СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз эл жомоктору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мекен таануу, 1- класс

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз эл жомоктору»

Мекен таануу. 1-класс

Сабактын максаты: а) билим берүүчү: Окуучулардын жомок жөнүндө түшүнүгүн толуктоо. “Ырыс алды ынтымак” жомогунун маанисин кеңири ачуу менен негизги каармандарга мүнөздөмө берүү. “Ынтымак” деген сөздүн мазмунун түшүндүрүү.

Б) Өнүктүрүүчү: Окуучулардын логикалык ой-жүгүртүүсүн , сүйлөө кебин өнүктүрүү.

В) Тарбия берүүчү: Окуучуларды ынтымака чакыруу, өз ойун эркин айтууга үйрөтүү.

Русурстар: куурчак театры, сүрөттөр, буклет, ватмандар, маркерлер, китептер.

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын түрү: Аралаш

Пайдаланган стратегиялар: Класстер, Венндин диаграммасы

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу

  2. Жаңы теманы түшүндүрүү

А) Жомок менен тааныштыруу

Б) Куурчак театры

3. Бышыктоо

А) Венндин диаграммасы

Б) Класстер

4. Үй тапшырма

5. Баалоо

Сабактын жүрүшү:

Саламдашуу

  1. Чакыруу этабы:

Кана эмесе бүгүнкү сабак көңүлдүү болуш үчүн бири бирибизге жылмайып коёлу. Анда эмесе, балдар көңулүбүздү доскада илинип турган сүрөткө буралы. Ушул сүрөттөр силерге тааныш болуп турабы?

Силер кайдан көрдүңөр эле?

-Демек, балдар, биз бүгүн эмне жөнүндө сүйлөшөт экенбиз?

Туура, жомок жөнүндө сүйлөшөбүз. Силер бул жомоктордон тышкары кандай жомокторду билесиңер?

-Жомокторду ким жазат деп ойлойсуңар?

-Адам. Жазуучу жазат.

Жомоктордун кандай түрлөрүн билесиңер?

-Сыйкырдуу, айбанпттар жөнүндө.

-Балдар, жомок бизди эмнеге үйрөтөт деп ойлойсуңар?

-Боорукерликке, адепке, жакшы болууга, чынчыл болууга.

Азаматсыңар, балдар, силер көп жомок билгиңер келеби?

Көңүлүңөрдү китептерге бургулачы, Булар жомок китептер. Алар силерди жакшы, адептүү, ынтымактуу болууга тарбиялайт. Бүгүн биз кыргыз эл жомогу менен таанышабыз. Жомок эмне жөнүндө болду экен? … Силердин ойуңар туура экенби же жокбу жомокту угуп, көрүп билели.

Көңүлүңөрдү жомоко бургула.

Жомок”

-Балдар силерге жомок жактыбы?

-Жомоктогу кайсы каарман жакты?

-Келгиле балдар, каармандарга мүнөздөмө берели.


Абышка

Акылдуу

Ойчул

Ынтымака чакырат

Адам

Үй бүлө

Балдары

Акылсыз

Ынтымаксыз

Өз өзүнчө жүрөт

Урушпай калышты

-Жомок бизди эң негизгиси эмнеге үйрөтөт экен?

-Кандай деп ойлойсуңар биздин класста ынтымак барбы?

-Бар болсо ал кандай? Айтып бергилечи.

- Демек бплдар, ынтымак деген бул, бир-бирибизге жардам берүү, түшүнүү, чогуу жумуш жасоо экен.

-Балдар силер көргөн жомоктун негизги мааниси эмнеде болду экен?

-Туура айтасыңар. Ынтымактуу болсоңор, урушпай чогуу ойносоңор, көңүлүңөр көтөрүңкү болот.

Чогуу иштесеңер жумуш да тез бүтөт.

Үй тапшырма: Жомокту окуп, түшүнүп келүү.

Баалоо: