“ Куттуу билим” дастанынын кыргыз тилиндеги котормолорун салыштыруу
Улуу ойчул, атактуу даанышман жана белгилүү инсан Жусуп Баласагын 1080-жылы азыркы Токмок шаарынын түштүк тарабында Бурана эстелиги жайгашкан жердеги окумуштуулардын жана уздардын очогу болгон Баласагын шаарында туулган.
Ж.Баласагындын “Кутадгу Билиг” (Куттуу билим) философиялык-дидактикалык чыгармасы 1069-жылы эски түркү тилинде жазылгандыгы белгилүү. Ал чыгарма 6645 бейттен турат. Анан үч нускасы азыркы мезгилде китеп фонддорунда сакталууда. Бир нускасы угур арибинде Хератта, экинчиси Ферганада, ал эми үчүн нускасы Мысырда “Хидив” китепканасында сакталууда. Анын эки нускасы араб арибинде жазылган. Түркиялык окумуштуу Р.Р.Арат 1947-жылы “КБ”нын факсималын, транскрипциясын, азыркы түрк тилиндеги котормосун ошондой эле индекс сөздүгүн иштеп чыккан. “КБ” Р.Р.Араттын басмасы боюнча 85-баптан, 6645-беттен, 13290-саптан турат.
“ КБ” дастанынын дүйнөгө келгенине миң жылга жакын мезгил өтсө дагы бул чыгармага болгон кызыгуу күндөн-күнгө күчөт жатат. Мисалы: “КБ” дастанын изилдөө Дания, Германия, Венгрия, Россия, Кытай, Советтер Союзу, Түркия, Италияга окшогон мамлекеттерде бир топ иштер, жетишкендиктер колго келтирилген. Демек, “КБ” дастаны дүйнө илим тармагында 19-20-кылымда түркология илиминдеги эң чоң ошондой эле кызыктуу темага айланды. Азыркыга чейин “КБ” дасатанынын азыркы түрк тилиндеги бир канча котормолору, кытайча, орусча, англисче толук котормолору, немисче, азербайжанча кыскача котормолору, ошондой эле ар түрдүү нускалардын факсималдары жарык көрдү.
Аталган дастан адам баласын ыймандуулукка, акылмандыкка, нравалык-руханий тазалыкка, ошондой эле үй-бүлөдө жана коомдук жайларда ынтымакка, биримдикке, салтты, үрп-адатты ардактай билүүгө, улууга урмат, кичүүгө ызат кылыгуу чакырган тарбиялык мааниси зор чыгарма болуп эсептелет. Ал эми “КБ” дастанын түрк элдери үчүн баба тил болуп эсептелген караханиддердин адабий тили- “Хакания” тилинде жазылгандыктан, азыркы түрк тилдеринин бир топ айырмаланат.
«КБ» дастаны дүйнөнүн бардык тилдерине которулган, ал эми азыркы түрк тилдерине которулганы көп, булардын ичинде айрыкча Түркияга белгилүү турколог Р.Р.Араттын 1941-43-жылдарда Стамбулда жарыкка чыккан кол жазма нускалары, транскрипциялары, азыркы түрк тилиндеги котормосу, “КБ” дастанындагы 68миң сөз үчүн түзүлгөн индекс сөздүгү абдан чоң мааниге ээ. Ошондой эле 1971-жылы басылган К.Каримовдун өзбекче котормосу, 1984-жылы басылган Шинжан Илимдер Академиясы басмага даярдаган уйгурча котормосу, ошондой эле кыргыз тилиндеги Кыргызстандык Т.Козубековдун котормосу жан а 1992-жылы “Шинжан эл басмасынан” басылып чыккан кытайлык кыргыз окумуштуулары Турсунбай Кылычбек, Норуз Үсөналиевдердин котормолору “КБ” дастанын үйрөнүүдө чоң мааниге ээ.
Т.Козубековдун “Куттуу билим” дастанынын котормосу эки жолу Москвадан басылып чыкканын, бул жердештерибиздин өз маданиятына жана эне тилине болгон сүйүүсүн көрсөтөт. Бирок котормочу дастандын бет ачарында эле: “Байыркы түрк тилдеринен которулду” деп жазган.
Ал эми кытайлык окумуштулар өз котормосунда Р.Р.Арат берген асыл нускасынан жана уйгур тилиндеги котормолорунан пайдалангандыгын белгилешип: “Бүткүл дастандын мазмунун жана форма жагынан бир бүтүндүгүн сактадык”-деп бекеринен жазышпайт.
Кытайлык кыргыз окумуштууларынын( арап жазуусунда) жана кыргыз окумуштуулардын басмадан жарык көргөн дастанынын котормо нускасындагы бейттерди стилдик жактан салыштырып кароо мүмкүнчүлүгүнө таянып, маданият тарыхыбыздагы көөнөрбөс булактардын бири болгон.
Укушлуг ким ерсе окытты аны,
Билиглиг ким ерсе бедүттү аны
Акыллы ким варса, ону йанына чагыртты,
Билигли ашырды атак-даңкын. ( Р.Р.Арат) (2)
Акылдууну чакырып тартты жакын,
Билимдүүнү ашырды атак- даңкын. (Кытайлык. Кыр)
Илимдүүнүн бардыгын колуна алды,
Билимдүүнү чакырып ишке салды. (Т.Козубеков)
Мемлекеттин хер ишини бен йапамам,
Йанымда бу ишлери йапабилежек бири булунмалыдыр. (Р.Р.Арат)
Бүтүрө албайм өзүм жалгыз эл ишин,
Мага зарыл иш билги эр эл үчүн. ( Кытайлык. Кыргыз)
Жыйынтыктап айтканда, “Кутагду билиг” дастанындагы кээ бир бейттердеги турк тилине, кытайлык кыргыздардын жана кыргыздардын тилине которулган котормолорун тилдик жактан оргиналына салыштырып көрүп, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келебиз:
1.Түркчө котормо ырдын ыргагынын түзүлүшүн жоготсо да, ар бир сөздүн байыркы келбетин сактап калуу үчүн аракеттенген. Оргинал текст ыр түрүндө болгондон кийин котормо да ыр түрүндө берилсе, котормо чыныгы чыгармачылык дараметине жетмек.
Көңүл бурганыңыздарга рахмат!