КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ
ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТҮРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП ЛИЦЕЙИ
АТАЛГАН МЕКТЕП – ЛИЦЕЙИНДЕ 9Б – КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН «ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «АК КЕМЕ» ПОВЕСТИН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ САБАК»
ДЕГЕН ТЕМАДАГЫ
САБАКТЫН ИШТЕЛМЕСИ
ИШТЕЛМЕСИ
МУГАЛИМ: ШАМЫРЗАЕВ ИЛГИЗ КАНЫБЕКОВИЧ
Класс: 9б – класс Каанасы: 206 - каана
ОШ ШААРЫ – 2017
Сабактын темасы: Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестин жыйынтыктоочу сабак.
Сабактын максаттары:
БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ | ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ | ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ |
Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин идеясы, андагы оң жана терс каармандардын образдары жана чыгармадагы ири окуялар, ошол эле учурда аталган чыгарманын негизинле тартылган “Ак кеме” аттуу кинофильмдин жаралуу тарыхы, андагы актер жана актрисалар тууралуу жалпы маалымат ала алышат. | Окуучулардын ой жүгүртүүсүн, аң – сезимин өстүрүү. Сүйлөө маданиятын жана чечендик шык жөндөмүн арттыруу менен бирге ар бир окуучунун өз оюн тартынбай айта билүүсүнө үйрөтүү; | “Жаңыл Мырза” поэмасын окутуунун натыйжасында ар бир окуучуну мекенчилдикке, ишеничти актоого, эл биримдигин бекем сактоого жана баатырдык асыл сапаттарга тарбиялоо; |
ЖОГОРУДАГЫ МАКСАТТАРГА ЖЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ, ЭГЕРДЕ ОКУУЧУ |
Эгерде окуучу Касым Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу толук маалыматка ээ болуп, “Жаңыл Мырза” поэмасындагы баатыр кыздын образына терең мүнөздөмө бере алса; | Өз ойлорун толук жеткире алышса; мугалим тараптан берилген суроолорго туура жоопту узата алышса жана теманы бышыктоодо колдонулган машыгуу иштерине активдүү катышышса | Окуучулар топто бири – бирин сыйлап,оюн уга алышса; Сабакта ар бир окуучу өзүн эркин сезип, айтайын деген оюн толук, так жеткиреалса; Сабактагы алтын эрежелерди сактай алса; Мугалимдин берген суроолоруна кол көтөрүп жооп бере алса; |
Сабактын тиби: аралашсабак
Сабактын формасы: топ менен иштөө
Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү
Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп, география ж.б.
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видео роликтер, адабий китептер, проектр, ар кандай көрсөтмө куралдар, дубал гезиттер, буклет.
Сабактын түзүлүшү
№ | САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ | МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ | ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ | УБАГЫ |
1 | Уюштуруу | Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, топторго ат ыйгаруу; | Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат. | 3 мүнөт |
2 | Үй тапшырмасын суроо | Логикалык суроо: биздин мамлекетте бул нерсенин 1 – бар, 2 – жок. 3 – бар, 4 – жок. 5 – бар, 6 – 7 -8 – 9 – жок, бирок 10 – бар7 Бул эмне? Албетте, тыйын. Суроолор жазылган тыйынчалар аркылуу ар бир топко бирден тыйынчаларды таратат, тыйын салуучу калтачалар менен тааныштырат. | Окуучулар Логикалык суроого жооп табышат. Мугалим тараптан берилген тыйындагы суроолорго жооп беришет; | 4 мүнөт |
3 | Жаңы темага киришүү | Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга 2017 – жыл эмне үчүн «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыялангандыгы тууралуу суроолорду узатуу, маанайларын көтөрүү максатында тамашалуу оюн уюштуруу. | Ар бир командадан бирден окуучу өз оюн айтышат. | 3 мүнөт |
4 | Жаңы теманы өтүү: Окуучуларга «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган фильмден үзүндү көрсөтүү; «Ак кеме» повестиндеги каармандар бүгүн жана эртең; Ч.Айтматовдун чыгармаларынын кыргыз адабиятындагы орду жана келечектеги жолу; | Окуучуларга бул фильмдин жаралуу тарыхы тууралуу жана андагы актер актрисалар аркылуу маалымат берип өтөт. Мугалим окуучуларга аталган повесттеги каармандардын адеп – ахлактык сапаттары, жаратылышка жасаган мамилелери тууралуу сүйлөп берет; Ч.Айтматовдун чыгармаларынын биздин жашообуздагы орду жана анын келечектеги жолу тууралуу мугалим окуучуларга өз оюн айтып берүү; | Окуучулар фильмден көргөн окуяларын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат; Повесттин эң урунттуу окуялары тууралуу маалымат алышат жана өз ойлорун айтышат; Окуучулар мугалимди угуп, өз ойлорун талкууга кошушат. | 12 мүнөт |
5 | Бышыктоо | Мугалим окуучуларга аталган поэманын урунттуу учурларын сахналаштырууга тапшырма берет; | Мугалим тараптан берилген тапшырманы аткарышат жана поэманы сахналаштырышат; | 8 мүнөт |
6 | Бышыктоо №2 | Окуучуларга атайын кыркылып даярдалган чыгармадагы каармандардын сүрөтү таратылат. | Окуучулар алгач аларды кураштырып, андан кийин ошол сүрөттөрдөгү каармандардын мамилелери тууралуу сүйлөп беришет. | 5 мүнөт |
7 | Бышыктоо №3 | Окуучуларга дагы бирден суроо таратылат; | Окуучулар ал суроолорго өздөрүнүн тобу менен кеңешип жооп беришет; | 5 мүнөт |
8 | Баалоо жана кайтарым байланыш | Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; | Окуучулар бири – бирин баалашат; | 3 мүнөт |
9 | Үй тапшырмасын берүү | Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү; | Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет; | 2 мүнөт |
Уюштуруу 3 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын сабактагы алтын эрежелер тууралуу таанышып алалы.
Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:
Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;
Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;
Дептерлерибизге жазабыз;
Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!
Байкаган болсоңор мен ар бир топко өз – өзүнчө аталыш бергенмин. Сабактын жүрүшүндө мына ошол силерге берилген аталыштарды эмне үчүн тандап алгандыгымды айтып беремин.
Үй тапшырмасын суроо 4 мүнөт. Азыр болсо мен силерге мээге чабуул жасоочу кыска жана ой жүгүртүүнү талап кылган бир суроо беремин, макулсуңарбы? Андай болсо суроону уккула! Кыргызстанда бул нерсенин биринчиси бар да экинчиси жок. Үчүнчүсү бар да төртүнчүсү жок. Бешинчиси бар да, алты, жети, сегиз, тогузунчусу жок, бирок онунчусу бар. Бул эмне? (Жообу: тыйын).
Мен силерге бул суроону бергендигимдин себеби, балдар, бүгүнкү сабакта жакшы бааларга жетишүүңөр үчүн силер менин колумда турган «Ак кеме» повестиндеги Нургазынын дүрбү менен маралдарга көз салып турган элеси түшүрүлгөн он упайлык тыйындарга ээ болууңар керек. Бул жакта турган атайын калтачаларга тыйындарды чаптоо аркылуу упайларыбызды топтойбуз. Азыр болсо мен силерге аталган повесттин жаратуучусу Чыңгыз Айтмаов үчүн атайын суроолорду даярдап келгенмин. Ошол суроолорду силерге таркатып бермекчимин. Силер болсо жооп берип көргүлө:
Окуучуларга берилүүчү суроолор жана алардын жооптору:
1 – суроо: Чыңгыз Айтматов өзүнүн эскерүүсүндө «менин эң алгачкы сыйлыгым» деп эмнени айткан? (Бир жилик этти)
2 – суроо: Чыңгыз Айтматов өзүнүн биринчи адабий дебюту катары кайсыл чыгармасын атаган? (Бетме - Бет)
3 – суроо: Чыңгыз Айтматовдун ата – энеси тууралуу эмнелерди билесиңер? (Атасы Төрөкул Айтматов 1937 – жылы репрессияланып, 1938 – жылы ак жеринен атылып кеткен. Ал эми апасы Нагима Хамзаеевна улуту боюнча татар болуп, ал жергиликтүү театрда актриса болуп иштеген)
4 – суроо: Чыңгыз Айтматовдун «Сүйүү жөнүндөгү дүйнөдөгү эң улуу дастан» деген баага татыган чыгармасы кайсыл? (Жамийла)
Жаңы темага киришүү 3 мүнөт. - Балдар, айткылачы, 2017 – жыл эмне үчүн өлкөбүздө «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыяланды деп ойлойсуңар? (Окуучулар өз ойлорун айтышат). Эми болсо силерге дагы бир суроо! Силер каршыңарда мөмө – жемиштерди көрүп турасыңар! Азыр болсо силер өзүңөргө жаккан мөмө – жемиштерге добуш бересиңер. А мен болсо ким кайсыл мөмө – жемишти тандаса, мен анын эмнени жакшы көрүшүн 99 % айтып бере аламын. (Окуучулар кол көтөрүп добуш беришет).
Жаңы темага киришүү 12 мүнөт. - Демек, үйгө берилген жалпылап окуп келүү сабагын да жыйынтыктадык. Маанайыбызды да көтөрүп алдык. Эми болсо бүгүнкү биздин темабызга кайрылабыз. Бүгүнкү биздин темабыз, урматтуу окуучулар, «Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестин жыйынтыктоочу сабак” деп аталат. Бул сабак жыйынтыктоочу сабак болгондуктан мен силерге дал ушул “Ак кеме” повести тууралуу ар тараптуу маалыматтарды бергенге аракет жасаймын. А силер болсо дал ушул учурдан баштап кыргыз адабияты дептериңерди ачып, бүгүнкү күндү жана теманы ошол эле учурда өзүңөргө керек болуучу маалыматтарды жазып тургула.
Бышыктоо (№1) 8 мүнөт. Сахналык көрүнүш. Ар бир топтун мүчөлөрүнө мугалим тараптан окуянын урунттуу жана таасирдүү жерлери таркатылып берилет. Окуучулар кыска убакыттын ичинде алган билимдерин жалпылоо аркылуу сханалык көрүнүштү аткарып беришет.
1 – топ мүчөлөрү сахналаштыруучу окуя! Окуу китептериндеги «Ак кеме» повестинин, анын ичинде 234 – беттеги баланын апталапты көрүп сүйүнчүлөгөнү жана аялдардын апталапка барып соодалашып жаткан жерлерин сахналаштырыщат.
2 – топ мүчөлөрү сахналаштыруучу окуя! 239 – беттеги Баланын Орозкулга китеп кабын мактанган учурларын сахналашытруу;
3 – топ мүчөлөрү сахналаштыруучу окуя! 243 – беттеги баланын Момун чалга жакындап барып, анын мас абалынан үркүп кетип, балык болуп сууга сүзүп кеткендиги тууралуу окуяларды сахналашытырышат.
4 – топ мүчөлөрү сахналаштыруучу окуя! 241 – беттеги баланын ата – энеси тууралуу айтылган сөздөр жөнүндөгү окуяларды сахналаштырышат.
Бышыктоо (№2) 5 мүнөт. Адашкан суроолорду кураштыруу. Эми болсо мен силерге кураштырып жооп берүү үчүн даярдалган тапшырманы бермекчимин. Колумда турган бул кыркылган суроолор атайын башаламандык түргө келтирилген. Ар бир топтун мүчөлөрү ак кагаздагы атайын жасалган А 4 көлөмүндөгү орундукка башаламан суроолорду калыбына келтирген абалда топтоштуруп, ал суроолорго кеңешкен түрдө өз жообуңарды бересиңер.
Бышыктоо (№3) 5 мүнөт. Чыгармадагы каармандардын мамилеси! Ар бир топтун мүчөлөрүнө кагаздан жасалган кемелер таркатылып берилет. Окуучулар ал кемелердин ичинен эки каармандын сүрөтүн табышат жана алардын чыгармадагы мамилеси тууралуу өз ойлорун кеңири айтып беришет.
Баалоо жана кайтарым баалоо 3 мүнөт. Мугалим калтачалардагы тыйындарды эсептеп, жеңүүчү топторду жана сабакка активдүү катышкан окуучуларды белгилеп көрсөтөт. Төрт топтон бирден окуучулар башка топтогу окуууларды баалашат.
Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт. “Ак кеме” повестиндеги каармандардын кийинки жашоосу кандай болот? Бул суроого ар бирибиз жооп издеп, кыскача эссе жазып келебиз.
Мугалим (Музыканын коштоосунда): - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти. Ырас, Чыңгыз Айтматовдун жараткан ар бир чыгармасы бүгүн жана эртеңки күнү чечилчү маселелер эмес. Анын чыгармалары канча убакыт өтсө, дал ошончо убакыт жашаган, кыргыз адабиятында эле эмес, бүткүл дүйнө адабиятында өлбөс – өчпөс орду бар түбөлүктүү чыгармалардын катарында адамзат жашоосу менен бирге жанаша жашай берет. Анткени анын ар бир чыгармаларынын биринчи өзгөчөлүгү адамзат жашоосундагы чыныгы адамдык сапаттарга ээ болгон адамдарды издөө, экинчи бир себеби, анын чыгармаларынын көп учурда табышмактуу аякташы. Чыгарманын ары жагы окурманга табышмак. Мейли ал анын аркы жагын жакшы тарапка, же болбосо жаман тарапка багыттап ой жүгүртсүн, бул ар бир окурмандын жекече көз карашы болуп саналат. Дагы бир жолу айта кетүүчү сөз, балдар, Чыңгыз Айтматовдун өзү жок болсо да, анын чыгармалары кыргыз эли менен тээ кыямат күнүнө чейин бирге жашай берет.