыргызстанда кыргыз, орус, өзбек, татар, түрк, уйгур ж.б. улуттар жашашат. Өз улутун (этносун) башкалардан артык, мыкты көргөн, аны саясий, экономикалык, гуманитардык үстөмдүгүн камсыздоо ниетинде башка этносторго, алардын маданиятына, тилине, дөөлөттөрүнө толерантсыз мамиледеги адамдарды улутчул дешет. Улутчулдук – коомго, мамлекетке зыяндуу нерсе.
Адахамидова Хадичабону - Мекен да, улут да ата-эне сыяктуу, үчөө тең тандалбайт. Алар балага камкордук көрөт. Демек, ата-эненин алдында милдет-парзың болгондой эле, Мекендин, улуттун алдында да милдетиң бар. Анткени Ааламга келериң менен абасы, суусу, ырыскысы насип болгон. Ошондуктан Мекенди, элди, үй-бүлөнү коргоп жатып, курман болгондорду шейит кетти деп урмат менен эскеришет. Мекенди сүйүү – ыймандан.
Угулду: Ар түрдүү маселелер боюнча куратор жана тайпанын студенттеринин ортосунда талкуулар, суроо-жооптор жүргүзүлдү.
Жогорудагы маселелер боюнча студенттер өз алдынча пикир алмашышып, төмөндөгүдөй токтом кабыл алынды.
Мекенди сүйүү, мекенди коргоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин унутпоо тайпанын ар бир студентине милдеттендирилсин.
Куратор Кадырова З.Э.
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын БК-2-22тайпасынын куратордук сааттын отурумунун
№2 протоколу
8-сентябрь 2022-жыл
Өзгөн шаары Катышкандар: 25 студент
Күн тартибинде каралуучу маселе:
Жол коопсуздугу эрежелери
Ар түрдүү маселелер
Угулду: биринчи маселе боюнча куратор М.С.Хакимова “Жол коопсуздугу эрежелери” боюнча доклад жасады.
Жол транспорт коопсуздугу - бул адам жашоосундагы тиричилик коопсуздугунун бир болугу.Бүткүл дүйнө жүзүндө өлүмгө дуушар кылуучу күтүүсүз кырсыктардын ичинен жол кырсыгы экинчи орунда турат. Көпчүлүк мезгилде кырсыктын себепчиси болуп балдардын жолдо жүрүү эрежелерин сактабагандыгы: кокустан жолго чыга калуу, жолдо белгиленбеген жерлерди кесип өтүү, жолдо ойноо ж.б.эсептелинет.
Жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо:
Светофор. Светофордо 3 түс бар. Алар кызыл, сары, жашыл. Алардын ар биринин озунун кызматы бар;
Светофордун тегерек сигналдары төмөнкүдөй маанини билдирет:
Жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет;
Күйүп-өчүп турган жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет жана анын иштеген убактысы бүтүп бараткандыгына жана жакын арада кыймылга тыюу салуучу сигнал күйө тургандыгын маалымдайт (жашыл сигнал күйүп турушунун аягына чейин калган секундалар убактысы жөнүндө айдоочуларга маалымдоо үчүн цифралуу табло колдонулушу мүмкүн);
Сары сигнал кыймылга тыюу салат. Эрежелер каралган учурларды кошпогондо, сигналдар алмашканы жаткандыгы жөнүндө да эскертет;
Күйүп-өчүп турган сары сигнал жүрүүгө уруксат берет жана жөнгө салынбаган кесилиш же жөө адам өткөөлү бар экендигин маалымдайт, коркунуч жөнүндө эскертет;
Кызыл сигнал, анын ичинде күйүп-өчүп турган кызыл сигнал кыймылга тыюу салат.
Кызыл жана сары сигналдардын чогуу күйүшү кыймылга тыюу салат жана жашыл сигнал күйгөнү жатканы жөнүндө маалымдайт.
Светофордун кызыл, сары жана жашыл түстөгү стрелка түрүндө аткарылган сигналдары тиешелүү түстөгү тегерек сигналдар сыяктуу эле мааниге ээ болот, бирок алардын күчү стрелка менен көрсөтүлгөн багыттарга (багытка) гана жайылтылат. Мында солго бурулууга уруксат берген стрелка артка кайрылууга да уруксат берет, бирок буга тиешелүү жол белгиси менен тыюу салынбаган учурда гана уруксат болот. Кошумча секциядагы жашыл стрелка да ушундай эле мааниге ээ. Кошумча секциянын өчүп турган сигналы бул секция жөнгө салган багыттагы кыймылга тыюу салууну билдирет.
Пешеход. Бул белги бар жерден гана жөө жүргүнчүлөр өтүүгө болот;
Жолго чуркап чыкпоо жана жол ортосунда ойнобоо керек;
Күүгүмдө ачык түстүү кийим кийүү;
Жүрүп келе жаткан транспортко (машина, араба, тракторго) жармашпоо жана артынан чуркабоо;
Дайыма жолдун оң жагынан жүрүү керек;
Жолдо катар-катар узун болуп жетелешпөө керек ж.б.
Жөө адамдардын укуктары жана милдеттери
Жөө адамдар тротуар же жөөчөндөр жолдору менен, ал эми булар жок болгон учурда чоң жолдун жээги менен басууга тийиш. Көлөмдүү буюмдарды ташып же көтөрүп бараткан жөө адамдар, ошондой эле кыймылдаткычы жок майыптар коляскасында бараткан адамдар, эгерде алардын тротуар же жолдун жээги боюнча кыймылы башка жөө адамдар үчүн тоскоолдук кылса, жүрүүчү жолдун чети менен жүрө алат. Тротуарлар, жөөчөндөр жолдору же жол жээктери жок болсо, ошондой эле алар боюнча басуу мүмкүн болбосо, жөө адамдар велосипед жолдору боюнча же жүрүүчү бөлүктүн чети боюнча (ажыратуучу тилкеси бар жолдордо жүрүүчү бөлүктүн тышкы чети боюнча) бир катар баса алат. Калктуу конуштардан тышкары жерде жүрүүчү бөлүк боюнча баратканда жөө адамдар транспорт каражаттарынын кыймылына утурлап басууга тийиш. Кыймылдаткычы жок майыптар коляскасында бараткандар, мотоциклди, мопедди айдап, велосипед тээп бараткандар мындай учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын жүрүшү боюнча жылууга тийиш.
Жүрүүчү бөлүк боюнча уюшулган жөө колоннага транспорт каражаттарынын кыймылынын багыты боюнча гана оң тарап менен бир катарда төрт адамдан ашпастан басууга уруксат берилет. Колоннанын алдында жана артында кызыл желекчеси бар, ал эми караңгы учурда жана жол начар көрүнгөн шартта: алдыда - ак түстөгү, артта - кызыл түстөгү күйгүзүлгөн фонарлары бар коштоочулар болууга тийиш. Балдардын топторун тротуарлар же жөөчөндөр жолдору боюнча гана, ал эми алар жокто - жолдун жээги боюнча, бирок күн жарыкта жана чоң кишилердин коштоосу менен алып жүрүүгө уруксат берилет.
Жөө адамдар жүрүүчү бөлүктөрдү жөө адам өткөөлү боюнча, анын ичинде жер алдындагы жана жер үстүндөгү өткөөлдөр боюнча, ал эми алар жокто - кесилиштердеги тротуарлардын же жол жээктеринин линиялары боюнча кесип өтүүгө тийиш. Көзгө көрүнүп турган жерде өткөөл же кесилиш жок болгон учурда ажыратуучу тилкеси жана эки тарап тең жакшы көрүнгөн жерде тосмолор болбогон участкаларда жолдо жүрүүчү бөлүктүн четин карай тике бурч менен кесип өтүүгө болот.
Кыймыл жөнгө салынган жерлерде жөө адамдар жөнгө салуучунун же жөө адамдар светофорунун, ал эми алар жокто - транспорт светофорунун сигналдарын жетекчиликке алууга тийиш.
Жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлдөрүндө жөө адамдар жакындап келаткан транспорт каражаттарына чейинки аралыкка, алардын ылдамдыгына баа бергенден жана жолдон өтүү алар үчүн коопсуз болоруна ынангандан кийин жүрүүчү бөлүккө чыга алат. Жөө адам өткөөлүнөн тышкары жерде транспорт жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүдө жөө адамдар мындан тышкары, транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук түзүүгө жана жакындап келаткан транспорт каражаттарынын жоктугуна ынанбастан токтоп турган транспорт каражатынын же чөйрөнүн көрүнүшүн чектеген башка тоскоолдуктун артынан чыга калууга тийиш эмес.
Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларды кошпогондо, жүрүүчү бөлүккө чыккандан кийин жөө адамдар ал жерде кармалып калууга же токтолууга тийиш эмес. Өткөнгө жетишпей калган жөө адамдар карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган линияга токтоого тийиш. Андан аркы кыймыл коопсуз экендигине ынангандан кийин гана светофордун (жөнгө салуучунун) сигналын эске алуу менен жолдон өтүүнү улантууга болот.
Көк түстөгү жаркылдоочу маягы жана үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындан келаткан учурда жөө адамдар жүрүүчү бөлүктөн өтпөй турууга, ал эми ал жердегилер бул транспорт каражаттарына жол берүүгө жана жүрүүчү бөлүктү тез арада бошотууга милдеттүү.
Маршруттагы транспорт каражатын жана таксини жүрүүчү бөлүктөгү бир аз көтөрүлгөн отургузуучу аянтчаларда, ал эми алар жок болсо - тротуарда же жолдун жээгинде гана күтүүгө уруксат берилет. Бир аз көтөрүлгөн отургузуучу аянтчалар менен жабдылбаган токтоочу пункттарда транспорт каражатына отуруу үчүн жүрүүчү бөлүккө ал токтогондон кийин гана уруксат берилет. Түшүрүп бүткөндөн кийин кармалбастан жүрүүчү бөлүктү бошотуу зарыл.
Жөө адам төмөнкүлөргө укуктуу:
- жашоого жана ден соолукка;
- жолду жана транспорт каражатты пайдаланууга;
- жолдордун абалы жөнүндө маалымат алууга;
- тез медициналык жардам алууга;
- ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери аны кармагандыгынын себебин билүүгө.
Жүргүнчүлөрдүн милдеттери
Жүргүнчүлөрдү транспорт каражатына отургузуу жана андан түшүрүү ал толук токтогондон кийин гана тротуар же жолдун жээги тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде тротуар же жолдун жээги тараптан отургузуу жана жерге түшүрүү мүмкүн болбосо, ал жүрүүчү бөлүк тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн, мында бул коопсуз болууга жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук кылбоого тийиш.
Жүргүнчүлөргө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
транспорт каражаты жүрүп бараткан учурда айдоочуну аны башкаруудан алагды кылууга;
борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилде баратканда бортко же борттон ашкан жүктүн үстүнө турууга, отурууга;
транспорт каражаты жүрүп бараткан учурда анын эшигин ачууга;
жөнгө салуучулар же ички иштер органдарынын кызматкерлери сутканын караңгы мезгилинде транспорт каражатты токтоткон учурда кызматкердин негизсиз болушу мүмкүн деп
болжолдонгон аракеттерин далилдөө үчүн автомобилден айдоочу менен кошо чыгууга. Мында жүргүнчүлөр милиция кызматкерине өзүнүн функциялык милдеттерин аткарууга жолтоо кылбоого тийиш;
жасаган заводдо караштырылган коопсуздук курун арчынданбастан жүрүп бараткан автомобилде болууга;
мототранспорт каражатта топчуланбаган шлемсиз же аны кийбестен жүрүүгө.
транспорт каражатынын ичинде болгон учурда, коомду жана кыймылдын башка катышуучуларын сыйлабай тургандыгын ачык-айкын көрсөтүү менен коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын атайын жана көз көрүнөө бузуу.
Жогорудагы эрежелерди туура, так сактап жүрсөңөр эч кандай кырсыктар болбойт. Жолдо жүрүүнүн эрежелерин дайыма так сактап жүрөлү, кырсыктардан оолак бололу. Белгилерди эч качан унутпайлы.
Угулду: Ар түрдүү маселелер боюнча куратор жана тайпанын студенттеринин ортосунда суроо-жооптор жүргүзүлдү.
Жогорудагы маселелер боюнча студенттер өз алдынча пикир алмашышып, төмөндөгүдөй токтом кабыл алышты.
Жол коопсуздугу эрежелерин дайыма сактоо тайпанын студенттерине милдеттендирилсин.
Куратор Кадырова З.Э.
Староста Эркинбекова Т
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн Экономика кафедрасынын ЭБ, ФН-21 тайпасынын куратордук сааттын отурумунун
№1 протоколу
1-сентябрь 2022-жыл
Өзгөн шаары Катышкандар: 25 студент
Күн тартибинде каралуучу маселе:
Билим күнү жөнүндө куратор З.Э.Кадырованыннын баяндамасы
“Кыргыз жараны – жалпы жарандык идентүүлүк” темасында түшүнүк берүү
Тайпанын активдерин кайрадан шайлоо
Угулду: Куратор - Биздин өлкөдө жыл сайын “1-сентябрь” “Билим күнү” катары белгиленет. Бул майрамдын аты күз мезгилинин 1-күнү, Кыргызстандагы орто жана жогорку окуу жайларынын окуу жылынын башталышына ылайык аталып калган.
“Билим күнү” – бул бардык окуучулардын, студенттердин, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана окутуучулардын майрамы.
Бирок салтка ылайык бул күнү башкалардан өзгөчө майрамдык маанайды мектепке биринчи кадам шилтеп жаткандар сезишет. Албетте, ар бир оку жайда “Билим күнү” тосууда өзүнүн салттары бар. Акыркы күндөрү мектептерде, окуу жайларда билим күнүн абдан чоң майрам сыяктуу өткөрүү салтка айланган. Билим күнү окуучулардын, мугалимдердин гана күнү болбостон, билим алуунун маанилүү экенин тастыктайт.
Угулду: Куратор - Кыргыз жараны – бул Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же паспорту бар, улутуна, динине, кайсы үй-бүлөдө туулганына карабастан Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Конституциясына) ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон адам.
«Иденттүүлүк», «Кыргыз жараны» түшүнүктөрү:
Кыргыз жараны жалпы жарандык иденттүүлүк принциптерин, жарандык иденттүүлүк принциптерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен байланыштырат; Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктары жана милдеттери жөнүндө билимди колдонушат.
Балдар, келгиле, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы менен таанышалы. (1-тиркеме)
Коомдо “башкага” – түрдүү диний жана этникалык топторго, майыптарга карата чыдамсыздык өкүм сүрүүдө.
Көп түрдүүлүгүн сыйлабоо коомдун биримдигине кандай таасир этет?
Башка этностук топторго (улуттарга), динге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата сабырсыздыкты кантип жеңе алабыз?
Жарандын укуктары жана милдеттери
Коомдо адамдар өз укуктарын билип, талап кылышат, бирок мамлекет алдындагы милдеттерин аткарбаган кырдаал түзүлүп жатат.
Кыргызстандын жарандарынын милдеттери кандай?
Адамдардын өз укуктарын коргоп, жарандык милдеттерин аткарышы үчүн алардын жоопкерчилигин кантип жогорулатуу керек?
Жалпы жарандык маданият эмнени камтышы керек деп ойлойсунар?
Жарандардын ортосундагы мамиле кандай болушу керек?
Жалпы жарандык маданият Кыргыз жарандык өзгөчөлүгүн калыптандырууга кандай салым кошо алат?
Кыргызстанда көп адамдар мамлекеттик тилди билбейт.
Мамлекеттик тилди билүү Кыргыз жараны жалпы жарандык иденттүүлүгүнүн калыптанышына жана коомдун биримдигине кандай таасирин тийгизет?
Мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн абалын кантип оңдоого болот?
1-тиркеме
2021-2026-ЖЫЛДАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ДЕП ЖАРАНДАРДЫН ӨЗҮН ТААНУУСУН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КОНЦЕПЦИЯСЫ
Кыргыз жараны – бул этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргыз Республикасынын жараны. Кыргыз жараны өлкөнүн аталышы болгон – “Кыргыз Республикасы” аталышынан келип чыгат жана өздөрүнүн этномаданий бирдейлигин сактоо менен бардык этностук жамааттарды бириктирген жалпы жарандык бирдейликтин термини болуп саналат.
КОНЦЕПЦИЯНЫН ПРИНЦИПТЕРИ, МАКСАТЫ, НЕГИЗГИ АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР
Концепциянын негизги принциптери:
Кыргыз Республикасынын бардык бекитилген конституциялык ченемдерин жана мыйзамдарын сактоого багыт алуу;
Кыргыз Республикасынын жарандарынын этностук, диний, социалдык жана аймактык таандыктыгына карабастан, тең укуктуулугун кепилдөө менен басмырлоого жол бербөө; ыктыярдуулук, көп түрдүүлүктү урматтоо жана таануу, жарандардын укуктары менен милдеттеринин, ар түрдүү көз караштагы ар кандай топтордун ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоо;
Кыргыз жаранын жана мамлекетти өнүктүрүүгө кызыкдар болгон бардык тараптардын өз ара аракеттенүүсү жана өнөктөштүгү.
Концепциянын максаты: Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү.
Концепциянын артыкчылыктуу багыттары:
Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу.
Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.
Башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга бирдей шарттарды түзүү.
Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.
1-багыт. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу
Кыргыз жараны – бирдейлигин аң-сезимдүү түрдө түшүнүүгө жетишүү жарандардын реалдуу тең укуктуулугун камсыздоону, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана өлкөнүн калкынын укуктук жана саясий маданиятынын деңгээлин жогорулатуу аркылуу алардын конституциялык укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууну талап кылат.
2-багыт. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо.
Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги бардык уюмдардын ишмердүүлүгү коомдун биригүүсүнө көмөктөшүүгө багытталышы керек, мында ар түрдүү региондук жана этностук жамааттардын, диний конфессиялардын ж.б. кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу жана Кыргыз жаранынын жалпы жарандык кызыкчылыктарын калыптандыруу зарыл.
3-багыт. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана илгерилетүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү ушул Концепцияны жүзөгө ашыруунун маанилүү шарты болуп эсептелет. Ошондой эле көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү маанилүү. Көп тилдүүлүктү өнүктүрүү Кыргызстанда жашаган ар бир этностун эне тилин сактоосу жана өнүктүрүүсү менен байланышкан.
4-багыт. Башкарууга жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуу үчүн бирдей шарттарды түзүү.
Өлкөдө мамлекеттик бийлик органдарынын алдында түзүлгөн коомдук кеңештер, кызыкдар топтордун катышуусунда өткөрүлүп келе жаткан коомдук угуулар жана консультациялар, курултайлар жана жарандык форумдар сыяктуу мамлекеттик саясатты түзүүгө жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жарандардын катышуусун камсыздоочу түрдүү механизмдер түзүлгөн.
5-багыт. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.
Ушул максатта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу системасын иштеп чыгуу жана аны башкаруунун бардык деңгээлдеринде киргизүү зарыл. Натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизин жарандарды укуктук коргоону камсыз кылган жана мыйзамдуулукту жана адам укуктарын сактаган адилеттүү сот системасы жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү түзөт.
Угулду: Куратор тайпанын активдерин кайрадан шайлады:
Староста: Эркинбекова Тансулуу
Маданият секторлору – Абдилазизова Айбийке
Спорт сектор –
Казыначылар – Тойгонбаева Айсулуу
Билим секторлору – Манасова Гульвира
Тазалык сектору – Адахамидова Хадичабону
Жогорудагы маселелер боюнча студенттер өз алдынча пикир алмашышып, төмөндөгүдөй токтом кабыл алышты.
Билим күнү жөнүндө куратор З.Э.Кадырованын баяндамасы канааттандыраарлык деп эсептелсин.
“Кыргыз жараны – жалпы жарандык идентүүлүк” темасында түшүнүк канааттандыраарлык деп эсептелсин.
Тайпанын активдери өз убагында өздөрүнө тиешелүү болгон иш-аракеттерин аткаруусу милдеттендирилсин.
Куратор Кадырова З,Э.
Староста Эркинбекова Т