Сабактын темасы: Кычкылтектин химиялык касиети.
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар “химия” – деген термин менен таанышат.Химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт , кандай мааниси бар экендиги менен таанышат. Заттар жөнүндө маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдар менен далилдешет. Химиялык кубулуштарга мисалдар келтиришет. Кычкылтектин жалпы мүнөздомөсү менен таанышат. Кычкылтектин алынышы боюнча практикалык ишти аткарышат. Кычкылтектин жаратылышта таркалышы боюнча маалымат алышат. Кычкылтектин химиялык касиети менен таанышат.
Просмотр содержимого документа
«Кычкылтектин химиялык касиети»

Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
С
абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
P2O5 фосфордун (V) оксидине кирген массалык катыш кайсы ?
26г сымаптын (II) оксидин алуу үчүн канча грамм сымап керектелет?
Кычкылтек пайда кылган жөнөкөй зат .
FeO темирдин ( II ) оксидинде кычкылтектин массалык үлүшүн тапкыла ?
Кычкылтек менен озондун касиетин салыштыргыла: Диаграмманы пайдалануу менен.
Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.
сабактын темасы берилет.
Сабак: Кычкылтектин химиялык касиети.
Сабактын темасы доскага жазылат.
М
угалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
Суроо: Кычкылтектин кандай бирикмелерин билесиӊер?
Мугалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар кычкылтектин химиялык касиети боюнча видео жана слайддарды көрүшөт.
Тапшырма:
Фосфордун, күкүрттүн , темирдин кычкылтекте күйүшүн практика жүзүндө көрүп, окуучулар теӊдемесин жазышат. Ошондой эле мугалим кычкылтек Менделеевдин таблицасындагы көпчүлүк элементтер менен аракеттенишип оксиддерди пайда кыларын айтат.Кычкылдануу менен күйүү реакциясынын айырмасын түшүнүп билүү үчүн бир нече мисалдар келтирилет.Күйүү реакциясында жылуулук жана жарык бөлүнүп чыгат, ал эми кычкылдануунун мисалы бул – дем алуу. Окуучулар оксиддер боюнча маалымат алышат.
( 5мин убакыт берилет)
тапшырма: Кычкылтек элементтенин жөнөкөй заттарды пайда кылышы. Аллотропия , озон боюнча маалымат алышат. ( окуучулар топ менен иштешет).
Пайда болгон заттардын курамын талдап, кандай элементтерден тура тургандыгын , жана алардын кээ бирлеринин массалык үлүшүн аныкташат. Мисалы: Cr2O3 (III), N2O5 (V) , NO2 (IV) оксидеринин курамындагы кычкылтектин массалык үлүшүн табышат. Бул заттар оксид экендигин билип ага аныктама беришет.
Андан кийин кычкылтектин адамдын жашоосундагы мааниси менен таанышат. Ал үчүн
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.