Уюштуруу:
|
Мугалим окуучуларды сабакка даярдап, жагымдуу маанай түзөт.
|
Окуучулар жагымдуу маанай түзүүгө катышат, ага жардам беришет.Сыйкырдуу көз айнек.
|
НК2
|
|
Жаңы темага өбөлгө
|
Баяндаманын темасын доскага жазат.
Тема: Ачакей-жумакей
Баяндама жазуунун максатын, шартын түшүндүрөт.
|
Темасы,максаты менен таанышышат.
Түшүнбөгөн суроолорун беришет, баяндама жазууга даярданышат.
|
НК1
|
|
Баяндама
жаздыруу
|
“Ачакей- жумакей” деген текстти көркөм окуп берем.
Ачакей-жумакей оюну
Ачакей-жумакей бул кыргыз элинин кеңири тараган улуттук оюндарынын бири. Оюнчулар маңдай-тескей тегерете олтурушат. Биринчи баштаган оюнчу чүкө өкчөйт.Чүкө алчы консо, эки манжасын жумат. Таа консо, бир манжасын жумуп кайра ачып чыкса, ощол утат. Жеңген оюнчу алаканы менен көзүн басат. Уткан оюнчу сыртын чертет да, дароо бир манжасын көрсөтөт. Утулган оюнчу аны туурайт. Эгер көрсөткөн манжа туура келсе, утулганы кутулат. Эгер манжалар дал келбесе, анда утулган оюнчу кайрадан черттирет.
Таяныч сөздөр илинет: кыргыз элинин,оюн, оюнчулар, чүкө, алчы,манжасын жумат,таа, утат, көзүн басат, туурайт, көрсөткөн манжа, чертет.
План түзүшөт.
|
Текстти угушат, эстеп калышат.
Эреже боюнча бир жолу ойноп көрүшөт.
План:
1.Оюндун башталышы.
2.оюндун шарты.
3.Жеңген жана жеңилген оюнчу.
План боюнча уккандарын эстеп, таяныч сөздөрдү пайдаланып, баяндама жазышат.
|
НК1
НК3
НК2
|
ПК5
ПК1
ПК3
|
Эс алуу көнүгүүсү
Баяндама жазууну улантышат.
|
Манжалар күрөшү.
Баяндаманы андан ары улантып жазышат.
Баяндамаларын окуп чыгып, кетирген каталарын оңдоону сунуштайт.
Суроолор:
Ачакей-жумакей кандай оюн?
Чүкө эмне үчүн колдонулат?
Манжаларын эмне үчүн ачып-жумушат?
Оюндун жеңүүчүсү ким болот жана эмне кылат?
|
Салааларын бири-бирине кийиштирип ары-бери күрөштүрөт.
Улантып жазышат.
Өз алдынча окуп чыгып каталарын текшерип, оңдошот.
Суроолорго жооп беришет.
|
НК3
НК2
НК3
НК2
НК1
НК2
НК3
|
ПК1
ПК4
ПК3
|