СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу ыкмалары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу ыкмалары»

Өтүү мөөнөтү: 3-чейрек, март, 3-жума

Колдонулган ыкма: Түшүндүрмө – иллюстративдик, дедуктивдик, практикалык, текшерүү ыкмасы

Сабактын темасы: Кыргыз тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу ыкмалары

Сабактын максаты: а) ЖРТнын максаты, негизги тест жана анын бөлүмдөрү тууралуу кеңири түшүнүк алышат.

б) Эне тилинде окуу жана түшүнүү, окшоштуктар (аналогиялар) жана сүйлөмдөрдү толуктоо, эне тилинин практикалык грамматикасы тууралуу билимдери кеңеет, сөз байлыктары, логикалык ой жүгүртүүлөрү өнүгөт, текстти тез окуп түшүнө билүү, анализдөө көндүмдөрүнө ээ болушат.

в) Өз алдынчалыкка, тактыкка, эрктүүлүккө жана эң негизгиси,алган билимдерин өз учурунда пайдалана билүүгө тарбияланат.

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү

Сабактын формасы: Теориялык билимди, практикалык иш менен айкалыштыра билүү

Сабактын жабдылышы: проектор, ноутбук, таяныч схемалар, сүрөттөр, тексттер.

Иш кадамдары: Саламдашуу.

Түстүү сөздөр” оюну

Окуучулардын элестетүүсүн байытуу, сөз корун өстүрүү, тез тапкычтыкка машыктыруу максатында төмөнкү сөздөрдү балдарга сунуштайм, бир-эки сөздү айтам калганын окуучулар өздөрү улантышат:

Көңүлдүү сөздөр” – сүйүнчү, беш , күлкү, белек, той........ “Кызыл сөздөр” – Кызыл-Ордо, Кызыл деңиз, кызыл алма...... “Сары сөздөр” – Сары –Челек, сары кыз, сары алма, сары чач,сары ат...... “Боз сөздөр” – Боз ала, “Боз салкын” , боз улан... “Жагымдуу сөздөр” – эң жакшы, алтыным, жаным, аппагым, өзгөчөм, көлөкөм, берекем... Мугалим: Азаматсыңар, эң сонун!

Алган билимди колдоно билүү жана анын сырларын ача билүү өтө маанилүү. Негизи эле адамдардын бир нерсени билип алуу эмес, илип алууга үйрөнүүсү пайдалуу жана таасирдүү экен. Анткени, адам илип алса кызыгат, кызыкса, түшүнөт, түшүнсө унутпайт, эсинде болсо, турмушунда пайдаланат. Ал эми жөн гана билип алса, унутат. М: Жогоруда биз “Түстүү сөздөр” оюнун ойнодук, мен башын баштадым, силер илип алып, кызыктыңар дагы андан ары уланттыңар. Демек, түшүндүңөр, менимче эсиңерде калды, унутпайсыңар. Чыныгы билим – баары унутулгандан кийин да эсте калган билим. Ошондуктан кеп билүүдө эмес – тушүнүүдө.

Бүгүнкү тема: Кыргыз тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануунун ыкмалары

Жалпы республикалык тест (ЖРТ) – ар бир жогорку билим алгысы келген адам үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Бул тест – окуучунун жалпы билимин жана андан да көбүрөөк логикалык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн текшерүүчү сынак. Албетте, аны ийгиликтүү тапшыруу үчүн окуучунун абдан жакшы даярдануусу керек. ЖРТ жатка билген эреже-түшүндүрмөлөрдү эмес, окуучунун түшүнө билүү шыктуулугун сынайт. ЖРТнын максаты – ЖОЖдо окуусун улантыш үчүн катышуучулардын ичинен эң жөндөмдүүлөрүн аныктоо. Мектепте алган бааларыңар кандай болгондугуна карабастан, иш жүзүндө эмнелерди билериңерди, сөздүк –логикалык жөндөмдөрүңөрдү. Ошондой эле кыргыз тилинин грамматикасы боюнча билгичтигиңер менен көндүмдөрүңөрдү баалайт. Силер бул сынакта негизги тестти милдеттүү түрдө тапшырасыңар, андан тышкары предметтик тестти тапшырсаңар да болот.

Негизги тест төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турат:

Бөлүмдөр

Суроолордун саны

Убактысы

Математика

60

90мүн

Эне тилинде окуу жана түшүнүү

30

60мүн

Окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо

30

30мүн

Кыргыз тилинин практика- лык грамматикасы

30

35мүн

Бардыгы:

150

215мүн

Ошондо тестирлөө 3 саат 35 мүнөткө созулат. Эгерде силер тесттин бөлүмдөрүнүн бирине белгиленген мөөнөттөн мурда жооп берип бүтсөңөр, анда тест дептериңерди жаап, ошол бөлүнгөн убакыт бүтмөйүнчө, кийинки бөлүмгө киришүү жөнүндө айтылмайынча күтүп отруу керек. Силер тесттин кийинки бөлүмүнө атайын көрсөтмө берилмейинче киришпөөгө тийишсиңер. Атүгүл эгер тесттин тийиштүү бөлүмүнө жоопторду берип үлгүрбөй калсаңар да, силер башкалар менен бирдей убакытта тесттин кийинки бөлүмүнө өтүшүңөр керек. Кийинки бөлүмдүн суроолоруна жооп берген соң убакыт калса деле мурунку бүтпөй калган бөлүмгө кайрылып барууга болбойт. (Мисалы, “Окуу жана түшүнүү” бөлүмүндөгү тапшырмаларды аткарып бүткөндөн кийин убакыт калган болсо, кайра “Математика” бөлүмүнө кайтып барууга болбойт). Демек, мындан кандай натыйжа чыгаруу керек? Албетте, убакытты туура пайдалануу керек. Андыктан бардык ишти тез аткарууга көнүгүүбүз зарыл. Сөздүк – логикалык тест

Бул тест үч бөлүмдөн турат: . “Окшоштуктар” . “Сүйлөмдөрдү толуктоо” . “Окуу жана тушүнүү”

Сөздүк – логикалык тесттин ар бир бөлүмү, башка билгичтиктер менен катар эле, силердин сөз байлыгыңарды баалайт. Ар бир адамдын өзу колдонуп жүргөн сөздөрүнүн жыйындысы – анын сөз байлыгы болот. Бул байлыкка канча сөз кирет? Ар кимдмн соз байлыгынын көлөмү ар кандай болот. Окумуштуулар 15 жаштагы мектеп окуучусу 15000ден 25000ге чейинки сөз байлыгына ээ болот дешет. Эне тилинин зор сөз байлыгын колдоно билүү – бул бийик маданияттын жана билимдүүлүктүн белгиси. Аны өздөштүрүү үчүн убакыт жана талбаган аракет керек. Анын силер үчүн эң жөнөкөй жолу – көп окуп, сөздүктөрдү көп колдонуу. Сөз байлыкты көбөйтүүнүн ар түрдүү ыкмалары бар:

. Китеп окуп жатканда бейтааныш сөздөр кезиксе, ага көңүл бурбай койбой, ал сөздүн маанисин контекстке ылайык аныктоого аракеттенип көрүү керек, анте албасаңар, анда түшундурмө сөздүктөн издеп таап маанисин кароо керек.

. Жаңы сөздөрдү досторуңар менен сүйлөшкөндө жана ар кандай жазуу иштерин аткарганда колдонуп жүрүү керек.

. Сөздөрдүн уңгусуна, куранды жана уланды мүчөлөрүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Айрым сөздөрдү жаттап алгандан көрө алардын ушундай бөлүктөрүнө көңүл буруу пайдалуу болот.

. Сөз байлыгын ар түрдүү сөз оюндары: баш катырма, сөз тапмай, сөздүк лотолор, сөз түзүү оюндары ж. у. с. арбытат.

Окшоштуктар “Окшоштук” (“Аналогия”) – деген сөз грек тилиндеги analogos – ылайык туура келүүчү деген сөздөн алынган. Аналогия – бир затты башка затка окшоштуруп, жыйынтык чыгаруу.

Мисалы: Үлгү жуп: саат / мүнөт а) китеп / тыш б) апта/ күн в) мезгил / кыш г) тал/ жалбырак

Туура жообу – Б. Себеби, биринчиден, бир саат белгилүү гана сандагы мүнөттөрдөн турса , апта да белгилүү сандагы күндөрдөн турат; экинчиден, саат менен мүнөт да, апта менен күн да мезгилди билдирген түшүнүктөр болуп эсептелет.

Аналогияны табуу баскычтары: а) үлгү жуптагы сөздөрдү байланыштыруу; б) туурасынан –тигинен сыдырып, үлгү жупту варианттардагы жуптар менен салыштыруу. Аналогиялар бир нече байланыштын негизинде түзүлөт. Ошолорду табуу – ар бир тест тапшыруучунун максаты.

Аналогия байланышынын түрлөрү:

а) Антоним- синонимдер байланышы; б) Бүтүн- бөлүк байланышы; в) Зат-курам байланышы; г) Себеп- натыйжа байланышы; д) Түшүнүк-милдет байланышы; е) Түшүнүк-жардамчы байланышы; ж) Түшүнүк-сыпат байланышы; з) Жалпы-конкреттүү байланыш; и) Түшүнүк- таасир байланышы; к) Түшүнүк – түшүндүрмө байланышы; л) Түшүнүк – мезгил байланышы; м) Түшүнүк – орун байланышы; н) Түшүнүктөрдүн ирети боюнча байланыш; о) Түшүнүктөрдүн даражалары боюнча байланыш; п) Өлчөө бирдиктери боюнча байланыш.

М: Антоним- синонимдер байланышы: кыйын / оңой 1) Жуп сөздүн экөө тең бир сөз а) былтыр/мурда түркүмүнөн болгон аналогиялар; б) чукул/жакын 2) Жуп сөздөр антоним-синоним в) жогору/ төмөн болуп, бирок ар бири бөлөк-бөлөк г) мурун/ быйыл сөз түркүмүнөн болгон аналогиялар



Бүтүн – бөлүк байланышы: эшик / тутка Ар бир зат, түшүнүк, нерсе а) дептер/калем кандайдыр бир бөлүктөрдөн б) автомобиль/руль турат. в) касапчы/бычак г) чайнек/чорго

Зат – курам байланышы: казык / темир 1) Зат жана анын азыркы а) кулпу/ ачкыч курамы: кагаз/барак б) телевизор/экран 2) Зат жана анын баштапкы в) көйнөк/ чүпүрөк курамы: сумка/чүпүрөк г) китеп/дептер

Аналогияларды туура аныкташ үчүн окуучунун сөз байлыгы менен логикалык ой жүгүртүүсү жакшы болуусу керек. (Кийинки сабакта аналогиялардын мына ушул үч байланышы боюнча тест алынат). Сүйлөмдөрдү толуктоо Тесттин сүйлөмдөрдү толуктоо бөлүгүндө бир нече сөздөрү жазылбаган сүйлөм берилет. Тест тапшыруучунун максаты берилген варианттардын ичинен мааниси жагынан эң туура келгенин табуу. М: Келечекте мен ____________ болгум келет, себеби бүгүнкү күндө ______________ адамдар __________________ жатышат.

а) догдур/оорулуу/эркин б) сүрөтчү/таланттуу/бекер в) мугалим/сабатсыз/кыйналып г) аскер/алсыз/окуп

М: _______________ эрежелерин билсек, _______________ туура түзө алабыз.

а) жүрүм-турум/каалагандай сүйлөшүүнү б) көбөйтүүнүн/каалагандай мисалды в) ыр жаратуу/каалагандай романды г) синтаксистин/каалагандай сүйлөмдү

ЖРТда аналогия боюнча 20 суроо жана сүйлөмдөрдү толуктоо боюнча 10 суроо келет. Жалпысынан 30 суроо болуп, алардын бардыгын аткарууга 30 мүнөт берилет.

Эне тилинде окуу жана түшүнүү

Окуу жана түшүнүү жөндөмүнүн пайдалары

-Кандай адам сабаттуу адамдардын катарын толуктайт? - Албетте,окуганды, жазганды жана эсептегенди билген адам сабаттуу адам болот деп эсептелинет. А бирок жазуу менен эсептөөнү үйрөнүү үчүн алгач, тамга таанып, окуганды билүү керек. Негизинен, адам баласы айлана чөйрөнү, адамдарды, табиятты – бардыгын угуу, көрүү, сезүү, жалпылап айтканда, байкоо аркылуу үйрөнөт, изилдейт. Адамдардын үйрөнө алуусу – бул адамзаттын эң чоң куралы, милдети, бакыты, ачкычы ж. б. Дал ушул үйрөнүү – ар бир адамдын эң негизги муктаждыгы. Эгер адам өзүн тегерек четин билбесе же тааныбаса, анда ал адамдын жашоосу максатсыз. Андыктан ар дайым жаңылануу, үйрөнүү, окуу иши менен алек болуу абзел.

Жогоруда айтылгандардан улам ,окуй жана түшүнө алуу адам баласы үчүн өтө маанилүү, керектүү жөндөм экендиги түшүнүүгө болот. Ал эми жөн гана окуп түшүнбөстөн, жакшы окуп, жакшы түшүнүү андан да маанилүү.

Окуу жана түшүнүүнүн негизинде курулган сабаттуулуктун пайдалары: 1. Жашоодогу пайдалары (эл менен баарлашууда, кат жазууда, келишим түзүүдө, коомдук иштерге аралашууда, укук- мыйзамдарды билүүдө ж.б.); 2. Жумуштагы пайдалары ( милдеттерин так аткарууда, укуктарын билүүдө ж.б.) 3. Билим алуудагы пайдалары ( билимине дагы билим кошууда, өз алдынча окуп- изилдөөдө ж.б.)

Окуп жана тушүнүүнүн оъектиси катары ар кандай тексттер эсептелет. Текст – бул негизги ойго ээ болгон, максаттуу түрдө бириктирилген экиден кем эмес сүйлөмдөрдүн бирикмеси. Бир эле текстти ар бир адам ар кандай түшүнүүсү мүмкүн. Ошондуктан текстти туура түшүнүү, туура талдай билүү үчүн текстеги ар бир ойдун, сөздүн маанисин терең түшүнүү, эстеп калуу, сын көз менен кароо, андан бир нече кайчы пикирлерди табуу, тыянак чыгара билүү б. а. анализдөө керек. Натыйжада, ар бир окуучу текстти окуп жатканда, дайыма: Тексттин максаты эмне? Текстеги негизги ой кайсы? Тексттин жалпы түзүлүшү кандай? – деген суроолорду максат кылып, ага жетүүсү керек.

Адамдын окуу жана түшүнүү жөндөмүн өстүрүүнүн түздөн- тү з жолу- китеп окуу. Китеп адам баласынын тарыхында эбегейсиз чоң мааниге ээ болуп келген. Учурда окуучу балдардын китеп окуусу көйгөйлүү маселелердин бири. Ошол себептүү ЖРТ тестирлөө-дө “Эне тилинде окуу жана түшүнүү” бөлүмү киргизилген.

Китеп окуунун пайдалары:

БИРИНЧИ негизги пайдасы - адамдын кругозорун өнүктүрүү. Адамдын кругозору канчалык кенен болсо, ал алдындагы көйгөйлөрдү оңой жана тез чече алат.

ЭКИНЧИ негизги пайдасы – көптөгөн маалыматты тез окуп, аны оңой түшүнүүгө көнүү. Демек, тест тапшыруучу адам мурун канчалык көп окуган болсо, ошончолук тесттеги тексттерди оңой окуп, суроолорго жооп берүүдө жеңилдиктерге ээ болот.

Китеп окуунун эң НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕСИ – окуудан ыракат алуу. Адам окуудан канчалык ыракат алса, ал ошончолук тез окуйт. Канчалык тез окуса, мээ ошончолук тез иштегенге көнөт жана тушүнүү жөндөмү артат.

Китеп окууда ийгиликке жетишүүнүн ачкычтары:

а) максат коюу ( 1 айда канча китеп окуй тургандыгын максат кылып коюу);

б) БТО ( Бардыгын ташта, оку) техникасын киргизүү ( окуу күнүнүн кайсы бир учурунда “азыр БТО убактысы” дегенде, бардыгын таштап текстти окууга киришүү, үйдө да дал ушундай техниканы пайдалануу, БТО дегенде үй- бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы газета, журнал же китеп окууга киришүү, жок дегенде 30мин. окуу);

в) убакыт табыла калганда окуш үчүн китепти дайыма көтөрүп жүрүү.

Баалоо Ф. А. А. _________________________________________________________

Аталышы/числосу

11. 03. 19.






Сөз 1 мин.

205с






Орфография

3/З






Тест

15/7






Китеп окуу (бет)

5бет






1-көнүгүү. Мында окуучулар квадраттын ичиндеги тамгаларды тез жазып жетишүүсү керек. 20 секундадан кийин ичиндеги тамгалар алмаштырылат. Ошондо окуучу 1 минутада канча тамга жазып жетише алат.

Ф Л



А Г



2-көнүгүү. Мында окуучулар 30 секунданын ичинде төмөнкү сөздөрдүн ар бирин 2сек. алмаштырып турганда канча сөз жазып жетишет. Андан соң сөздөрдүн маанисин түшүнө билүүсүн байкоо.

Ат токур, ак сөөк, кара алтын, дүнүйө капар, дан куурай, ак жоолук, педагог, жылкы мүнөз, күн желеси, кирпиги жабышуу, чабалекейдей каттоо, үзөңгү жолдош, кулжа айы, кан таламай, топ бузар, кыркы жылкы.

3-көнүгүү А – О Мында ар кандай чакан тексттер берилет. Окуучулар “О”ну “А”га алмаштырып окуйт.

Киндик эне. Ыңоолоп, жорык дүйнөгө келген болокот “Жети энем бор” – деп, жерге түшөт. Өз эне, чоң эне, тоене, ояш эне, өкүл эне. Онон олордын эң эле олгочкысы, киндик энеси бор. Бул – нористенин киндигин кесип, киндик конын жерге томызгон эне. Ошондуктон киндик кон томгон жер, онын обосы мисир жана ыйык. Ор дойым жодыңдо соктолот. Ушундон киндик энени боло киндигин кесип, кирин жуугондыгы үчүн ыроозы кылот. Ор ким шортыно жорошо колундо бор жолдугун жосогон.

Жош одом желбегей жомынбойт”. Чынындо , желбегей жомынуу коры – кортоңдорго ылойыктуудой сезилет. Себеп дегенде, олор сырт кийимдерин улом кийип, улом чечип отурууго корогондо жомынып, кирип чыгууго, босууго, доорот олууго, номозго доярдонууго оңтойлуу болот. Улуулордын көзүнчө минтип озүн көрсөтүү – жош адамдын төрөпейилдиги, улуулорды тең сонобоочулугу, мончыркоп колгондыгы. Боорынон до, оксоколдорды козго илбей колуулорынон кобор берет. 4-көнүгүү Жат жазуу Мында эки-үч сүйлөм жаздырса жетиштүү. Тексттеги сөздөрдү экиден гана окуп берүүгө болот. Окуучулар тыныш белгилерин өздөрү коюусу шарт.

5-көнүгүү Минуталык окуу. Мында окуучулар берилген текстти үн чыгарбай, шыбырабай, ичинен, көз жүгүртүп гана окуусу керек ( 1 мин)

Окулган текстте канча сөз болгонун, же 1 минутада канча сөз окуганыңарды эсептөөнүн оңой жолу төмөнкүдөй:

  1. Тексттин биринчи 3 сабындагы сөздөрдүн санын эсептегиле.

  2. Чыккан санды 3кө бөлөбүз. Бул жол менен 1саптагы сөздөрдүн орточо санын табабыз.

ЭСКЕРТҮҮ: Эгерде текст кыска саптардан турса, 3 сапты эмес, 5 сабын алып эсептесе болот. Ушундай эсептегенде тагыраак сан чыгат.

  1. 1саптагы орточо санды, окуган жериңерге чейинки сап канча болсо ошого көбөйтүү керек.

Бринчи 3 саптагы сөздөрдүн саны = 24 24 / 3 = 8. Ар саптагы сөздөрдүн орточо саны = 8 Жалпы саптардын саны = 19 8 * 19 = 152. 1 минутада окулган сөздүн саны = 152.



6 – көнүгүү Чаташтыруу тести

Боз чымчык кантип бак отургузду?

Кышында токойдо кызыл төш боз чымчык жашаптыр. Ал өзүнүн жумушу менен секирип чымчык секирип учуп жүрүп, курсагы ачат. Боз куш бийик четиндин үстүнө конуп алып тоңгон калкып торгой учуп баштады кычкыл жемиштерди чокуп жей аяктады . Эң сонун бышкан чоң таттуу мөмөлөр экен. суктанды ачуу сайын чымчык Мөмөлөрүн жеген баарын жегисин эле келтирет. Боз кекилик тойгончо жеп, бирок атайын торгой таштап анткени Бул четинди баштап учуп кеткиси келген жок, мүмкүн, мөмөлөрү абдан сонун эле. Ал алып себеби Алар калтырып жана жок дегенде бирөөнү өзүмө берип коёюн деп ойлоду. Тумшугу менен мөмөнү алып салып да Алдынан Коркуп тарапка учуп жөнөдү. Үстүнөн карга чыга калды. Үркүп кеткен боз чымчык башка шаарга Капталынын Сүйүнүп капталга оозундагы Күз учуп, “Жардамга!” – деп кыйкырганда куйругундагы мөмөсүн карга түшурүп жиберди. Жаз канатындагы Жай лампочка түшүп келди. Кар эриди. Мөмөнү күн жылытты. Адегенде анын тамырчасы чыгып андан жылуулук жулунуп соолуй бийиктеп кийин жашыл жалбырактары чыга баштады. Кийинчирээк жаш бак өсүп чыкты. кичирейип конуп









7-көнүгүү Сүйлөмдөрдү толукта

Боз чымчык кантип бак отургузду?

Кышында токойдо кызыл төш боз чымчык жашаптыр. Ал өзүнүн жумушу менен ________ жүрүп, курсагы ачат. Боз _________________ бийик четиндин үстүнө конуп _____________ тоңгон жемиштерди чокуп жей ____________________ . Эң сонун бышкан чоң _______________ мөмөлөр экен. Мөмөлөрүн жеген ___________________ жегисин эле келтирет. Боз _______________________ тойгончо жеп, бирок четинди ___________________ учуп кеткиси келген жок, ___________________ мөмөлөрү абдан сонун эле. ____________ жок дегенде бирөөнү өзүмө _______________ коёюн деп ойлоду. Тумшугу _____________ мөмөнү алып, учуп жөнөдү. ___________________ карга чыга калды. ____________________ кеткен боз чымчык башка _________________ учуп, “Жардамга!” – деп кыйкырганда _____________ мөмөсүн карга түшурүп жиберди. __________ келди. Кар эриди. Мөмөнү _______________ жылытты. Адегенде анын тамырчасы _______________ андан кийин жашыл жалбырактары __________________ баштады. Кийинчирээк жаш бак ________________ чыкты.

8- көнүгүү

Шамал, күн жана плащ кийген адам

Суук күндөрдүн биринде күн менен шамал талашышты. Алардын ар бири өз айтканынан кайтпады. – Мен күчтүүмүн! Мен үйлөгөнүмдө буюмдарды алыскы аралыктарга жылдыра алам! – деди шамал. – Жок мен күчтүүмүн. Мен жарык чачканымда өсүмдүктөр өсүп, башкаларга азык болот. Мен дүйнөгө жарык берем. Адамдарга иштөөгө шарт түзөм, – деди жумшак үнү менен күн. – Ошондойбу? Бул күч эмес. Мен күчтүүмүн, себеби, астымдагы нерселердин бардыгын бузуп салам, - деп мактанды шамал. Алар сөз талашып жатканда жанынан плащ кийген киши өтүп бара жатканын көрүп, талашын киши аркылуу чечүүнү туура көрүштү. – Экөөбүздүн кимибиз ушу кишинин плащын чечсек, ал эң күчтүү! - Макулсунбу? – деди шамал. – Ооба - деп жылмайды күн. – Мен биринчимин - деди шамал. – Бул кишинин плащын чечүү мага оңой болот! Шамал үйлөй баштады. Үйлөдү, катуураак үйлөдү, бирок канчалык катуу үйлөсө да киши плащына бекем оронду. – Эми мен көрсөм болобу? - деди күн. – Мейли – деди чарчаган шамал. Күн жылмайып адамга жарык чача баштады. Күн эң күчтүү нурларын кишиге жөнөттү. Күндүн нурларынын астында киши ысыды, акыры ал плащын чечти да жолун улады. Күн менен шамалдын ортосундагы талашты плащ кийген адам чечти.

Шамал, күн жана плащ кийген адам

Алар сөз талашып жатканда ________________ плащ кийген киши өтүп ________ жатканын көрүп, талашын киши ____________ чечүүнү туура көрүштү. – Экөөбүздүн кимибиз ушу кишинин _____________ чечсек, ал эң күчтүү! - _________________ – деди шамал. – Ооба - деп __________________ күн. – Мен биринчимин - деди ______________. – Бул кишинин плащын чечүү ____________ оңой болот! Шамал үйлөй ________________. Үйлөдү, катуураак үйлөдү, бирок ________________ катуу үйлөсө да киши _________________ бекем оронду. – Эми мен ______________ болобу? - деди күн. – Мейли – деди _________________ шамал. Күн жылмайып адамга жарык _____________ баштады. Күн эң күчтүү __________ кишиге жөнөттү. Күндүн нурларынын ________________ киши ысыды, акыры ал _______________ чечти да жолун улады.

10 –көнүгүү

Окуучуларга “Алтын бешик” деген текст таратылып берилет. Алар окуп чыгып, андагы фразеологизм же түшүнүксүз сөздөрдү табышат. Ар бир сөздүн маанисин түшүндүрүп берген соң, сөздөр эсинде бекем сакталышы үчүн оюн ойнотсо да болот. Мисалы: мисир – ыйык, киндик кан тамган – киндик кесип, кир жууган жер, туулган жер, көкүрөк көтөргөн - өсүп жетилген, алтын бешик – баалуу бешик, ак бата - аруу, таза тилек.

ыйык туулган жер

аруу тилек

көкүрөк көтөргө

алтын бешик

Сөздөрдү жогорудагыдай досканын ар кайсы жерине жазып, бирөө айтып, экинчиси кол менен көрсөтүп тез айтып, тез таап ойноо шарт. М: “мисир” дегенде “ыйык”, “ак бата” дегенде “аруу тилекти” көрсөтүү керек.

Үй тапшырма:

Фразеологизм сөздөрдөн- 5, историзм сөздөдөн– 5, архаизм сөздөрдөн -5, минуталык окуу, жат жазуу боюнча кетирген каталардын үстүндө иштөө (кыргыз тилинин грамма-тикасы бюнча кайталоо жургүзүү)

Жыйнтыктоо