СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ | 7-(орус) КЛАСС | ТЕМА: ШҮКҮРБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ "СҮЗӨӨНӨК КОЗУ" | 2-БӨЛҮМ

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ | 7-(орус) КЛАСС | ТЕМА: ШҮКҮРБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ "СҮЗӨӨНӨК КОЗУ" | 2-БӨЛҮМ»

Ш.Бейшеналиев «Мүйүздүү козу»  ( Мүйүзүнөн айрылган сүзөөнөк)  (үзундү) 2-бөлүм Кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүл

Ш.Бейшеналиев «Мүйүздүү козу» ( Мүйүзүнөн айрылган сүзөөнөк) (үзундү)

2-бөлүм

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүл

«Мүйүздүү козу» 1 Азиз-чабандын жалгыз уулу. 2 Чабандын кайтарганы килтейген ириктер. 3 Азизке атасы боз ирикти энчилеп берет. Боз ирикти күзүндө эт комбинатына өткөрүшөт. 4 5 Азизтин атасы кайрадан козу бөлүп алат.

«Мүйүздүү козу»

1

Азиз-чабандын жалгыз уулу.

2

Чабандын кайтарганы килтейген ириктер.

3

Азизке атасы боз ирикти энчилеп берет.

Боз ирикти күзүндө эт комбинатына өткөрүшөт.

4

5

Азизтин атасы кайрадан козу бөлүп алат.

Ю. Сөздүк жумуштары Малга байланыштуу макал-лакаптар Мал баксаң-чөп чап, жан баксаң-көп тап. Сөздөрдүн маанилерин чечмелөө  Малдуунун көзү өткүр, малсыздын сөзү өткүр.  Малды баккан билет, отту жаккан билет.  Мансап үчүн сүйбө, мал-мүлк үчүн достошпо.  Миң койду бир серке башкарат.  Конок койдон жоош.  Эгин эгип мал бакпаган, эптеп-септеп жан сактаган.  Бөрүгө кой кайтартпа.  Килтейген ирик 1  Акмалап тосуу 2  Кибиреген 3  Мотурайган козулар 4 Малкор 5

Ю.

Сөздүк жумуштары

Малга байланыштуу макал-лакаптар

Мал баксаң-чөп чап, жан баксаң-көп тап.

Сөздөрдүн маанилерин чечмелөө

Малдуунун көзү өткүр, малсыздын сөзү өткүр.

Малды баккан билет, отту жаккан билет.

Мансап үчүн сүйбө, мал-мүлк үчүн достошпо.

Миң койду бир серке башкарат.

Конок койдон жоош.

Эгин эгип мал бакпаган, эптеп-септеп жан сактаган.

Бөрүгө кой кайтартпа.

Килтейген ирик

1

Акмалап тосуу

2

Кибиреген

3

Мотурайган козулар

4

Малкор

5

«Мүйүзүнөн айрылган сүзөөнөк»  Күндөрдүн биринде Азиз сүзөөнөгүн жамаатташ коктудагы койчунукуна ээрчитип барды. Өзүнөн улуу Султан деген балага жолугуп: -Мүйүздүү козуң барбы? Сүзүштүрөсүңбү?- деди, дөндөшүн мүйүзүнөн кармап мактана. Султан аны жактырбаңкы үнсүз башын чайкады. Азиз тигинин тоотпогонсуганына ызаланып кетти. -Анда өзүңдү сүздүрөйүнбү? - деди Азиз эдиреңдеп. Султан күпүйүп тончон, чокойчон эле. Ага ишенбей: -Эр болсоң эле сүздүрүп көр, - деди. -Анан ыйлабагының!- Азиз согуш жарыялаган немече кыйкырып, мүйүздүү козусун жүткүнтө, Султанга тап берди: -Качыр! Качыр! Мүйүздүү дөндөш текчейип кетенчиктей түшүп, кериле секирип сүзгөндө эле Султан кар таянды:

«Мүйүзүнөн айрылган сүзөөнөк»

Күндөрдүн биринде Азиз сүзөөнөгүн жамаатташ коктудагы койчунукуна ээрчитип барды. Өзүнөн улуу Султан деген балага жолугуп:

-Мүйүздүү козуң барбы? Сүзүштүрөсүңбү?- деди, дөндөшүн мүйүзүнөн кармап мактана.

Султан аны жактырбаңкы үнсүз башын чайкады. Азиз тигинин тоотпогонсуганына ызаланып кетти.

-Анда өзүңдү сүздүрөйүнбү? - деди Азиз эдиреңдеп. Султан күпүйүп тончон, чокойчон эле. Ага ишенбей:

-Эр болсоң эле сүздүрүп көр, - деди.

-Анан ыйлабагының!- Азиз согуш жарыялаган немече кыйкырып, мүйүздүү козусун жүткүнтө, Султанга тап берди:

-Качыр! Качыр! Мүйүздүү дөндөш текчейип кетенчиктей түшүп, кериле секирип сүзгөндө эле Султан кар таянды:

 -Карма!-деп бакырды ал, чындап корконунан. Азиз дөндөшүн адатынча тутамдап карга матыган Султанга жанакыдай мактанычтуу эдирейди: -Көрдүңбү! Ишендиңби? -Кыйын экенсиң, - деди Султан, сары тонунун жеңиндеги карын күбүй. Эртең, сүзөөнөгүңдү апкел. Менде да мүйүздүү бирөө бар. Атам жайытка айдап кетти. Эртең короого алып калайын. Сүзүштүрүп көрөлү. Мунуң кудай ургандай күчтүү экен!-деди. Жеңиштүү Азиз, Султандын сөгүү эмес, мактоо уккан соң макул болду. Сүзөөнөгүн аябай жемге тойгузду. Эртеси атасы короодо жандыктарын айдаар замат. Азиз сүзөөнөгүн ээрчитип, Султандын короосун беттеди. Султан аны жарым жолдон тосуп алды. Мейманын, балбаны экөөнү короосуна киргизип, илгичин ичинен илди да, наркы бастырманын түбүнөн чыгырык мүйүз ак кочкорду айдап чыкты. Азиз аны көрүп, дароо мүйүзүнөн илип кетчүүдөй кетенчиктеди:

-Карма!-деп бакырды ал, чындап корконунан. Азиз дөндөшүн адатынча тутамдап карга матыган Султанга жанакыдай мактанычтуу эдирейди:

-Көрдүңбү! Ишендиңби?

-Кыйын экенсиң, - деди Султан, сары тонунун жеңиндеги карын күбүй. Эртең, сүзөөнөгүңдү апкел. Менде да мүйүздүү бирөө бар. Атам жайытка айдап кетти. Эртең короого алып калайын. Сүзүштүрүп көрөлү. Мунуң кудай ургандай күчтүү экен!-деди.

Жеңиштүү Азиз, Султандын сөгүү эмес, мактоо уккан соң макул болду. Сүзөөнөгүн аябай жемге тойгузду. Эртеси атасы короодо жандыктарын айдаар замат. Азиз сүзөөнөгүн ээрчитип, Султандын короосун беттеди. Султан аны жарым жолдон тосуп алды. Мейманын, балбаны экөөнү короосуна киргизип, илгичин ичинен илди да, наркы бастырманын түбүнөн чыгырык мүйүз ак кочкорду айдап чыкты. Азиз аны көрүп, дароо мүйүзүнөн илип кетчүүдөй кетенчиктеди:

-Алпар нары. Чоң кочкор тура. А меники кичине да, козу кочкор да. Султан чуркап келип, Азизти колдон кысты: -Коркпо, бул сүзбөйт. Карган эме! Чын эле ак кочкор алар менен иши жоктой каалгый басып кетти. Сүзүшүүнү каалабады. -Чын эле сүзөөнөгүмө баары тең багынып келатпайбы. Бу карган эмени деле качырар деп ойлоду Азиз. Мүйүздүү боз дөндөшүн бошотуп адатынча ак кочкорду карай тап койду: -Сүз! Качыр! Багынт! Азиздин дөндөшү кочкорду боорго, жонго күрс-күрс чолуду. Кочкор адегенде этибар албады. Анан эти ооруксунганда чыдабай кетти окшойт. Ачуулуу көздөрүн кызартып, жонун дүгдүйтүп чыгырык мүйүзүн тосо бурулду. -И эми сүз! Багынт!- Азизге кошулуп Султан да мүйүздүү дөндөштү ыраак кетенчиктептип туруп көкүтүп тап беришти. Дөндөш ыраактан түйүлүп барып түпкүчтөй ийилген карт мүйүзгө тикчигий мүйүзүн сайылта карт сүздү. Негедир карт кочкор менен жаш кочкорчо бөлүшө албай туткакташа түшүштү. Шиштигий жаш мүйүз ийрилген куу мүйүзгө илинип калыптыр. Карт кочкордун ачуусу анык келген экен.

-Алпар нары. Чоң кочкор тура. А меники кичине да, козу кочкор да. Султан чуркап келип, Азизти колдон кысты:

-Коркпо, бул сүзбөйт. Карган эме! Чын эле ак кочкор алар менен иши жоктой каалгый басып кетти. Сүзүшүүнү каалабады.

-Чын эле сүзөөнөгүмө баары тең багынып келатпайбы. Бу карган эмени деле качырар деп ойлоду Азиз. Мүйүздүү боз дөндөшүн бошотуп адатынча ак кочкорду карай тап койду:

-Сүз! Качыр! Багынт!

Азиздин дөндөшү кочкорду боорго, жонго күрс-күрс чолуду. Кочкор адегенде этибар албады. Анан эти ооруксунганда чыдабай кетти окшойт. Ачуулуу көздөрүн кызартып, жонун дүгдүйтүп чыгырык мүйүзүн тосо бурулду.

-И эми сүз! Багынт!- Азизге кошулуп Султан да мүйүздүү дөндөштү ыраак кетенчиктептип туруп көкүтүп тап беришти. Дөндөш ыраактан түйүлүп барып түпкүчтөй ийилген карт мүйүзгө тикчигий мүйүзүн сайылта карт сүздү. Негедир карт кочкор менен жаш кочкорчо бөлүшө албай туткакташа түшүштү. Шиштигий жаш мүйүз ийрилген куу мүйүзгө илинип калыптыр. Карт кочкордун ачуусу анык келген экен.

Балдар чырылдап жеткенче кочкор сүзөөнөк дөндөштү мүйүзүнөн илген боюнча бутун жерге тийгизбей булактата түпкүчтөй башын тыяк-быякка нарылай арыштай чуркады. Мына бир маалда боз козу күп эте алда кайда ыргып түштү. Азиз чымылдап жетсе, сүзөөнөк дөндөшүнүн башы кызыл жаян кан, эки мүйүзү тең түбүнөн омкорулуп түшүптүр. Султанды, анын кочкорун сөгүп, жер тепкилеп ыйлап жиберди Азиз. Айла канча. Султан кочкордун мүйүзүнө илинип шалдыраган морт мүйүздү Азиздин колуна берип, араң илкиген дөндөшүн жетелешип короосунан узатты. Уулу ыйлап барса, атасы кыткылдап күлүп, мындай деди: -Балам чала болуптур. Сен аны чексиз эсиртпедиңби. Дөндөшүңдүн эртерээк мүйүзүнөн айрылганына сүйүн. Ал сенин өзүңдү сүзүп, бир мандемге учуратабы деп чоочучу элем. Коё бер короого. Андан өлбөйт. Эми чырсыз тынч жүрө берет.

Балдар чырылдап жеткенче кочкор сүзөөнөк дөндөштү мүйүзүнөн илген боюнча бутун жерге тийгизбей булактата түпкүчтөй башын тыяк-быякка нарылай арыштай чуркады. Мына бир маалда боз козу күп эте алда кайда ыргып түштү. Азиз чымылдап жетсе, сүзөөнөк дөндөшүнүн башы кызыл жаян кан, эки мүйүзү тең түбүнөн омкорулуп түшүптүр. Султанды, анын кочкорун сөгүп, жер тепкилеп ыйлап жиберди Азиз. Айла канча. Султан кочкордун мүйүзүнө илинип шалдыраган морт мүйүздү Азиздин колуна берип, араң илкиген дөндөшүн жетелешип короосунан узатты.

Уулу ыйлап барса, атасы кыткылдап күлүп, мындай деди:

-Балам чала болуптур. Сен аны чексиз эсиртпедиңби. Дөндөшүңдүн эртерээк мүйүзүнөн айрылганына сүйүн. Ал сенин өзүңдү сүзүп, бир мандемге учуратабы деп чоочучу элем. Коё бер короого. Андан өлбөйт. Эми чырсыз тынч жүрө берет.

Апасы мүйүзүнөн айрылган боз дөндөштү уулунун колунан бошотуп жетелеп барып короого кошсо, козулардын баары андан үркүп, жанына жолобой качышты. Азиз булкулдап, жедеп көз жашы кургаганда араң: -Мен өзүм сүзгөнгө көндүрбөсөм, боз козу мүйүзүнөн ажырабайт эле. Чынбы, атаке, -деди солуктап. Атасы уулунун ийининен таптады: -Чын кагылайын. Малды да эсирткен ээси болот. Эми колуң бошоду. Кошо кайтаруудан коркпосоң жүрү. Жайыт жаңылайлы. -Коркпойм! Мындан кийин козуну сүзөөнөк кылып үйрөтпөйм, - деди.

Апасы мүйүзүнөн айрылган боз дөндөштү уулунун колунан бошотуп жетелеп барып короого кошсо, козулардын баары андан үркүп, жанына жолобой качышты.

Азиз булкулдап, жедеп көз жашы кургаганда араң:

-Мен өзүм сүзгөнгө көндүрбөсөм, боз козу мүйүзүнөн ажырабайт эле. Чынбы, атаке, -деди солуктап. Атасы уулунун ийининен таптады:

-Чын кагылайын. Малды да эсирткен ээси болот. Эми колуң бошоду. Кошо кайтаруудан коркпосоң жүрү.

Жайыт жаңылайлы.

-Коркпойм! Мындан кийин козуну сүзөөнөк кылып үйрөтпөйм, - деди.

Чыгармага адабий талдоо Чыгарманын аталышы - «Мүйүздүү козу» Чыгарманын темасы – Малды кароонун сырлары Чыгарманын идеясы –Малга деле жаш өзгөчөлүгүнө карап аяр мамиле жасоо. Мал багуунун сырын билүү. Чыгармадагы башкы каарман - Азиз жана козу. Азиз менен козунун же боз ириктин ортосундагы мамилени ачып берүүдө айланасына топтолгон каармандар Атасы, апасы, Султан, башкарма. Чыгарма – эпикалык текке мүнөздүү. Аңгеме эпикалык тектин ичиндеги кичинекей жанрларынын бири.  Окуянын өнүгүшү: Азиздин боз дөндөштү Султандын үйүнө алып барышы  Окуянын кульминациясы: Боз дөндөштү карыган кочкор менен мушташтыруусу  Окуянын чечилиши: Дөндөштүн мүйүзү сынып калышы. Бала экинчи козуларды сүзгөнгө үйрөтпөйм деши.

Чыгармага адабий талдоо

Чыгарманын аталышы - «Мүйүздүү козу»

Чыгарманын темасы – Малды кароонун сырлары

Чыгарманын идеясы –Малга деле жаш өзгөчөлүгүнө карап аяр мамиле жасоо. Мал багуунун сырын билүү.

Чыгармадагы башкы каарман - Азиз жана козу. Азиз менен козунун же боз ириктин ортосундагы мамилени ачып берүүдө айланасына топтолгон каармандар Атасы, апасы, Султан, башкарма.

Чыгарма – эпикалык текке мүнөздүү. Аңгеме эпикалык тектин ичиндеги кичинекей жанрларынын бири.

Окуянын өнүгүшү:

  • Азиздин боз дөндөштү Султандын үйүнө алып барышы

Окуянын кульминациясы:

  • Боз дөндөштү карыган кочкор менен мушташтыруусу

Окуянын чечилиши:

  • Дөндөштүн мүйүзү сынып калышы. Бала экинчи козуларды сүзгөнгө үйрөтпөйм деши.
Т К У К Б О Н О Б К Р О Ж А Ш О Е К Л К Т Ң У Т И И У У Ч Б А Ү Л А У А Н Ү Ү Ш У А К Ү Л Ы У Б Л Е С М А Ж Р Ш А Т Ы Е А Ы К Ш З А Б А Н П Н Т О К П И О Й Е Е К Т С Ө Т Ө Ө Ө Чайнворддон төмөндөгү синоним, антоним сөздөрдүн жообун табабыз. Омонимдерге чыгармага байланыштырып сүйлөм түзгүлө. Куу-1. өң түстү билдирүүчү сөз; 2. канаттуунун бир түрү; 3. митайым, куу түлкү. Короо—1. үй-жайдын айланасы; 2. мал кармаган жер; 3. жемиштин быша элек кези. Синонимдер Антонимдер Мүйздүү- Күчтүү- Башын чайкоо- Мейман- Улуу Багынуу- Апкел- Ыраактан- Морт- Күчтүү- Сөгүү- Чексиз эсиртүү Карт- Сүйүнүү Чоочуу-

Т

К

У

К

Б

О

Н

О

Б

К

Р

О

Ж

А

Ш

О

Е

К

Л

К

Т

Ң

У

Т

И

И

У

У

Ч

Б

А

Ү

Л

А

У

А

Н

Ү

Ү

Ш

У

А

К

Ү

Л

Ы

У

Б

Л

Е

С

М

А

Ж

Р

Ш

А

Т

Ы

Е

А

Ы

К

Ш

З

А

Б

А

Н

П

Н

Т

О

К

П

И

О

Й

Е

Е

К

Т

С

Ө

Т

Ө

Ө

Ө

Чайнворддон төмөндөгү синоним, антоним сөздөрдүн жообун табабыз.

Омонимдерге чыгармага

байланыштырып сүйлөм түзгүлө.

Куу-1. өң түстү билдирүүчү сөз;

2. канаттуунун бир түрү;

3. митайым, куу түлкү.

Короо—1. үй-жайдын айланасы;

2. мал кармаган жер;

3. жемиштин быша элек кези.

Синонимдер

Антонимдер

Мүйздүү-

Күчтүү-

Башын чайкоо-

Мейман-

Улуу

Багынуу-

Апкел-

Ыраактан-

Морт-

Күчтүү-

Сөгүү-

Чексиз эсиртүү

Карт-

Сүйүнүү

Чоочуу-

Бышыктоо үчүн суроолор  «Мүйүздүү козу» деген аңгеме менен айырмасы эмнеде экен? 1 Азиз эмне үчүн козусун сүзүштүргүсү келди? 2 Султан кантип ызаланды? 3  Карт кочкор неге Азиздин сүзөөнөгүн адегенде карабай койду? 4 Дөндөш кантип мүйүзүнөн айрылды? 5 Атасы эмне үчүн сүйүндү?

Бышыктоо үчүн суроолор

«Мүйүздүү козу» деген аңгеме менен айырмасы эмнеде экен?

1

Азиз эмне үчүн козусун сүзүштүргүсү келди?

2

Султан кантип ызаланды?

3

Карт кочкор неге Азиздин сүзөөнөгүн адегенде карабай койду?

4

Дөндөш кантип мүйүзүнөн айрылды?

5

Атасы эмне үчүн сүйүндү?

си  Үйгө тапшырма Шляпаларды тандайбыз

си

Үйгө тапшырма

Шляпаларды тандайбыз

  Тандаган шляпаңар боюнча тапшырмаңарды аласыңар. Дептериңерге жазып мугалимиңерге жөнөтөсүңөр.  «Кара шляпа»-Чыгармадагы терс маалыматтарды жазабыз.  «Кызыл шляпа» – Чыгармадагы өзгөчө кызык көрүнгөн окуяларды тизмелеп жазабыз.  «Жашыл шляпа»-Чыгармачылык менен жеке фантазиясын колдонуп, чыгарманын каалган жерин өзгөртүп чакан текст жазабыз.  «Ак шляпа»-Чыгарманын каармандарынын орточо жаш өзгөчөлүгүн таап, аларга кыскача мүнөздөмө жазасыңар.  «Сары шляпа»-Чыгармадан кайсы каарман жакса, ошол каарман кайсы окуядан улам жагып калганын, окуяны так далил менен жазасыңар.

Тандаган шляпаңар боюнча тапшырмаңарды аласыңар. Дептериңерге жазып мугалимиңерге жөнөтөсүңөр.

  • «Кара шляпа»-Чыгармадагы терс маалыматтарды жазабыз.

  • «Кызыл шляпа» – Чыгармадагы өзгөчө кызык көрүнгөн окуяларды тизмелеп жазабыз.

  • «Жашыл шляпа»-Чыгармачылык менен жеке фантазиясын колдонуп, чыгарманын каалган жерин өзгөртүп чакан текст жазабыз.

  • «Ак шляпа»-Чыгарманын каармандарынын орточо жаш өзгөчөлүгүн таап, аларга кыскача мүнөздөмө жазасыңар.

  • «Сары шляпа»-Чыгармадан кайсы каарман жакса, ошол каарман кайсы окуядан улам жагып калганын, окуяны так далил менен жазасыңар.