СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кылмыштуулук, укук бузуунун алдын алуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кылмыштуулуктун, укук бузуунун  алдын алуу

Просмотр содержимого документа
«Кылмыштуулук, укук бузуунун алдын алуу»

Сабактын темасы:  Укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу

Сабактын максаты: Окуучулар укук бузуу, кылмыштуулук боюнча түшүнүк алышат.

Кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.

Окуучулар бирин- бири уга билишет, ар дайым адептүү болууга аракет кылышат.

Жогорудагы максатка жетет деп билсек болот, эгерде алар;

  • Окуучулар укук бузуу, кылмыштуулук боюнча түшүнүк алышса;

  • Кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын акыры жакшылыкка алып келбестигин айырмалап билишсе;

  • Окуучулар бирин- бири уга билишсе, ар дайым адептүү болууга аракет кылышса;

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү.

Сабактын формасы: Аңгемелешүү,

Сабактын жабдылышы: ноутбук, сурөттөр,

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: класстын тазалыгына көз салуу менен дежур аркылуу окуучуларды жоктоо;

Өз кезегинде белгилей кетчү нерсе, жалпы эле жашы жете элек учур, башкача айтканда өспүрүм курак – инсандын татаал өсүү мезгили. Ушул учурда көпчүлүк балдар –кыздарыбыз туура эмес жолдорго барып, улуулардын айткан сөздөрун укпай, көптөгөн адепсиз кыймыл –аракеттерди жасап жатышат. Бул учур өтө тез өткөнүнө карабастан, ар бир инсан андан наркы тагдырын чечет. Себеби өспүрүм куракта мүнөздүн эң оор негизги өзгөрүүлөрү жүрүп, айланадагылардын , коомдун таасири астында инсан катарында калыптанат. Бүгүнкү күндө мына ушундай өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту баарыбыз үналгы, сыналгыдан көрүп, угуп, массалык маалыматтардан жана социалдык тармактардан окуп, жада калса өзүбүз күбө болуп жатабыз.

Кылмыштуулук ар түрдүү себептерден келип чыгат. Бул көйгөйдү чогулуп чечип, чогуу жеңсек деген ойдомун.

Кылмыштуулук, укук бузуулар көбүнчө адепсиздиктен келип чыгат. -Адепсиздик деген эмне?

– Бул коомдогу адеп- ахлак нормаларын бузуу.

– Кандай сапаттар кирет? Келгиле класстер түзөлү.

Адепсиздик, калпычылык, ушактоо, мазактоо, ыймансыздык ,оройлук, ачкөздүк жана көрө албастык.

  • Кылмыштуулук деген эмне?

  • Кылмыштуулук деген бул бирөөгө зыян келтирүү, коомго тура эмес мамиледе болуу.

  • Кандай сапаттар кирет?

Кылмыш, уурулук, рэкетчилик, баңгилик, аракечтик, бейбаштык, мушташуу, ж.бкирет.

Ал эми азыр кылмыштуулуктун чыгуу себептерине кайрылсак:

Албетте, бекерчилик, бейбаштык. Кароосуз калган балдардан, чыр –чатактуу үй-бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан, максатсыз көчөдө жүрүүдөн жана эң башкысы ата- энелердин шалаакылыгынан, өз балдарына жетиштүү деңгээлде көңүл бурбаганынан, үйдө көзөмөл жоктугунан келип чыгат.

(окуучулар менен төмөнкү багыттарда талкуу жүргүзүү)

  1. Рэкетчилик– англис тилинен которгондо “зордук зомбулук” дегенди түшүндүрөт. Ректчиликтеги колдонгон терминдерди чечмелөө (сматрящий, пахан, ж.б.)

  2. макал-лакаптардын маанисин чечмелөө

(Окуучулар кыска-нуска кылып, өз ойлорун ортого салып талкуу жаратат.

  1. Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да, төрдө отуруп сый табар. Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да, тоо үстүнөн ит кабар.

  2. Өсөрүбүз да, өчөрүбүз да тарбиядан.

  3. Балдарга мээримибиз, бактылуу келечегибиз.

  4. Майда кылмышты жазаласаң, чоң кылмыштын алдын аласың.

Рефлексия :

-Балдар бүгүнкү сабактан силер кандай жыйынтык чыгарасыңар?

-Эмне силердин эсиңерде калды?

-Эмне силерге таасир калтырды?

            Сабакты жыйынтыктоо:

Улуу адамымыз И. Раззаков айткандай “Сен таза болсоң, мен таза болсом , коом да таза болот”- деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш , бир жеңден кол чыгарсак гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти, адепсиздикти жеңебиз деген ойдомун. Ар бирибиз кылмыштуулуктун акыры – жаза менен бүтөрүн унутпасак жакшы болор эле.

Сабагымдын акырында төмөндөгү улуу инсандардын учкул сөздөрү менен аяктагым келет жана үйгө тапшырмага “ кылмыштуулукту кантип алдын алуу керек” деген темада дилбаян жазып келгиле.

 

Антуан Ривароль: Адамзат эңкейишке аккан дарыя, аны артка агыза албайсың.

Кенже Плиний: Жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан кийин туруш керек.

Анри Бек :Эркиндик менен ден соолук окшош: алардан ажыраганда гана “аттиң” дейсин.

Георг Лихтенберг: Эң коркунучтуу калп- бурмалап айтылган чындык.

 

Үйгө тапшырма: “Канткенде биз кылмыштуулуктун алдын ала алабыз?” – деген темада эссе жазуу.