Просмотр содержимого документа
«Кыргыз каганаты жазма эстеликтерде»
Кыргыз кагандыгы (VI-IX кк.) жазма эстеликтеринде мыйзам же конституция
Башка көктүрк тамгалуу жазма эстеликтердегидей Энесай жазма эстеликтеринде да мыйзам, токтом, мамлекеттик эрежелер төрү сөзү аркылуу берилген. Аталган сөз Энесай жазма эстеликтеринен төрт жазма эстеликте учурайт: Уйар үчүн төрүңин эте бердим (Кудуреттүү болгонум үчүн мыйзамыңды (бул жерге) орноттум) (Е 92, 2); Алту(н)-Соңа келип, элим-каным төрүсин бунта ур(т)ым (Алту(н)-Соңага келип, мамлекетим-канымдын мыйзамдарын бул жерге орноттум) (Е 38, 1-3); Кара бодуным катыгланың, эл төрүсү ыдмаң (Калайык калкым кайраттан, мамлекеттин мыйзамдарын бузба) (Е 10, 7); Таш тег беңү төрүң (Таш эстеликтер сыяктуу түбөлүк мыйзамдарың) (Интикөл, 2).
Жогоруда берилген мисалдардан көрүнгөндөй, төрү сөзү эки сүйлөмдө эл-кан жана эл төрүси түрүндөгү сөз айкаштарынын курамында орун алып, мамлекет менен өкүмдардын чыгарган мыйзамдарын, эрежелерин чагылдырууда. Белгилүү болгондой, байыркы түрк мамлекеттеринде ар жылы үч жолу той, кеңеш, курултай деп аталган элдик жыйналыш өткөзүлгөн. Бул жыйналыштарда мамлекеттин түрдүү маселелери каралып, жаңы мыйзамдар жана эрежелер кабыл алынчу (Koca, 2003: 78-79). Төрү сөзү да мына ушул той, кеңеш, курултай деп аталган элдик жыйналышта кабыл алынган мыйзам жана эрежелерди билдирген. Жогоруда айтылган сөз айкаштардан эл төрүси сөз айкашын азыркы тилибизге оодарсак мамлекет мыйзамдары, башкача айтканда, конституция деген маани келип чыгат. Элим-каным төрүси сөз айкашы да мамлекет менен өкүмдарымдын мыйзамдары деген маанини берет.
Төрүнүн эмне экенин жакшылап түшүнүү үчүн жогоруда берилген сүйлөмдөрдөгү төрү сөзүнүн колдонулуш өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруп, ар бирин талдоого алуу кажет.
Демир-Суг (Е 92) жазма эстелигинде маркум “Уйар үчүн төрүңин эте бердим (Кудуреттүү болгонум үчүн мыйзамыңды (бул жерге) орноттум) (Е 92, 2)” деп өзү кудуреттүү, күчтүү болгону, колунан келгени үчүн мамлекетинин мыйзамдары менен эрежелерин ишке ашырганын жазат. Демек төрү ишке ашырылышы, аткарылышы, колдонулушу керек болгон, ишке ашырылышында, колдонулушунда күчтү, жасай алуучулукту, кудуретти талап кылган бир түшүнүк. Мындан чыгарыла турган жыйынтык – мамлекеттин мыйзамдарын ишке ашыруу, сактоо байыркы кыргыздар үчүн өмүрүнүн эсеби берилген жазма эстелигинде чагылдырыла тургандай ыйык жана сыймыктуу милдет болуп эсептелген.
Ак-Йүс (Е 38) жазма эстелигиндеги “Алту(н)-Соңа келип, элим-каным төрүсин бунта ур(т)ым (Алту(н)-Соңага келип, мамлекетим-канымдын мыйзамдарын бул жерге орноттум) (Е 38, 1-3)” сүйлөмүндө болсо маркум басып алган, каратып алган бир аймакка мамлекети менен өкүмдарынын мыйзамдарын, эрежелерин орнотконун айтып жатат. Демек жаңы бир жерди мекендеген же башка бир элди карамагына алган байыркы кыргыздар ишти ал жерге, элге мыйзамдары менен эрежелерин орнотуудан башташкан.
Элегешт I (Е 10) жазма эстелигинин ээси “Кара бодуным катыгланың, эл төрүсү ыдмаң (Калайык калкым кайраттан, мамлекеттин мыйзамдарын бузба) (Е 10, 7)” деп калкына кайрылып, алардын кайраттанышын, мамлекеттин мыйзамдарын, эрежелерин бузбашын, сактышын суранып жатат. Муну айтуу менен ал мамлекеттин түбөлүк калышы, элдин жакшы жашоосу үчүн мыйзам менен эрежелердин өтө маанилүү экенин көргөзгөнгө аракет кылган.
Инткөл жазма эстелигиндеги “Таш тег беңү төрүң (Таш сыяктуу түбөлүк мыйзамдарың) (Интикөл, 2)” сүйлөмүндө жазууну жазган Кар Йагыр Эркин аттуу уруу башчысы мамлекеттин мыйзамдарынын таш сыяктуу түбөлүк экендигин белгилеген. Демек байыркы кыргыздар үчүн мамлекеттин мыйзамдары түбөлүк. Анткени мамлекет менен мыйзамдар тыгыз байланышта. Ал эми мамлекеттин түбөлүктүүлүгү ар элде, бардык мезгилдерде негизги маселе болуп келген.