СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын туусу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын туусу»

Туудагы тустор жана символикалык белгилер

Ак тус-акыйкаттын, айколдуктун, адилеттиктин, жакшылыктын, кечиримдуулуктун,тазалыктын символу. «Манас» эпосунда Манас атабыздын ичи да, тышы да ак тусменен сыпатталат (ак пейил, ак журок, ак конул, Ак кула, ак олпок, ак келте, ак шумкар, ак кементай ж.б) Элибизде ыйыктык «ак» деген соз менен туюнтулат (Жараткандын бир аты Ак, ак –эненин суту, ак-ыйык азык, ак бата-ыйык бата ж.б).

Кок тус-ай-ааламдын, асмандын чексиздиктин, кучтуулуктун, кайраттуулуктун, эрктуулуктун тайманбастыктын символу. Кок-Тенирге (кокко) сыйынуу-элибиздин рухий ишенимдеринин туу чокусу. Ак-кокту айра таануу-акыл-эске тоолуу турмушту тушунуу ж.б.

Кызыл тус-бийликти, женишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанаттысыпаттаган тус. Хан которулгондо ага арнап атайы кызыл кийим тигишкен. Кун-омурду, туболуктуулукту, мээримдуулукту, айколдукту, куностуу олкобузду, илим-билимди, бейпилдикти, тенчиликти,жылуулукту туюнтат. Тарыхый булактарда Гунндар (Кун балдары)- кыргыздын тупку аталары делет.Кырк нур-кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин тузгон кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген. Тундук-кочмон маданиятын, оз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, онугуп-осууну, ата салтын, эне адебин, уй-булону туюнткан символ. Тундук-Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабадан мурастап алган моор-тамгасы.Ал эч бир олконун символунда жок, уникалдуу, ыйык таберик. Кун тундуктон чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир тундуктун айланасынабаш кошуп, бир тундукту-Кыргызстанды которуп турган коп улуттуу калктарды да элестетет. Философиялык мааниде тундук-«тогороктун торт бурчу» деген ой-туюмун чагылтып, ааламдын, жер шаарынын, адамзаттын, коомдун бутундугун,мезгил менен мейкиндиктин ажырагыс биримдигин сыпаттап турат. Айлана-баш-аягы жок мезгилди, ашташкан чамгарактар-дуйнонун торт тарабын туюнтат.Ааламдын куту-Кун. Ааламдын куту-Тундук. Аалам адамга тундук аркылуу кут тартуулайт. Кун тундуктун символикасы-Жараткан ар дайым Жарандарга ырайымдуу болуп, нурун тогуп, Жарандар ар убак Жаратканды эстеп, жадынан чыгарбай журсун деген умут-тилектин белгиси. Ч.Айтматов жазгандай, кыйыр-чеги жок кен ааламдын койнунда, булуттуу коктун астында, булангыр жердин устундо озгорулбос,оошпос, бузулбас, жешилбес, сынбас, болунбос, эч нерсе жок.





Жасалган нерсенин баары сынып, кайра жасалат, кайра сынып, кайра жасалат.Ай-ааламда туболук турган аз гана нерсе бар. Тободогу Кун туболуктуу. Кунду жандап, кун менен ай ортосунда каалгый тынымсыз сапар чеккен Жер туболуктуу. Кун менен жерди койнуна батырып, ал муздактан аман алып келаткан Кок туболуктуу.Ушулардын маани-манызына жетип, кадыр-касиетин туя билген адам туболуктуу. Мамлекеттик желекте мына ушундай улуу идеяларды камтыган символдор чагылдырылган. Корунуп тургандай, мамлекеттик желектеги тустор жана белгилер-элибиздин улуттук рухий дуйно таанымынан, тарыхый басып откон жолунан, эстетикалык корком татымынан келип жаралган символдор. Алардын мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу бул доолоттордун коонорбостугунун, ыйыктыгын, элибиздин отконду унутпай, келечекке ишенимдуу карагандыгын корсотот. Желек-адамдын руху сыяктуу нарктуу, дили сыяктуу таза, жузу сыяктуу корком болушу керек. Ал санжыраны, эпосту, тарыхый чындыкты журулуштуруп, калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырып, козго суйкумдуу корунуп, сыймыктанып турган рухий жана материалдык ыйык таберик болууга тийиш. Ал уруктун, уруунун, канаттын, аймактын эмес, улуттук мамлекеттуулуктун символу болгондуктан, андагы ар бир элемент, тус, символ олконун жарандарынын жерине, тегине, динине, дилине, улутуна болбой, буткул элди баш коштуруп, аларды ушул олконун жараны экендигине сыймыктантып турушу керек. Мындай руханий улуу сабак «Манас» дастанында таасын чагылдырылган: ар турлуу уруулар биригип, бир элди тузот, ар башка элдин уулдары (Манас менен Алманбет) эмчектеш бир туугандар болот ж.б.

Мамлекеттик желек бардык мамлекеттик мекеме, уюмдарда, ар бир айыл окмотундо, райондук, шаардык, областтык, мамлекеттик администрацияларда министрликтер менен ведомстволор, парламенттин жана окмот уйунун имараттарында которулуп турат. Ал олконун борбордук аянтында, бардык областтардын жана райондордун борбордук аянтарында которулуп турат. Окмот башчысынын жардыгы менен 3-март атайын мамлекеттик желектин куну деп белгиленген.











№32 Бекназар атындагы орто мектеби















Доклад

Тема:Туудагы түстөр жана символикалык белгилер







Мугалим : Аширова Ж

2019-жыл 4-март