СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүгүнүн алгачкы негиздөөчүлөрүнүн бири, саясий жана мамлекеттик ишмер - Жусуп Абдрахманов.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жусуп Абдурахманов

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүгүнүн алгачкы негиздөөчүлөрүнүн бири, саясий жана мамлекеттик ишмер - Жусуп Абдрахманов.»



Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүгүнүн алгачкы негиздөөчүлөрүнүн бири, саясий жана мамлекеттик ишмер - Жусуп Абдрахманов.

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Жетисуу областынын Каракол уезди , Күнгөй-Аксуу болуштугунун Чиркей кыштоосунда туулган. Атасы Абдрахман Балапанов – манап , бий жана 3 жыл болуш болгон.

Ата-энеси жана бир башка жакын туугандары 1916-жылы Эңилчек ашуусунда татаал жолдун азабынан каза болушкан. Иниси Токо экөө томолой жетим калышат.

Үй-бүлөсү : жубайы Гүлбахрам казак кызы болгон. Ал экөө 1917-жылы Алматыда таанышып үйлөнүшөт, 5 баланын ата -энеси болушат . Ж.Абдрахманов «эл душманы» деп атылгандан кийин үй -бүлөсүнүн абалы начарлаган. Бир сындырым нанга зар болушат. Балдарына өлкөдөгү мамлекеттердин , жумуш мекемелердин эшиги жабылат. Бул мамиле Жусуп Абдрахманов акталгандан кийин гана өзгөрөт.

Муратбек Кошоевдин «Кыргыз эли , тарыхы жана руху» китебинде: «Жусуп Абдрахмановдун өз аты -Усуп болгондугун, анын аты, атасынын аты орус тилинин ыргагына салынып өзгөрүп жазылып калганын аксакал жердештери айтышкан». [ 1; 622] .

Жусуп Абдрахманов Абдыкерим Сыдыковду устатым деп кызуу кадырлаган. [1; 626] .

Жусуп Абдрахмановдун өз алдына койгон башкы максаты-советтик бийлик баштаган жагымдуу саясаттын шарданында администрациялык жактан бөлүнүп -жарылып , коомуна салыштырмалуу көп сандагы улуттарга сиңип кетүү коркунучу катуу турган кыргыз элин бириктирип сактап калуу жана аны өнүктүрүп- өстүрүп көтөрүү болгон.

Жусуп Абдрахманов : « Элиме Республикама боорум ачып, ичтен кара кан өтөт, жүрөк тилинет… « Жергиликтүү улутчулдук» дегенге жалынып, великорусский шовинизм күчөп баратат.Жергиликтүү кадрдан жылдырсаң эле, улутчулдукка такашат. Бирөөнүн саясий көкмээлиги үчүн өсүп келе жаткан улуттук кадрдын көбүн талкалашты. Кыргызстанда кыргыз тилинде жазылган справка жарабайт, иш кагаздар 90пайыздан ашыкты түзгөн элге чоочун тилде жүргүзүлөт…» -деп , муңга баткан. [1; 754].

1926- жылы кыргыздардын биринчи республикасы түзүлгөн. Абдрахмановду республикабыздын биринчи премьер- министри деп атаганыбыз туура.

1928-жылы «Кыргызстан» деген китеби Кыргызстан мамлекеттик басмасына чыккан. Биз анын «Күндөлүктөрүнөн» жакшы билгендей , Жусуп Абдрахманов чыгармаларын өзү жазган.

Быйыл Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы , Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы , Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын уюшулганына 85 жыл жана азыркы кыргыз улуттук мамлекетин негиздөөчүлөрүнүн бири Ж. Абдрахмановдун 120 жылдыгы.

«Кыргызстан» деген китеби араб арибинде жазылып, октябрь революциясынын он бир жылдыгына, кыргыз автономиялуу советтик социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 3 жылдыгына арналып жазылган. 25 жашында өзү түзгөн өкмөттү башкарып, кылымга тете иштерди жасап , 36 жашында улутчул катары атууга кетет. Андан бери 90 жыл өттү. Темир жол да ошол Балыкчыга жеткен бойдон токтоду.

Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата « Мелон Про» ЖЧК басмасынан «Жусуп Абдрахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер» аттуу тарыхый- даректүү баян китеби жарык көрдү.

Жусуп Абдрахманов орус тилин мыкты билген , эркин сүйлөгөн , өзүнүн атактуу күндөлүктөрүн жана эмгектерин ушул тилде жазган. Англис тилинде да эркин сүйлөгөн жана бүткүл элин ушуга тарбиялаган. Ли Куан Юга окшоп кетет. Москвадан, Санкт- Петербургдан чыккан Катаняндын , Эдуард Филателскийдин китептеринде , Швецияда жарык көргөн дагы бир китепте Ж. Абдрахманов жөнүндө айтылат. Ал жашоосунда дос күткөн эмес, ички сезимдеринен баштап ошол кездеги СССР дин жалпы саясий абалын «Күндөлүгүнө» төкпөй-чачпай , жасалмасыз түшүрүп турган. Күндөлүгүндөгү биринчи кол жазмасы 1928- жылы август айында жазылса , акыркы жолу эскерүүлөрү 1932- жылы жазылган.

«Мен элимден жаман балдарынан эмесмин.

Ооба, жамандардын катарында эмесмин» -деген ойлорунан түшүнсө болот.

«Мен күндөлүгүмө …Ушул убактан тартып сен менин жалгыз , чыныгы жана унчукпаган досумсуң. Убакты – сааты келгенге чейин. Сен мага менин колумда турганда гана ишенимдүүсүң , башка колдорго өтсөң , чыккынчыга да айланышың ыктымал . Андай болушу да мүмкүн, ошентсе да мен сенден эчтекени жашырбаймын . Мен сага саясий ишмердин ойлорун жана баштан өткөргөндөрүн гана эмес , жөнөкөй, катардагы адамдын да ойлорун айтып берем» , - деп ушундай сөздөр менен күндөлүгүн баштаган.

Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун макаласында Ж.Абдрахманов боюнча мынтип берилет:

«1928-жылы орустун улуу жазуучусу Л. Толстойдун туулган күнүнө жүз жыл толушуна арналган чогулушка 2 саат калганда ага айтылып: анда жазуучу жөнүндө Абдрахмановдун жасаган баяндамасына баарыдан мурда аппараттагы орус агайындардын ыраазы болушу , орус маданиятын , улуу жазуучунун өмүрүн , чыгармасын билгичтик менен кенен сүйлөгөнүнө алардын таң калып эскеришкени бизге да жетпеди беле»-деп Жусуптун билимдүүлүгүн мүнөздөгөн .

Мамлекет үчүн каны көөкөрдө , башы канжагыда кайран муундун , кандай гана өлкө болбосун , кайсы гана учурда болбосун эл сыймыктангыдай , «Эсилим эгер кайра туулсаң , биздин жерде туула көр» деп эңсегидей мыктылардын анабашында турган Жусуп Абдрахмановдун затмурасы , акыл мурасы, саясий мурасы баркталабы?