КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРYY БАШКАРМАЛЫГЫ
ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТYРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП - ЛИЦЕЙИ
МИДИН АЛЫБАЕВДИН «КИТЕП ЖАНА ЭРКИНБЕК» «БАРДЫГЫН БИЛҮҮЧҮ КОРОЗ» АТТУУ САТИРАЛАРЫНА
АЧЫК САБАКТЫН
ИШТЕЛМЕСИ
МУГАЛИМ: Илгиз Шамырзаев
ОШ ШААРЫ – 2018
Сабактын темасы: Мидин Алыбаевдин “Китеп жана Эркинбек” “Бардыгын билүүчү короз” аттуу сатиралары
Сабактын максаттары:
БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ | ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ | ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ |
Окуучулар бул сабакта М. Алыбаевдин өмүрү чыгармачылыгы боюнча алган билимдерин жалпылоо менен бирге, анын “Китеп жана Эркинбек” “Бардыгын билүүчү короз” аттуу сатираларынын идеялык – тематикалык мазмуну менен таанышышат. Мындан сырткары сатира деген эмне жана анын жашоодогу орду боюнча кошумча маалыматтарга ээ боло алышат. | Окуучулар акындын “Китеп жана Эркинбек” “Бардыгын билүүчү короз” аттуу сатираларынан үзүндүлөрдү сахналаштыруу аркылуу актердук чеберчиликке, өз алдынча чыгармачылыкка жана сүйлөө чеберчилигине, ошол эле учурда өз оюн тартынбай айта билүүгө, шамдагайлыкка жана тез ой жүгүртө билүүгө өнүгүшөт. | Бул сабакта окуучулар негизинен жашоодо бирин – бири сыйлоого, айтылган сынды туура кабыл алууга, өздөрүнүн жашоодогу ордун билүү менен бирге милдеттерин так аткара билүүгө жана ар бир жанга өзгөчө көңүл бөлүп, жашоодо туура чечим кабыл алууга тарбияланышат. |
Сабактын тиби: аралаш сабак
Сабактын формасы: топ менен иштөө
Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү
Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп ж.б.
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видео ролик, ар кандай көрсөтмө куралдар, буклеттер, китептер ж. б.
Сабактын түзүлүшү
№ | САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ | МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ | ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ | УБАГЫ |
1 | Уюштуруу | Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системасы менен тааныштыруу. | Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо системалары менен таанышышат. | 3 мүнөт |
2 | Сабакка чакыруу | Патамимика оюнун ойнотот | Оюнду жигердүү ойношот | 3 мүнөт |
3 | Жаңы темага киришүү | Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга жаңы темага байланыштуу суроолрду узатуу. | Ар бир командадан бирден окуучу мугалим тараптан берилген суроолорго өз ойлорун айтышат. | 3 мүнөт |
4 | Жаңы теманы өтүү: М. Алыбаев тууралуу учкай маалымат. Сатира тууралуу маалымат “Китеп жана Эркинбек” “Бардыгын билүүчү короз” аттуу сатираларынын Мазмуну | Окуучуларга слайд аркылуу маалымат берет. Слайд аркылуу маалыматтар көрсөтүлөт Слайд аркылуу сатираны үзүндүлөрү чагылдырылып, андан соң окуучулар менен биргеликте талкууланат. . | Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат; Дептерлерине маалыматтарды жазат Окуучулар аңгеменин мазмуну менен таанышышат жана мугалим менен талкуулашат. . | 18 мүнөт |
5 | Бышыктоо №1 | Мугалим эки топтун окуучуларына сатиранын кызыктуу окуялары тууралуу сахна аткарууну берет. | Окуучулар мугалим тараптан берилген сценарийди сахналаштырышат. | 9 мүнөт |
6 | Бышыктоо №2 | Окуучуларга мугалим атайын даярдалган класстерлерди таркатып берет. | Окуучулар мугалим тараптан берилген класстерлерди толтуруп, коргоп беришет. | 5 мүнөт |
7 | Баалоо жана кайтарым байланыш | Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу; | Окуучулар бири – бирин баалашат; | 2 мүнөт |
8 | Үй тапшырмасын берүү | Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү; | Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет; | 2 мүнөт |
Уюштуруу 3 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын эң алгач бүгүнкү сабагыбыздагы алтын эрежелер менен таанышып алалы.
Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:
Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;
Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;
Дептерлерибизге жазабыз;
Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!
Бири – бирибизди сыйлап, бири – бирибизге тоскоолдук жаратпаганга аракеттенебиз.
Азыр болсо мен силерди бүгүнкү сабактын баалоо кыймылы менен тааныштырып койсом. Силер мында “БИЗ СҮЙГӨН САПАТТАР” деген жазууну көрүп турасыңар. Ал эми бул жерде кыргыз элинин улуттук буюмдарынын бири болгон куржунду көрүп турасыздар. Кызыгы, бул куржундун ичинде силерге берилүүчү упайлар топтоштурулган. Бүгүнкү сабакта мугалим тараптан берилген суроолорго туура жана так жооп берген окуучулар гана бул куржунга кол салууга укуктуу болуп саналат жана алар өз топторуна упай алып келишет.
Сабакка киришүү
Азыр болсо силер баарынар доскага чыккыла жана бөлүнгөн топ боюча тургула жана мен силерге азыр кагазда жазылган сөздү көрсөтөм ар бир топтон бирден окуучуга ал окуучу өз тобуна кагаздагы сөздү сөз эмес, үнсүз кыймыл же болбосо мимика менен аткарып берет, а силер таасынар, таап алган топторго жакшы упайлар берилерин эске алгыла
Жаңы темага киришүү 3 мүнөт: - Балдар, силер сатира дегенде эмнени ойлойснар, сатира дегенди кандай элестетесинер, андагы каармандар кимдер, буга чейин кандай сатираларды уккансынар?
Жаңы темага өтүү 18 мүнөт: - Демек, биз бүгүн силер менен биргеликте кыргыз адабияты сабагынан класстар тышкаркы окулуучу чыгармалар, анын ичинде Мидин Алыбаевдин “Китеп жана Эркинбек” “Бардыгын билүүчү короз” аттуу сатираларынын үстүндө кеп кылмакчыбыз. Датаны жана теманы жазабыз
ПЛАН №1. Окуучуларга Мидин Алыбаевдин өмүрү чыгармачылыгына байланыштуу болгон слайд көрсөтүлөт;
ПЛАН №2. Сатира тууралуу маалымат
Сатира адегенде элдик «күлкү» түрүндө пайда болуп, бара-бара искусствонун башка түрлөрүнө (адабият, театр, сүрөт өнөрү жана башкалар) да өткөн. Бүтүндөй чыгарма же чыгармадагы айрым образдар кырдаал, эпизоддор сатиралык мүнөзгө ээ болот. «Манас» эпосунда да сатиранын элементтери арбын учурайт. Эпосто эл турмушунун ар кандай күлкүлүү учурлары, кырдаалдары сүрөттөлүп, эпостун ыр саптарынан сатира менен юморду, сарказм менен иронияны жолуктурууга болот. Эпосто ар бир окуяда күлкүлүү көрүнүштөр, каармандардын кебете-кешпирлеринин сатиралык маанайдагы сүрөттөлүштөрү бар. Баатырлар башынан кечирген оор сыноолор, коогалуу окуялар сатиралык сүрөттөөлөр, күлкүлүү окуялар, көрүнүштөр менен эриш-аркак баяндалат, же окуя күлкүлүү аяктайт жана башкалар Мисалы, Чоң казатка аттанган жоокерлердин ичинен узак жол жүрүүдө чарчап кыйналган Кыргылчалдын абалы баштан-аяк сатиралык планда сүрөттөлөт. Тоодой болгон Манасты унутуп коюп, өлүп кала жаздаган Тазбайматтын жоругуна бүт кыргыз колу күлөт.
ПЛАН №3. Айрым сатиралык мультфильмдерден кыскача үзүндү видеодон көрсөтүлөт
Сатиралардын мазмунун окуйбуз
(Жогорудагы 3 пландын баары тууралуу слайддан маалымат көрсөтүлөт)
Бышыктоо (№1) 9 мүнөт. Азыр болсо мен силерге сатиралардын кызыктуу жерлеринен түзүлгөн сценарийлерди таркатып бермекчимин. Силер болсо ал сценарийлерди сахналаштыруу аркылуу теманы бышыктооңор керек болот.
Бышыктоо (№2) 5 мүнөт. Ар бир топко берилген сүрөттөрдөгү сатиранын кайсы бир жеринен чагылдырылган көрүнүштөрдү табуу жана ал боюнча айтып берүү
Баалоо жана кайтарым баалоо 2 мүнөт: Мугалим асыл сапаттарды бир четтен окуп, соң кайсыл топоун мүчөлөрү жеңгендигин белгилеп өтөт. Класска өзүнүн арнаган белегин тапшырат.
Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: сатира жана сатира жөнүндө түшүнүк жана мындан сырткары дагы кошумча башка сатиралардан окуп келүү
Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!
Шамырзаев Илгизбек Каныбекович
“Мыкты мугалим” кароо – сынагу үчүн даярдалган ачык сабактын иштелмеси
Ош шаары - 2018