СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө түшүнүк, кантип түзүлгөндүгү, негизги этаптары, ошондой эле Улуттук архив фондунун деңгээлиндеги документтерди класификациялоо алардын белгилерине мүнөздөмө берүү тууралуу маалымат берилген. 

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду»

Тема: Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген Текшерген: Темирбек уулу Идеат

Тема: Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду

Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген

Текшерген: Темирбек уулу Идеат

План: Улуттук архив фонду жөнүндө түшүнүк. Улуттук архив фондун түзүү. Негизги этаптары. Улуттук Архив фондунун деңгээлинде документтерди классификациялоо . Улуттук архив фондунун чегинде документтерди классификациялоонун белгилерине мүнөздөмө.

План:

  • Улуттук архив фонду жөнүндө түшүнүк.
  • Улуттук архив фондун түзүү. Негизги этаптары.
  • Улуттук Архив фондунун деңгээлинде документтерди классификациялоо .
  • Улуттук архив фондунун чегинде документтерди классификациялоонун белгилерине мүнөздөмө.
Улуттук архив фонду жөнүндө түшүнүк.   Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду – бул тарыхый жактан калыптанып жана такай толукталып туруучу, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн ар түрдүү этаптарында мамлекеттик, экономикалык, коомдук-саясий, социалдык-маданий чөйрөлөрдүн иш процессинде түзүлгөн документтердин жыйындысы.

Улуттук архив фонду жөнүндө түшүнүк.

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду – бул тарыхый жактан калыптанып жана такай толукталып туруучу, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн ар түрдүү этаптарында мамлекеттик, экономикалык, коомдук-саясий, социалдык-маданий чөйрөлөрдүн иш процессинде түзүлгөн документтердин жыйындысы.
Улуттук архив фондунун документтери элдин тарыхый жана маданий мурасы жана энчиси, анын документтештирилген тарыхы болуп саналат. Улуттук архив фонду өз алдынча маалымат түзүмү жана улуттук маалымат ресурсунун ажырагыс бөлүгү болуп, коомдун улам өсүп жаткан маалыматка болгон талабын камсыз кылууга, мамлекетти башкарууга, илим жана маданияттын өнүгүш маселелерине кызмат өтөйт. Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттик маалымат ресурстарынын бөлүгү болуп, башка маалымат ресурстары катарында мыйзам аркылуу корголот. Улуттук архив фондусу менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын территориясында иштеген жана иштеп жаткан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын иш процессинде түзүлгөн документтерден, ошондой эле чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын документтеринен турат.
  • Улуттук архив фондунун документтери элдин тарыхый жана маданий мурасы жана энчиси, анын документтештирилген тарыхы болуп саналат. Улуттук архив фонду өз алдынча маалымат түзүмү жана улуттук маалымат ресурсунун ажырагыс бөлүгү болуп, коомдун улам өсүп жаткан маалыматка болгон талабын камсыз кылууга, мамлекетти башкарууга, илим жана маданияттын өнүгүш маселелерине кызмат өтөйт. Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттик маалымат ресурстарынын бөлүгү болуп, башка маалымат ресурстары катарында мыйзам аркылуу корголот.
  • Улуттук архив фондусу менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын территориясында иштеген жана иштеп жаткан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын иш процессинде түзүлгөн документтерден, ошондой эле чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын документтеринен турат.
Улуттук архив фондусу мамлекеттик архивдердин, ведомстволук архивдердин, менчигинин түрү ар кандай болгон юридикалык жактардын архивдеринин документтеринен, коомдук бирикмелер жана жеке адамдардын документтеринен түзүлөт. Улуттук архив фондусу тартууга алынган, мураска калган документтер, юридикалык жактардын, жарандардын жеке менчигиндеги баалуу документтерди сатып алуу жана чет мамлекеттерден келген документтер менен толукталат.
  • Улуттук архив фондусу мамлекеттик архивдердин, ведомстволук архивдердин, менчигинин түрү ар кандай болгон юридикалык жактардын архивдеринин документтеринен, коомдук бирикмелер жана жеке адамдардын документтеринен түзүлөт.
  • Улуттук архив фондусу тартууга алынган, мураска калган документтер, юридикалык жактардын, жарандардын жеке менчигиндеги баалуу документтерди сатып алуу жана чет мамлекеттерден келген документтер менен толукталат.

Улуттук архив фондусунун курамына мыйзам актылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун токтомдору, буйруктары жана нускамалары, эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер, тышкы саясатка тиешелүү башка документтер, прокуратуранын жана соттордун материалдары, башкарууга тийиштүү, статистикалык, илимий, технологиялык, ченемдик-техникалык, долбоорлооконструктордук, патенттик, картографиялык, геологиялык, телеметрикалык жана машина окуй турган документтер, аудиовизуалдык документтер, көркөм кино ленталар, видеотасмалар, илимий, адабий, көркөм, музыкалык жана башка кол жазмалар, колго тартылган сүрөттөр, күндөлүктөр, мемуарлар, өздүк курам боюнча документтер жана документтердин башка түрлөрү кирет. Документтерди Улуттук архив фондусунун курамына киргизүү, белгиленген тартипте, алардын баалуулугун аныктаган экспертизанын негизинде жүргүзүлөт.
  • Улуттук архив фондусунун курамына мыйзам актылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун токтомдору, буйруктары жана нускамалары, эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер, тышкы саясатка тиешелүү башка документтер, прокуратуранын жана соттордун материалдары, башкарууга тийиштүү, статистикалык, илимий, технологиялык, ченемдик-техникалык, долбоорлооконструктордук, патенттик, картографиялык, геологиялык, телеметрикалык жана машина окуй турган документтер, аудиовизуалдык документтер, көркөм кино ленталар, видеотасмалар, илимий, адабий, көркөм, музыкалык жана башка кол жазмалар, колго тартылган сүрөттөр, күндөлүктөр, мемуарлар, өздүк курам боюнча документтер жана документтердин башка түрлөрү кирет.
  • Документтерди Улуттук архив фондусунун курамына киргизүү, белгиленген тартипте, алардын баалуулугун аныктаган экспертизанын негизинде жүргүзүлөт.
Улуттук архив фондусу эки бөлүктөн – мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүгүнөн турат. Улуттук архив фондусунун мамлекеттик бөлүгү мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын, жана ишканалардын документтери; уставдык капиталында мамлекеттик менчик басымдуулук кылган, менчигинин түрү ар кандай болгон мекемелердин, уюмдардын, жана ишканалардын документтери, ошондой эле мамлекеттик архивдерге мамлекеттик сактоого берген документтер кирет. Мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин менчигинин түрү өзгөргөн кезде өзгөргөнгө чейин түзүлүп топтолгон документтер Улуттук архив фондусунун мамлекеттик бөлүгүнө кирет.
  • Улуттук архив фондусу эки бөлүктөн – мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүгүнөн турат. Улуттук архив фондусунун мамлекеттик бөлүгү мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын, жана ишканалардын документтери; уставдык капиталында мамлекеттик менчик басымдуулук кылган, менчигинин түрү ар кандай болгон мекемелердин, уюмдардын, жана ишканалардын документтери, ошондой эле мамлекеттик архивдерге мамлекеттик сактоого берген документтер кирет.
  • Мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин менчигинин түрү өзгөргөн кезде өзгөргөнгө чейин түзүлүп топтолгон документтер Улуттук архив фондусунун мамлекеттик бөлүгүнө кирет.
Улуттук архив фондусунун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүктөрүн менчиктөө укугу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду” тууралуу мыйзамда белгиленген. Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына кирген документтер сакталган жерине карабастан мамлекеттин менчиги болуп саналат. Алар соода-сатык, белекке берүү, башка бирөөнүн менчигине берүү объектиси боло албайт. Улуттук архив фондусунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына кирген документтер менчик ээлеринин ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө болушат. Алар өзүнө таандык болгон архивдик документтерди ыктыярдуу башталышта акысыз түрдө, же белгилүү өлчөмдөгү акыга мамлекеттин менчигине берүүгө, же аларды мамлекеттик архивдерде убактылуу сактоого акылуу. Мамлекеттик архивдерге убактылуу сактоого документтерди берүүдө бул документтердин ээлери аларды менчиктөө укугун сактап калышат жана аларды сактоо боюнча ыгым – чыгымдарды мамлекеттик архивдерге компенсациялап берет.
  • Улуттук архив фондусунун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүктөрүн менчиктөө укугу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду” тууралуу мыйзамда белгиленген.
  • Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына кирген документтер сакталган жерине карабастан мамлекеттин менчиги болуп саналат. Алар соода-сатык, белекке берүү, башка бирөөнүн менчигине берүү объектиси боло албайт.
  • Улуттук архив фондусунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына кирген документтер менчик ээлеринин ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө болушат.
  • Алар өзүнө таандык болгон архивдик документтерди ыктыярдуу башталышта акысыз түрдө, же белгилүү өлчөмдөгү акыга мамлекеттин менчигине берүүгө, же аларды мамлекеттик архивдерде убактылуу сактоого акылуу. Мамлекеттик архивдерге убактылуу сактоого документтерди берүүдө бул документтердин ээлери аларды менчиктөө укугун сактап калышат жана аларды сактоо боюнча ыгым – чыгымдарды мамлекеттик архивдерге компенсациялап берет.
Улуттук архив фондун түзүү.  Негизги этаптары. Архивдик документтерди сактоону бирдиктүү метакомплекске бириктирүү жана борборлоштуруу идеясы XVI к. ар кандай модификациядан (түрдүү абал) келип чыккан. Баардык варианттардын ичинен архивдик сактоону уюштуруунун эки модели негизги болуп калган. Алар: Мамлекеттик архивдик фондду түзүү формасындагы жалпы борбордоштуруу жана Улуттук архив түзүү формасындагы либералдык борбордоштуруу. “Мамлекеттик архивдик фонду ” түшүнүгү алгачкы жолу XX к. россиялык архив иштери боюнча реформаторлор тарабынан пайда болгон. 1918-ж. 1-июнунда РСФСРдин ЭКСнин “Архив иштерин кайра түзүү жана борборлоштуруу” Декрети чыгып, ал мамлекеттеги баардык документтерди борборлоштуруу принцибине негизделген. 1941-жылы СССРдин МАФ түзүлүп, өлкөдөгү архив комплексин бирдиктүү системага бириктирген. СССРдин МАФ – бул советтик мамлекетке тиешелүү болгон саясий, эл чарбасынын, илимий, маданий, тарыхый мааниси бар документтердин жыйындысы.

Улуттук архив фондун түзүү. Негизги этаптары.

  • Архивдик документтерди сактоону бирдиктүү метакомплекске бириктирүү жана борборлоштуруу идеясы XVI к. ар кандай модификациядан (түрдүү абал) келип чыккан. Баардык варианттардын ичинен архивдик сактоону уюштуруунун эки модели негизги болуп калган. Алар: Мамлекеттик архивдик фондду түзүү формасындагы жалпы борбордоштуруу жана Улуттук архив түзүү формасындагы либералдык борбордоштуруу. “Мамлекеттик архивдик фонду ” түшүнүгү алгачкы жолу XX к. россиялык архив иштери боюнча реформаторлор тарабынан пайда болгон. 1918-ж. 1-июнунда РСФСРдин ЭКСнин “Архив иштерин кайра түзүү жана борборлоштуруу” Декрети чыгып, ал мамлекеттеги баардык документтерди борборлоштуруу принцибине негизделген.
  • 1941-жылы СССРдин МАФ түзүлүп, өлкөдөгү архив комплексин бирдиктүү системага бириктирген. СССРдин МАФ – бул советтик мамлекетке тиешелүү болгон саясий, эл чарбасынын, илимий, маданий, тарыхый мааниси бар документтердин жыйындысы.
Улуттук архив фондусунун документтери – бул экспертиза аркылуу баалуулугу аныкталып, мамлекеттик каттоого алынган ( ага өздүк курамдын документтери да кирет) архивдик документтер. Убактылуу сактоо мөөнөтү бүтө элек архивдик документтер Улуттук архив фондусуна кирбейт. Архив фондуларынын курамындагы, анын ичинде жоюлуп кеткен уюмдардын, же архивдерге өзгөчө кырдаалдын натыйжасында түшкөн убактылуу сактоодогу архивдик документтер белгиленген тартипте жок кылууга бөлүнөт.
  • Улуттук архив фондусунун документтери – бул экспертиза аркылуу баалуулугу аныкталып, мамлекеттик каттоого алынган ( ага өздүк курамдын документтери да кирет) архивдик документтер. Убактылуу сактоо мөөнөтү бүтө элек архивдик документтер Улуттук архив фондусуна кирбейт. Архив фондуларынын курамындагы, анын ичинде жоюлуп кеткен уюмдардын, же архивдерге өзгөчө кырдаалдын натыйжасында түшкөн убактылуу сактоодогу архивдик документтер белгиленген тартипте жок кылууга бөлүнөт.
Улуттук архив фондусунун документтери баалуулугуна карап: баалуу, өтө баалуу, жана уникалдуу болуп бөлүнөт. Улуттук архив фондусунун курамына кирген бардык документтер алардын келип чыгышына, маалыматты алып жүрүүчүнүн түрүнө, жашыруундук деңгээлине, сакталган жерине жана менчигинин түрүнө карабастан баалуу болуп эсептелет. Алардын ичинен коом жана мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү, көөнөрбөс маданийтарыхый жана илимий баалуулуктагы документтер өзгөчө баалуу документтер катары бөлүнүп, аларга атайын эсеп, сактоо жана пайдалануу режими аныкталат. Архивдерде өзгөчө баалуу документтердин ичинен сакталган маалыматы боюнча жана тышкы кебетеси боюнча кайталангыс, жоголсо орду толгус документтер-уникалдуу документтер бөлүнүп алынат. Архивдик документтерди пайдалануу боюнча архивдик документтер ачык, пайдалануусу чектелген жана өзгөчө шартта сакталуудагы документтер болуп бөлүнөт.
  • Улуттук архив фондусунун документтери баалуулугуна карап: баалуу, өтө баалуу, жана уникалдуу болуп бөлүнөт. Улуттук архив фондусунун курамына кирген бардык документтер алардын келип чыгышына, маалыматты алып жүрүүчүнүн түрүнө, жашыруундук деңгээлине, сакталган жерине жана менчигинин түрүнө карабастан баалуу болуп эсептелет.
  • Алардын ичинен коом жана мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү, көөнөрбөс маданийтарыхый жана илимий баалуулуктагы документтер өзгөчө баалуу документтер катары бөлүнүп, аларга атайын эсеп, сактоо жана пайдалануу режими аныкталат.
  • Архивдерде өзгөчө баалуу документтердин ичинен сакталган маалыматы боюнча жана тышкы кебетеси боюнча кайталангыс, жоголсо орду толгус документтер-уникалдуу документтер бөлүнүп алынат.
  • Архивдик документтерди пайдалануу боюнча архивдик документтер ачык, пайдалануусу чектелген жана өзгөчө шартта сакталуудагы документтер болуп бөлүнөт.
Документтерден пайдаланууну чектөөгө төмөндөгү учурларда жол берилет:  мамлекеттик сырдын чыгып кетишине алып келиши мүмкүн болсо; архивдик документтердин сакталышына зыян келтирилиши мүмкүн болсо (андай учурда документтин түп нускасынын ордуна көчүрмө берилет); жеке жарандардын кызыкчылыгына зыяны тийсе. Архив документтердин ээси болгон (түзгөн) жарандар документтерин мамлекеттик архивдерге өткөрүүдө алардын мазмунун жарыялабоого, же аларды пайдаланууну 75 жылга чейинки мөөнөткө чектөө шартын коюуга акысы бар. Бул документтердин ачыктыгы жана аларды пайдалануу келишимде белгиленген шартта ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтерин менчиктештирүүгө болбойт.
  • Документтерден пайдаланууну чектөөгө төмөндөгү учурларда жол берилет:
  • мамлекеттик сырдын чыгып кетишине алып келиши мүмкүн болсо;
  • архивдик документтердин сакталышына зыян келтирилиши мүмкүн болсо (андай учурда документтин түп нускасынын ордуна көчүрмө берилет); жеке жарандардын кызыкчылыгына зыяны тийсе.
  • Архив документтердин ээси болгон (түзгөн) жарандар документтерин мамлекеттик архивдерге өткөрүүдө алардын мазмунун жарыялабоого, же аларды пайдаланууну 75 жылга чейинки мөөнөткө чектөө шартын коюуга акысы бар. Бул документтердин ачыктыгы жана аларды пайдалануу келишимде белгиленген шартта ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтерин менчиктештирүүгө болбойт.

Улуттук Архив фондунун деңгээлинде документтерди классификациялоо .

  • Архивдик документтерди классификациялоо илимий принциптерге таянып, анын негизинде документтердин комплекси уюштурулуп, бири-бири менен логикалык байланышы түзүлөт. УАФ чегинде архивдик документтерди классификациялоодон кийинки илимий тайпалаштыруу мамлекеттик архивдердин өзгөчөлүгүнө жана профилине карап жүргүзүлөт. Өлкөдөгү Улуттук архив фондунун деңгээлинде документтерди классификациялоонун белгилери XX к. ортосунда СССРде пайда болуп, “СССРдеги мамлекеттик архивдердин иштеринин негизги эрежелери” документинде бекитилген. Архивдик документтерди классификациялоо илимий принциптерге таянып, анын негизинде документтердин комплекси уюштурулуп, бири-бири менен логикалык байланышы түзүлөт. УАФ чегинде архивдик документтерди классификациялоодон кийинки илимий тайпалаштыруу мамлекеттик архивдердин өзгөчөлүгүнө жана профилине карап жүргүзүлөт. Өлкөдөгү Улуттук архив фондунун деңгээлинде документтерди классификациялоонун белгилери XX к. ортосунда СССРде пайда болуп, “СССРдеги мамлекеттик архивдердин иштеринин негизги эрежелери” документинде бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин классификациялоо төмөндөгү белгилерден турат: Документтердин кайсы тарыхый мезгилге тиешелүүлүгүнөн Документтердин менчикти ар кандай формаларына тиешелүүлүгүнөн документтердин белгилүү бир административдик-территориялык бирдикке (облус, район) тиешелүүлүгүнөн; Документтердин республикалык же жергиликтүү маанидеги мекемеге тиешелүүлүгүнөн Документтердин мамлекеттик же коомдук ишмердүүлүктүн белгилүү бир тармагына тиешелүүлүгүнөн Документтердин фонду түзүүчүнүн документтеринин курамына тиешелүүлүгүнөн Маалыматтын берилиш ыкмасына жана техникасына карап Документтердин сактоо мөөнөтүнө карап
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин классификациялоо төмөндөгү белгилерден турат:
  • Документтердин кайсы тарыхый мезгилге тиешелүүлүгүнөн
  • Документтердин менчикти ар кандай формаларына тиешелүүлүгүнөн
  • документтердин белгилүү бир административдик-территориялык бирдикке (облус,
  • район) тиешелүүлүгүнөн;
  • Документтердин республикалык же жергиликтүү маанидеги мекемеге тиешелүүлүгүнөн
  • Документтердин мамлекеттик же коомдук ишмердүүлүктүн белгилүү бир тармагына тиешелүүлүгүнөн
  • Документтердин фонду түзүүчүнүн документтеринин курамына тиешелүүлүгүнөн
  • Маалыматтын берилиш ыкмасына жана техникасына карап
  • Документтердин сактоо мөөнөтүнө карап
Улуттук архив фондунун чегинде документтерди классификациялоонун белгилерине мүнөздөмө. КР УАФ мамлекеттик бөлүгүндөгү документтер келип чыгышынын мезгилине карабастан төмөндөгүдөй бөлүнөт: Октябрь революциясына чейинки документтер (7-ноябрь 1917-ж. чейин), Совет мезгилиндеги документтер (31август 1991-ж. чейин), постсоветтик мезгилдеги документтер (Эгемендүү Кыргыз Республикасынын). Октябрь революциясына чейинки документтер (7-ноябрь 1917-ж. чейин) башка тарыхый мезгилдин документтеринен өзүнчө сакталат.

Улуттук архив фондунун чегинде документтерди классификациялоонун белгилерине мүнөздөмө.

  • КР УАФ мамлекеттик бөлүгүндөгү документтер келип чыгышынын мезгилине карабастан төмөндөгүдөй бөлүнөт: Октябрь революциясына чейинки документтер (7-ноябрь 1917-ж. чейин), Совет мезгилиндеги документтер (31август 1991-ж. чейин), постсоветтик мезгилдеги документтер (Эгемендүү Кыргыз Республикасынын). Октябрь революциясына чейинки документтер (7-ноябрь 1917-ж. чейин) башка тарыхый мезгилдин документтеринен өзүнчө сакталат.