СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили Ат атооч 6-класс

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ат атооч боюнча слайд сабак

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили Ат атооч 6-класс»

Ат атооч

Ат атооч

 Ат атооч жөнүндө түшүнүк  Зат, сын, сан атоочтордун ордуна колдонулуучу жана алардын белгилерин атабай, жалпылап көрсөтүүчү сөздөр ат атооочтор деп аталат.  Ат атооч сөздөргө төмөнкүлөр кирет:  Мен, сен, ал, биз, силер, бул, тигил, ким? эмне? эч ким, эч нерсе, баары, бүткүл, ар ким, ар бир, өз ж.б.

Ат атооч жөнүндө түшүнүк

  • Зат, сын, сан атоочтордун ордуна колдонулуучу жана алардын белгилерин атабай, жалпылап көрсөтүүчү сөздөр ат атооочтор деп аталат.

Ат атооч сөздөргө төмөнкүлөр кирет:

  • Мен, сен, ал, биз, силер, бул, тигил, ким? эмне? эч ким, эч нерсе, баары, бүткүл, ар ким, ар бир, өз ж.б.
Ат атоочтордун бөлүнүшү Ат атоочтор сөздөр берген маанилерине карата төмөндөгүдөй бөлүнөт: Жактама ат атооч Шилтеме ат атооч Сурама ат атооч Тангыч ат атооч Аныктама ат атооч Белгисиз ат атооч

Ат атоочтордун бөлүнүшү

Ат атоочтор сөздөр берген маанилерине карата төмөндөгүдөй бөлүнөт:

  • Жактама ат атооч
  • Шилтеме ат атооч
  • Сурама ат атооч
  • Тангыч ат атооч
  • Аныктама ат атооч
  • Белгисиз ат атооч
Жактама ат атооч    Затты үч жактын бирине таандык кылып көрсөткөн ат атооч жактама ат атооч деп аталат.   Жактама ат атоочторго: мен, сен, сиз, ал, биз, силер, алар деген сөздөр кирет да, ким? кимдер?  Деген суроолорго жооп берет.   Жактама ат атоочтор жекелик түрдө да, көптүк түрдө да айтылат. Мисалы:   Жекелик түрү Көптүк түрү 1 жак – мен 1 жак – биз 2 жак – сен, сиз 2 жак – силер, сиздер 3 жак - ал 3 жак – алар

Жактама ат атооч

Затты үч жактын бирине таандык кылып көрсөткөн ат атооч жактама ат атооч деп аталат.

 

Жактама ат атоочторго: мен, сен, сиз, ал, биз, силер, алар деген сөздөр кирет да, ким? кимдер? Деген суроолорго жооп берет.

 

Жактама ат атоочтор жекелик түрдө да, көптүк түрдө да айтылат. Мисалы:

 

Жекелик түрү Көптүк түрү

1 жак – мен 1 жак – биз

2 жак – сен, сиз 2 жак – силер, сиздер

3 жак - ал 3 жак – алар

Шилтеме ат атооч  Бир затка карата көрсөтүлө, жансоо иретинде айтылган ат атоочтор шилтеме ат атоочтор деп аталат. Шилтеме ат атоочторго кайсы? Деген суроого берилип:  бу (бул), тиги (тигил), ошо (ошол), Ушу (ушул), тетиги (тетигил), мына бул, мына ушу  деген ж.б сөздөр кирет.

Шилтеме ат атооч

  • Бир затка карата көрсөтүлө, жансоо иретинде айтылган ат атоочтор шилтеме ат атоочтор деп аталат. Шилтеме ат атоочторго кайсы? Деген суроого берилип:
  • бу (бул), тиги (тигил), ошо (ошол),

Ушу (ушул), тетиги (тетигил), мына бул, мына ушу

деген ж.б сөздөр кирет.

 Сурама ат атооч  Заттын санын, катар тартибин, сапатын, ордун, аты жөнүн, мезгилин аныктап билүү үчүн суроо иретинде колдонулуучу сөздөр сурама ат атооч деп аталат.  Сурама ат атооч ар дайым суроо иретинде айтылат да аларга: ким? эмнеге? кайсы? качан? кайда? канча? нече? кайдан? кандай? кана? деген ж.б сөздөр кирет.

Сурама ат атооч

  • Заттын санын, катар тартибин, сапатын, ордун, аты жөнүн, мезгилин аныктап билүү үчүн суроо иретинде колдонулуучу сөздөр сурама ат атооч деп аталат.
  • Сурама ат атооч ар дайым суроо иретинде айтылат да аларга: ким? эмнеге? кайсы? качан? кайда? канча? нече? кайдан? кандай? кана? деген ж.б сөздөр кирет.
 Тангыч ат атооч   Жалпыланган заттык, сын-сыпаттык, сан өлчөмдүк маанинин таану же жокко чыгаруу иретинде айтылган ат атооч тангыч ат атооч деп аталат. Тангыч ат атоочтого: эч ким, эч , эч бир, эч качан, эч каандай, эч канча, эч теме, эч кайсы, эч убакта, эч кайда деген ж.б сөздөр кирет.

Тангыч ат атооч

  • Жалпыланган заттык, сын-сыпаттык, сан өлчөмдүк маанинин таану же жокко чыгаруу иретинде айтылган ат атооч тангыч ат атооч деп аталат.
  • Тангыч ат атоочтого: эч ким, эч , эч бир, эч качан, эч каандай, эч канча, эч теме, эч кайсы, эч убакта, эч кайда деген ж.б сөздөр кирет.
 Аныктама ат атооч  Заттын сандык жалпылыгын же жекелигин аныктап, тактап көрсөтүүчү ат атоочтор аныктама ат атоочтор деп аталат. Аныктама ат атоочторго: бүткүл, баардык, баары, бүтүн, ар ким, ар бир, ар кандай, ар качан, ар кайсы, өз деген сөздөр кирет.

Аныктама ат атооч

  • Заттын сандык жалпылыгын же жекелигин аныктап, тактап көрсөтүүчү ат атоочтор аныктама ат атоочтор деп аталат.
  • Аныктама ат атоочторго: бүткүл, баардык, баары, бүтүн, ар ким, ар бир, ар кандай, ар качан, ар кайсы, өз деген сөздөр кирет.
 Белгисиз ат атооч  Заттарды, кубулуштарды жана алардын ордун, мезгилин ж.б так көрсөтпөстөн, болжолдоп, бүдөмүк көрсөтүүчү ат атоочтор белгисиз ат атоочтор деп аталат.  Белгисиз ат атоочторго: кайсы бир, кимдир бирөө, алда кандай, алда эмне, алда ким, кандайдыр бир, бир нерсе, кай бир, кээ бир деген ж.б сөздөр кирет.

Белгисиз ат атооч

  • Заттарды, кубулуштарды жана алардын ордун, мезгилин ж.б так көрсөтпөстөн, болжолдоп, бүдөмүк көрсөтүүчү ат атоочтор белгисиз ат атоочтор деп аталат.
  • Белгисиз ат атоочторго: кайсы бир, кимдир бирөө, алда кандай, алда эмне, алда ким, кандайдыр бир, бир нерсе, кай бир, кээ бир деген ж.б сөздөр кирет.
 Жыйынтыктоо Тестке жооп бергиле 1 .Сурама ат атооч А) бар, кел, укта Б) кызыл, жашыл, ак В) ким, кайсы, качан Г) бир, экөө, жүз 2. Зат, сын, сан атоочтордун ордуна колдонулуучу жана алардын атын атабай көрсөткөн сөздөр ... А) зат атооч Б) этиш В) сан атооч Г) ат атооч

Жыйынтыктоо

Тестке жооп бергиле

1 .Сурама ат атооч

А) бар, кел, укта

Б) кызыл, жашыл, ак

В) ким, кайсы, качан

Г) бир, экөө, жүз

2. Зат, сын, сан атоочтордун ордуна колдонулуучу жана алардын атын атабай көрсөткөн сөздөр ...

А) зат атооч

Б) этиш

В) сан атооч

Г) ат атооч

 Тапшырма Сүрөттү карап, ат атооч сөздөрдү катыштырып, чакан текст жазгыла. Тексттеги ат атооч сөздөрдү аныктагыла.

Тапшырма

  • Сүрөттү карап, ат атооч сөздөрдү катыштырып, чакан текст жазгыла. Тексттеги ат атооч сөздөрдү аныктагыла.
Көнүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!

Көнүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!