СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз рухунун туу чокусу

Нажмите, чтобы узнать подробности

  1. “Манас” эпосубузда чагылдырылган кыргыз маданиятын, тарыхын, этнографиясын, этнопедагогикасын үйрөнүү менен акыл-ой, рухий, сөз байлыктарын  кесиптик, күндөлүк жана социалдык маанилүү кырдаалдарда колдоно билүүсүнө көнүктүрүү, элин, жерин, Ата-Мекенин, улуттук дөөлөттөрүн сүйүүгө, мекенчилдикке тарбиялоо, улуттук аң-сезимин көтөрүү.

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз рухунун туу чокусу»

Тема-14.

Лекциянын максаты: Эпостон алынган жети осуят – эгемендүүлүк идеялары жана каармандар образдарында алып жүргөн элдик идеология боюнча студенттерге маалымат берүү ; - Эпосту окутуу менен акылмандуулукка, элге кызмат кылууга, мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка, достукту баалоого тарбиялоо менен эгемендүүлүк, көз карандысыздык идеяларын баалоо көндүмүнө ээ кылуу (ЖК-1);

-Баатырлардын образынан үлгү алып мекенчилдик, гуманисттик сезимдери калыптанат,

-эпостогу элдик акылмандык жана эл-жерге кызмат кылуу, биримдик, мамлекетти коргоо идеясы боюнча эпостогу каармандардын образынан үлгү алат. Кыргыз элинин улуттук идеологиясынын башаты элдик улуу мурас «Манастан» башталганын үйрөтүү

мекен алдындагы атуулдук парз, ариет, намыскөйлүк маселеси тууралуу түшүнүктөрүн калыптандыруу (СЛК-3).


- Лекцияда күтүлүүчү натыйжалар:

  • билет: Эпостогу түбөлүктүү идеялар эгемендүүлүк доорунда карым-катышы күчөп бүгүнкү коомдук-социалдык, саясий-маданий проблемаларды чечүүгө көмөктөшүп жатканы тууралуу;

түшүнөт: - Студенттер мекенчил, эл ынтымагын сактоо, намыскөйлүк, элди-жерди сүйүү, элге кызмат кылууга тарбиялоону даңазалап жатканы тууралуу;

Ээ болот: - Эпостогу эгемендүүлүк, көз карандысыздык идеяларын баалоо көндүмүнө ээ.

-Эпосту адабий талдоо методдоруна ээ болот, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын салыштырма методдорду колдонуу менен иштеп чыгууга, анализдөөгө жана синтездөөгө жөндөмдүү.

- маалымат менен өз алдынча иштөө жана башкы мааниге ээ болгон маалыматты аныктай алат.


Лекциянын планы

Негизги маселелер:

1.Эпостогу түбөлүктүү идеялардын адамзат турмушундагы орду.

2. Кааармандардын образындагы турмуштук-философиялык идеялар.

3. «Манас» эпосундагы түбөлүктүү идеялар жана эгемендүүлүк доорунда.

Ыкмалар: проблемалуу лекция, кыскача –дискуссия, акыл чабуулу.

Каражаттар: илимий китептер, каармандардын портреттери,

1-суроо.“Манас” эпосундагы түбөлүктүү идеялар

Уюштуруу: «Манас» гимнин айттыруу



Акыл чабуулу (мозговой штурм):“Манас” эпосунда кандай түбөлүктүү идеялар бар? Андагы идеялардын маани-мазмунун бүгүнкү күнгө дал келеби? Эмне үчүн мамлекеттикк идеология катары эпостон жет осуяты алынды? Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги деген идеяга эпостон кайсы мисалдарды келтирсек болот? Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтыкидеясын кандай түшүнөсүң? Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу деген сөздү чечмелеп бергилечи?































«Манас» эпосундагы түбөлүктүү идеялар жана эгемендүүлүк доору.


“Манас” эпосундагы негизги тема – кыргыздардын чет жерлик баскынчыларга каршы жүргүзгөн баатырдык күрөшү, кыргыз урууларынын, тили, дили жакын жамаатташ элдердин башын кошуу, бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүсү элдин өткөн турмушундагы жашоо-шарты, каада-салты, улуттук өзгөчөлүктөрү жана дүйнө таанымы менен коштолот. “Манас” зор көлөмдүү, эл турмушун ар түрдүү аспектиде чагылдырган көп пландуу чыгарма болгону үчүн анда тема да, идея да көп. Эпостогу ал идеялар эл эркиндиги, көз каранды болбостук үчүн күрөш, Ата Мекенди коргоо, мекенчилдик, достук, ынтымактуулук, элге чын дили менен кызмат кылуу идеяларына барып кошулуп, бир бүтүндүктү түзүп турушат. “Манас” эпосу мына ушундай бийик идеяларды укумдан-тукумга үгүттөп өткөзүп келе жатканы менен баалуу, ары көөнөрбөс жана ар дайым актуалдуу.

Мамлекеттик идеология улуттун тарыхы, каада-салты, элдик педагогиканын ар тараптуу проблемалары менен тыгыз байланышта болот, башкача айтканда кандай гана улут, же мамлекет болбосун, сөзсүз, өзүнүн шартына, тарыхына, саясий абалына, үрп-адатына жана салт-санаасына ылайыкташкан идеология болушу зарыл. Идеологиясы туура коюлбаган мамлекет өсүп-өнүгө албасы маалым. “Жаш муундарга таалим-тарбия берүүдө улуу эпосубуздан алынган идеологияга таянып, ал аркылуу гумандуулукка, ак ниеттикке, адилеттүүлүккө, Ата Мекенге, өз элине ак дилден кызмат кылып, аны сүйүүгө багыт берет. Эпостогу каармандардын өтөгөн иш-аракеттери, Ата Журтка кызмат кыла билүү сыяктуу асыл сапаттарынын үлгүсү жаш муундарды өз элинин чыныгы күйөрманы, атуулу кылып тарбиялоого түндүктөгү деңиз саякатчылары үчүн Алтын казык жылдызы кандай жол көрсөтсө, эпостон алынган жети осуят да ошондой жарык күйгөн башкы багыт болмокчу.

«Жалгыз дарак токой болбойт», «Бирдик болбой тирдик болбойт», «Жалгыз өлсө чуу чыкпайт», “Жалгыз аттын чаңы чыкпайт”, «Ынтымак түбү - ийгилик» деген макалдарда элдин биримдикке, ынтымакка болгон баасы берилген. Эпосто элдин ички биримдиги, бүтүндүгү журт жакшысы акылман башчылардын сөзү менен берилет. Кеменгер Бакай чалгындан калдым деп намыстанып чуу салган Чубакты минтип ийге келтирет: “Манастын Манас болмогу экөөбүздөн эмеспи. Биз бузулсак, пил да болсок жыгылдык, миң да болсок кырылдык. Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет. Жарылсаң бөрү алуучу, жарылып калды кыргыз деп, жаманатты кылуучу”. Бакай көрөгөч эгер ички биримдигиң, ынтымагың жок болсо, анда сан жагынан көптүгүң да, баатырдыгың да кеп эмес, пил да болсоң жыгыласың, миң да болсоң кырыласың деп оолуккан Чубактын эсине салат. Алгач чыгарманын башында сырттан басып кирген Алооке, Молто кандар кыргыздарды чаап, кереге, уугун кыйратып, келин-кызын ыйлатып, каргылданып чал ыйлап, кары-жаштын баары ыйлап, өлөйүн деп өлалбай, өз жанын өзү кыя албай, алаамат күндү башка салып, мал-мүлкүн олжолоп, жерин ээлеп, өзүлөрүн туш тарапка таратып жиберишет. “Бири кетип Алтайга, бири кетип Каңгайга, бири кетип Эренге, бири түшүп тереңге” саясатынын мазмуну да душмандардын кыргыздын кеги кырк жылда, булар чогуу турса бир күнү кайра биригип, баш көтөрүп, коркунуч жаратпасын деп жасаган далаалаты.

Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруунун, өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө болгон ички биримдик жортуулчулук замандардан, тарыхтын тар жол, тайгак ашууларынан кыргызды сактап келди десек болот. Бекеринен элибиз “өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” деп, ичтен чыккан бузуку элди “иритерин”, ынтымак, биримдикти кемитерин эскертишпесе керек.

Эпостун башкы каармандары өзүнүн элин, ыйык жерин тышкы душмандардан сактап калуу үчүн эл достугун кадырлоону өзүнүн ыйык милдети деп эсептейт. Жеке адамдар канчалык кыйын, канчалык баатыр болсо да, элге таянбаганда күчтүү душманды жеңүү мүмкүн эместиги эпостун мазмунунан айкын көрүнөт. Чыгармадагы чоң-чоң чечүүчү согуштарда, казаттарда «найзанын учу жылтылдап, адамдын башы кылтылдап» миңдеген, түмөндөгөн жер майышкан колдордун катышканы жөнүндө сүрөттөлөт. «Манаста» кыргыз баатырлары, казактын Көкчөсү, түркмөндөрдүн Музбурчак, өзбектердин Санжыбек, каракалпактын Бердике бир атанын балдарындай Манастын тегерегинде турушат.Чыгармада түрк тилдүү калктардын биримдиги, ынтымагы өтө бекем болгондуктан, душмандар «казак, кыпчак, кыргызын, калтырбай кырып таштайлы» деп жаалданышат. (СССРде 15 Союздук Республикалар тили, дини ар башка улуттардан куралган болсо, мында түрк тилдүү улуттардын Манас баштаган бир хандыкка биригиши берилет).Манстын атасы кан Жакып: «Анжиян менен Алайга атайын кабар салайын, ага-инимдин баарысын, башын кошуп жыяйын. Кашкар деген кыштак бар, Кабак-Арт менен Сары-Колдо кабырга тууган кыпчак бар», - дейт.Манастын кырк чоросу да ар кыл уруулардан экендиги, атсыз келген чорого ат мыктысын миндирип, тозуп келген чорого тон мыктысын кийдирип, аргын, ногой, кыргыздын аягына билдирип, чоро топтогон жери бар.Эпосто айтылган бул чоролордун кээ бирлери кыргыз, казак, каракалпак экендиги айтылса, кээлеринин кайсы эл, кайсы жерден экендиги саналбайт. Булардын ичинде далычылар, төлгөчүлөр, ырчылар, кыскасы баары өнөрпоз адамдар.

Эпостогу достукту даңазалоо идеясы жөнүндө сөз кылганда Манас менен Алманбеттин достугун айтпай коюуга болбойт. Алманбет Көкчөдөн таарынып, ак жеринен күйүп, жалгыздыгына, тагдырына капа болуп келип, Манасты тааныгандан кийин, кыргыз элинин пейилин, ниетин, үмүт-тилегин, мүдөөлөрүн аңдап түшүнгөндөн кийин, көзү жеткен Алманбет: «Ала-Тоо артык жер үчүн, ак калпак кыргыз эл үчүн, жанымды курман чалайын», деген тыянакка келет. Ал Манастын эмчектеш бир тууганы, акыреттик досу, күчтүү кол башчы, акылман чоро катары эпосто өз вазийпасын аткарат. Манастын Аккуласын алдына тарткан айкөлдүгүнө жетине албай: «Сен мага атыңды тартууласаң, менин сага жаным тартуу» - деп, ак дилден кыргыз элине кызмат кылат. Бирок беш кол тең эмес дегендей, Алманбетти көз алдында Алаке деп сыйлашканы менен, артынан «тентиген кул» деген сөздөр да чыга түшөт. «Элдүүнүн баары эр экен, айткан кеби эм экен, элинен азган мен кургур, калкынан кеткен мен шордуу, канчалык баатыр болсо да, кайраты дайым кем экен», деп Алманбет Чубак менен болгон чырда айтып өтөт. Манас Алманбетке айкөл акыл-эси үчүн, чындык, акыйкаттуулук үчүн жанган алп жүрөгү үчүн ишеним артып, Чоң казатта колдун кандыгын ага тапшырат. Алманбет эпосто акылмандуулук, чынчылдык, баатырдык, сулуулук (сепкили жок нур жүздүү, чекири жок кой көздүү) сапаттардын баарын топтоп алып жүргөн, бекем достугу менен Манастын образына кошумча көркөмдүк кошкон каарман. Чоң казаттан кийин өзүнүн керээзи боюнча Алманбеттин сөөгүн Саралага жүктөп, Ала-Тоого жөнөтүп, кыргыз баатырларына көрсөтүлбөгөн сыйды көрсөтүүсү Манастын, кыргыз элинин Алманбеттин арбагына болгон сый-урматы деп түшүнсөк болот.

Эпосто Манас улуттук ар – намысты бекем туткан мекенчил баатыр. «Урушпай үйдө жаткан ургаачынын ишидир, акыры башта бир өлүм, өлбөй тирүү жүргөндө, не муратка жетейин, калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин!» - деп, Ала-Тоону душмандардан бошотуп, ата-бабалардын киндик каны тамган жерине көчүп келип, элинин башын кошуп, кытайга кеткен кекти кууп берет.

Эсенкан: «Кызыталак бурутту кыздарга айгыр салалы, андан туулган баланы кан көтөрүп алалы», - деп, жан казандай башы бар, жаткан иттей кашы бар, көзү көлдүн буткулдай, кармашканды жуткудай, кашы өрттөнгөн токойдой, калбайыңкы эрини жылкычы кийген чокойдой болгон Жолойго керик минген Дөөдүр алпты кошуп Манасты кармап келүүгө жөнөтөт. Акбалта менен Жакып Манаска: «түпкө чогуу жетет го, тирүүлөй кырып кетет го, айтканына көнөлү, Алтайдан күткөн сан кара малды тартуу кылып багыналы», - дешсе, Манас макул болбой: «Зордукчу кара кытайга, быйыл теңдигим алып кетемин, Найзалашып топ бузам, тагдыр жетсе окко учам, согуш кылып окко учпай, мен сан кара кантип берейин», жанымды берсем да, намысымды бербейм деп, кылча жанын аябай кыргынды катуу салып жеңет. Жаш Манас үчүн өзүнүн жеке баатырдык ар намысы, кыргыз калкынын намысы баарынан бийик турат.Көкөтөйдүн ашында кебез белбоо кең өтүк, кечилдин каны Коңурбай Бокмурундан манжуу, кытай элим бар, Мааникер атты бербесең, бурут сенде кегим бар, элиңди чаап, ашыңа бүлүк саламын дегенде, эл билермандары, Кошой абасы баш болуп, бир байталдын тезеги экен, атты берип, ашты тынч өткөрүп, бул каапырдан кутулалы деп калганда Манас Кошойго:

Мен бир күрпөңдөшүп көрөйүн! – деп, бүткүл эл намысы үчүн кытайларга каршы чыкканда, Коңурбай өзү баш болуп, кайра Манастын алдына ат тартышып, кечирим сурашат. Бул окуяны манасчы: «Алооке баштап карысы, алтымыш жаң-жуң баарысы, Кылкара атты кыйдырып, астына тартуу кылышты. Ат алам деп ат берип, абийири кетип калышты, абдан кетти намысы», - деп сүрөттөйт. Ар – намысты сактоо эпосто жалгыз гана Манаска гана эмес, Кошой, Бакай баш болгон акылман эл башчыларга, Алманбет, Чубак, Сыргак коштогон кол башчыларга, кырк чоро ж.б.ларга да мүнөздүү сапат. Көкөтөйдүн ашында Жолой дөө жөө күрөшкө чыкканда балбандардын баары: «Жолой деген оңойбу, Жолойго пенде жолойбу», - деп тайсалдашканда, калмакка кантип намысты берели деп, Кошой өзү күрөшкө түшүп, намысты сактап калбадыбы. Тейиш кандын тоюнда Кыз Сайкал эр сайышка чыгып, ага даап баатырлар беттеп чыкпаганда, намысты катынга алдырып, кантип карап турайлы деп Манас өзү түшүп жатпайбы. Эпосто эмгек темасы да өзгөчө манилүү, алгылыктуу даңазаланат. Душмандар кыргыздарды чаап, кереге, уугун кыйратып, келин-кызын ыйлатып, каргылданып чал ыйлап, кары-жаштын баfры ыйлап, туш-тарапка таратылгандан кийин да эмгектенип, талбай жашоо үчүн күрөшүп, жакшы жашоого жетишти десек болот. Жакып, Акбалта Алтайга барган соң, жер тырмап дыйканчылык кылып, мал багып, алтындын кенин казып, нукура эмгектери менен бакубат жашоого жетишишкен. Жаш Манас дыйканчылык кылып, жайды талбай эмгектенип, күзүндө кырманын сапырып, кызылын алып, данын пулдап, Аккуланы сатып алган. СОВда Аккула Жакыптын өз малынан, Камбар боздун үйрүнөн Кула бээнин кулуну, Манас төрөлгөн күнү туулат. Бүгүн кула бээм эркек кулун тууду, байбичем эркек уул тууса, уулума энчилеп коеюн, тай күнүндө минип ойносун деп ойлойт. Манастын жары Каныкей да - чебер, уз. Манастын эле эмес кырк чорого кийим-кече, күлазык, ок-дары, милте, оттугуна чейин даярдап, кыргыз аялдарынын сарамжалдуулугун, колунан көөрү төгүлгөн чебер-уздугун далилдейт. Көкөтөйдүн ашында Кошой абасына кандагай шымды тартуулап, бата алат. Ал убакта бардык кийим-кече, буюмдар бармактын учу, тырмактын түбүнөн жасалган (кол менен). Кандагайды даярдоодо терини иштетүү технологиясы да айтылат. Тоо текелерди териге залал болбосун деп жалаң көзүнө аттырып, терини күндүн көзүн көрсөтпөй көлөкөдө кургатып, жез челекке алты ай алманын кабыгынан жасалган малмага салдырып ашатат. Балбандарга ийлетип, чеберлерге бычтырып, уздарга тиктирет. Ичине буулум ичтеп, тышы бышык болсун деп болот эгер ширетет. Кандагайды тигем деп кайран энең Каныкей кашка тиши жоюлган, кара көзү оюлган деп уздун эмгеги, сабыры бааланат. Чоң казатка кол аттанганда Каныкей Манас баштаган кырк чорого кырк калпак, кырк тумак, эр башына он эки көйнөк, он дамбал, кырк чорого кырк чопкут, кырк өтүк, жайкысына барчадан байпак, кышкысына түлкү байпак, кырк кемер, ок, дары, оттук, бычак, милте, белбоого чейин белендеп койгонун берет. Баатырлар баары кубанып, Манастын жанында биз бойдок эле турбайбызбы деп Каныкейдин камбылдыгына ыраазы болушат. «Бардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт» деген макал да элдин тажрыйбасынан жаралган.

«Өнөрлүү өлбөйт» деген сөздүн мисалында бир канча таланттууларга токтолсок болот. Кырк чоронун ичинде алтымыш тил билген, сөзгө чечен, элчиликке жөндөмдүү Ажыбай, төлгөчү кара Төлөк, кара жаак Эр /рбү, Агыдай далы көрүүчү, ашкере айтып берүүчү, оозунан ыры төгүлгөн, жалаң үйдүн борумун жарым күнү ырдаган Жайсаң ырчы, Ырамандын ырчы уулу жана Бозуул, Алманбеттин жайчылык өнөрдү үйрөнүшү, Ажыдаардан кат таанышы (кытайда өнөр үйрөнсө да, кызматын кыргызга арнаган) ж.б. «Көп билген киши жол билет, жол билген киши кол билет, өз жамандыгын билбеген өзгөгө кылат чоң милдет» дешип өнөрлүүлөргө урмат-сый болгон.

“Манас» эпосунун өзөк окуяларын казаттар, жортуулдар түзгөнү менен гумандуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк идеялары элдин кан-жанына сиңип, бир бүтүндүккө айлангандай сезим калтырат. «Согуштан артык сойбоңор, бүгүн душман, эртең эл, бүлүндүрүп койбоңор!» - деп, талоончу, зордукчулукту тыйып турушу. Чыгармадагы башкы каармандардын иш-аракеттеринен кечиримдүүлүк, айкөлдүк, боорукердик сапаттарды ондоп санасак болот: - Манас баатыр Текес канды жеңгенде талоонго алгандарды: «Эмне тирилигиңер өтпөй калды беле, талоончулукка жол бербегиле, булар да эртеңки күндө жашоосу керек» - деп жигиттерди тыят;- Көкөтөйдүн ашында эр сайышта Манастан жеңилген Коңурбай Алгара атты суранганда, өзүн жеңип намыс алдым, атын эмне кылайын деп атын кайра бериши;-Кошой Жолойду жыкканда алган байгесин элге таратып бериши;- Тейиш кандын тоюнда эр сайышта Кыз Сайкалды жаралап, батыр кыз кайра эр сайышка чыкпай, Манас же жыгылбай, же жыкпай соорун албайм, кызыңар кайра чыксын дегенде, акыры Сайкалдын атын ага тартышат. Ошондо айкөл Манас айкөлдүгүн карматып аттын чылбырын Карача байга (Сайкалдын атасы) кайра карматкан жери бар; - Манастын Алманбеттин келгенине той берип, ага Аккуланы тартуулашы, алты-жети чорону байгеңе деп Алманбетке өткөрүп бериши ж.б.

Айкөл деген эпитет эпосто Манаска карата айтылып, анын берешендигин, алакан жазы колу ачык, аттанып чыкса жолу ачык байлыгым деп элин түшүнгөн, өз көмөчүнө күл тартпаган эл башчы. Кабылан Манас, эр Манас, шер Манас, баатыр Манас, канкор Манас, айкөл Манас деген эпитеттер Манаска карата айтылат, бирок бир да жолу бай Манас деп аталбайт. Бай деген эпитет анын атасы Жакыпка жалганып, бай Жакып деп айтылат. Ал малдын туягын санаган, эр жигиттин дөөлөтү мал менен деп түшүнгөн каарман. Кээде кун төлөп, башым балээге калган турбайбы, балам сен малымды чачтың, казынамды ачтың деп кейип калган учурлары да бар.Душмандарды жеңип, олжого тунган учурларда, камчыга ченеп бөлүшүп, жеке кызыкчылыгын элден жогору койгон эмес. Манас – бул калк сүйгөн ажонун символу. Бүгүнкү күндөгү ажолордун Манастан кандай айырмалары бар, же кайсы сапаттар жетишпейт? Идеалдуу ажо кандай болуш керек деп ойлойсуңар? (суроо-жооп, талкуу).Кыргыздар табигатты адамдын жашоосунан бөлүп кароого болбой турганын мыкты түшүнүшкөн. Мал киндиктүү эл жайкысын жайлоолоп, кышкысын кыштоолоп, малга жайлуу жерди тандап, жыйса бир төөлүк жүк болгон, жайгаштырса бир чоң бүлө бата турган боз үйү менен көчүп-конуп жашашкан (боз үй жөнүндө да, аны кыргыздар бир жерди ойбой, жер кыртышын бүлүндүрбөй, көчүп кетсе үч таштан курган очогунан башка белгиси билинбегени жөнүндө да айтчу сөз башка). Кылычтан кан тамган айыгышкан жортуулдар да ошол жер, жайыт талашуудан келип чыккан. Адырдан аркар куюлуп, адырдын чөбү суюлуп, бетеге-тулаңы белден буралган, тоолору туташ, кары бар, токоюнда ар түркүн жаныбардын баары бар, алмасы аттын башындай, жаңгагы сайдын ташындай, өрүгү чирип көң болгон, жалбырагы жаргактай, кара курту бармактай, абасы таза, суулары мөлтүр кашка тунук, жайы салкын, кышы жылуу касиеттүү Ала-Тоо деп сүрөттөлөт. Элибиздин элдик педагогикасында жаратылышка аяр мамиле жасоо керектиги эпикалык чыгармалардын бир канчасында өзөк идеясы болгон. Мисалы: «Кожожаш», «Карагул ботом» ж.б.

Тал-терек аркылуу Алманбет өзүнүн тагдырын да боолголоп жатат. Сыргакка өзүнүн чынары жөнүндө: «Арслан сени колдогон, Айкырып түшкөн жериңе алачыктай бай терек, чынар болуп орногон. Чынар орноп тереги - Чын-Бээжин менен урушсаң, тирүү койбой Алмамды алып калам дегени. Мен туулган чынарым бүткүл чирип тамыры, такыр куурап калыптыр, төбөсүндө чачырап бүчүрдүн учу калыптыр, Таласка эсен тартпаймын, энем айткан кеп эле: «Кокус Бээжин сен келсең, менден тукум бар болсо, чынарыңдын түбүнө чырпык чыгат» - деди эле. Түбүнөн чыккан чырпыгы чынарга жакын болуптур, бузулуп кеткен санаа бар, артымда калар бала бар». Кыргыздар чынар теректи, арчаны дегеле көп жашаган «аксакал» дарактарды баалашкан, сыйынып жип-шуу, чүпүрөк байлашканы белгилүү.Убакытты өлчөгөндө да өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын аблына карап белгилешкен. «Былкылдак куурай бышыптыр, мыйзамдын гүлү учуптур, бетеге куурап калыптыр, чынардан чыккан бүр түшүп, союл бутак болуптур». « ат кара тил болгондо», «ат семирип нык болду, эр семирип бук болду» ж.б. Эпосто жартылыштын тал-тереги, жан-жаныбарлар да адамдын кайгысын, арманын коштойт. «Карагай ыйлап, тал ыйлап, каргылданып чал ыйлап», же айкөлдөн көзү өткөндөгү аза күтүү - «жандын баары күңгүрөп, жер чайпалып дүңгүрөп, жандын баары жашыды. Тоодон канча урады, жер силкинип чайпалып, таштан канча кулады, омкорулуп түбүнөн, чер токойлор сулады, Каранар көзүнүн жашын төгүп, Манас жаткан капшытка чөгүп жатып алды. Кумайык адамдан артык өңгүрөп, тамак берсе таткан жок, боздогонун баскан жок. Ак шумкар алтын боосун тытып, асманды көздөй сызган бойдон көздөн кайым болду» ж.б.

































Манасты кан шайлап, тирүү болсок чогулуп бир дөбөдө бололу, өлүү баарыбыз бир чукурга тололу, баскынчыдан кутулуп, баш көтөрүп өзүбүзчө эл бололу, баш аламандыкты жоюп, ынтымакта алга өнүгөлү, өсөлү деген бир чечимге келишет. Анткени «Манас» эпосунун мазмунунан алынган жети осуяттын негизги идеясы – эл камын көрүү, элге кызмат кылуу, сырткы, ички душмандардан эл-жерди коргоо жана көздүн карегиндей сактоо. Өкмөттүн эң биринчи милдети – элдин коопсуздугун камсыз кылуу, жашоолорун башкаруу эмес. Ата Мекендин азаттыгы, эркиндиги, көз карандысыздыгы баардыгынан кымбат. Акылман Кошойдун Манаска айтып жаткан кеңеши ушул идеянын дал өзүн айтат:

Кошой абабыздын бул насааты дал бүгүнкү чепти коргоор, эң негизги байлыгыбыз эркиндигибизди сактай турган эр жигиттерибизге карата айтылгандай мааниси терең. «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде», «Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт» дейт элибиз. Манастай эр жүрөк баатырлардын урпактары – бүгүнкү жигиттерибиздин армияга барбай, (коркуп, үркүп) качып жүргөнүн кандай түшүнсөк болот. (суроо-жооп, талкуу жүргүзүлөт).«Энеден не деп тубамын, эрлердин жолун кубамын. Эзелки жерим албасам, эс алып кантип турамын?! Ак асаба, кызыл туу, аягын жерге сайбасам, атым өчүп калбайбы. Атадан калган конушту, алдырсам кудай урбайбы» деген Манастай жигиттерибиз бүгүн да көп болсун. Улуу «Манастын» ушундай идеологиялары бүгүнкү жаштарды, жарандарыбызды тарбиялоо ишинде жол көрсөтүүчү жарык болуп бермекчи.

Адабияттар

Негизги адабияттар:

1.Байгазиев С. Манастаануу. Бишкек – 2010.

2.Үсөналиев С. Манастаануу. Бишкек – 2009.

3. «Манас» энциклопедиясы. – Б., 1995. 1-2-тт.

Кошумча адабияттар:

1.Акаев А. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана “Манас” элдик эпосу. - Б., “Учкун” 2002.

2.Исаков. Б.”Манас” эпосун окутуу. - Ф.,”Мектеп” 1989.

3«Манас» С.Орозбаковдун айтуусунда. I-IV тт. – Ф., 1979-1981.

4 «Манас» С.Каралаевдин варианты. 1-2-тт. – Ф., 1984-86.