IV чейрек Предмет: Адам жана коом
9-класс
Мугалими: Бердиева Бурулай Салиевна
Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү Сабактын усулу: Интерактивдүү ыкма Сабактын жабдылышы: Окуу китеби,
план-конспект,схемалар,сүрөттөр,
таблицалар,техникалык каражаттар .
Сабактын темасы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
Сабактын максаты:
- 1.Билим берүүчүлүк-окуучулар Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө маалымат алышат,
- 2.Өнүктүрүүчүлүк-окуучулар сынчыл-ойломдорун,ык-машыгууларын,көндүмдөрүн өнүктүрө алышат,
- 3.Тарбия берүүчүлүк-окуучулар окутулган окуу материалдарын практикалык жагдайларда колдоно билүүгө,конституциянын маанилүүлүгүн түшүнө алышат.
Түшүнүктөр: Конституция -бул мамлкеттин түзүлүшүн,адамдардын жана жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин бекиткен жана жогорку юридикалык күчкө ээ болгон юридикалык документ болуп эсептелет. Конституциялар формасы боюнча экиге бөлүнөт- 1)белгилүү бир схемага жараша түзүлгөн бирдиктүү документ турүндө, 2)ар түрдүү мыйзамдардын жыйындысы(Улуу Британия,Жаңы Зеландия,Израилдин конституциялары жок) түрүндө болот.
- Дүйнөдөгү биринчи Конституция болуп 1787-жылы кабыл алынган АКШ Конституциясы эсептелет.
-Европада болсо 1791-жылы Францияда Улуу Француз революциясынын жеңишинен кийин кабыл алынган.
-Россияда Октябрь революциясына чейин Конституция болгон эмес,революциядан кийин РСФСРдин,СССРдин андан соң союздук республикалардын Конституциялар ы кабыл алынган.
-Биринчи жолу 1929-жылы 30-апрелде Кыргыз АССРинин II съездинде Кыргыз АССРинин Конституциясы кабыл алынган.1937-жылы
20-мартта республикалык Советтердин V съездинде Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган.Ушул Конституциянын принциптерин сактап,айрым толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен 1978-жылы 20-апрелде Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган.
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин XII сессиясында кабыл алынган.8 главадан,97-беренеден турат.Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор референдум аркылуу киргизилет.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы 2006-жылы ноябрь,декабрь айларында КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган,IX главадан 101 беренеден турган.
- 2007-жылы 21-октябрда референдум аркылуу өзгөртүлүп,IX глава 98 беренени камтыган.
- 2010-жылы 27-июнда КР Конституциясы дагы бир жолу референдум аркылуу өзгөртүлгөн.Бул Конституция IX бөлүмдөн,114 беренеден турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылы 5-май
КР Конституциясы
8глава жана 97 беренеден турган
V глава Аткаруу бийлиги 69-берене
1-бөлүм Өкмөт 70-75- берене
2-бөлүмЖергиликтүү мамлекеттик администрациясы
76-77- берене
3-бөлүм Прокуратура
I глава.Кыргыз Республикасы
1-бөлүм Жалпы принциптери 1-6 берене,7-12-берене
II глава.Жарандар.
1-бөлүм.Жарандык.2-бөлүм Жарандын укуктары жана эркиндиктери
3-бөлүм Жарандын укуктары жана милдеттери 13-20 жана 21-41- беренелери
VI глава Сот жана сот адилеттиги 79-90- берене
VII глава Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу
91-95- берене
III глава Президент
1-бөлүм Президентти шайлоо 43-45- берене
2-бөлүм Президенттин ыйгарым укуктары 46-53- берене
VIII глава КР Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 96-97 -берене
IV глава Жогорку Кеңеш 54-57-берене
1-бөлүм МЧЖ жана ЭӨ 58-63-берене
2-бөлүм Мыйзам чыгаруу ишмердиги 64-68- берене
Өзүңөрдү текшергиле: 1.Конституция жөнүндө эмнени билдиңер? 2.Кыргыз Республикасынын Конституциясы качан кабыл алынган?
3.Конституциянын башка мыйзамдардан айырмасы эмнеде? Баалоо: көрсөткүчтөргө карап бааланат,бирин-бири баалайт. Үйгө тапшырма:&5 текстти окуп,схемаларды дептерге сызып(22-25 беттер),кайталоо үчүн суроолорго жооп жазып келүү.