КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРYY БАШКАРМАЛЫГЫ
ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТYРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП - ЛИЦЕЙИ
АТАЛГАН МЕКТЕП – ЛИЦЕЙИНДЕ 9б – КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНАН ӨТҮЛҮҮЧҮ АМАН САСПАЕВДИН «КАЙНЕНЕ» АТТУУ ЧЫГАРМАСЫ ДЕГЕН ТЕМАДАГЫ
АЧЫК САБАКТЫН
ИШТЕЛМЕСИ
МУГАЛИМ: ШАМЫРЗАЕВ ИЛГИЗ КАНЫБЕКОВИЧ
КААНАСЫ: 210
КЛАСС: 9Б
ОШ ШААРЫ – 2018
Сабактын темасы: Аман Саспаевдин “Кайнене” аттуу аңгемеси
Сабактын максаттары:
БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ | ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ | ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ |
Окуучулар бул сабакта А. Саспаевдин өмүрү чыгармачылыгы боюнча алган билимдерин жалпылоо менен бирге, анын “Кайнене” аттуу аңгемесинин идеялык – тематикалык мазмуну менен таанышышат. Мындан сырткары кыргыз элинин кадаа – салттарына ылайык келин менен кайнененин жашоодогу орду, алардын милдеттери боюнча кошумча маалыматтарга ээ боло алышат. | Окуучулар жазуучунун “Кайнене” деп аталган аңгемесинен үзүндүлөрдү сахналаштыруу аркылуу актердук чеберчиликке, өз алдынча чыгармачылыкка жана сүйлөө чеберчилигине, ошол эле учурда өз оюн тартынбай айта билүүгө, шамдагайлыкка жана тез ой жүгүртө билүүгө өнүгүшөт. | Бул сабакта окуучулар негизинен жашоодо бирин – бири сыйлоого, айтылган сынды туура кабыл алууга, өздөрүнүн жашоодогу ордун билүү менен бирге милдеттерин так аткара билүүгө жана ар бир жанга өзгөчө көңүл бөлүп, жашоодо туура чечим кабыл алууга тарбияланышат. |
ЖОГОРУДАГЫ МАКСАТТАРГА ЖЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ, ЭГЕРДЕ ОКУУЧУ |
Эгерде окуучу А.Саспаев тууралуу кошумча маалыматтарга ээ болсо, анын жаңы аңгемесинин тематикалык – идеялык маанисине түшүнө алса жана келин менен кайненеге тиешелүү каада – салттар, ошол эле учурда алардын жашоодогу милдеттери тууралуу мугалимдин берген маалыматтарын кабыл ала алышса. | Эгерде окуучу мугалим тараптан берилген тапшырмаларды чеберчилик жана чыгармачылык менен сахналаштыра алса, өз оюн тартынбай айта билсе жана өз тобунун алдыга жылуусу үчүн шамдагайлык менен аракеттене алса. | Эгерде окуучу аңгеменин мазмунундагы жакшы – жаман окуялардан өзүнө керектүү чечим чыгара алса жана айланасындагы болуп жаткан окуяларга терең ойлонуу менен чечим чыгара алса, адамгерчиликтүүлүккө жана асыл сапаттарды өзүндө жашап көрсөтүүгө аракет кылса. |
Сабактын тиби: аралаш сабак
Сабактын формасы: топ менен иштөө
Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү
Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп ж.б.
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видео ролик, ар кандай көрсөтмө куралдар, буклеттер, китептер ж. б.
Сабактын түзүлүшү
№ | САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ | МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ | ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ | УБАГЫ |
1 | Уюштуруу | Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системасы менен тааныштыруу. | Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо системалары менен таанышышат. | 3 мүнөт |
2 | Үй тапшырмасын суроо | Үй тапшырмасын суроо аркылуу мугалим ар бир топтон үчтөн окуучуну чакырып алат да, кроссворд аркылуу үй тапшырмасын сурайт. | Окуучулар мугалим тараптан даярдалган кроссвордду толтурушат. | 3 мүнөт |
3 | Жаңы темага киришүү | Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга жаңы темага байланыштуу суроолрду узатуу. | Ар бир командадан бирден окуучу мугалим тараптан берилген суроолорго өз ойлорун айтышат. | 3 мүнөт |
4 | Жаңы теманы өтүү: А. Саспаев тууралуу учкай маалымат. «Кайнене» аңгемесинин мазмуну Келин менен кайненеге тиешелүү каада – салттар. Видео слайд көрсөтүү | Окуучуларга слайд аркылуу маалымат берет. Слайд аркылуу аңгеменин үзүндүлөрү чагылдырылып, андан соң окуучулар менен биргеликте талкууланат. Мугалим буклеттерде көрсөтүлгөн келин менен кайненеге тиешелүү салттар жана алардын милдеттери тууралуу айтып берет. Мугалим окуучуларга видео слайд коюп берет. | Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат; Окуучулар аңгеменин мазмуну менен таанышышат жана мугалим менен талкуулашат. Окуучулар мугалимдин айтып берген сөздөрүн кунт коюп угушат жана эстеринде сактап калышат. Окуучулар слайдды көрүшөт. | 18 мүнөт |
5 | Бышыктоо №1 | Мугалим эки топтун окуучуларына аңгеменин урунттуу окуялары тууралуу даярдалган материалдарды таркатып берет. | Окуучулар мугалим тараптан берилген сценарийди сахналаштырышат. | 9 мүнөт |
6 | Бышыктоо №2 | Окуучуларга мугалим атайын даярдалган класстерлерди таркатып берет. | Окуучулар мугалим тараптан берилген класстерлерди толтуруп, коргоп беришет. | 5 мүнөт |
7 | Баалоо жана кайтарым байланыш | Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу; | Окуучулар бири – бирин баалашат; | 2 мүнөт |
8 | Үй тапшырмасын берүү | Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү; | Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет; | 2 мүнөт |
Уюштуруу 3 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын эң алгач бүгүнкү сабагыбыздагы алтын эрежелер менен таанышып алалы.
Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:
Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;
Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;
Дептерлерибизге жазабыз;
Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!
Бири – бирибизди сыйлап, бири – бирибизге тоскоолдук жаратпаганга аракеттенебиз.
Азыр болсо мен силерди бүгүнкү сабактын баалоо кыймылы менен тааныштырып койсом. Силер мында “БИЗ СҮЙГӨН САПАТТАР” деген жазууну көрүп турасыңар. Ал эми бул жерде кыргыз элинин улуттук буюмдарынын бири болгон куржунду көрүп турасыздар. Кызыгы, бул куржундун ичинде силерге берилүүчү упайлар топтоштурулган. Бүгүнкү сабакта мугалим тараптан берилген суроолорго туура жана так жооп берген окуучулар гана бул куржунга кол салууга укуктуу болуп саналат жана алар өз топторуна упай алып келишет.
Үй тапшырмасын суроо 3 мүнөт: - Англис тилинде “сөз” кандай аталат? Туура айтасыңар. Ал эми “кесилиш” деген сөзчү? Эң туура! Ал эми мен бүгүнкү сабакка үй тапшырмасына кандай даярдык менен келдиңер, мына ушул тууралуу билимиңерди сыноо максатында атайын кроосворд түзүп келгенмин. Силер мунун 3 мүнөттүн ичинде толтуруп, коргоп берүүңөр керек. Ар бир топко берилүүчү кроссворддо төрттөн гана суроо берилген.
Окуучулар кроосвордду толтуруп, аны коргоп беришет.
1 – командага берилүүчү кроссворддун суроолору жана жооптору:
Туурасынан:
1.Романдагы Дыйканбекке ар дайым эки койгон мугалиминин адистиги кандай эле? (Математика)
Тигинен:
1.Дыйканбек окууга жөнөп жатканда алгачкы жолу кандай үлгүдөгү унаага отурат? (Волга)
2.Дыйканбек окуп жүргөн мезгилинде чогуу колхоздун алмасын ким менен чогуу уурдайт? (Кусейин)
3.Бул романда Дыйканбектин жан досу катары ким көрсөтүлөт? (Медет)
| В2 | | | М4 | |
О | | К3 | Е |
Л | У | Д |
Г | С | Е |
М1 | А | Т | Е | М | А | Т | И | К | А |
| Й | |
И |
Н |
2 – командага берилүүчү кроссворддун суроолору жана жооптору:
Туурасынан:
1.Романда “Малдын тилин билет” деп атасы мугалимдерге кимди мактайт? (Дыйканбекти)
Тигинен:
2. Дыйканбек окуп жүргөн мезгилинде кайсыл кызды жактырып калат? (Айтыгүлдү)
3. Дыйканбек алгачкы жолу унаага түшкөндө кимге үйлөнсөм мен да чоң адамдардай Волга айдап калат элем деп кыялданат? (Мейликан)
4. Стал баштаган огитбригада алгачкы жолу чыгармада кайсыл кыштоону абышкадан сурап кайрылышат? (Жылгындуу)
| | | М3 | | Ж4 |
| | Е | Ы |
| А2 | Й | Л |
Й | Л | Г |
Т | И | Ы |
Д1 | Ы | Й | К | А | Н | Б | Е | К |
| Г | | А | | Д |
У | Н | У |
Л | | У |
Жаңы темага киришүү 3 мүнөт: - Балдар, ар бир адамдын бул жарыкчылыкта өзүнүн кыялдары болот эмеспи. Эми болсо мага кызык болуп турат, келгиле мындан 6 – 7 жыл алга карай жылып көрөлү. Силер келечектеги кайната, кайненеңерди кандай элестетесиңер?
Жаңы темага киришүү 18 мүнөт: - Демек, биз бүгүн силер менен биргеликте кыргыз адабияты сабагынан класстар тышкаркы окулуучу чыгармалар, анын ичинде Аман Саспаевдин “Кайнене” аттуу чыгармасынын үстүндө кеп кылмакчыбыз. Бүгүн күнгө шейшемби, чын куран айынын он сегизи.
ПЛАН №1. Окуучуларга Аман Саспаевдин өмүрү чыгармачылыгына байланыштуу болгон слайд көрсөтүлөт;
ПЛАН №2. “Кайнене” аттуу чыгармасынын тематикалык – идеялык мазмунуна токтолунат;
ПЛАН №3. Кайнене менен келиндин жашоодогу милдеттери жана орду, аларга тиешелүү болгон кыргыз элинин каада – салт, ырым – жырымдары тууралуу сөз болот.
(Жогорудагы 3 пландын баары тууралуу слайддан маалымат көрсөтүлөт)
Бышыктоо (№1) 9 мүнөт. Азыр болсо мен силерге аңгеменин урунттуу жерлеринен түзүлгөн сценарийлерди таркатып бермекчимин. Силер болсо ал сценарийлерди сахналаштыруу аркылуу теманы бышыктооңор керек болот.
1 – топко сценарий:
- Энеке, эгерде менин айткан кебиме көнбөйт экенсиз, мен азыр эле келиниңизди алып кетемин.
-Кетемин дечи. Мейли, кетсең – кет. Ал дүнүйөңдүн баарын.
Кемпир Саамыйга өчөшүп, үйдөгү кийми – кечек, түйүнчөктөрдүн баарын бир четтен короого ыргыта баштады. Саамый болсо бир эле учурда энеси ыргытып жаткандарды бир четинен Закештин жанына жыйнап, өзү болсо дагы бир нерсем калып кеткен жокпу дегенсип буту менен полду теше – теше басып жүрдү. Бул окуяга аң – таң болгон кошунасы Саамыйга карап:
Балам, бул эмне кылганың? Сага эмне эле болуп жатат? Уят эмеспи? Саамый ага да ачуусун келтирди.
Сиз аралашпаңыз. Саамый эми Закешти колунан кармап:
Сен эмнеге карап турасың? Кеттик! – деп бир колуна жүктөрдү, бир колуна Закешти кармап алып, аны эшикке карай сүдүрөдү. Закеш болсо ага каршылык көрсөтүп колун тартып жатты.
Кайненеси болсо дагы да:
Бириң жакшы көрүнүп, бириң жаман көрүнбөй кеткиле!
Закеш колун каттуу сууруп алды да Саамыйга карап:
Мен эмне, силерди бөлүп жарыш үчүн келди дейсиңерби?
Закеш кайненесинин алдына чуркап барды да, аны кчактап ыйлап жиберди:
-Көлөкөм, энеке, мен кетпеймин. Муну баштаган мен эмес. Кайненесинин да көздөрүнөн тамчылап, көз жашы агып жатты.
2 – топко сценарий:
...Бир күнү үйгө Закештин кыз кезиндеги достору келип калышты. Аларды көргөн Закеш короодон чуркап барып эле аларды кучактап калды. Алар ошол жерде ал – акыбал сурашканча кыйла убакытка чейин туруп калышты.
-Жүргүлө, үйгө киргиле – деди Закеш аларга үй – жайлуу киши өңдөнүп.
Кыздар макул болушту. Закештин кайненеси ички үйдө жүн тытып отурган. Ал кыздарды анча жактырбагандай:
Келгиле! – Сен кимдин кызысың? – деди кемпир плащчан кара кызга.
Жаңыл энемдин – деп жооп берди кыз.
Баса, энеңди тартып, эки колуңду чөнтөгүңдөн чыгарбайт турбайсыңбы?
А сенчи, сен кимдин кызысың? - деди ал костюм юбка кийген кызга.
Сартбайдын кызымын.
Баса - деди кемпир ага да. Атаңды тартып, мурдуң кырдуу тура.
Кемпирдин бул сөздөрүн угуп турган Закеш эч нерсе дей албай, башын жерге салып тура берди.
Досторуңа чай кайнатып бербейсиңби? – деди ал келинине. Закеш кыздарды үйгө баштап кирип, чогуу чай ичишти. Кыздар да ыңгайсыздана дароо эле биз эми туралы дегенге өтүштү.
Достору менен Закеш короонун сыртына чыкканда кыздар шаңкылдап баары күлүп жиберишти. Кээ бирлери кемпирди туурап да киришти:
Энең сыяктуу сен да эки колуңду чөнтөгүңдөн чыгарбайт турбайсыңбы? – Ха-ха-ха-ха Кыздардын баары күлүштү.
Тообо, мындай кайненеге сен кандай чыдап жүрөсүң? – Эгерде сенин ордуңда мен болгонумда бул үйдө мен бир секунд да турбайт болчумун.
Бул сөздөр ички үйгө даана гана угулуп турду. Кемпир башын чайкап коюп, жүнүн тытып отура берди.
Бышыктоо (№2) 5 мүнөт. Азыр болсо мен силерге келин менен кайнененин негизги жашоодогу милдеттери эмнелер, мына ушулар тууралуу класстер даярдап келгенмин. Силер ошол класстерди толтуруп берүүңөр керек.
Баалоо жана кайтарым баалоо 2 мүнөт: Мугалим асыл сапаттарды бир четтен окуп, соң кайсыл топоун мүчөлөрү жеңгендигин белгилеп өтөт. Класска өзүнүн арнаган белегин тапшырат.
Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: “Мен келечекте кандай келин болушум керек?” деген темада дилбаян жазып келүү!
Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!
Шамырзаев Илгизбек Каныбекович
“Мыкты мугалим” кароо – сынагу үчүн даярдалган ачык сабактын иштелмеси
Ош шаары - 2018