Анг-1-19 тайпасынын куратордук сааттын протоколунун көчүрмөсү.
Күнү: 10-май 2021 - жыл
Темасы: “Суицид”
Максаты: Студенттерге суицид жонундо жалпы маалымат беруу. Суицид проблемалардан чыгуунун себеби эмес экендигин тушундуруу.
Катышты: Анг-1-19 тайпасыны студенттери
Чогулуштун жүрүшү:
Тайпанын куратору төмөнкүлөрдү айтып өттү: Эң оболу айтылчу сөздүн маанисин так жана даана түшүнүп алуу туура болор. Суици́д (лат. sui caedere — өзүн өлтүрүү) – атайын аракет кылуу менен өз жанын кыюу деген маанини берет. Сыртынан караганда адам суицидге өз каалоосу менен жана өзүнүн аракети менен баргандай көрүнөт.
Тайпанын студенти Молдалиева Нуриза даярдалган презентациясы боюнча толук маалым берди: Бардык жан кыюуларды чыныгы жана ашкере суицид (парасуицид же псевдосуицид) деп эки чоң топко бөлсө болот. Ашкере суицид (псевдосуицид) аффект абалында аткарылып, жанын кыюудан мурун бул жагымсыз аракетине коомдун көңүл буруусун каалайт.
Андан сырткары аракечтик, баңгилик, чылым чегүү, оор илдетке кабылганда сакаюуга аракет кылбоо, жол эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сактабоо, спорттун экстремалдуу түрлөрү менен машыгуу сыяктуу дароо жана түздөн-түз өлүмгө алып келбөөчү, бирок ден-соолук менен өмүргө коркунуч туудурган жүрүм-турум да кээ бир окумуштуулар тарабынан жашыруун суицид деп аталган экен.
Коомдун суицидге жакын тайпалары. Жаш жигиттер, кыздар жана өспүрүмдөр улууларга караганда көбүрөөк жан кыйышат. Аялдар өз жанын кыюуга 4 эсе көп аракет кылганы менен, эркектердин аракети аялдарга караганда үч эсе көбүрөөк ишке ашат. Адистердин айтуусу боюнча Кыргызстанда 40% адам бул илдеттин кырында турат. Андан сырткары, өлкөбүздө 2019-жылы 8 айдын ичинде 112 окуучу, башкача айтканда, үч күндө бирден окуучу жанын кыйган. Суицидге көбүнчө 6-9-класстын окуучулары барууда.
Жаш балдардын өмүрүн кыюусунун эң негизги себеби “бул улуу муундун, коомдун жана мамлекеттик органдардын кайдыгерлиги, балдарга жетишерлик көңүл бурулбаганы”, - дешет окумуштуулар.
Токтом кылынды:
Ар түрдүү суицид иштерине барбоо.
Суицид боюнча жакшыраак маалымат алуу.
Ата-энелер арасында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Суицидке кабылгандарды билип калса психолог, мугалим, ата-энелерге маалымат берүү.
Ушундай маалыматтарды укса кураторго же ата-энелерге кабар берүү.
Тайпанын куратору: Бекетаева Э. Ж.
Анг-1-19 тайпасынын куратордук сааттын протоколунун көчүрмөсү.
Күнү: 13-май 2021 - жыл
Темасы: “Ала-качуу салт эмес, кылмыш”
Максаты: Студенттерге ала-качуу жонундо жалпы маалымат беруу. Ала-качуу болгон убакта тиешелуу органдарга кайрылуусун тушундуруу.
Катышты: Анг-1-19 тайпасыны студенттери
Чогулуштун жүрүшү:
Тайпанын куратору төмөнкүлөрдү айтып өттү: Бул адамдын аброюна, абийирине, укугуна шек келтирген кылмыш болуп эсептелинет. Адам сатуу-бул азыркы күндө глобалдуу маселе. Адам сатуу деген түшүнүк биздин мамлекет өз алдынча болгон жылдардан тарта келип калды. Баарына маалым болгондой ал жылдардан соң өлкөдө кыйынчылыктар боло баштап, жарандар эптеп акча табуунун аракетин көрүп калышпадыбы. Мына ушундай аракеттердин натыйжасы менен көп нерсеге маани бербеген түшүнүгү аз жарандар адам сатуунун курмандыгына айланып калышты..
Тайпанын студенттери Болотахунова Токтоайым менен Бейшеналы кызы Тахминанын даярдалган презентациясы боюнча толук маалым берди: Ар бир адамдын өзүнүн өмүрү өзүнө кымбат. Биз ушундай кымбат, табылгыс өмүрүбүздү андай жолдо жок кылбайлы. Жүзү адам сыяктуу бирок, ит жасабаган иштерди аткарган адамдар да жок эместигине биз да күбө болуп жатабыз. Андыктан баарыбыз адам деген атка татыктуу бололу. Келечегибиз үчүн адам сатууга каршыбыз деген ураандын астында жашайлы.
Биз да дайым бөтөн элдеги сонун жашоону эңсеп суктанып, кээде кыялданып кантип ушул жолго түшүп калганыбызды билбей да калабыз. Андыктан өзүбүзгө жана жакындарыбызга сак бололу. Өз өлкөңдөн таппаган бакытты эч убакта бөтөн элден таппайсың.
ИДН кызматкерлери балдарга “Адам сатуу, диний экстремизм, зордук-зомбулук ” боюнча кино роликтерди көргөзүштү. Кино ролик боюнча окуучулар менен суроо-жоопторду жүргүзүштү. Мектептин соцпедагогу Токторбаева Салия Абдугаппаровна доклад жасап, окуучуларга төмөнкүдөй суроолорду берип ортодо кызыктуу талкуу жүргүздү.
Адам сатуу жана кулчулук деген эмне?
Мындай кырдаалга кандай инсандар кабылышат?
Мындан арылуунун жолу жокпу?
Соцпедагог сөзүнүн аягында : Албетте ар бир адам жаңылат. Баары эле идеалдуу эмес. Ошондуктан адам сатуунун алдын алуу боюнча өз укугубузду көбүрөөк билели. Ошондой эле жаш кыздарыбыз да чет өлкөлөргө товар катары сатылып баратат. Кичинекей балдар да көчөдөн эле уурдалып, бөтөн элдин жарандарына донор катары пайдаланууда.
Токтом кылынды:
Ала-качуу боюнча жакшыраак маалымат алуу.
Ата-энелер арасында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Ала-качууга кабылгандарды билип калса тиешелуу органдарга маалымат берүү.
Ушундай маалыматтарды укса кураторго же ата-энелерге кабар берүү.
Тайпанын куратору: Бекетаева Э. Ж.
Анг-1-19 тайпасынын куратордук сааттын протоколунун көчүрмөсү.
Күнү: 15-май 2021 - жыл
Темасы: “Наркомания”
Максаты: Студенттерге наркотикажана наркомания боюнча ошондой эле синтетикалык наркотика боюнча билишет, Студенттер мындай зыяндуу банги заттарыны адамзат клечеги үчүн терс таасирин биле алышат. Келечек коомго улутту урууну өнүгүп өсүүсүнө тоскоол болуп келе жаткан наркотикалык заттарга аралашпоого, колдонбоого тарбия алышат
Катышты: Анг-1-19 тайпасыны студенттери
Чогулуштун жүрүшү:
Тайпанын куратору төмөнкүлөрдү айтып өттү: БАҢГИ КАРАЖАТТАРЫ (БАҢГИЗАТТАР) дегиле синтетикалык наркотика Спайс – бул борбордук нерв тутумуна өзгөчө таасир этүүчү (козутуучу, делөөрүтүүчү, эзүүчү, ээликтирүүчү) жана тийиштүү эларалык конвенцияларда ошондой касиетке эгедер заттарга кошулган жана КРде көзөмөлгө алууга жаткан баңги заттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесине киргизилген өсүмдүк же синтетикалык өнүмдөгү заттар, дары-дармектер, өсүмдүктөр.
Тайпанын студенти Уланбай кызы Чолпонай даярдалган презентациясы боюнча толук маалым берди: Бул зыяндуу зат чоп сыяктуу, бирок химикалык жактан дайардалат ар кандай кошулмалардын негизинде, таасири марихуана сыяктуу эле, андан да зыян апкелет, кичинекей сары одноразовый чайдын упаковкасы сыяктуу кутучаларда сатылат, ээн эркин сатып алса болот интернет магазиндерден, бирок азыркы убакта коп мамлекеттер чектоо киргизе баштады.
Бул наркотикти колдонгон адам 1-2 жылдан кийин денесин жара басып, ириндей баштайт. героин апийим сайынгандар 10-15 жылга чейин жашай алат. Бирок бул синтетический наркомания 5 жыл (бул максимум же болжолдуу) гана жашайт. Дагын бир айта кетчу нерсе: мындай наркомандан бойго бутсо, ошол наристе ирин менен торолот. бул дегеним ал наристенин ар жеринен ирин чыга берип омуру ооруканадан бери болбойт. Ирин кан менен кошо тамырда айланып журот. Бул ооруга медицина жардам бере албайт. Ал ирин каалаган жерден чыгат. Эчкандай себеп жок эле шишип кетет. кестирсе ирин чыгат. ал жерин айыктырса башка жеринен шишик пайда болот. Кыскасы ал иринди такыр токтотууга мумкун эмес. Бул оору кан аркылуу жугат жана тукум кууйт. жыныстык катнаш же башка нерседен жукпайт, болгону ошол наркомандан боюна бутсо бала ушундай оору менен туулат. Андан ары ошол баланын балдары ушундай оору менен жаралышына медиктер 70%га кепилдик беришет. Ошондуктан биз бул затты колдонбо чөйрөгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин айтуубуз керек.
Токтом кылынды:
Наркомания боюнча жакшыраак маалымат алуу.
Ата-энелер арасында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Наркомания кабылгандарды билип калса тиешелуу органдарга маалымат берүү.
Ушундай маалыматтарды укса кураторго же ата-энелерге кабар берүү.
Тайпанын куратору: Бекетаева Э. Ж.