Бир өңчөй мүчөлүү сүйлөмдөгү жалпылагыч сөз жана анын тыныш белгиси. Бир өңчөй мүчөлөрдүн маанисин жалпылап жана аларды бириктирип, чечмелеген сөздөрдү жалпылагыч сөздөр дейбиз. Жалпылагыч сөздөр сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөсүнө тиешелүү болуп айтылат да, аларды топтоштуруп, жалпылап, бириктирип турат. Сүйлөмдө бирөңчөй мүчөлөр кандай синтаксистик милдет аткарса, ага тиешелүү болуп келген жалпылагыч сөз да ошондой эле милдет аткарат. Жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда да, кийин да келет. Мисалы: Абдыбек менен Узак – экөө Жапардыкынан кайтканда, саат он бирден өткөн. Кечээ, бүгүн, эртеңдер – бардыгы бири-биринен айырмалуу. Жалпылагыч сөздөр чыгыш теги жагынан окшош болгон түшүнүктөрдү жалпылап көрсөтөт. Ошондуктан алардын милдетин, негизинен, булар, алар, бүт, бүткүл, баары деген ат атоочтор, жандама сан атоочтор жана айрым жалпылама маанидеги сөздөр аткарат. Жалпылагыч сөздөргө тыныш белгиси төмөнкүдөй коюлат: Жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда келсе, өзүнөн кийин кош чекит коюлат. Мисалы: Баарын: азапты, кыйноону, теңсиздикти, кордукту, жокчулукту баыбыздан кечирсек да, пенде бойдон кала берет экенбиз го! Жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн кийин келсе, өзүнөн мурда сызыкча коюлат. Мисалы: Кийимибиз жука болгондуктан, Беккул, Сапарбек жана мен – үчөөбүз калчылдай баштадык. |