Кыргыз тили боюнча суроо – жооптор
Кыргыз тилинде канча тамга бар?
Кыргыз тилинде канча тыбыш бар?
Кыргыз тилинде канча созулма үндүү тыбыш бар?
Кыргыз тилинде канча йоттошкон тамгалар бар?
Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?
6 жөндөмө бар ( атооч, илик, барыш, табыш, жатыш, чыгыш)
Сөздө канча муун болот?
Муундун канча түрү бар, алар кайсылар?
3 түрү бар. Ачык, жабык жана туюк.
Сөз эмнеден турат?
Мүчөлөр канчага бөлүнөт?
а) Сөз жасоочу ( китеп-китепкана- китепканачы)
б) Сөз өзгөртүүчү ( китепти-китептен-китепте)
10.Уңгулаш зат атоочтор деген эмне?
-Уңгулары окшош болгон заттын атын билдирген сөздөр уңгулаш зат атоочтор деп аталат.
М: Чай-чайник-чайга-чайкана-чайканачы
11.Уңгулаш сын атоочтор деген эмне?
- Уңгулары окшош болгон заттын белгисин билдирген
сөздөр уңгулаш сын атоочтор деп аталат.
М: Чоң-чоңураак-чопчоң-чоңу
12. Уңгулаш сан атоочтор деген эмне?
- Уңгулары окшош болгон заттын санын билдирген сөздөр
уңгулаш сан атоочтор деп аталат.
М: Бир-бирден-биринчи-бирөө.
13. Уңгулаш этиштер деген эмне?
- Уңгулары окшош болгон заттын кыймыл-аракетин
билдирген сөздөр уңгулаш этиштер деп аталат.
М: кел- келдим-келчү-келээр-келебиз
14. Зат атооч деген эмне?
- Заттын атын билдирип Ким? Эмне? деген суроолорго
жооп берген сөздөр зат атооч деп аталат.
Мисалы: Ким? ата, мугалим, бала, кыз
Эмне? чөп , китеп, таш, күн, парта.
15. Ким? кимдер? деген суроолорго жооп берген заттар жандуу зат атоочтор деп аталат.
Мисалы: Ким?- бала, ата, окуучу, акын, врач
Кимдер?- кыздар, балдар, сүрөтчүлөр, мугалимдер
16. Жансыз зат атоочтор - Эмне? эмнелер? деген суроолорго жооп берген заттар жансыз зат атоочтор деп аталат.
Мисалы: парта, доска, машина, пияз
17. Энчилүү зат атоочтор деген эмне?
Адамдарга , айбанаттарга, жер- сууларга коюлган жеке аттары энчилүү зат атоочтор деп аталат.
Мисалы: Манас баатыр, Ош, Нарын дарыясы , Өзгөн.
18. Сын атооч деген эмне?
- Заттын сын- сыпатын, өңү- түсүн, дааиын, формасын, көлөмүн билдирип, кандай? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат.
Мисалы: жакшы бала,кызыл гүл, таттуу алма, чоң топ.
19. Заттын өңү-түсүн билдирген сын атоочтор --заттын өңү-түсүн жайынча , салыштырып жана күчөтүп көрсөтөт.
Мисалы: Кызыл – кызылыраак – кызгылтым – кыпкызыл - өтө кызыл
Кара – карамтыл – карараак - капкара
20. Заттын формасын, көлөмүн , даамын билдирген сөздөр- заттын формасын, көлөмүн , даамын билдирип, оюбузду аныктап, тактап турат.
Мисалы: тоголок топ, бийик тоо, ширин коон.
21. Сан атооч деген эмне?
- Заттын санын , эсебин, ирээтин билдирип канча? нече? канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берген сөздөр сан атооч деп аталат.
Мисалы: Төрт, беш, он, жүз, экинчи, токсонунчу, алтоо
22. Эсептик сан атооч деген эмне?
-Заттын санын , эсебин билдирип, канча? нече? деген суроолорго жооп берген сөздөр эсептик сан атооч деп аталат.
Мисалы: Канча? - үч, төрт, жүз. Нече? – он беш, отуз эки.
23. Иреттик сан атооч деген эмне?
- Заттын катарын билдирип, канчанчы?, неченчи? деген суроолорго жооп берген сөздөр иреттик сан атооч деп аталат.
Мисалы: Онунчу, алтынчы, экинчи, жүзүнчү.
24. Ат атооч деген эмне ? Зат атооч, сын атооч, сан атооч сөздөрдүн ордуна колдонулган сөздөр ат атоочтор деп аталат.
Мисалы: Мен, сен, ал, биз, силер, алар, ошол, бу, тигил, ошондой, тигиндей, андай, ошончо, ,ушунча ж. б.
25. Ат атоочтор канчага бөлүнөт?
- Экиге бөлүнөт.
1. Жекелик түрү
2. Көптүк түрү
26. Ат атоочтун жекелик түрү
Мен , сен, ал.
1-жак. Мен киного барам
2-жак. Сен киного барасың
3-жак. Ал киного барды.
27. Ат атоочтун көптүк түрү
Биз, силер, сиздер, алар.
1-жак. Биз бийледик
2-жак. Силер бийледиңер
3-жак. Алар бийлешти.
-