СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикалары" лекция

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикалары" лекция»





Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикалары

Компетенттүүлүк: мамлекеттик символикалардын милдеттерин түшүнөт жана түшүндүрүп берет; терминологияны билет.

Сабактын максаты:* окуучулардын мамлекет жана КР символикалары жөнүндө түшүнүктөрү кеңейт. *Коомдун азыркы кездеги түзүлүшү, курчап турган дүйнө жөнүндө адамдын билим деңгээлинен коомдун түзүлүшүнүн көз карандылыгы жөнүндөгү түшүнүктору калыптанат. *Адамдарга урмат-сый менен мамиле жасоого, Мекенди сүйүүгө, Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттагы адамдардагы толеранттуу мамилеге тарбияланышат. Мекенди сүйүүгө үйрөнөт.

Күтүлүүчү натыйжалар:*Окуу материалын тушунсө; Берилген тапшырмаларды так аткара алса; Өтүлгөн тема боюнча өз оюн эркин баяндап бере алса; Топто иштей алса. Сабактин тиби: Киришүү Сабактын формасы: Топто иштөө Жабдуулар: Кыргыз Республикасынын картасы, Гимни, Гербдин,Туунун,КР жаратылышынын сүрөттөрү. Сабактын жүрүшү Уюштуруу учуру . Сабактын темасы боюнча иштөө Алып баруучу: Бүгүнкү сабакта Кыргызстан жөнүндө, биз жашаган өлкө жөнүндө, мамлекеттин символикалары жөнүндө, адамга карата урмат-сый менен мамиле жөнүндө, өз Мекенин сүйүү жөнүндө айтабыз. Жаңы материалды үйрөнүү.Алып баруучу: Ар бир мамлекеттин ссимволикалары бар: туу, герб, гимн. – Гимн деген эмне? (Гимн – өлкөнүн негизги ыры. «Гимн» грекче – «мактоо» дегенди билдирет. – Гимнде эмне макталат деп ойлойсуңар? – Гимнди кандайча угуу керек? (Аны туруп угушат. Гимндин сөздөрүн мамлекеттин ар бир жараны билүүгө тийиш.) Кыргызстандын Гимнин угуу жана ырдоо. Аңгемелешүү. Окуу китеби менен иштөө Топто иштөө:• түрдүү мамлекеттердин тууларын жана гербдерин кароону, алардын ичинен биздин өлкөнүн туусун жана гербин табуу; • окуу китебиндеги символикалардын сүрөттөлүштөрүн пайдалануу менен Кыргызстан жөнүндө маалымат даярдоо жана айтып берүү; • окуучуларга сунушталган символикалар боюнча башка мамлекеттер жөнүндө айтып берүү .

Алып баруучу: Биздин өлкөбүздө мамлекеттик символикалардан башка мамлекеттик майрамдар да бар. Аларды Кыргызстандын бүткүл эли белгилейт. Бул күндөр дем алыш, жумушчу эмес күндөр болуп эсептелет, календарда алар кызыл түс менен белгиленген.

– Кайсы майрамдар жакында эле пайда болгонун айтып бергиле?

-Аларды эмне үчүн белгилешет?

– Кайсы майрамдар мамлекеттик деп эсептелет?

Дене тарбия мүнөтү .

«Бутак» деп аталган дем алуу көнүгүүсү.

Нускама. Түз тургула, колуңарды ылдый түшүргүлө. Мурдуңар менен терең дем алып, колду жай жогору көтөргүлө. Күндү карай жогору карап,дем чыгарбай тургула. Оңго жантайып, колуңарды көтөргөн бойдон баштын үстүндө кармап, жай дем чыгаргыла. Кайрадан дем чыгарбай тургула. Түздөнүп, мурун аркылуу жай дем алгыла. Кайрадан дем чыгарбай тургула. Солго жантайып, ооз аркылуу дем чыгаргыла. Кайрадан дем чыгарбай тургула (үч жолу кайталагыла).

Кыргызстандын картасы менен иштөө

Алып баруучу:

– Биздин мамлекеттин аймагын кандайча аныктоо керек? (Картада мамлекеттер бири-биринен мамлекеттик чек ара аркылуу бөлүнгөн, ал кызыл сызык менен чийилет.)

– Эмне үчүн картада ар бир мамлекетте бир шаар чоң тамгалар менен,ал эми калгандары кичине тамгалар менен жазылган? (Чоң тамгалуулар мамлекеттин башкы шаары – анын борбору).

– Кайсы шаар Кыргызстандын борбору? (Бишкек шаары.)

Жаңы материал менен иштөө “Адам жана коом” Аңгемелешүү Үй-бүлө жана эл – бул коомдун бөлүгү. Адамзат коомун бир чоң үй-бүлө деп атоого болот. Адам эл ичинде, коомдо жашайт. Силер таандык болгон эл – коомдун бөлүгү. Жаран деп ким аталат? (Ал эркин жана жоопкерчиликтүү адам, ал кайсыл бир мамлекетке таандык болот.)

Окуу китебинин сүрөттөрү менен иштөө – Мамлекет жарандарынын дагы кандай милдеттери бар? – Ойлонгула. Биздин өлкөнүн жарандары кандай укуктарды пайдаланышат?

Топтук иш

Класс топторго бөлүнөт. Ар бир топко түрдүү элдердин кийимдерин кийген адамдардын сүрөттөрү бар барак берилет. Алып баруучу:– Адам Жерде жашоо менен кандай сапаттарга ээ болушу керектигин ойлонгула жана санагыла?

– Сүрөттөрдөн сырткы түрү, кийими боюнча ал кайсы улутка жана элге таандык экендигин аныктагыла.

Окуучулар тапшырманы аткарышат. Жоопторун окушат.

Жыйынтык:Эгерде баардык адамдар айкөл, акылдуу, чечкиндүү, күчтүү, ак ниет ж.б. болсо, анда Жерде чыр-чатак, согуштар болмок эмес. Адамдар бири-биринен жапа чегип, бирин-бири жаман көрбөйт болучу. Биз бүгүн коом, мамлекет, жаран деген жаңы түшүнүктөр менен тааныштык– «Коом» деген сөз эмнени билдирет? Ал кимдерди бириктирет? – Мамлекет деген эмне? – Ким мамлекеттин жараны болуп саналат? Коомдо чыр-чатак болбоо үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу зарыл? – Өлкөнүн жаранынын негизги милдеттерин атагыла. – Адам кандай укуктарга ээ?

Сабакты жыйынтыктоо Сабакта алган кайсы маалыматтарды силер өзүңөр үчүн маанилүү деп эсептейсиңер? Эмне үчүн?