СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын экономикалык социалдык география курсуна киришүү

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын экономикалык социалдык география курсуна киришүү»

№1 сабак. Тема: Кыргыз Республикасынын экономикалык

жана социалдык географиясына киришүү

1-слайд . Саламатсыңарбы кымбаттуу окуучулар. Баарыңарды жаңы окуу жылыңар менен куттуктап, жалпыңыздарга көңүлдүү маанай каалоо менен биз кайрадан 9- класстар үчүн география предметинен теле сабагыбызды баштайбыз.

2-слайд. Окуу түндө алдыңдагы шам чырак

Билим алсаң маңдай ачык жаркырап

Окуу билим көп нерсеге жеткирет

Бул экөөнөн урмат сыйды көп көрөт

Демекчи алгачкы сабагыбызды Жусуп Баласагынды керемет ырлары менен баштагым келди. Андыктан силерди дагы билимдүү жаштардан болуп, талыкпай билим алууңарга чакырамын

3-слайд. Биз Кыргызстандын мекенчил жараны катары, өз мекенибизди жакшы билүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан аны жакындан билип, таанышыбыз керек, билбей, түшүнбөй туруп анын баалуулуктарынын баркына жетүү абдан кыйын. Демек, ар бирибиз Кыргызстандын жаратылышын жана чарбасын жакшылап окуп, үйрөнүшүбүз зарыл. Мына ошол себептен(4-слайд)

4-слайд. Ал эми биздин бүгүнкү сабактын темасы: Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык географиясына киришүү

5- слайд. Биз силер менен бүгүнкү сабагыбызда

  • Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык географиясы курсу менен таанышабыз.

  • Кыргыз Республикасынын географиялык жайгашкан орду, геологиялык түзүлүшү, кен байлыктары, жаныбарлары, ички суулары, мөнгүлөрү туралуу физикалык география курсунда алган билимдерди кайталайбыз

6-слайд Бул курсту окуп үйрөнүүдө, 9-класстар үчүн КРнын экономикалык жана социалдык географиясы окуу китеби, о.э. атлас, контур карта, түстүү калем, ручка, сызгыч жана география дептери талап кылынат.

7-слайд. Ал эми Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык

географиясы курсу эмнени окутат, алгач ушул суроого жооп алалы.

Баарыбыз билгендей география эки бөлүктөн турат.

  1. Физикалык география жаратылышты окутса

  2. Экономикалык география-өлкөлөрдү, калкын, чарбалык иш аракетин жана өнөр жайлардын жайгашуусун окутат.

Ал эми биз 8-класстын окуу курсунда Кыргыз Республикасынын физикалык географиясын окусак, 9-класстын окуу курсунда КРнын экономикалык-социалдык географиясын окуйбуз.

8-слайд. Демек 9-класстын окуу курсунда силер менен КРнын

  • Административдик аймактык бөлүнүшүн

  • КРнын чарбасынын тармактар боюнча жалпы мүнөздөмөсүн

  • Тышкы экономикалык жана социалдык байланыштарын

  • Республиканын жаратылыш компоненттеринин ресурстук маанилерин

  • Айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүүчү өнөр жай тармактарын

  • Экономиканын маанилүү тармагы болгон республиканын рекреациялык ресурстары менен туризм тармагын

  • Ар бир облустун табияты, калкы, тарыхы, чарбасы, маданий турмушу, билим берүүсү, саламаттыкты сактоосу ж.б. тармактары тууралуу окуйбуз


9-слайд. Кыргызстан физикалык жактан тоолуу өлкө деп мүнөздөлсө, экономикалык жактан -эгемендүү укуктук, унитардык, демократиялуу мамлекет. Азыркы кездеги аймагы кол тийгис жана бөлүнгүс экендиги 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал эми мамлекетибиз көз карандысыздыгын алгандан кийин бир топ өзгөрүүлөр болду.Мисалы:

10-Слайд. Мамлекетибиз көз каранды эмес деп жарыяланып, демократиялык

негизде президент шайланды

  • Конституция, мамлекеттик Туу, Гимн, Герб, улуттук валюта кабыл алынды

  • Кыргызстан индустриялуу өлкөлөрдүн катарына кошулуп, реформалар жүргүзүлүп, рынок экономикасына багыт алып, ишкердүүлүктүн өнүгүүсүнө шарт түзүлдү

11-Слайд. Эсибизге салабыз. Ар бир өлкөнүн экономикалык географиялык абалы коңшу мамлекеттерге карата абалын жана алар менен болгон өз ара мамилелерин мүнөздөйт. Келгиле анда, экономикалык географиялык абалын кайрадан эсибизге салалы балдар.

12-Слайд . Кыргызстан- Чыгыш жарым шардагы эң чоң материк Евразиянын борбордук бөлүгүнөн, Борбордук Азиянын түндүк батышынан орун алып, дүйнөлүк океандардан алыс жайгашкан.

13-Слайд. Кыргызстан - түндүгүнөн жана түндүк чыгышынан Казакстан, батышынан Өзбекстан, түштүк батышынан жана түштүгүнөн Тажикстан, түштүктөн жана түштүк чыгышынан Кытай менен чектешет.


14-Слайд

  • Жалпы аянты -198,5 миң чарчы км

  • Чек арасынын жалпы узундугу – 4508 км

  • Батыштан чыгышка -925 км

  • Түндүктөн түштүккө – 454 км

  • Кыргызстан-бийик тоолуу өлкө, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750м, эң бийик жери-7439 м, Жеңиш чокусу (Какшаал тоо тизмегиндеги Чоң Ак –Тоодо)

  • Деңиз деңгээлинен эң жапыз жери -401м

(Лейлек районунун аймагындагы Кулунду өрөөнү)

15-Слайд

Кыргызстандын жери бүт бойдон Урал-Монгол геосинклиналдык бүктөлүү аймагынын чегиндеги Теңир Тоо тармагына кирет. Анын геологиялык түзүлүшү палеозойго чейин жана палеозойдо пайда болгон түрдүү тоо тектерден туруп, аларды мезозой менен кайназойдун чөкмөлөрү каптап турат

17-Слайд Түндүк Теңир-Тоого - Иле, Күңгөй, Кыргыз, Тескей Ала-Тоо, Жумгал, Суусамыр, Соң-Көл кырка тоолору жана Талас Ала-Тоосунун жарымы кирет дагы, аймактын структурасы (негизинен коледондук тоо катталыш циклинде түзүлгөн)

Ортоңку Теңир-Тоо – Сары-Жаз, Көөлүү, Жетим, Молдо-Тоо, Ак-Шыйрак, Чаткал ж.б. кырка тоолор (Палеозойдогу Герцин тектоникалык циклинде түзүлгөн)

Түштүк Теңир Тоо- Эңилчек,Борколдой, Ат-Башы, Какшаал, Фергана, Алай, Туркстан (Палеозойдогу Герцин тектоникалык циклинде түзүлгөн)

Түндүк Памирге- Чоң Алай кырка тоосу (Соңку Герцин бүктөлүү аймагында жайгашкан


18-Слайд Ал эми кен байлыктары жөнүндө айта турган болсок,

  • Металлдардан -темир, жез, коргошун, цинк, молибден, боксит, висмут,сымап, сурьма,алтын, калай ж.б

  • Металл эместерден-акиташ, мрамор, гранит,сиенит, гипс, табигый курулуш материлдар чопо,кум, шагыл ж.б.кирет


19-слайд. Күйүүчү заттарга -көмүр, күйүүчү сланец, чым көң, газ жана нефть кендери кирет

Кыргызстанда жер алдындагы тузсуз сууларга бай,50дөн ашык минералдуу жылуу жана ысык суу чыккан жерлер бар, дары баткактар негизинен Ысык-Көлдө жана Чүйдө таралган.



20-21-слайд. Көмүрдүн запасы боюнча Кыргызстан Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен алдынкы орунду ээлейт.Жалпы запасы 28 317 млн тонна. Көбү Өзгөн бассейни менен Кабак күрөң көмүр бассейнинде топтолгон. Ири көмүр бассейндерине:

  • Алабуга-Чатыр көл көмүрлүү аймагы (Ак-Сай, Тунук)

  • Алай- (Бел-Алма,Кашка-Суу)

  • Түндүк Фергана (Таш-Көмүр, Каратыт, Тегене ж.б)

  • Түштүк Фергана (Кызыл Кыя, Сүлүктү,)

  • Түштүк Ысык-Көл (Жыргалаң, Сөгөттү)

  • Кабак Күрөң-Көмүр бассейни (Миң-Куш, Кара-Кече, Көк Мойнок

  • Өзгөн бассейни – (Көк-Жаңгак, Кумбел, Зиндан, Туюк, Фергана, Көк-Кыя, Кара-Төбө, Беш-Терек, , Алдыяр)

22-Слайд карта менен иштөө

  • Нефть, газ Кыргызстандын түштүгүндө таралып, Фергана нефть-газ аймагына кирет.

  • Нефть - Майлусуу, Чыгыш Избаскен, Чаңгыр-Таш, Кара-Жыгач

  • Газ – Кызыл-Алма, Сузак, Сары- Камыш, Сары-Таш

23- 24слайд картага слайдды кошуп айтам

  • Кыргызстандын аймагында негизинен темир, жез, коргошун, цинк, молибден, боксит, висмут, сымап, сурьма, алтын жана калайдын кендери бар

  • Темир- Жетим кырка тоосунун Жетим темир кен таш бассейнинде жана Бала-Чычкан темир кенинде жайгашкан

  • Жез-көпчүлүк аймактарда кездешет. 1 миңдей майда кендери бар. М:Боз-Эмчек о.э. Чаткал зонасынын Куру-Тегерек, Сулуу-Тегерек о.э.Таласта Талды-Булак жана Андаш кендери бар. Сурьма- кен таштарынын өнөр жайлык маанидеги кендери Түштүк Кыргызстанда тагыраагы Кадамжайда жана Терек-Сайда ж.б.

  • Алтын- КРгы кен байлыктардын ичинен алдыңкы орунда. Ири кендери Кум-Төр(Жети-Өгүз), Макмал(Тогуз-Торо), Жер-Үй (Талас), Солтон-Сары (Нарын), Куру-Тегерек (Чаткал)ж.б.

Талды-Булак Талас облусунда, Кемин районунда да Талды-Булак кени бар.

25-слайд. КРнын климаты кескин континенттүү, океандан алыс, чөлдөргө чектеш жатышына жана аймагынын көп бөлүгүнүн туюк болушуна байланыштуу

Июлдун орточо температурасы +20 + 27°С,

Январдын орточо температурасы -8 - 20°С


  • жай айлары бардык жерлеринде айрыкча-Фергана, Чүй, Талас өрөөндөрүндө ысык, кургакчыл келет, о.э. эң жогорку температура Фергана, Чүй өрөөндөрүндө+43°С жетет.Ал эми эң суук температура -53 °С 1966-жылы Аксай өрөөнүндө катталган.

  • Жаан чачын эң көп жааган аймак – Фергана тоо кыркасынын түштүк батыш бөлүгүндө , мында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1500-2000 мм ге жетет.

  • Ал эми эң аз жааган жери Ысык-Көлдүн түштүк- батыш жээги Балыкчыда 100-140 мм.






26-Слайд

Мөңгүлөр -Республиканын жалпы аянтынын 4,2%ын ээлейт. Алардын жалпы аянты 8100 чарчы км. мөңгүнүн көп бөлүгү Кыргызстандын чыгыш четинде жайгашкан. Алардын ирилери Түштүк Эңилчек (60,5км), Түндүк Эңилчек (32,2 км), Кайыңды (29 км), о.э. Тескей Ала-Тоосу, Кыргыз Ала-Тоосу, Какшаал, Ак-Шыйрак, Чоң Алай кырка тоолорунда да ири мөңгүлөр жайгашкан.

27- Слайд

Ички суулары Кыргызстан суу ресурстарына бай. Кыргызстанда жалпы 2100 дөн ашык көлдөр жана көлмөлөр, о.э. 28 000ге жакын дарыялар жана агын суулар бар. Алар республиканын аймагынын 3,4%ын ээлейт. Эң ири көлдөргө Ысык-Көл,Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Чаткал кырка тоосунун түштүк капталынан орун алган Сары-Челек көлү кирет. Токтогул суу сактагычы КРгы ири суу сактагыч болуп саналат


28-слайд Өсүмдүктөрдүн 4000ге жакын түрү бар, алардын 1600 түрү пайдалуу өсүмдүктөр болуп саналат.Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн чөл, талаа, шалбаа, саз, бадал жана тоо тундрасы ж.б. типтери кездешет.

29-слайд Өсүмдүктөрдүн таралышы башка жаратылыш компоненттериндей эле бийиктик алкактуулукка, зоналдуулукка жана аймагындагы кырка тоонун абалына, топурак кыртышынын курамына баш ийет.

30-слайд

Аркар,илбирс,тоо эки,карышкыр,түлкү,суур,бүркүт,улар ж.б. көптөгөн жаныбарлар жана канаттуулар мекендейт.

31-Слайд Табият жана анын ресурстары, элдин материалдык жана маданий өсүшүнүн булагы катары камсыз кылат.Бирок табият ресурстарын сарамжалсыз пайлалануудан жаратылыш жабыркоодо. Мына ушундай терс көрүнүштөрдөн зыян тартып жаткан жаратылышыбызды сактап калуу жана жок болуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарларды калыбына келтирүү, табигый ресурстарды үнөмдүү пайдалануу максатында бир катар иш чаралар ишке ашырылып келет, алардын эң негизгилеринин бири болуп аймактарды коргоого алуу болуп саналат.


32-Слайд

  • 81 табигый аймактык комплекс коргоого алынган.

  • Анын ичинен улуттук табият парктары; Ала-Арча, Каракол,Чоң Кемин.

  • Табият парктары- Беш-Таш, Кыргыз-Ата, Кара-Шоро

  • Ысык-Көл биосфералык резерваты.

  • 6 корук- Беш-Арал, Сары-Челек, Кара-Тал-Жапырык, Сары-Чат-Эрташ, Ысык-Көл, Нарын.

  • 68 заказник заказник бар

  • Кызыл китепке өсүмдүк менен жаныбардын 146 түрү катталган.

33- слайд КР нын физикалык географиясынан алган билимдер мындан ары КР нын экономикалык жана социалдык географиясын окуп жатканыбызда да жардам берет,себеби, климаты, жаратылыш шарты, кен байлыктары, ички суулары өлкөнүн чарбасынын өнүгүшүнө өбөлгө болот жана ошондой эле административдик аймактарга бөлүүдө да мына ушул жаратылыш шарты эске алынат, облустардын ар бирине кайрылганыбызда да ар облустун экономкасындагы айырмачылыктар да дал ушул жаратылыш шарттарынан көз каранды экенин баамдап, түшүнөбүз.



34-слайд. Ал эми силер менен биз бүгүнкү сабагыбызда

  • Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык географиясы курсу менен тааныштык

  • Ага кошумча географиялык жайгашкан орду, геологиялык түзүлүшү, кен байлыктары, жаныбарлары, ички суулары жана мөнгүлөрү туралуу физикалык география курсунда алган билимибизди эске алып

  • ал курстун жаңы өтүлө турган экономикалык жана социалдык курсу менен байланыш курдук


32-Слайд


Мына балдар, карагылачы Кыргызстаныбыз кандай кооз, сулуу, керемет жер. Көк мелжиген бийик, биз сыймыктана ала турган тоолор, көлдөр, мөңгүлөр, кен байлыктарыбыз бар. Мына ошол табият ресурстарынын баары адамзаттын ар түрдүү иш аракетинен бузулуп, жабыркайт. Алардын ичинде кайра калыбына келбей турган дагы түрдүү ресурстар бар. Андыктан, жаратылыштын ар бир компоненти коргоого муктаж. Жаратылыш бул бизге керек десек анда жаңылышабыз, себеби жаратылыш бул биздин жашообуздун өзү. Демек, ар бирибиз жаратылышты коргоого жана сактоого милдеттүүбүз. Себеби, жаратылыш бул адамзатка аманат. Биз жаратылышты улуулардан мурастап, кичүүлөргө аманат кылып калтыра турганыбызды унутпашыбыз керек. Демек, бардыгыңарды жаратылыш менен таттуу мамиледе болууга чакыруу менен бүгүнкү сабагыбызды жыйынтыктайбыз.

Келерки теле сабактардан кездешкенче саламатта тургула!