А.Өмүрзаков атындагы №57 орто мектеби
Кылмыштуулук, зордук-зомбулукту, диний агымдардын
алдын алуу боюнча уюштурулган
темасындагы Төрт-Көл айыл өкмөткө караштуу
мектептер арасындагы семинардын
иш-чарасы
Аткарган мектеп соц.педагогу:
Каратаева Нургул Мухамадисаевна
2023-ж
Темасындагы Төрт-Көл айыл өкмөтүбүзгө караштуу мектептер арасында соц педагогдордун иши боюнча чакан иш-чарабызды ачык деп жарыялайбыз.
Бий 7-класс окуучулары “Сардалгыз”
А.Өмүрзаков атындагы №57 орто мектебинин
соц.пед:__________Каратаева Н.М.
СЦЕНАРИЙ
Иштен чарчап келген атасы аялын көрүп тамагың даярбы ,колумдагыларды ал десе да аялы телефонго көңүлү бурулуп күйөөсү жумшутан келгенин да сезбей калат.Башка бөлмодө уулу доу менен биргеликте ташырма аткарып олтурган болот.Аялы тура калып эле үйдөгү кемчиликтерди айта калып,ичкен-жеген,кийинген кийиминен нараазы болуп чыр-чатак чыгарат.Алардын кыйкырган үнүн уккан Тариэлдин досу башын жерге салып мейли досум мектепте сүйлөшөбүз деп чыгып кетет.
Ата-энесинин урушун көргөн бала Ата-энесине келип бул жанжалыңар качан бүтүт.Даймы эле чыр-чатак чыгарасыңар апа ата урушпагылачы.Досумдун жанында да уят болдум өзү деги биздин үйдө тынчтык барбы деп чыгып кетет.
ДИКТОР:Арадан мындай күндөр улана берди.
-Кайнене кирип:- Балдарым койгула баланын жанында урушканыңар туура эмес,баардык иште сабырдуу болгула бири-биреңерди уккула,силерди көрүп балаңар тарбия алат.
Келини:- Көрбөйсүзбү балаңыздын тапканы тамак-аштан ашпайт.Келгенимден бери үйдөн чыкпайм же досторума кошула албайм.Үйдүн иши тек эле бүтпөйт.Мен мындан артыгына чыдай албайм кетем жашабайм
ДИКТОР:Ошентип бул үй-булө эки айрым жолго тушөт.Баласы үйдө көргөн окуядан кыжаалат болуп жинденип анын психологиясы өзгөрүп барат. Бирге тапшырма аткарган досу Рамазан күндө анын абалын сурачу.
Мектепке келгенде биргеликте тапшырма аткарган Рамазан абалын сурайт.Сураганда Сенин ишиң болбосун, өзүм билем деп айтса ээ досум жакшы сүйлөгөндөн кийин жакшына жооп берда да деп айтыша кетет.Аны уккан балдардын ата-энелери балдарын тарабын алып мектепте келет.Силер карабайсыңар жооп бересиңер менин балам жоош акылдуу,тартиптүү деп ата-энелер менен соц пед ортосунда сүйлөшүүлөр болот.Соц пед Тариэлдин үйүнө келет.Эмне үчүн Тариелде мындай өзгөөрүүлөр болуп жатканын чоң энесинен билет.Тариелди чакырып акыл-насаатын айтат,апаң таарынып кетип калды,өзүң көрүп турасың атаң да ир акбалда жүрөт ичип кой балам мындай жоругуңду ташта.Тариел жакшы бала болушун энесине убада берип эмгек жолуна түшөт.Сабакка келип сабактан кийин иштей баштайт.Бара-бара сабактан коп калып,качып кетип симкарта сатып иштеп окууну да унутуп ишке берилип кетет.Бир күнү Тариелди базарда көрүп калган чоң балдар иштен кайтканда коркутушат тоношот.Телефон чалып дагы эскертишет.Аны ойлонуп Тариел уурулукка досу Рамазан менен барат.Сатуучуну алаксытып турган кезде магазинден акча уурдап жатканда Милицияга чалат.Тариел качып барып чон балдарга акчаны берет акча аз болгондугу үчүн чоң балдар агны ур соккуга алышат.Артынан күзөтүп келген Милиция кызматкерлерибалдарды кармашат.Мурун да бул балдар каттоодо тургандыгын айтышат.Тариел катуу жаракат алып доктурканага түшүп калат. Ал убакытта Нике күбөлүгүн кырктырып, ажырашууга арыз берген ата-эненин иши 3 айга узартылат. Себеби ал убакытта кайра балким ата-энелер бул үй-бүлө кайрадан жашап кетээр деген максатта соттун иши чозулушу мүмкн.Чозбой Нике күбөлугүн кырктырып, миграцияга кетип жаткан жерден доктурканадан чалышат. Баласын угуп дароо жетип келет.Бул уруулукка .ур-соккуга кабылышына түрткү болгон бул сиз ата-энелер ортосундагы мамилеңердин,үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын келип чыгышынан үй бүлөдөгу климаттын бузулушунан, балага көңүл бурбагандыктан келип чыгып жатат.Тарбия башаты бул үй-булө.Келип баланарга татыктуу тарбия берип караңыздар. Тариел ата-апа мени таштабагылачы ажырашпагылачы деп ата-энесин карап жалдырайт.
ДИКТОР:Тариел айыгып ,ата-энеси жарашып, мектепте болуп өтө турган ата-энелер мектебине катышып өздөрүн тарбиялап,баласын окуусун тартибин көзөмөлдөп мектеп,мугалим тыгыз байланышта болуп кайра бул үй-бүлө биргеликте бактылуу болуп жашап калышат.
Миграция боюнча ыр
Жүрөт иштеп атам апам эрте кеч
Даайым күтөм келсе экен деп эртерээк
Балалыктын даамын тартаар кезимде
Коюн айдап, уйун жүрөм жетелеп
Баарын кыйнап аягы жок гөр турмуш
Аман-эсен келишсе экен тезирээк
Сиңдимди мен бакчасына алып бардым.
Бугүн дагы сабагымдан кеч калдым
Жаным апа сиз кыжалат болбоңуз
Бугүн баардык сабагымдан беш алдым
Жаным апа мен түшүмдө көрөмун
Бек кучактап бетинизден өбөмүн
Сагынганда түнү менен ыйлатып
Апаке дейт кичинекей бөбөгүм
Келсе экен атам-апам тезирээк
Силерди эстеп жан дүйнөм абдан эзилээт
Ыйлабаймын мен жигитмин деп коюп
Ыйлап алам мен бекинип элжирээп
Энем айтты кече акча салыпсыз
Кызыма деп жаңы көйнөк алыпсыз
Ата-апа сагынамын мен сизди
Эч болбосо тез-тез телефон чалыңыз
Иштеп жүрөт миграцияда ата-энем
Эртели-кеч балдарымды багам деп
Билим алып мен тартиптүү боломун
Уят кылбай ата-энемди ойлоймун
Дуба
Оо Аллахым ,сен ырайымдуусун,мээримдүүсүн,кечиримдүүсүн,баардык пенделерди колдоочусун. Эч бир бала ата-энеден ажырабасынчы,ата-энелер балдарын таштабасынчы,ажырашуулар болбосунчу,мекенибизде ата-энелерибиз үчүн иш ордулары көбойсүнчү, баардык балдар ата-эне мээрими менен чоңоюшсунчу.Миграцияда жүргөн ата-энелер аман-эсен үйлөрүнө кайтышсынчы.Биз аларды сагынып күтөбүз .Оомин
Балаг