СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ | 7-(кыргыз) КЛАСС | ТЕМА: МЫРЗАБЕК ТОЙБАЕВ "ЖОРОНУН ЖОРУКТАРЫ" | 2-КӨШӨГӨ

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз класстар үчүн 

Просмотр содержимого документа
«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ | 7-(кыргыз) КЛАСС | ТЕМА: МЫРЗАБЕК ТОЙБАЕВ "ЖОРОНУН ЖОРУКТАРЫ" | 2-КӨШӨГӨ»

IV чейрек|2-сабак  Тема: М.Тойбаев «Жоронун жоруктары»  Кыргыз адабияты 7-класс Кыргыз тили жана адабияты мугалими:Тайыр кызы Нургүл

IV чейрек|2-сабак Тема: М.Тойбаев «Жоронун жоруктары»

Кыргыз адабияты

7-класс

Кыргыз тили жана адабияты мугалими:Тайыр кызы Нургүл

«Жоронун жоруктары»  (Үч актылуу комедия)  Катышуучулар: Логотип  Название слайда 1-Жоро Алмадай жана Жылкычы абышкасы Карыя. Жылкычынын атасы Мелис жана Мира  классташтары Атасы менен апасы Милиционер 2-Жоро

«Жоронун жоруктары»

(Үч актылуу комедия)

Катышуучулар:

Логотип

Название слайда

1-Жоро

Алмадай жана

Жылкычы абышкасы

Карыя. Жылкычынын атасы

Мелис жана Мира

классташтары

Атасы менен апасы

Милиционер

2-Жоро

II Интермедиялык көшөгө ачылды

II

Интермедиялык

көшөгө ачылды

jhffj Милиционерден кутула албасын сезип, милициага каяша айтат. «Мен! Топту тепкен да , Мелисти урган да мен. Биринчи мен тептим!» Милицианын ачуусу келип: «Сен ошондой неме болсоң протокол түзөбүз, Хулигандыгың үчүн жаза аласың, ал эми витринанын айнеги үчүн болсо сенин атаң бир топ эле акчага чыгым болот. Штраф. Түшүндүңбү? Азыр мен тиги мотоциклдеги кагазды апкеле коёюн, качып кетемин деп ойлобо. Качсаң өзүңө жаман», -дейт. Учурдан пайдаланып Жоро гитарасын алып бак жакка качмакчы болуп бара жатканда. Алдынан атасы менен милиционердин учурашып турганын көрүп калат да, дароо скамейканын алдына кирип кетет. Милиционер менен атасы амандашат. Милиционер: -Бугүн биринчи жумушка чыгышым, минтип протокол жазууга туура келди. Атасы: -Эмне болду ботом? Милиционер: -Бир бала азыр ушул жерде турган. Дүкөндүн витиринасын сындырып койду.. Мындай тартип бузгандарды айыл аксакалдары көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп жүрө беришет.

jhffj

Милиционерден кутула албасын сезип, милициага каяша айтат. «Мен! Топту тепкен да , Мелисти урган да мен. Биринчи мен тептим!» Милицианын ачуусу келип: «Сен ошондой неме болсоң протокол түзөбүз, Хулигандыгың үчүн жаза аласың, ал эми витринанын айнеги үчүн болсо сенин атаң бир топ эле акчага чыгым болот. Штраф. Түшүндүңбү? Азыр мен тиги мотоциклдеги кагазды апкеле коёюн, качып кетемин деп ойлобо. Качсаң өзүңө жаман», -дейт.

Учурдан пайдаланып Жоро гитарасын алып бак жакка качмакчы болуп бара жатканда. Алдынан атасы менен милиционердин учурашып турганын көрүп калат да, дароо скамейканын алдына кирип кетет. Милиционер менен атасы амандашат.

Милиционер:

-Бугүн биринчи жумушка чыгышым, минтип протокол жазууга туура келди.

Атасы:

-Эмне болду ботом?

Милиционер:

-Бир бала азыр ушул жерде турган. Дүкөндүн витиринасын сындырып койду.. Мындай тартип бузгандарды айыл аксакалдары көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп жүрө беришет.

Милиционер: -Түрмөгө болбойт. Уулуңуз менен катуу сүйлөшүү керек, акылына келсин. Атасы: -Пай, пай! Мындай тентектик бир Жоронун колунан келет! .Ушул кыштак боюнча жалгыз жалкоо ошол.! Мен анын атасымын! Аны камап сал, жолдош милиционер, мейли түрмөдө бир аз күн отуруп чыксын. Менимче, ал түрмөдө отуруп чыкса эшек курту мурдунан түшүп, эс акылына келет. Мен сизден өтүнөмүн. Ушул суроомду орундат, иним...

Милиционер:

-Түрмөгө болбойт. Уулуңуз менен катуу сүйлөшүү керек, акылына келсин.

Атасы:

-Пай, пай! Мындай тентектик бир Жоронун колунан келет! .Ушул кыштак боюнча жалгыз жалкоо ошол.! Мен анын атасымын! Аны камап сал, жолдош милиционер, мейли түрмөдө бир аз күн отуруп чыксын. Менимче, ал түрмөдө отуруп чыкса эшек курту мурдунан түшүп, эс акылына келет. Мен сизден өтүнөмүн. Ушул суроомду орундат, иним...

Атасы: - Кокуй ой, ага айтылган кайран сөз. Жеткен жатып ичер, кулагына быягынан куюп айтсаң, тыягынан куюлуп калат. Жок-жок, анткени менен ичинде ала курту бар, беттегенин бербейт. Торпоктой болуп сегизинчи класста окуганын билбей жаш балача тайраңдайт, жоругу жолдо калсын! Окуганы апыртма жомоктор, сабагын беш мүнөт ачып кайра жаап коёт. Бул да эчтеке эмес. Ороңдоп, улуудан ыйба кылбайт. Баарыдан да, тамеки тартканычы! Кыскасы, өзүн өзү билет, өтүгүн төргө илет, көзү жок көгөн, башы жок бака болуп кетти! Бир балаанын ичинен чыкпаса экен деп менде жан жок. Атасы: -Ошондо эшек курту мурдунан түшөт дечи. Бүттү, акыл айтып жүрүп чарчадым. Баса, куттуу үйдөн куру чыкпайт, үйгө кирип чай ичип чыкчы. Милиционер: -Биз анттирбейбиз! (көзүн ымдап). Арыз жазып, биздин колго өткөрүп бериңиз, мен аны кылмыш кылган балдардын бөлмөсүнө камап коёмун. Эгерде тез аранын ичинде оңолбой турган болсо «колонияга» жөнөтөбүз. Өзү жугүрүп келип, адептүү болуп окуп калат. «Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот» дегендей анан турмушту өзү түшүнөт.

Атасы:

- Кокуй ой, ага айтылган кайран сөз. Жеткен жатып ичер, кулагына быягынан куюп айтсаң, тыягынан куюлуп калат. Жок-жок, анткени менен ичинде ала курту бар, беттегенин бербейт. Торпоктой болуп сегизинчи класста окуганын билбей жаш балача тайраңдайт, жоругу жолдо калсын! Окуганы апыртма жомоктор, сабагын беш мүнөт ачып кайра жаап коёт. Бул да эчтеке эмес. Ороңдоп, улуудан ыйба кылбайт. Баарыдан да, тамеки тартканычы! Кыскасы, өзүн өзү билет, өтүгүн төргө илет, көзү жок көгөн, башы жок бака болуп кетти! Бир балаанын ичинен чыкпаса экен деп менде жан жок.

Атасы:

-Ошондо эшек курту мурдунан түшөт дечи. Бүттү, акыл айтып жүрүп чарчадым. Баса, куттуу үйдөн куру чыкпайт, үйгө кирип чай ичип чыкчы.

Милиционер:

-Биз анттирбейбиз! (көзүн ымдап). Арыз жазып, биздин колго өткөрүп бериңиз, мен аны кылмыш кылган балдардын бөлмөсүнө камап коёмун. Эгерде тез аранын ичинде оңолбой турган болсо «колонияга» жөнөтөбүз. Өзү жугүрүп келип, адептүү болуп окуп калат. «Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот» дегендей анан турмушту өзү түшүнөт.

Милиционер менен атасы үйүнө чай ичкени кирип кеткенде, милиционерден кутула албасын билген Жоро тоо жакты көздөй качып жөнөйт. Тоо аралап баратып караңгыдан ар нерсенин үнү угулат. Чынында коркуп жатса да кайрадан өзүнө –өзү дем берип. Өзү менен өзү сүйлөшө баштайт. Жоронун үнү: -Мына, кеч кирип калды. Азыр тиги тоо башын караңгылык каптайт, бөксөдө, оттор жылтырайт. Ой, басканым кандай жеңил, мен эми эркинмин!.. Кайгы-капам жок. Жогортон кекилик сайраса, төмөнтөн кулаган булак үнү шылдырайт. Асманда жылдыздар жалгыз- жыргалай. (аңгыча бир үн чыгып коркуп кетет). Бул эмне? Эмненин үнү? Жоронун корккондогу үнү: -Бирөө менин артымдан байкатбай аңдып келаткандай. ..Кимдин үнү? Карышкыр уулуп жаткандай. (Жүрөгү дүкүлдөп, чуркай албай апалап кыйкырып баратты)

Милиционер менен атасы үйүнө чай ичкени кирип кеткенде, милиционерден кутула албасын билген Жоро тоо жакты көздөй качып жөнөйт. Тоо аралап баратып караңгыдан ар нерсенин үнү угулат. Чынында коркуп жатса да кайрадан өзүнө –өзү дем берип. Өзү менен өзү сүйлөшө баштайт.

Жоронун үнү:

-Мына, кеч кирип калды. Азыр тиги тоо башын караңгылык каптайт, бөксөдө, оттор жылтырайт. Ой, басканым кандай жеңил, мен эми эркинмин!.. Кайгы-капам жок. Жогортон кекилик сайраса, төмөнтөн кулаган булак үнү шылдырайт. Асманда жылдыздар жалгыз- жыргалай. (аңгыча бир үн чыгып коркуп кетет). Бул эмне? Эмненин үнү?

Жоронун корккондогу үнү:

-Бирөө менин артымдан байкатбай аңдып келаткандай. ..Кимдин үнү? Карышкыр уулуп жаткандай. (Жүрөгү дүкүлдөп, чуркай албай апалап кыйкырып баратты)

Жоронун үнү: -Апа-а-аа-аа Жоронун корккондогу үнү: -Жоро, өзүңдү колго ал. Жоронун үнү: -Андан мага эмне пайда өзүмдү колго алгандан көрө, колума мылтык алганым жакшы .Мына бу гитардын ордуна мылтык болгондо. Алдымдагы эмне? Апа-аа-аа. Корккондогу үнү: -Гитара, гитара менен! Жоронун үнү: -Гитара менен ата албайсың. Коркконумдан үнүм да чык-пай калды. Корккондогу үнү: -Жок, бул айылдын оттору. Татыгүл таяжемдин үйүнүн терезеси болуу керек. Ура-а...Ура-аа!Тез жүгүрүп, от чыккан жакка жетейин! Анда даамдар бар, таежем бар, жылуу төшөк, тамак бар! Тез жетейин! (Аңгыча мотоцклдин үнү угулат. Ал ким деп ойлонуп калдыңарбы? Ал милиционер болчу. Аны уккан Жоро андан ары качып жөнөйт).

Жоронун үнү:

-Апа-а-аа-аа

Жоронун корккондогу үнү:

-Жоро, өзүңдү колго ал.

Жоронун үнү:

-Андан мага эмне пайда өзүмдү колго алгандан көрө, колума мылтык алганым жакшы .Мына бу гитардын ордуна мылтык болгондо. Алдымдагы эмне? Апа-аа-аа.

Корккондогу үнү:

-Гитара, гитара менен!

Жоронун үнү:

-Гитара менен ата албайсың. Коркконумдан үнүм да чык-пай калды.

Корккондогу үнү:

-Жок, бул айылдын оттору. Татыгүл таяжемдин үйүнүн терезеси болуу керек. Ура-а...Ура-аа!Тез жүгүрүп, от чыккан жакка жетейин! Анда даамдар бар, таежем бар, жылуу төшөк, тамак бар! Тез жетейин! (Аңгыча мотоцклдин үнү угулат. Ал ким деп ойлонуп калдыңарбы? Ал милиционер болчу. Аны уккан Жоро андан ары качып жөнөйт).

рпрпао Жоро ошентип 2 күн талаада калат. Токойдогу жапайы жемиштер менен тамактанат. Сигертти чегет. Ошентип таң сүрүлүп атканда бир боз үйдү көрөт. Ага жакын келгенде ит үрүп чыгат. Жоро болсо колундагы гитарасы менен коргонуп очокту көздөй качып кирет. Аңгыча көз айнекчен абышка чыгып калат. Итти таягы менен качырып, теги карышкыр келсе качасыңар, үйгө мейман келсе эле мелдешкенсип жарыша чуркайсыңар деп иттен Жорону арачалап калат . Коркпо уулум, ит каппайт эми. Уулум деп коём ботом, токто..Карылыкпы көзүм жакшы ажырата албай жатабы? Сен эркексиңби, балам, же кызсыңбы? Жоро: -(ызаланып) Эмне, кыз бекенмин? Карыя: -Кыз текемин? Хе-хе-хе. Эмики жаштардын ачыктыгын ай! Ошо шар айтканың дурус, балам. Хе-хе-хе. «Кыз текемин» дечи. Ал эмне дегениң, түшүндүрүп койчу? Жоро: (ыйламсырап) -Ой мен кыз бекемин деп жатам! Эмне көрбөй турасыңбы? Эркек элемин!

рпрпао

Жоро ошентип 2 күн талаада калат. Токойдогу жапайы жемиштер менен тамактанат. Сигертти чегет. Ошентип таң сүрүлүп атканда бир боз үйдү көрөт. Ага жакын келгенде ит үрүп чыгат. Жоро болсо колундагы гитарасы менен коргонуп очокту көздөй качып кирет. Аңгыча көз айнекчен абышка чыгып калат. Итти таягы менен качырып, теги карышкыр келсе качасыңар, үйгө мейман келсе эле мелдешкенсип жарыша чуркайсыңар деп иттен Жорону арачалап калат . Коркпо уулум, ит каппайт эми. Уулум деп коём ботом, токто..Карылыкпы көзүм жакшы ажырата албай жатабы? Сен эркексиңби, балам, же кызсыңбы?

Жоро:

-(ызаланып) Эмне, кыз бекенмин?

Карыя:

-Кыз текемин? Хе-хе-хе. Эмики жаштардын ачыктыгын ай! Ошо шар айтканың дурус, балам. Хе-хе-хе. «Кыз текемин» дечи. Ал эмне дегениң, түшүндүрүп койчу?

Жоро: (ыйламсырап)

-Ой мен кыз бекемин деп жатам! Эмне көрбөй турасыңбы? Эркек элемин!

(Аңгыча аттын дүбүртү угулуп Жылкычы келет. Алмадай, карыя, Жылкычы Жоронун түрүнө таң калыша карашат)

(Аңгыча аттын дүбүртү угулуп Жылкычы келет. Алмадай, карыя, Жылкычы Жоронун түрүнө таң калыша карашат)

Алмадай: -Секетиң ий, алдыңан карасаң эркек баладай. Көзү менин Жумабайыма окшойт. Ал талаага огородун отоп, чоң энесине караан болгону кетпегенде биз менен болбойт беле. Тобо-о! Ай секетиң, чачың узун кыздайсың, көйнөгүң гүлдүү кыздайсың. Бирок, өңүң эркектейсиң, айтчы деги атың ким? Жоро: (ачуусу келип) -Атым..Жорочка Алмадай: -Жорочка? Жорочка, Морочка, Шорочка... Ботом, бул кыз турбайбы! Жоро: -Ооба сага! Мен эркекмин. (анан ичин кармап) Ичим ий, ичим ийий...

Алмадай:

-Секетиң ий, алдыңан карасаң эркек баладай. Көзү менин Жумабайыма окшойт. Ал талаага огородун отоп, чоң энесине караан болгону кетпегенде биз менен болбойт беле. Тобо-о! Ай секетиң, чачың узун кыздайсың, көйнөгүң гүлдүү кыздайсың. Бирок, өңүң эркектейсиң, айтчы деги атың ким?

Жоро: (ачуусу келип)

-Атым..Жорочка

Алмадай:

-Жорочка? Жорочка, Морочка, Шорочка... Ботом, бул кыз турбайбы!

Жоро:

-Ооба сага! Мен эркекмин. (анан ичин кармап) Ичим ий, ичим ийий...

Карыя: -Кокуй, ачка турбайсыңбы. Апкел балам, бирдемең барбы? (Алмадай үйгө бирдеме алып келгени кетет) -О-о, чычым мунун баарын айтканды билген сылык сүйлөгөндү билбейсиңби? Сен дебей жүр, сенейип каласың. Ой, ата десең бир жериң бир нерсе болобу? Тур, булакка барып жуунуп кел! (Карыя Жоронун колуна сүлгүнү берет. Жоро чуркаган боюнча кетет) Жоро: -Айттырбай билдиң, абышка! Иттей курсак ачты, кубат качты. Аркыны бачымыраак апкел деп койчу.

Карыя:

-Кокуй, ачка турбайсыңбы. Апкел балам, бирдемең барбы? (Алмадай үйгө бирдеме алып келгени кетет)

-О-о, чычым мунун баарын айтканды билген сылык сүйлөгөндү билбейсиңби? Сен дебей жүр, сенейип каласың. Ой, ата десең бир жериң бир нерсе болобу? Тур, булакка барып жуунуп кел! (Карыя Жоронун колуна сүлгүнү берет. Жоро чуркаган боюнча кетет)

Жоро:

-Айттырбай билдиң, абышка! Иттей курсак ачты, кубат качты. Аркыны бачымыраак апкел деп койчу.

са Карыя: -Ооба, ооба! Чачы узун, акылы кыска...Мындайларды «Өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген өзүмчүл» деп атап коюшат экен. Ошолор дагы гитар алып жүрүп, чачтарын алдырбайт экен. Жылкычы: -Баса, баягы эсиңдеби, ата. Ушундай балдар туурасында биз бир журналдан окубадык белек? -алардын гитары таза, өздөрү ыплас. Саксайган чачынын ичин айтпа..Бирдеме-сирдеме издеген болот, эмнени экенин өздөрү да билбейт. (аңгыча Жоро келет) -Ой, бул чычымдын сөзү менен түрүнө караганда соо эмес...Же ууру, же качкын!

са

Карыя:

-Ооба, ооба! Чачы узун, акылы кыска...Мындайларды «Өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген өзүмчүл» деп атап коюшат экен. Ошолор дагы гитар алып жүрүп, чачтарын алдырбайт экен.

Жылкычы:

-Баса, баягы эсиңдеби, ата. Ушундай балдар туурасында биз бир журналдан окубадык белек?

-алардын гитары таза, өздөрү ыплас. Саксайган чачынын ичин айтпа..Бирдеме-сирдеме издеген болот, эмнени экенин өздөрү да билбейт. (аңгыча Жоро келет)

-Ой, бул чычымдын сөзү менен түрүнө караганда соо эмес...Же ууру, же качкын!

(Алмадай чыныга кымыз апкелип, кайнатасына ызаат менен сунат). Карыя. Рахмат. Бул балага бер айланайын. (Жорону көрсөтөт. Жоро кубанып, эки колун созо эрдин жаланат). Жылкычы. Токто! Алды менен айтсын бул кандай неме экенин. Айтпайсыңбы?! Өгүнкү жоголгон боз жоргом ушундай эле бир селсаяктын колунан келди да. Сүйлөбөйсүңбү, же оозуңа кебез тыгып алдың беле? (Камчысы менен жерди бир чабат). Жоро  (коркуп). Жок, агатай, мен ууру эмесмин. Ж ы л к ы ч ы. Ууру болбосоң эмне үчүн келдиң мында? К а р ы я. Ачык суроого ачык жооп берүү керек! Жоро  (гитарын чертип). Саякатчы болсом дейм, Өчпөс атка консом дейм. Бут тиелек чокуга, Өз атымды койсом дейм. Жылкычы  (каткырып күлүп). Мунун митаамын кара! Дагы артистче аткарып коёт. Ишенет дейсиң го. Бул тоодо сеники эмес күчүктүн буту тийбеген чоку жок.

(Алмадай чыныга кымыз апкелип, кайнатасына ызаат менен сунат).

Карыя. Рахмат. Бул балага бер айланайын. (Жорону көрсөтөт. Жоро кубанып, эки колун созо эрдин жаланат).

Жылкычы. Токто! Алды менен айтсын бул кандай неме экенин. Айтпайсыңбы?! Өгүнкү жоголгон боз жоргом ушундай эле бир селсаяктын колунан келди да. Сүйлөбөйсүңбү, же оозуңа кебез тыгып алдың беле? (Камчысы менен жерди бир чабат).

Жоро (коркуп). Жок, агатай, мен ууру эмесмин.

Ж ы л к ы ч ы. Ууру болбосоң эмне үчүн келдиң мында?

К а р ы я. Ачык суроого ачык жооп берүү керек!

Жоро (гитарын чертип).

Саякатчы болсом дейм,

Өчпөс атка консом дейм.

Бут тиелек чокуга,

Өз атымды койсом дейм.

Жылкычы (каткырып күлүп). Мунун митаамын кара! Дагы артистче аткарып коёт. Ишенет дейсиң го. Бул тоодо сеники эмес күчүктүн буту тийбеген чоку жок.

Жоро. Бар! Тиги бар эмеспи... Бул тоодо... биерден анча деле алыс эмес жерде... археологиялык экспе­диция иштеп жатат. Мен ошол жакка баратып, жолдон адашып калдым...

К а р ы я. Өзүң кайдан келетасың?

Жо р о (унчукпай туруп). Үйдөн.

К а р ы я. Үйүң кайда эле?

Ж о р о. Тээтиякта. Бу жерден көрүнбөйт.

К а р ы я. Ата балам ай-э, өрдөгүң бар экен учуруп койдуң окшоп калдыго? Же өзүң эле акылдуу, калгандар эчтеме түшүнбөйт дейсиңби. Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло, балам.

Жоро (өзүнчө). Мына, дагы мораль окуй башташты...

Ж ы л к ы ч ы. Баса, сенин атаңдын аты ким?

Жоро. Алтымыш.

Ж ы л к ы ч ы. Алтымыш? Кайда иштейт?

Ж о р о. Эч жерде иштебейт.

Ж ы л к ы ч ы. Айтам да, мына, айтам да!.. Уулу се­нин кейпиң бул болсо, иштебеген атаңдын кейпи кайсы болмок. Анда силер бирөөнүн эсебииен гана уурулук ме­нен жан багат экенсиңер да?!

Жоро. Жок, жок, агатай, менин атам иштөөчү! Азыр... менин атам... (аргасыздан калп айтып). Атам өлгөн... Энем да өлгөн... Чоң ата, чоң энем да... таята, таенем да өлгөн... Мен кичинемде... (ыйлап, көзүн сүртөт).

К а р ы я (ишенип). О, шордуу, жетиммин дебейсиңби бая эле? Билем, билем... Биз да жетим өскөнбүз.

Ж о р о. Ооба атаке, тоголок жетиммин.

Ж ы л к ы ч ы. Тоголок жетим болсоң балдар үйүнө барбайсыңбы? Жапайы айбансыңбы, тоо-ташты кыдыргыдай... Сен - адамсың да, жолдош күтүүң керек, тамак керек, эң башкысы эмгек кылууң керек!

А л м а д а й. Кай жерлик болосуң секетим?

Ж о р о. A-а... Тээтигинден нары жол алдынан болом.

А л м а д а й. Апий секетиң, жол алдынан болсон менин төркүндөрүм жактан турбайсыңбы. Кудай жаныңа кубат берсин. (Кымызды сунат). Мегой, атың Жорочка беле, Шурочка беле? Жутуп жиберчи?

Жоро. Жорочка!.. Кайдагы Шурочка?! (ичет). Рахмат, эжеке. А өзүңөр кимсиңер? Билдим. Сиз Жылкычы... А сиз - атасы! Эмне иш кыласыз?

К а р ы я. Менби? Пенсионер деген мен болом, эс алып жүрөм. Учурунда сендей далай-далай жигиттерди окуткам. Бирок, алардын чачы сеникиндей эмес эле... Кана балам, сен азыр чачыңды жибит. Мен устара камдайын. (Үйгө кирет).

Ж о р о. Опээй, түз эле жибит дейт. Тапкан экенсиң май башты. Алдырбайм!

Ж ы л к ы ч ы (кыйкырып). Боор оруса боорго тепкен кежир немего?

Алмадай. Балага кыйкырба. Бу бала бир бечара турбайбы. Анан сыйлабасам кудай урбайбы. (Жорого) Теке тоют болуп калгансыдың, дагы апкелейинчи?

Ж о р о. Рахмат. (алыскы асканы карап). Опи-ий, тээтиги чокуга чыксам ээ? Байке, жылкыңар тээ чокуга чейин жайылабы?

Ж ы л к ы ч ы. Байке деп коёт... Сенин кандай тиешең бар? Же ошондон ары акырын бирөөнү көрсөтпөй минип кетейин деп турасыңбы?

Ж о р о. Жок. Мен жолго чыкканымча баарын билгим келет . Жылкыч ы. Сырдын баарын билгиң келеби? Анда, сен анык ууру көрүнөсүң... Бүттү. Мен сени кетирбеймин! Кетип эле көр... Жардан алыс тоголотуп жиберейин!.. (Сөөмөйүн кезеп, камчысын алып, укуругун сүйрөп чыгып кетет). Алмадай  (тарелкага палоо алып чыгып келатып, күйөөсүнө карай). Ачууланба, байкеси. (Жорого). Me, муну жеп ал. Жор о (таарына). Рахмат, мен токмун. Алмадай. Кой, жуткан жутабайт дейт... (очоктун жанындагы кийизди жайып салып) Анан бул жерге эс алгын, чарчапсыңго байкуш... Ж о р о (жалгыз калып, тамакты жеп, кардын сылап). Карын болсо кампайды, эми... (ойлонуп) Акетай-ээй! Бир заматта тоголок жетим боло калдымбы?.. (гитарын чертип, ырдап-бийлейт). Жатып, үргүлөп уктап кетет. Нарыта байкатпай карап турган карыя келет.

Ж о р о. Жок. Мен жолго чыкканымча баарын билгим келет .

Жылкыч ы. Сырдын баарын билгиң келеби? Анда, сен анык ууру көрүнөсүң... Бүттү. Мен сени кетирбеймин! Кетип эле көр... Жардан алыс тоголотуп жиберейин!.. (Сөөмөйүн кезеп, камчысын алып, укуругун сүйрөп чыгып кетет).

Алмадай (тарелкага палоо алып чыгып келатып, күйөөсүнө карай). Ачууланба, байкеси. (Жорого). Me, муну жеп ал.

Жор о (таарына). Рахмат, мен токмун.

Алмадай. Кой, жуткан жутабайт дейт... (очоктун жанындагы кийизди жайып салып) Анан бул жерге эс алгын, чарчапсыңго байкуш...

Ж о р о (жалгыз калып, тамакты жеп, кардын сылап). Карын болсо кампайды, эми... (ойлонуп) Акетай-ээй! Бир заматта тоголок жетим боло калдымбы?.. (гитарын чертип, ырдап-бийлейт).

Жатып, үргүлөп уктап кетет. Нарыта байкатпай карап турган карыя келет.

К а р ы я (каткырып күлүп). Хе-хе-хе!.. Ай кыялкеч ай, кыялкеч!.. Жаткан тура мында. Чымындай жаның аман болсо далайды көрөрсүң... (Желбегей жамынган чепкени мечен Жорону акырын окаап, боз үйгө кирип ке­тет. Сахна караңгылайт).  

К а р ы я (каткырып күлүп). Хе-хе-хе!.. Ай кыялкеч ай, кыялкеч!.. Жаткан тура мында. Чымындай жаның аман болсо далайды көрөрсүң... (Желбегей жамынган чепкени мечен Жорону акырын окаап, боз үйгө кирип ке­тет. Сахна караңгылайт).

 

ЖОРОНУН ТҮШҮ Музыка. Электрондук - музыкалык аспаптар кубулжуйт. Асман кызгылт түскө боёлуп, сыйкырдуу жымыңдайт. Гитарын көтөрүп, башына ак калпак, үстүнө улуттук кийим кийген Жоро көңүлдүү ырдап, эч кыйналбастан жеңил-желпи эле бийик тоого чыгып келет. Анын алдына чоку пайда болот. Жоро ага «Жоронун чокусу» деп күйүүчү боёктор менен жазат. Бүтөр замат жазганына маашырлана караса, тамгалар өчүп, жүрөктү дүрбөткөн музыка жаңырат. Мурдакы жазгандарынын ордуна «фархаддын үңкүрү» деген эки сөз чоң-чоң тамгалар менен жазылып, алар бир күйүп, бир өчүп жымыңдайт, кээде космонавттын, кээде көп буттуу, көп колдуу адамдын, ракетанын сөлөкөттөрү көрүнөт. Жоро үңкүргө кирүүге аракеттенет, бирок үңкүрдөн так өзүнө окшош эки Жоро (түгөйлөрү) ага каршы беттеп чыгышат. Айырмасы - биринин өңү ап-аппак, экинчисиники көөдөй капкара. Жоро (коркуп). Силер кимсиңер?.. (Сахна караңгылайт).  

ЖОРОНУН ТҮШҮ

Музыка. Электрондук - музыкалык аспаптар кубулжуйт. Асман кызгылт түскө боёлуп, сыйкырдуу жымыңдайт. Гитарын көтөрүп, башына ак калпак, үстүнө улуттук кийим кийген Жоро көңүлдүү ырдап, эч кыйналбастан жеңил-желпи эле бийик тоого чыгып келет. Анын алдына чоку пайда болот. Жоро ага «Жоронун чокусу» деп күйүүчү боёктор менен жазат. Бүтөр замат жазганына маашырлана караса, тамгалар өчүп, жүрөктү дүрбөткөн музыка жаңырат. Мурдакы жазгандарынын ордуна «фархаддын үңкүрү» деген эки сөз чоң-чоң тамгалар менен жазылып, алар бир күйүп, бир өчүп жымыңдайт, кээде космонавттын, кээде көп буттуу, көп колдуу адамдын, ракетанын сөлөкөттөрү көрүнөт. Жоро үңкүргө кирүүге аракеттенет, бирок үңкүрдөн так өзүнө окшош эки Жоро (түгөйлөрү) ага каршы беттеп чыгышат. Айырмасы - биринин өңү ап-аппак, экинчисиники көөдөй капкара.

Жоро (коркуп). Силер кимсиңер?.. (Сахна караңгылайт).

 

Кулагыңарга күмүш сырга  Дүкөндүн витиринасы- дүкөндүн терезеси Колония-жашы жете элек өспүрүмдөр кармалган жер Кекилик-канаттуу Булак-жер алдынан оргуштап чыккан тунук суу Боз жорго-жылкы Селсаяк-туруктуу жашай турганы жери жок адам Кебез-материал, сүлгү

Кулагыңарга күмүш сырга

Дүкөндүн витиринасы- дүкөндүн терезеси

Колония-жашы жете элек өспүрүмдөр кармалган жер

Кекилик-канаттуу

Булак-жер алдынан оргуштап чыккан тунук суу

Боз жорго-жылкы

Селсаяк-туруктуу жашай турганы жери жок адам

Кебез-материал, сүлгү

Тапшырма Изден, тап, билип ал!  Эшек курту мурдунан түшүү Жеткен жатып ичер Ичинде ала курту бар Өзүн өзү билет, өтүгүн төргө илет Иттей курсак ачуу Көзү жок көгөн, башы жок бака Эрдин жалануу Чакырганга келбеген ымдаганга зар болот. Карындын кампайды Сен дебей жүр сенейип каласың Чымындай жан Иттей курсактын ачуусу, кубаттын качуусу

Тапшырма

Изден, тап, билип ал!

Эшек курту мурдунан түшүү

Жеткен жатып ичер

Ичинде ала курту бар

Өзүн өзү билет, өтүгүн төргө илет

Иттей курсак ачуу

Көзү жок көгөн, башы жок бака

Эрдин жалануу

Чакырганга келбеген ымдаганга зар болот.

Карындын кампайды

Сен дебей жүр сенейип каласың

Чымындай жан

Иттей курсактын ачуусу, кубаттын качуусу

III Интермедиялык көшөгө ачылды

III

Интермедиялык

көшөгө ачылды

 «Жоронун жоруктары»  (Үч актылуу комедия)  Катышуучулар: Апасы менен атасы 1-Жоро Карыя. Жылкычынын атасы Мелис жана Мира  классташтары Алмадай жана  Жылкычы абышкасы Милиционер 2-Жоро

«Жоронун жоруктары»

(Үч актылуу комедия)

Катышуучулар:

Апасы менен атасы

1-Жоро

Карыя. Жылкычынын атасы

Мелис жана Мира

классташтары

Алмадай жана

Жылкычы абышкасы

Милиционер

2-Жоро

Окуя Жоронун түшүнүн уландысынан башталат. Ж о р о. Силер кимсиңер? Биринчи Түгөй. Биз Жоро деген баланын өзүбүз, өзү тургай көзүбүз. Түгөйүбүз, сөлөкөтүбүз. Биз Жо­ронун кемчилигибиз. Биз сенин жетишпегендигиңбиз. Ж о р о. Эй бекерпоздор, жолумдан жоголгула! Биринчи түгөй. Ха-ха-ха!.. Биз жаныңда турсак, бизден кантип кутуласың? Биз сенин денеңдеги жаныңбыз, жүрүп турган каныңбыз. Биз сенин жутуп турган демиңбиз, бөлүнбөгөн теңиңбиз! Экинчи түгөй. Фархаддын бай үңкүрүн табабыз деп, далай май баштар келишкен. Бирок, алардын жолунан дайыма мына биздей сөлөкөттөрү тосуп чыккан. Экинчи түгөй. Дагы ырысың бар экен, эки гана сөлөкөтүң жолугуп отурат... Экинчи түгөй. Космостон келгендер үңкүрдү илимий жол менен дубалап коюшкан. Абдан жакшы деген адам гана анын ичине кире алат. (Хор менен) Аб-дан жак-шы де-ген а-дам га-на!

Окуя Жоронун түшүнүн уландысынан башталат.

Ж о р о. Силер кимсиңер?

Биринчи Түгөй. Биз Жоро деген баланын өзүбүз, өзү тургай көзүбүз. Түгөйүбүз, сөлөкөтүбүз. Биз Жо­ронун кемчилигибиз. Биз сенин жетишпегендигиңбиз.

Ж о р о. Эй бекерпоздор, жолумдан жоголгула!

Биринчи түгөй. Ха-ха-ха!.. Биз жаныңда турсак, бизден кантип кутуласың? Биз сенин денеңдеги жаныңбыз, жүрүп турган каныңбыз. Биз сенин жутуп турган демиңбиз, бөлүнбөгөн теңиңбиз!

Экинчи түгөй. Фархаддын бай үңкүрүн табабыз деп, далай май баштар келишкен. Бирок, алардын жолунан дайыма мына биздей сөлөкөттөрү тосуп чыккан.

Экинчи түгөй. Дагы ырысың бар экен, эки гана сөлөкөтүң жолугуп отурат...

Экинчи түгөй. Космостон келгендер үңкүрдү илимий жол менен дубалап коюшкан. Абдан жакшы деген адам гана анын ичине кире алат.

(Хор менен) Аб-дан жак-шы де-ген а-дам га-на!

Биринчи түгөй. Эгерде үңкүрдөгү сырларды кайсы бир наадан билип алса, анда ааламда эмне болуп кетээрин көз алдыңа элестетип көрчү?!

Экинчи түгөй. Карай тургун! Биз сага баарысын көрсөтөбүз. Мына! (Сыйкырдуу экран күйөт. Экрандан кадимки кинопроектор, же диопозитивдер аркылуу белгилүү кинофильмдерден атомдук согуштун кыйраткыч алааматы баяндалган кадрлар көрсөтүлөт).

Биринчи түгөй. Жашырын сырды бир жолу Искендердин өзү, ооба, кадимки аскер башчысы Александр Македонскийдин өзү билип калган. Билесиңби, ал ошондо канчалык мыкаачылык иштерди жүргүзгөнүн? Ал жер бетин канга жошодой боёдуго, чиркин. Кой, эми үңкүрдүн сырын абдан жакшы адам гана билүүгө акысы бар.

Ү н (электрондук музыканын коштоосу астында жогортон сүйлөйт). Бул өзүн өзү билет, өтүгүн төргө илет, улууну урматтабай бирди көргөнү жүрөт. Антпесе мунуң сегиз жыл бою класстан класска көчөрдө мугалимдерин кыйнап, мурдунан жетелетпейт эле да?!

Жоро (үнү жаңырыкка окшоп чыгат). Жалган!.. Кээде «үч», «төрт» да алчумун.

Ү н. «Экичи?»

Жор о (башы шылкыйып). Кээде-кээде эле эсеп сабагынан алчумун. А мен билип турсам деле агай өзү айтпай туруп балчайтып «эки» койсо эмне кылайын?!.

Ү н. Эмесе мына бул теңдемени чыгарып берчи! (экранда жаркырак боёк менен теңдеме жазылат.)

Жоро. Муну биз өткөн эмеспиз! Бир и н ч и түгөй. Калп айтат. Мына мен өзүм күбөмүн. (Жорого жакын келип). Мен мунун түгөйүмүн! Мен да ушундай калпты катырам да!.. Жоро  (катуу толкунданып). Койдум. Мындан ары жалаң чындыкты сүйлейм! Чындыкты! Ү н. Көрөбүз! Жоро  (кызуулап). Мага баары бир ишенишпейт! Ошентсе деле эми мен... Фархаддын үңкүрүн таптым деп көчөдө болсун, класста болсун кыйкыра берем! Бирок баары бир мага эч кимиси ишенбейт! Анысы аз келген- сип: «Жоро, Жоро жалганчы, Жоро, Жоро алдамчы!» — дешээрин билем. Аны далилдеп бере алышпайт. Кыпын- дай дагы факт менен далилдей алышпайт. (кекирейе) Көрсөтөм көздөрүнө мен ким экенимди. Аларын, ким де­ген менен бирге жашап, ким дегенди баалабай жүрүш- көнүн көрсөтөм! Биринчи түгөй  (какшыктап). Ой, ой, сактайгөр! Мына, мен да ушу жердемин. Мен сенин кемчилдигинмин! Сен мансапкорсуң. «Атың чыкпаса жер өрттө». Бул сенин максатың. Жоро  (айласы кетип) Ха-ха!.. Кааласаңар бийлеп берейинби? (Бийлейт)

Жоро. Муну биз өткөн эмеспиз!

Бир и н ч и түгөй. Калп айтат. Мына мен өзүм күбөмүн. (Жорого жакын келип). Мен мунун түгөйүмүн! Мен да ушундай калпты катырам да!..

Жоро (катуу толкунданып). Койдум. Мындан ары жалаң чындыкты сүйлейм! Чындыкты!

Ү н. Көрөбүз!

Жоро (кызуулап). Мага баары бир ишенишпейт! Ошентсе деле эми мен... Фархаддын үңкүрүн таптым деп көчөдө болсун, класста болсун кыйкыра берем! Бирок баары бир мага эч кимиси ишенбейт! Анысы аз келген- сип: «Жоро, Жоро жалганчы, Жоро, Жоро алдамчы!» — дешээрин билем. Аны далилдеп бере алышпайт. Кыпын- дай дагы факт менен далилдей алышпайт. (кекирейе) Көрсөтөм көздөрүнө мен ким экенимди. Аларын, ким де­ген менен бирге жашап, ким дегенди баалабай жүрүш- көнүн көрсөтөм!

Биринчи түгөй (какшыктап). Ой, ой, сактайгөр! Мына, мен да ушу жердемин. Мен сенин кемчилдигинмин! Сен мансапкорсуң. «Атың чыкпаса жер өрттө». Бул сенин максатың.

Жоро (айласы кетип) Ха-ха!.. Кааласаңар бийлеп берейинби?

(Бийлейт)

Ү н (жаңырып) . Аз-замат! Мына акысына космонавттын шлемун (баш кийимин) ал! (Таң каларлык шоолаларга чагылышып, азыркы космонавттар кийүүчү баш кийим (шлем) жогортон ылдый түшөт. Эки түгөй ызааттуулук менен аны колдоруна алышат. Музыка жаңырат. Жоронун башындагы калпагын чечип, шлёмду кийгизишмек болушат, бирок ото өсүп кеткен чачы ага тоскоолдук кылат). Түгөйлөр  (жогортон чыккан үнгө кайрылып). О жердин улуу адамы!.. Бул баланын чачы мүйүзгө айланып кетиптир, космонавттын шлёму батпай койду!.. Музыка. Ү н. Каалаганын бердим эле. Өзү күнөөлүү. Ж а ң ы р ы к: «Кемчиликти оңдоого болот! Жоро, жакшы адам болууга аракеттен!» (Жарык өчүп, жылдыздар жымыңдайт. Жоро кийиздин үстүндө жатат. Таң атат).

Ү н (жаңырып) . Аз-замат! Мына акысына космонавттын шлемун (баш кийимин) ал! (Таң каларлык шоолаларга чагылышып, азыркы космонавттар кийүүчү баш кийим (шлем) жогортон ылдый түшөт. Эки түгөй ызааттуулук менен аны колдоруна алышат. Музыка жаңырат. Жоронун башындагы калпагын чечип, шлёмду кийгизишмек болушат, бирок ото өсүп кеткен чачы ага тоскоолдук кылат).

Түгөйлөр (жогортон чыккан үнгө кайрылып). О жердин улуу адамы!.. Бул баланын чачы мүйүзгө айланып кетиптир, космонавттын шлёму батпай койду!..

Музыка.

Ү н. Каалаганын бердим эле. Өзү күнөөлүү.

Ж а ң ы р ы к: «Кемчиликти оңдоого болот! Жоро, жакшы адам болууга аракеттен!» (Жарык өчүп, жылдыздар жымыңдайт. Жоро кийиздин үстүндө жатат. Таң атат).

Жоро  (чочуп ойгонуп). Ата! Ата! Атаке!.. Атаке!.. (үйдөн карыя чыгат). Кайчы барбы?! Кайчы менен чачымды алып берсеңиз?!.. К а р ы я. Ыя?!.. Кайчы бар! Балам, сен бир жакшы түш көргөнсүңго дейм?. Азамат! Жүрү! Жүрү! (чыгып кетишет. Башка тараптан Алмадай көрүнөт. Ал очоктон бышкан нан алып жатып, Алишер Навоинин «Фархад, Ширин» поэмасындагы Шириндин ырын ырдайт. Жылкычы келип калып, ырды жактырып угуп туруп калат.)

Жоро (чочуп ойгонуп). Ата! Ата! Атаке!.. Атаке!.. (үйдөн карыя чыгат). Кайчы барбы?! Кайчы менен чачымды алып берсеңиз?!..

К а р ы я. Ыя?!.. Кайчы бар! Балам, сен бир жакшы түш көргөнсүңго дейм?. Азамат! Жүрү! Жүрү! (чыгып кетишет. Башка тараптан Алмадай көрүнөт. Ал очоктон бышкан нан алып жатып, Алишер Навоинин «Фархад, Ширин» поэмасындагы Шириндин ырын ырдайт. Жылкычы келип калып, ырды жактырып угуп туруп калат.)

З= (Алмадай нандарды алып үйгө кирип кетет. Жоро келет, анын чачы алынган). Жоро. Чамасы бүгүн майрам окшойтко? Ж ы л к ы ч ы. Иштебеген кишиге күндө майрам, күн дө той! Жоро. Мага да бир укурук бергилечи - колум кычышып турат. (таарынып) Туткундарга деле жумуш иштететко?! Жылкыч ы. Ха-ха-ха! Чачың алынып, ичиңе ыйман кирип келетканго. Эгер азыр жумшасам: чарчап кеттим, жатып уктап алайынчы деп жүрбөгүн. Ж о р о. Ой, мен үч күндөн бери жатып уктап, кайра туруп тамак ичип жатпайымбы? Жадап кеттим! Жылкыч ы. Жалкоо киши тамак ичсе да жадап кетет. Ж о р о. Жадабайм, жумуш бергиле. Болбосо, төмөнкү чочко совхоздон иштеп, акча таап, ак көйнөк сатып кием. Жылкычы. Киши кийиминен сыналбайт, пейли менен ишинен сыналат. (кыйкырып). Алмадай! Бу балага ак көйнөк кийгизчи! (Жорого). Үстүңдөгүнү ыргыт, кыздарды туураганды койсоңчу. (Жоро боз үйгө чуркап ки­рип кетет. Жылкычы өзүнчө кыңкылдап ырдап, камчысын өрөт. Ак көйнөк кийип, мурдагыдан татынакай көрүнгөн Жоро кайра келет). Мына, таза жигит болуп кал­ган турбайсыңбы?!

З=

(Алмадай нандарды алып үйгө кирип кетет. Жоро келет, анын чачы алынган).

Жоро. Чамасы бүгүн майрам окшойтко?

Ж ы л к ы ч ы. Иштебеген кишиге күндө майрам, күн дө той!

Жоро. Мага да бир укурук бергилечи - колум кычышып турат. (таарынып) Туткундарга деле жумуш иштететко?!

Жылкыч ы. Ха-ха-ха! Чачың алынып, ичиңе ыйман кирип келетканго. Эгер азыр жумшасам: чарчап кеттим, жатып уктап алайынчы деп жүрбөгүн.

Ж о р о. Ой, мен үч күндөн бери жатып уктап, кайра туруп тамак ичип жатпайымбы? Жадап кеттим!

Жылкыч ы. Жалкоо киши тамак ичсе да жадап кетет.

Ж о р о. Жадабайм, жумуш бергиле. Болбосо, төмөнкү чочко совхоздон иштеп, акча таап, ак көйнөк сатып кием.

Жылкычы. Киши кийиминен сыналбайт, пейли менен ишинен сыналат. (кыйкырып). Алмадай! Бу балага ак көйнөк кийгизчи! (Жорого). Үстүңдөгүнү ыргыт, кыздарды туураганды койсоңчу. (Жоро боз үйгө чуркап ки­рип кетет. Жылкычы өзүнчө кыңкылдап ырдап, камчысын өрөт. Ак көйнөк кийип, мурдагыдан татынакай көрүнгөн Жоро кайра келет). Мына, таза жигит болуп кал­ган турбайсыңбы?!

З=

Жоро (боз үйдүн кырчоосундагы күзгүгө карана коюп, кубана). Чын элеби? Андай болсо, мен эми чыныгы жигитче иштейин. Кана жигиттин жумушун бериңиз? (Шымаланып билегин түрөт. Алмадай келет.)

Жылкычы (Алмадайга). Пай, пай, пай!.. Аты тарыхка жазылат имиш, а бирок, кантип ага татыктуу болушту биле албай иш сурап турганын кара.

Алмадай. Ай, тоголок жигит, тоголонуп барып суу апкеле койчу?

Жоро. Ха-ха-ха-ха!.. Жигит киши да суу көтөрөбү? Ал кыздардын иши. Мага чыныгы жигиттин жумушун бергиле. Азоо тайды үйрөтөм!

Алмадай. Сууга алың келбей атып, тайды ким коюптур сага.

Карыя (берилеп). Баланын мизин кайтарбагылачы. Тай үйрөтөм десе бергиле. Кишиге киши ишенбесе болобу.

Жоро. Рахмат, чон, ата.

Жылкычы (мыскылдуу күлүп). Ай ушунуку өттү! Болуптур эмесе... күчүңдү бир көрөлүк... Тээ-тетиги, көрдүңбү, эн салдырбай жүргөн азоо тай. Сени эле ка­чан келет деп күтүп турат, барып минип үйрөтүп көрчү.

Карыя. Кой, ал баланын талпагын ташка жаят.

Алмадай (коркуп). Ала качып кетет, карачы чунаңдап турганын... Бала бөөдө майып болот.

Жылкычы. Жоок! Бул экөөнүн тең кулк-мүнөзү бирдей окшойт, ыргышташканы башкача. Жээ бул тайды жоошутсун, жээ тай муну жоошутсун.

Жоро (мактана). Мен жоошутам да! (Ырдап, бийлейт).

З= Карыя  (жылмайып). Ой тизгинди тартып, жалынан бек карма! Жылкычы. Карачы ыргып мингенин! Жигит экен! Алмадай. Кудай сактайгөр... Мөңкүп атат!.. Карыя. Бекем отур ой! (Беркилердин үрөйлөрү учуп, баары бир убакытта кыйкырып жиберишет. Жылкычы тышка чуркап кетип, ошо замат кайра Жорону аярлап көтөрүп келет. Жоро үн-сөзсүз жатып калат). Кары я. Пай, пай, соо болбой калды ээ!.. Алмадай. Куштай учуп баратып, бакадай балч этпедиби байкушум ай!.. Ж ы л к ы ч ы. Өзү ушуну көрмөк. Чала болот. (Карыя баланын башын жөлөп, жүрөгүн тыңшап селейет. Алмадай айла таппай оозуна суу тамызат. Жородон үн-сөз чыкпайт). Алмадай (коркунучтуу). Өлгөн турбайбы, өлгөн турбайбы! (шолоктоп ыйлап, терс бурулат. Аны көрүп Карыя да түңүлгөндөй терс бурулуп жашый түшөт. Жыл­кычы да чыдабай, өлүптүр дегендей, ыйлап тескери карайт. Пауза. Жоро тура калып, ыйлагандарды көрүп, аларга кошулуп өзү да өңгүрөп ыйлайт. Ыйын угуп, беркилер бурулуп көрүшүп, кубанычтан Жорону кучактап жыгылышат).

З=

Карыя (жылмайып). Ой тизгинди тартып, жалынан бек карма!

Жылкычы. Карачы ыргып мингенин! Жигит экен!

Алмадай. Кудай сактайгөр... Мөңкүп атат!..

Карыя. Бекем отур ой!

(Беркилердин үрөйлөрү учуп, баары бир убакытта кыйкырып жиберишет. Жылкычы тышка чуркап кетип, ошо замат кайра Жорону аярлап көтөрүп келет. Жоро үн-сөзсүз жатып калат).

Кары я. Пай, пай, соо болбой калды ээ!..

Алмадай. Куштай учуп баратып, бакадай балч этпедиби байкушум ай!..

Ж ы л к ы ч ы. Өзү ушуну көрмөк. Чала болот.

(Карыя баланын башын жөлөп, жүрөгүн тыңшап селейет. Алмадай айла таппай оозуна суу тамызат. Жородон үн-сөз чыкпайт).

Алмадай (коркунучтуу). Өлгөн турбайбы, өлгөн турбайбы! (шолоктоп ыйлап, терс бурулат. Аны көрүп Карыя да түңүлгөндөй терс бурулуп жашый түшөт. Жыл­кычы да чыдабай, өлүптүр дегендей, ыйлап тескери карайт. Пауза. Жоро тура калып, ыйлагандарды көрүп, аларга кошулуп өзү да өңгүрөп ыйлайт. Ыйын угуп, беркилер бурулуп көрүшүп, кубанычтан Жорону кучактап жыгылышат).

З= Карыя  (Жорого жалынып). Кой ыйлаба, садагам. Аман калганың абийир болбодубу! Алмадай. Өх-х, жүрөгүм ай, жарылып кете жаздабадыбы. Жоро  (басылбай ыйлай берет). Ү-ү-ү!.. К а р ы я. Болду дейм балам, ыйлабачы. Эч жериң оорубайбы? Жор о (ыйын токтотуп). Ошого ооруп жинди болуптурмунбу, куландан соомун! К а р ы я. Соо болсон, эмне өңгүрөп ыйлап жатасың? Ж о р о. Силердин ыйлаганыңарды көрүп, мен дагы ыйлап жатам. К а р ы я. О чычым!.. Мына, билип кой! Кандай жигит болбосун, ал ар дайыма ишти кичинесинен баштап, анан чоңуна өтүү керек. Ал эми тескерисинче иштеген сен эм­не болдуң, көрдүңбү? Жоро ( алаканы менен томпое түшкөн көзүн калкалап). Көрдүм. Ракмат. Сиз менин көзүмдү ачып койдуңуз. (Алаканын көзүнөн алганда көгөрүп кеткени көрүнөт. Алмадай көрүп аяй калат). Эчтеке эмес. Чон атамын айтканы туура, аны мен эми түшүндүм. Эми сууга барайын. Чакалар кайда? (Эки чаканы көтөрүп, эпилдеп чыгып кетет).

З=

Карыя (Жорого жалынып). Кой ыйлаба, садагам. Аман калганың абийир болбодубу!

Алмадай. Өх-х, жүрөгүм ай, жарылып кете жаздабадыбы.

Жоро (басылбай ыйлай берет). Ү-ү-ү!..

К а р ы я. Болду дейм балам, ыйлабачы. Эч жериң оорубайбы?

Жор о (ыйын токтотуп). Ошого ооруп жинди болуптурмунбу, куландан соомун!

К а р ы я. Соо болсон, эмне өңгүрөп ыйлап жатасың?

Ж о р о. Силердин ыйлаганыңарды көрүп, мен дагы ыйлап жатам.

К а р ы я. О чычым!.. Мына, билип кой! Кандай жигит болбосун, ал ар дайыма ишти кичинесинен баштап, анан чоңуна өтүү керек. Ал эми тескерисинче иштеген сен эм­не болдуң, көрдүңбү?

Жоро ( алаканы менен томпое түшкөн көзүн калкалап). Көрдүм. Ракмат. Сиз менин көзүмдү ачып койдуңуз. (Алаканын көзүнөн алганда көгөрүп кеткени көрүнөт. Алмадай көрүп аяй калат). Эчтеке эмес. Чон атамын айтканы туура, аны мен эми түшүндүм. Эми сууга барайын. Чакалар кайда? (Эки чаканы көтөрүп, эпилдеп чыгып кетет).

З= А л м ад а й (артынан). Акылына кирип келатат! Жаш да! Алдап-сооласа жакшы бала болотко!.. Ж ы л к ы ч ы. Апасы, сен өз балаңды дагы ушинтип жумушка үйрөтсөң болмок. Алмадай  (назик, өкүнө). Ырас. Бирок, Жумабайды жумшасам эле чоң энеси болушуп турса мен кантем. (Жоро суу апкелет.) К а р ы я. Азаматсың, айланайын! Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Алмадай. Балам, чарчаган жоксуңбу. Береги отунду жара койчу? К а р ы я. Кылганың бирөө үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн. Жылкычы  (какшыктап). Отунду койчу. «Локудай балага сокудай талкан кеппи» дегендей бул деле жигиттин иши эмес... Ж о р о. Жоок, менимче, бул чыныгы жигиттин иши! Балта кана?! (Балтаны алып, жыгачты көңүлдүү түрдө ары-бери жара коёт). Дагы барбы? Ой болсо да омкором, тоо болсо да томкором. Ит болоюн! (Тамашалап көңүлдүү түрдө итче үрүп, анан катуу улуп берет).

З=

А л м ад а й (артынан). Акылына кирип келатат! Жаш да! Алдап-сооласа жакшы бала болотко!..

Ж ы л к ы ч ы. Апасы, сен өз балаңды дагы ушинтип жумушка үйрөтсөң болмок.

Алмадай (назик, өкүнө). Ырас. Бирок, Жумабайды жумшасам эле чоң энеси болушуп турса мен кантем. (Жоро суу апкелет.)

К а р ы я. Азаматсың, айланайын! Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.

Алмадай. Балам, чарчаган жоксуңбу. Береги отунду жара койчу?

К а р ы я. Кылганың бирөө үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн.

Жылкычы (какшыктап). Отунду койчу. «Локудай балага сокудай талкан кеппи» дегендей бул деле жигиттин иши эмес...

Ж о р о. Жоок, менимче, бул чыныгы жигиттин иши! Балта кана?! (Балтаны алып, жыгачты көңүлдүү түрдө ары-бери жара коёт). Дагы барбы? Ой болсо да омкором, тоо болсо да томкором. Ит болоюн! (Тамашалап көңүлдүү түрдө итче үрүп, анан катуу улуп берет).

З= Жылкычы  (тамашалай күлүп). О-о, тимеле зоот ит экенсиң!.. Ж о р о. Ишим менен силерди ишендирмейинче иштей берем! Карыя  (күлүп). Эми эс алагой. Ойноп оюнга кан. Жоро. Жоок, ойнобойм. Ушул тайды үйрөтөм дедим, үйрөтүп минем. Анан аны мына минтип кишенетем: (жылкынын кишенегенин туурап). «Жо-о-ор-о жең - ди-и-и!..» Ж ы л к ы ч ы. Көктүгүң менен куудулдугун, мага жагат! К а р ы я (Жылмайып, Жорону башынан сылап). Аинда, эң мурда үйрөтүүнүн жолун өзүң үйрөнүп алгын. Камчыны ал. Азоо тайдын эки кулагын бекем минтип бу­рам кармап, камчынын сагалдырыгы менен анын ээрдин чорбулайсың. Көнгөндөн кийин анан эртең үйрөтөсүң. Ж о р о. Жок, мен азыр эле үйрөтөм, бүгүн! Кары я. Шашпа. Шашкан шайтандын иши. Бүгүн майрам, садагасы, отур. Оттун жарыгында биз бир ырдайлы, сен бийлейсиң. Ж о р о. Макул, ата! (Гитарын алып чертет. Беркилер көңүлдүү ырдап анан бийлешет. А. Айталиев: «Мен жылкычы, сен чабан») Жылкычы менмин, сен чабан, Колхоздун малын мен багам. Өлкөбүз үчүн иштейли да, Өркүндөп өссүн гүл заман. (эки ирет).

З=

Жылкычы (тамашалай күлүп). О-о, тимеле зоот ит экенсиң!..

Ж о р о. Ишим менен силерди ишендирмейинче иштей берем!

Карыя (күлүп). Эми эс алагой. Ойноп оюнга кан.

Жоро. Жоок, ойнобойм. Ушул тайды үйрөтөм дедим, үйрөтүп минем. Анан аны мына минтип кишенетем: (жылкынын кишенегенин туурап). «Жо-о-ор-о жең - ди-и-и!..»

Ж ы л к ы ч ы. Көктүгүң менен куудулдугун, мага жагат!

К а р ы я (Жылмайып, Жорону башынан сылап). Аинда, эң мурда үйрөтүүнүн жолун өзүң үйрөнүп алгын. Камчыны ал. Азоо тайдын эки кулагын бекем минтип бу­рам кармап, камчынын сагалдырыгы менен анын ээрдин чорбулайсың. Көнгөндөн кийин анан эртең үйрөтөсүң.

Ж о р о. Жок, мен азыр эле үйрөтөм, бүгүн!

Кары я. Шашпа. Шашкан шайтандын иши. Бүгүн майрам, садагасы, отур. Оттун жарыгында биз бир ырдайлы, сен бийлейсиң.

Ж о р о. Макул, ата! (Гитарын алып чертет. Беркилер көңүлдүү ырдап анан бийлешет. А. Айталиев: «Мен жылкычы, сен чабан»)

Жылкычы менмин, сен чабан,

Колхоздун малын мен багам.

Өлкөбүз үчүн иштейли да,

Өркүндөп өссүн гүл заман. (эки ирет).

З= V. ЖАЙЛООДОГУ ОКУЯ УЛАНАТ. Мурдагы көрүнүш. Арадан эки ай өткөн. Эркектер чай ичип отурушат. Ж ы л к ы ч ы. Түндө тиги коктудагы койчулардын короосуна карышкыр тийиптир дейт ко. К а р ы я. Шамалга каршы илкип келип, баглан козусун көтөрүп кетиптир, Аттиң, иттери да туйбай калыптыр. (Алмадай подноско тамак алып келет) А л м а д а й. Жетим кайда кеткен? Тамак жесе болот эле, карды ачтыго бечаранын... Ж ы л к ы ч ы. Ал тоонун чокусуна чыгам деп ойноп кеткен. Жакшылап үйрөнөм деп акидей асылганынан огу жок мылтыгымды да бергем... Карыя. Мен тарс эткен үн угуп... Коңшубуз Кармыш аттыго деп ойлодум... Жылкыч ы. Тоодогу атылган мылтыктын үнүнөн анын кимдики экенин ажыратып билүүгө болбойт. Алмадай. Кудай сактай гөр, өзүн-өзү атып албагай эле. Жоок! Карасаңар ай! Жетим келатат... Аркасында бирдеме бар. Өлгөн койго?..

З=

V. ЖАЙЛООДОГУ ОКУЯ УЛАНАТ.

Мурдагы көрүнүш. Арадан эки ай өткөн. Эркектер чай ичип отурушат.

Ж ы л к ы ч ы. Түндө тиги коктудагы койчулардын короосуна карышкыр тийиптир дейт ко.

К а р ы я. Шамалга каршы илкип келип, баглан козусун көтөрүп кетиптир, Аттиң, иттери да туйбай калыптыр. (Алмадай подноско тамак алып келет)

А л м а д а й. Жетим кайда кеткен? Тамак жесе болот эле, карды ачтыго бечаранын...

Ж ы л к ы ч ы. Ал тоонун чокусуна чыгам деп ойноп кеткен. Жакшылап үйрөнөм деп акидей асылганынан огу жок мылтыгымды да бергем...

Карыя. Мен тарс эткен үн угуп... Коңшубуз Кармыш аттыго деп ойлодум...

Жылкыч ы. Тоодогу атылган мылтыктын үнүнөн анын кимдики экенин ажыратып билүүгө болбойт.

Алмадай. Кудай сактай гөр, өзүн-өзү атып албагай эле. Жоок! Карасаңар ай! Жетим келатат... Аркасында бирдеме бар. Өлгөн койго?..

З=

Жылкыч ы. Кап, кашабаң дагы жара тарткан экен ээ?!..

К а р ы я. Өзү атып алган кой болбосун. (Утурлай басып) Ой, жетимчем, жонуңдагы эмнең?

Ж о р о н ун ү н ү. Иттерди бир тойлотоюн!

Алмадай (чочулап). Эмне дейт? Эмне дейт?!.

Ж ы л к ы ч ы. Калп айтсам кара жер жутсун, карышкыр көтөрүп келатат! (Жоро келип, жонундагы бөрүнү Карыянын алдына таштайт).

Жоро (жылмайып). Ата, сиз «Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» дебедиңиз беле. Мына, мен көк жал карышкырды жыктым! Ха-ха-ха! Амалын кантесиң. Акырын карап турсам дегеле койдон жоош болуп келип, биздин козуну гана көтөрүп кеткиси бар. Түндө тиги коктудагы койчулардын короосуна тийген ушул!

К а р ы я. Ийнин таптыңбы?

Жоро. Булакка келиптир. Мен, атаке, сиз үйрөткөндөй, ыктоо жагы менен аңдып келдим... Окту уруксатсыз алып кеткеним үчүн кечирим сурайм.

К а р ы я. Азаматсың! Бирок, мындан кийин уруксатсыз албай жүр, балам. Отуруп, ысык шорпо ичегой. (Жылкычыга). Сен бөрүнүн терисин сыйры. (Жорого). Биз талаага түшкөндө бөрүнүн териси үчүн сыйлык аласың. (Жылкычы карышкырды сүйрөп чыгып кетет).

Жоро. Чоң ата, баягы убаданы качан аткарасыз эми?

К а р ы я. Ботом, кайсы убада?

Жоро. Баягычы? Азоо тайды үйрөтөйүн десем, шашпа деп койбодуңуз беле.

З= К а р ы я (Кыйкырат). Ой Абытай, беркел!.. (Жылкы­чы келет). Баягы эн салдырбай жүргөн азоо тайды берчи, үйрөтүп көрсүн. Жылкычы. Болуптур. Тигине, эн салайын деп апкелип байлап койгом. Алмадай. Акырын ай! Сак бол! Мунун тимеле жапайы айбандай... көрдүңбү, безгек туткандай калтырап турганын!.. Коркпо, коркпо! Жылкыч ы. Эгер тоодон көчкү жүрсө - карагайдын шорунун катканы. Жигит дагы ошондой - эгер корксо - анын өлгөнү. Жоро (алаканына түкүрүп, ырдап, бийлейт). Жоро артына шарт бурулуп, байлануу турган тайга чуркап кетет. Баары кызыгып, толкунданып артынан карап калышат. Азоо тайдын кишенегени, чаап бараткан дүбүртү угулат. (Бул окуяны сахнада көрсөтүүгө да бо­лот: окшоштуруп жасалган тайдын макетин имитациялоо аркылуу өчүп-жандырылган жарыктын жардамы менен).

З=

К а р ы я (Кыйкырат). Ой Абытай, беркел!.. (Жылкы­чы келет). Баягы эн салдырбай жүргөн азоо тайды берчи, үйрөтүп көрсүн.

Жылкычы. Болуптур. Тигине, эн салайын деп апкелип байлап койгом.

Алмадай. Акырын ай! Сак бол! Мунун тимеле жапайы айбандай... көрдүңбү, безгек туткандай калтырап турганын!.. Коркпо, коркпо!

Жылкыч ы. Эгер тоодон көчкү жүрсө - карагайдын шорунун катканы. Жигит дагы ошондой - эгер корксо - анын өлгөнү.

Жоро (алаканына түкүрүп, ырдап, бийлейт).

Жоро артына шарт бурулуп, байлануу турган тайга чуркап кетет. Баары кызыгып, толкунданып артынан карап калышат. Азоо тайдын кишенегени, чаап бараткан дүбүртү угулат. (Бул окуяны сахнада көрсөтүүгө да бо­лот: окшоштуруп жасалган тайдын макетин имитациялоо аркылуу өчүп-жандырылган жарыктын жардамы менен).

З= К а р ы я. Пай, пай, пай!.. Азоонун асман айдан секиргенин кара!.. Жылкычы. Аб-бали! Тарт тизгинди, тарт!.. А л м а д а й. Байкуш тоголок жетим!.. Карыя  (кыйкырат). Жалдан ал, жалдан!.. А л м а д а й. Укту. Кудай сакта, чымын-куюн болуп кетти! (Алыстап кеткен дүбүрт угулат). Карыя. О-ой!.. Акырын, жыгыласың! Тигини! Тигини!.. А л м а д а й. Ай, жыгылды!.. (Алакандары менен көзүн жаап, кайра ачат). Жок... Кудай ай, дагы топтой тоголонуп түшпөгөй эле!.. (Келме келтирет). Илай-иллал-ло, Мухамед-дура сур алла-а!.. Жылкыч ы (каткырып). Ох-хо-хо! Мында өнөр бар экен. (Бирде күлүп, бирде мостоюшуп сахнаны айланта жардана карап турушат. Сыртта тайдын дүбүртү кайра жакындап, алардын түбүнөн өткөндөй даана угулат. Жоронун: «А-а-ала-ла-ла!» деген жеңиштүү үнү жаңырат. Алмадай келме келтире берет. Тайдын кишенегени, чарчап бышылдаганы даана угулат. Жоро келет, маңдай терин шыпырат.)

З=

К а р ы я. Пай, пай, пай!.. Азоонун асман айдан секиргенин кара!..

Жылкычы. Аб-бали! Тарт тизгинди, тарт!..

А л м а д а й. Байкуш тоголок жетим!..

Карыя (кыйкырат). Жалдан ал, жалдан!..

А л м а д а й. Укту. Кудай сакта, чымын-куюн болуп кетти! (Алыстап кеткен дүбүрт угулат).

Карыя. О-ой!.. Акырын, жыгыласың! Тигини! Тигини!..

А л м а д а й. Ай, жыгылды!.. (Алакандары менен көзүн жаап, кайра ачат). Жок... Кудай ай, дагы топтой тоголонуп түшпөгөй эле!.. (Келме келтирет). Илай-иллал-ло, Мухамед-дура сур алла-а!..

Жылкыч ы (каткырып). Ох-хо-хо! Мында өнөр бар экен. (Бирде күлүп, бирде мостоюшуп сахнаны айланта жардана карап турушат. Сыртта тайдын дүбүртү кайра жакындап, алардын түбүнөн өткөндөй даана угулат. Жоронун: «А-а-ала-ла-ла!» деген жеңиштүү үнү жаңырат. Алмадай келме келтире берет. Тайдын кишенегени, чарчап бышылдаганы даана угулат. Жоро келет, маңдай терин шыпырат.)

З= Жылкычы (Жорону кучактап, көтөрүп алып теге ретет. Анан далысын таптазылап:).  Сен чыныгы жигит болдуң, эми менин сыныма толдуң! Колхоздон мага сыйлыкка тийген беш тайымдын эң азоосу эле, ушуну сага сыйлыкка бердим, алагой! К а р ы я. О-о, балам, балам, эр экенсиң! Эми саа кол койдум. А л м а д а й. Ырас болду, айланайыным! Жетим жүрүп жетилет дегеи ушу! Ж о р о. Рахмат, эжеке. Бирок, мындан ары силер мени көп эле жетим дебей жүрсөңүздөр. Мен жетим эмесмин. Ж ы л к ы ч ы. Ой, жетиммин деп өзүң айтпадың беле? К а р ы я. Ооба, өзүң айтпадың беле? Ж о р о. Чоң ата, байке, эжеке! Калп айткам. Ошондо эне-атам бар, жетим эмесмин десем силер мени кабыл албай кайра ошо милиционерге кармап бербейт белеңер. Ошон үчүн... (Жүрүп келаткан мотоциклдин үнү. Иттер арсылдайт. Мотоцикл токтойт. Милиционердин ышкырыгы угулганда иттердин үнү басылат. Жоро коркуп боз үйгө кире качат. Милиционер келет).

З=

Жылкычы (Жорону кучактап, көтөрүп алып теге ретет. Анан далысын таптазылап:). Сен чыныгы жигит болдуң, эми менин сыныма толдуң! Колхоздон мага сыйлыкка тийген беш тайымдын эң азоосу эле, ушуну сага сыйлыкка бердим, алагой!

К а р ы я. О-о, балам, балам, эр экенсиң! Эми саа кол койдум.

А л м а д а й. Ырас болду, айланайыным! Жетим жүрүп жетилет дегеи ушу!

Ж о р о. Рахмат, эжеке. Бирок, мындан ары силер мени көп эле жетим дебей жүрсөңүздөр. Мен жетим эмесмин.

Ж ы л к ы ч ы. Ой, жетиммин деп өзүң айтпадың беле?

К а р ы я. Ооба, өзүң айтпадың беле?

Ж о р о. Чоң ата, байке, эжеке! Калп айткам. Ошондо эне-атам бар, жетим эмесмин десем силер мени кабыл албай кайра ошо милиционерге кармап бербейт белеңер. Ошон үчүн... (Жүрүп келаткан мотоциклдин үнү. Иттер арсылдайт. Мотоцикл токтойт. Милиционердин ышкырыгы угулганда иттердин үнү басылат. Жоро коркуп боз үйгө кире качат. Милиционер келет).

З= Милиционер. Ассалоомалейкум! Милициянын участкалык инспектору Искендеров. (честь берет). К а р ы я. Алекумасалам. Кош келипсиз, уулум, кош... Жылкычы  (Кубанычтуу). Ох-хо-о! Мукамбетсиңби ой! Саломалейкум! Түндө түшүмдө бүркүт көргөм, ойгонор замат «Мукамбет келет бүгүн!» дедим! Ха-ха-ха!.. (Кучакташат). Чакыртпай келди чоң мейман!.. Милиционер. О досум, мейман болуп кетүүгө не жетсин, бирок кантесиң, ушу күндөрү иш чачтан көп Рахмат! Ж ы л к ы ч ы. Э, былтыркыдан калган иш бар беле... Милиционер. Кудайдан жөө качып кутулган бир оңбогурду издеп жүрөм. Жер соруп кеткендей жок, эки ай болду. Үйүнөн кетип калган... Алды менен таежесиникине барам деп... анан качып кеткен. Балдар аны тоого чыгып баратканын көрүптүр. Коңшу жайлоодогулар... сенин жаныңда бир жаңы жардамчы пайда болду деп айтышты. Кантсе да бир кабарын билип кетейин деп келип калдым, балким...

З=

Милиционер. Ассалоомалейкум! Милициянын участкалык инспектору Искендеров. (честь берет).

К а р ы я. Алекумасалам. Кош келипсиз, уулум, кош...

Жылкычы (Кубанычтуу). Ох-хо-о! Мукамбетсиңби ой! Саломалейкум! Түндө түшүмдө бүркүт көргөм, ойгонор замат «Мукамбет келет бүгүн!» дедим! Ха-ха-ха!.. (Кучакташат). Чакыртпай келди чоң мейман!..

Милиционер. О досум, мейман болуп кетүүгө не жетсин, бирок кантесиң, ушу күндөрү иш чачтан көп Рахмат!

Ж ы л к ы ч ы. Э, былтыркыдан калган иш бар беле...

Милиционер. Кудайдан жөө качып кутулган бир оңбогурду издеп жүрөм. Жер соруп кеткендей жок, эки ай болду. Үйүнөн кетип калган... Алды менен таежесиникине барам деп... анан качып кеткен. Балдар аны тоого чыгып баратканын көрүптүр. Коңшу жайлоодогулар... сенин жаныңда бир жаңы жардамчы пайда болду деп айтышты. Кантсе да бир кабарын билип кетейин деп келип калдым, балким...

З= Ж ы л к ы ч ы. Эмне дейт! Кой! Менин жардамчым андай эмес, абдан азамат жигит! Кандай мыкты чабандесиң болсун аны менен теңдеше албайт. Колу эмнеге тийсе ошонун баарын ойдогудай орундайт. Анын бир гана... айыбы... тагдыры курусун, бечаранын ата-энеси өлгөн, тоголок жетим! Милиционер. Ошондой жакшы жигит менен мени бир тааныштырбайсыңбы? Андай балдарды мен дружинама кошуп аламын. Ж ы л к ы ч ы. Эй, жетим, кел мында! (Милиционерге)  Уялчаак бала. Ошонусу жагат. (Үйдөн өжөрлөнгөн Жоронин колунан жетелеп алып келет). Милиционер  (күтпөгөн). A-а, чунак сен белең! Ай, ай!.. Мындай деп ким ойлоптур, ай ай!.. Муну өлүп калган экен деп, энеси ботодой боздоп, бук тушуп турбай калды, а бул ой-тоону кыдырып саякаттап жүрөт. Уят эмеспи, Жоро! О сен жерге кирсеңчи! Жоро (башын шылкыйтып). Уятыман жерге кирейин дейм - жер катуу... Мен айыптуумун. Кечиресиз, жолдош...

З=

Ж ы л к ы ч ы. Эмне дейт! Кой! Менин жардамчым андай эмес, абдан азамат жигит! Кандай мыкты чабандесиң болсун аны менен теңдеше албайт. Колу эмнеге тийсе ошонун баарын ойдогудай орундайт. Анын бир гана... айыбы... тагдыры курусун, бечаранын ата-энеси өлгөн, тоголок жетим!

Милиционер. Ошондой жакшы жигит менен мени бир тааныштырбайсыңбы? Андай балдарды мен дружинама кошуп аламын.

Ж ы л к ы ч ы. Эй, жетим, кел мында! (Милиционерге) Уялчаак бала. Ошонусу жагат. (Үйдөн өжөрлөнгөн Жоронин колунан жетелеп алып келет).

Милиционер (күтпөгөн). A-а, чунак сен белең! Ай, ай!.. Мындай деп ким ойлоптур, ай ай!.. Муну өлүп калган экен деп, энеси ботодой боздоп, бук тушуп турбай калды, а бул ой-тоону кыдырып саякаттап жүрөт. Уят эмеспи, Жоро! О сен жерге кирсеңчи!

Жоро (башын шылкыйтып). Уятыман жерге кирейин дейм - жер катуу... Мен айыптуумун. Кечиресиз, жолдош...

З= Милиционер  (сөөмөйүн кезеп). Мени жолдош дебе, чунак бала! Үйүңдөн неге качтың? Сен эми туткунсуң. Мени гражданин начальник дейт. А сен качкын, күнөкөр! Түшүнүктүүбү? К а р ы я. Бу бала үйүнөн качып келген бекен? Мунун дагы кандай жоруктары бар? Милиционер  (манжалары менен санап). Дүкөндүн айнегин сындырган, бирге окуган жолдошун урган. Ой, мунун кылбаганы жок... (Жорого) Кана, өзүң айтчы! Дагы эмне кылдың? Жоро. Менин бардык жоруктарыма эки гана манжаңыз бүгүлдү. Ал эми айылда дагы башка бир нерселер болсо, анда менин тиешем жок, жолдош гражданин начальник! Тоодо эки ай жашап, мен эч кандай жамандык иштегеним жок. Муну мына атам да, байкем да, эжекем да айтып берсин. К а р ы я. Бул өзүн алда немедей алып жүрдү. Кыйтың-мыйтыңы жок. Улууну урматтайт, айтканды аткарат, түшүнөт. Ж ылкыч ы. Эмгекчил экен.

З=

Милиционер (сөөмөйүн кезеп). Мени жолдош дебе, чунак бала! Үйүңдөн неге качтың? Сен эми туткунсуң. Мени гражданин начальник дейт. А сен качкын, күнөкөр! Түшүнүктүүбү?

К а р ы я. Бу бала үйүнөн качып келген бекен? Мунун дагы кандай жоруктары бар?

Милиционер (манжалары менен санап). Дүкөндүн айнегин сындырган, бирге окуган жолдошун урган. Ой, мунун кылбаганы жок... (Жорого) Кана, өзүң айтчы! Дагы эмне кылдың?

Жоро. Менин бардык жоруктарыма эки гана манжаңыз бүгүлдү. Ал эми айылда дагы башка бир нерселер болсо, анда менин тиешем жок, жолдош гражданин начальник! Тоодо эки ай жашап, мен эч кандай жамандык иштегеним жок. Муну мына атам да, байкем да, эжекем да айтып берсин.

К а р ы я. Бул өзүн алда немедей алып жүрдү. Кыйтың-мыйтыңы жок. Улууну урматтайт, айтканды аткарат, түшүнөт.

Ж ылкыч ы. Эмгекчил экен.

З= А л м а д а й. Жумуш тандабайт! От да жагат, нан да бышырат, отунга да барат, суу да апкелет. Кээде бээ саашып да жиберет, секетиң. Мен муну жазалабасаңар экен деп өтүнөм. Кары я. Ал өзүнүн айыбын жууду. Милиционер  (ойлонуп). Эмне кыларымды билбей турам! Камоо керек эле, бирок бул азыр таптакыр башка Жоро болуп өзгөргөнүн көрүп турам. Көрсө мен таптакыр башка Жоронун артынан келипмин. Азыр ме­нин алдымда турган жакшынакай эле балаго! (Колун көкүрөгүнө алып, карыяга урмат менен) Жакшы болуптур ата, сиз айткандай болсун, эми бул эмне иштөөнү каалайт экен, өзү айтсын. (Пауза). Жоро  (баарына). Куштар төмөндөп учуп кетип жатат, демек жакын күндөрдө тоого кар жаап, суук түшөт. Биз баарыбыз тең төмөндөп, талаадагы айылга кайтып кетээр мезгил жетти. Мен дагы эми китептеримди колго алайын. (Күлүмсүрөп, ийилип таазим этет) Берген наныңыз, тузуңуз, жакшы сөзүңүз, акыл-тарбияңыздар үчүн рахмат! Жолдош лейтенант, гитарымды алып чыгайын... Сизден сурарым... Мени апама жеткирс еңиз. Мектепти да сагындым. Атам менен да акылдашуум керек...

З=

А л м а д а й. Жумуш тандабайт! От да жагат, нан да бышырат, отунга да барат, суу да апкелет. Кээде бээ саашып да жиберет, секетиң. Мен муну жазалабасаңар экен деп өтүнөм.

Кары я. Ал өзүнүн айыбын жууду.

Милиционер (ойлонуп). Эмне кыларымды билбей турам! Камоо керек эле, бирок бул азыр таптакыр башка Жоро болуп өзгөргөнүн көрүп турам. Көрсө мен таптакыр башка Жоронун артынан келипмин. Азыр ме­нин алдымда турган жакшынакай эле балаго! (Колун көкүрөгүнө алып, карыяга урмат менен) Жакшы болуптур ата, сиз айткандай болсун, эми бул эмне иштөөнү каалайт экен, өзү айтсын. (Пауза).

Жоро (баарына). Куштар төмөндөп учуп кетип жатат, демек жакын күндөрдө тоого кар жаап, суук түшөт. Биз баарыбыз тең төмөндөп, талаадагы айылга кайтып кетээр мезгил жетти. Мен дагы эми китептеримди колго алайын. (Күлүмсүрөп, ийилип таазим этет) Берген наныңыз, тузуңуз, жакшы сөзүңүз, акыл-тарбияңыздар үчүн рахмат! Жолдош лейтенант, гитарымды алып чыгайын... Сизден сурарым... Мени апама жеткирс еңиз. Мектепти да сагындым. Атам менен да акылдашуум керек...

З= Милиционер. Гитарыңды ал да, мотоциклге отур. Жылкычы  (токтотуп). Жо-жок! Мукамбет менен бирге мотоциклде барууга болбойт. Айылдагылар, качкынды кармап келди деп күлүшөт. Сенин ак нээттен иштеген ишиң, тартиптүүлүгүн үчүн сага тетиги өзүң үйрөткөн тайды сыйлыкка беремин! Өзүңдүн үйүңө ат минип, чыныгы жигитке окшоп, бакыйып баргының айланайын! К а р ы я. Ооба! Ата-энең бир кубансын!.. Милиционер. Үйүңө тез бара бер. Мен кеч курун келем. Жоро. Рахмат, агай. Сизди күтөбүз. Келиңиз, келиңиз?! («Тилек ырын» ырдайт. Чаап бараткан аттын дабышын билдирген музыка). К ө ш ө гө Фрунзе-Ялта, 1973-жыл

З=

Милиционер. Гитарыңды ал да, мотоциклге отур.

Жылкычы (токтотуп). Жо-жок! Мукамбет менен бирге мотоциклде барууга болбойт. Айылдагылар, качкынды кармап келди деп күлүшөт. Сенин ак нээттен иштеген ишиң, тартиптүүлүгүн үчүн сага тетиги өзүң үйрөткөн тайды сыйлыкка беремин! Өзүңдүн үйүңө ат минип, чыныгы жигитке окшоп, бакыйып баргының айланайын!

К а р ы я. Ооба! Ата-энең бир кубансын!..

Милиционер. Үйүңө тез бара бер. Мен кеч курун келем.

Жоро. Рахмат, агай. Сизди күтөбүз. Келиңиз, келиңиз?!

(«Тилек ырын» ырдайт. Чаап бараткан аттын дабышын билдирген музыка).

К ө ш ө гө

Фрунзе-Ялта, 1973-жыл

Жоронун жоруктары  III актылуу пьесанын соңу

Жоронун жоруктары

III актылуу

пьесанын соңу

 Бышыктоо үчүн суроолор? Жоронун канча жалганын байкадыңар? Атасы Жоро жөнундө милиционерге кандай маалымат берди? Эгер силер Жылкычынын, Алмадайдын, карыянын ордуна болгондо Жорону үйүңөргө киргизет белеңер? Карыя Жоронун тартипсиз бала экенин кантип дароо эле сезип койду? Жылкычы Жорону кантип узатты? Милиционер Жорого кандай баа берди?

Бышыктоо үчүн суроолор?

  • Жоронун канча жалганын байкадыңар?
  • Атасы Жоро жөнундө милиционерге кандай маалымат берди?
  • Эгер силер Жылкычынын, Алмадайдын, карыянын ордуна болгондо Жорону үйүңөргө киргизет белеңер?
  • Карыя Жоронун тартипсиз бала экенин кантип дароо эле сезип койду?
  • Жылкычы Жорону кантип узатты?
  • Милиционер Жорого кандай баа берди?
Үйгө тапшырма Чыгармадагы макал-лакаптарды, фразеологиялык сөздөрдү көчүрүп жазабыз? Алардын маанисин чечмелейбиз. Ар бир каарманга кыскача мүнөздөмө жазабыз. Жоронун жашоосун өзгөрткөн окуяны белгилейбиз. Чыгармадагы түшүнүксүз сөздөрдү көчүрүп жазабыз. Адабият теориясын кайталайбыз.

Үйгө тапшырма

  • Чыгармадагы макал-лакаптарды, фразеологиялык сөздөрдү көчүрүп жазабыз? Алардын маанисин чечмелейбиз.
  • Ар бир каарманга кыскача мүнөздөмө жазабыз.
  • Жоронун жашоосун өзгөрткөн окуяны белгилейбиз.
  • Чыгармадагы түшүнүксүз сөздөрдү көчүрүп жазабыз.
  • Адабият теориясын кайталайбыз.
Көңүл бурганыңыздар  үчүн рахмат! Тайыр кызы Нургүл Ютуб каналыма жазылууну эстен чыгарбайбыз!

Көңүл бурганыңыздар

үчүн рахмат!

Тайыр кызы Нургүл

Ютуб каналыма жазылууну эстен чыгарбайбыз!