Сабака чейинки бөлүк
Сабактын максаты:
Аткарылуучу тапшырмалар | Этиш сөз түркүмү боюнча кеӊири маалытмат алышат; Көнүгүүөрдү иштешет; Этиштер боюнча кластер түзүшөт; Топторго бөлүнүшөт, 3-тапшырманын негизинде текст тщзщп, дил баян жазышат. |
Сабактын жабдылышы: | Ватмандар, маркерлер, таратмалар, окуу китептери, слайд, аудио- видео материалдар ж.б |
Сабактын тиби: | Жаӊы билимди өздөштүрүү жана бышыктоо |
Сабактын усулу: | интерактивдщщ |
Убакыттын болжолдуу бөлүштүрүү: | --макалдардан, поэзиядан көркөм айтуу – 5 мүнөт; -- багытоо – 7 мүнөт; -- түшүнүү – 10 мүнөт: -- бышыктоо – 20 мүнөт; -- презентация 20 мүнөт; Жыйынтыктоо – 5 мүнөт; Баалоо -- 2 мүнөт; Тапшырма берүү -1 мүнөт |
| 2. Сабак учурундагы бөлүк |
Уюуштуруу: | Алтын эрежелер окутуучу тарабынан эскертилет. Студенттерди топторго бөлүү. |
Үй тапшырманы суроо: | Сан атооч сөз түркүмдөрү жана алардын маанилик жактан бөлүнүшү. Текшерщщ щчщн суроолор берилет. |
5 мүнөттүк жагымдуу маанай: | Студенттер өздөрүнө жаккан акындардын ар кыл темадагы лирикалардан айтышат. |
Багыттоо: | Бар, кел, ойно, жаз, оку, келип тур, жазып жибер, окуп кой, бара кел ж.б. Бул сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзүү |
Түшүнүү: | Этиш сөз түркүмү |
Бышыктоо: 1 - тапшырма | -сыра,-ла,-ар,- лаш,-кар, -ы,- каз,-ылда,- ай мүчөлөрүн катыштырып сүйлөм түзүү.(доска м-н иштөө) |
2 – тапшырма | Көнүгүү иштөө.Этиш жана анын түрлөрү, сөз түркүмдөрү боюнча кластер түзүү. (презентациялашат) |
| |
3 - тапшырма | Топторго бөлүнүшөт, аудио- видео материалдардын негизинде текст тщзщп, дил баян жазуу. |
4 – тапшырма | 5 мүнөттүк жат жазуу. Өзүн - өзү текшерүү. |
Жыйынтыктоо: | Окутуучу: Текшерүү үчүн суроолор берилет |
| 3. Сабактан кийинки бөлүк |
Баалоо: | Студенттер баалоонун критерийлери аркылуу бааланат. |
Тапшырма берүү: | Үйдө аткарылуучу тапшырмалар: Этиш сөздөрүн катыштырып дил баян жазып келщщ. |
Окуп үйрөнүү максаты | Баалоого сунушталган суроо - тапшырмалар | Көрсөткүчтөр |
1. Этиш сөз түркүмдөрү боюнча кеӊири маалымат алышат; 2. Көнүгүүлөрдү иштешет; Этиш жана анын түрлөрү, этиштин морфологиялык белгиси, синтаксистик кызматы боюнча кластер түзүшөт; Топторго бөлүнүшөт, 1-тапшырманын негизинде текст түзүп, дил баян жазышат,сөз түркүмдөргө ажыратып, алардын түрлөрүн айтып беришет. 3.Бири-бирине жардам берүүгө, сый мамиледе болууга көнүгүшөт. | - Этиштин түрлөрү жана мүнөздүү белгилери; - Этиштин морфологиялык белгиси; - Этиштин жак категориясы; - Этиштин синтаксистик кызматы; - Этиштин мамилелери жөнүндө айтып, далилдөө; - Этиштин ыӊгайлары; - Этиштин чактары; - Этиштин өзгөчө формалары. | - Этиштин берген маанилерине карата түрлөргө бөлүнүшүн атап айтып берсе; - Этиштин чак жана жак формаларын аныктаса; -Этиштин синтаксистик кызматын билип аныктаса; - Этиштин морфологиялык жол менен жасалыш өзгөчөлүгүн далилдесе; - Этиштин ыӊгай категориясын билсе, түшүнүгүн айтып берсе; - Этиштин мамилелери жөнүндө билип билгенин айтса. - Этиштин өзгөчө формаларынын жасалышын аныктаса . |
| | |
Сабактын журүшү: Кыргыз элинин бир нече макалдарын айтуу, анын маанисин тщшщнщщ менен башталат.
Адамдын адам керчилиги бир жамандыкта, бир жакшылыкта байкалат. Ач адамды тойгузууга болот,ач көздү тойгузууга болбойт. Ашыра жеген азапка калат, өлчөп жеген өмүр табат. Эрдин асылы күчүнөн билинет, аялдын асылы ишинен билинет. Жалкоого жанашып алсаӊ, шылтоонун астында каласыӊ.
Үй тапшырманы суроо: Текшерүү үчүн суроолор берилет.
1.Ат атоочтордун эрежесин айтып бергиле, кандай сөз түркүмү экенин далилдегиле.
2.Ат атоочтор түзүлүшүнө карай канчага бөлүнөт? Ар бирине мисал келтир? Тубаса жана туунду сан атоочторду айтып бергиле?
3.Кыргыз тилиндеги ат атоочтор маанисине карай канчага бөлүнөрүн, жана алардын эрежелерин айтып берип, кандай жолдор менен жасаларын айтып бергиле?
4.Ат атоочтордун жөндөлүш өзгөчөлүгү кандай? Эмне үчүн жамдама ат атоочтордун жөндөлүшүн далилде?
5.Ат атоочтук жазуу эрежелерин түшүндүргүлө?
6. Ат атооч сүйлөм тизмегинде кандай синтаксистик милдетти аткарат? Мисал келтирип далилде.
7. Ар бир ат атоочторду катыштырып сүйлөм түзгүлө?
8. Ат атоочтордун башка сөз түркүдөрүнөн болгон айрымачылыгын айтып бергиле?
9. Ат атоочтун лексикалык маанисин, морфологиялык белгилерин түшүндүргүлө
10.Ат атоочтордун кандай жол менен жасалышын (морфологиялык жол, синтаксистик жол) айтып бергиле, мисалдар келтиргиле.
Жаӊы темага багыттоо: Бар, кел, ойно, жаз, оку, келип тур, жазып жибер, окуп
Эмне кылды? Эмне кылып жатат? Эмине кылат? Эмине болду? Эмине болуп жатат? Деген суроолорго жооп бериш керек. (Түзгөн сүйлөмдөр).
Этиш сөз түркүмү башка сөз түркүмүнөн төмөндөгүдөй белгилери менен айрымаланат.
1.Маанилик жактан негизинен кыймыл-аракетти, бейпилдик абалды билдирет.
2.Озүнө гана тиешелүү болгон грамматикалык категориялары (ыӊгай, мамиле, чак жана жак) бар.
3. Озүнө гана тиешелүү курандылары бар. Алар этиштерди гана жасайт: -ла,ойло, тордо, табышта. – дан, кардан, ардан, күчтөн. –а, күчө, сана, сына.- ай, азай, көбөй, чоӊой.
4.Синтаксистик жактан баяндоочтун милдетин аткарат. Ал бала чактан эле кыштак турмушуна көнгөн.
5. Сүйлөм тизмегинде сүйлөмдүн аягында келет. Кээ бир стилдик максаттарда айтылганда жана поэзияда сүйлөмдүн башында да келе бериши мүнкүн.
Түшүнүү: Заттардын кымыл-аракеттерин, ал-абалын жана акыл-ойдогу аракеттердин билдирген сөздөрдү этиш сөздөр деп аталат.
Эмне кылды? Эмне кылат? эмне кылып жатат? Эмне болду? Эмне болуп жатат? Кантет? Деген суроолорго жооп берет.
Этиш сөздөр: жүр, чурка, бас, ич, же, жет, карма, ойгон, көздө, үйлө, ур, жаша, ала кет, ала бар, берип жибер, коюп кой ж.б сөздөр кирет:
Этиштер түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Жөнөкөй этиштер бир сөздөн турат М: жүр, чурка, бас, ич, же, жет, карма, ойгон, көздө, үйлө, ур, жаша ж.б деген жөнөкөй этиш сөздөр.
Татаал этиштер эки же андан ашык сөздөрдөн турат. М: Ала кет, ала бар, берип жибер, коюп кой, келе жаткан экен, бара келсе болобу, жүгүрүп келе бердим ж.б татаал этиш сөздөр кирет.
Этиштер кыймыл-аракетинин маанисине карата негизги жана көмөкчү этиштер деп бөлүнөт.
Татаал этиштер негизги кыймыл-аракетти билдирген этиштер негизги этиштер, кошумча кыймыл-аракетти билдирген этиштер көмөкчү этиштер деп аталат.
М: Иштеп жатат. (иштеп- негизги, жатат-көмөкчү). Окуп келди. Жазып берди.
Этиш сөздөр тубаса жана туунду этиштер деп да экиге бөлүнөт.
Табаса этиштер уӊгу түрүндө болот. бар, кел, кет, отур, жүр, оку, жый, кой, бер ж.б.
Туунду этиштер төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:
- ла – кайчыла, башта, иште.
- а – сана, чене, көзө, жаша.
- ар – агар, көгөр, кызар, бозор, жашар.
- лаш – жардамдаш, достош, кездеш, саламдаш.
- кар – башкар, аткар, өткөр, откор.
- сыра – уйкусура, кансыра, алсыра.
- ы- байы, кеӊи, жашы.
- каз – атказ, откоз, өткөз.
- ылда – чырылда, бакылда, жаркылда.
- ай – азай, көбөй, муӊай, чоӊой.
Текст менен иштөө
Душмандын 1942-жылдагы жазгы-жайкы чабуулунда Кадырбек Дондун талаасындагы катуу согушта жарадар болуп, жолдошторунун күчү менен чала өлүк бойдон согуш майданынан араӊ чыгып, чоӊ аракет менен госпиталга жеткирикен. Госпиталдан госпиталга көчүрүп отуруп, акыр аягында Саратовго келип токтоду. Саратовдо Кыдырбекке операция жасап, сол колун карысынан кесип таштай жаздады. Снарияддын сыныгы токтоп калган жер кабылдап кете жаздаган экен. Кадырбек колун кесүүгө макул болбой койгондон кийин бир нече жолу консулиумдар болуп, анан операция жасалып , операция каалагандай болуп чыкты. Эми өзү айткандай , куландан соо болуп, алты саны аман, дыӊылдап басып жүргөн чагы. Ал ошого ыраазы эле.
Этиштин мамилелери жөнүндө түшүнүк.
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү тарабынан иштелгендиги же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык категория этиштин мамилелери деп аталат. М: ал, бер, жаз, оку, жазыл, асын, окуш, куткар, жаздырт ж.б.
Этиштин мамилелеринин бөлүнүшү:
1 | Негизги мамиле | Оку, жаз, кел, бар, отур, кач, жөнө, жыл, бер, жар ж.б. Уӊгу түрүндө туруп, экинчи жакка буйрук маанисин берүүчү этиш негизги мамиле деп аталат. |
2 | Кош мамиле | Кыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан биргелешип, кошулуп аткарылгандыгын көрсөтүүчү этиш тер кош мамиле деп аталат. - ыш, ( - иш, -уш,- үш, -ш) мүчөсү уюштурат. М: алыш, бериш, окуш, санаш, иштеш, келиш ж.б. |
3 | Өздүк мамиле | К-аракеттин иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же болбосо өзү үчүн иштелгендигин билдирген этиш сөздөр өздүк мамиле деп аталат. - ын, (-ин, -ун, -үн, -н) мүчөсү уюштурат. М: ачын, көрүн, жамын, жуун, кийин, чечин, ойгон, жасан, таран ж.б. |
4 | Туюк мамиле | К-аракеттин ээнин башынан өткөрүшүн көрсөткөн этиш сөздөр туюк мамиле деп аталат. - ыл, ( -ил, ул, -үл, -л) мүчөсү уюштурат.М: жазыл, ачыл, тосул, оӊол, жасал, кесил ж.б. |
5 | Аркылуу мамиле | К-аракет буйруучу тарабынан иштелбестен, башка бирөө тарабынан иштелгендигин көрсөткөн этиш сөздөр аркылуу мамиле деп аталат. - дыр: алдыр, күлдүр, билдир - гыз: отургуз, жеткиз, билгиз - кыр: жеткир, жакыр, бардыр - ыр: батыр, житир, өчүр - коз: бүткөз, өткөз - ыз: агыз, эмиз, угуз - т: санат, окут, ойнот. - ыт: коркут, үркүт, жарыт. |
Текст менен иштөө
Госпиталдагы жолдоштору: «Эми үйүӊө сурангын, согуш башталгандан бери көргөн күнүӊ согуш, госпиталь болуп келатат, үйүӊө суранып, ата-энеӊ; тууган-туушкандарыӊды көрүп кел»,-дешти. Аны кыйытып , госпиталдын начальниги да айткан. Бирок Кыдырбек көгөрүп болбой койду.
--- Yйгө барганда эмине кылам? Мен баганда мени согуштан бир жолу келгендей көрүшөт, кеткенде андан бетер жаман болушат, чала үмүт болуп жүрө беришсин. Андан көрө барбаганым жакшы, -- деп, Кыдырбек жолдошторун таӊ калтырды.
--- Ай, эселек, сен башканы эмине кыласыӊ? Өз башыӊды ойлосоӊ боло? Yйүӊө барсаӊ бир топ ээн-эркин басып, өлүмдү кичине эсиӊден чыгарасыӊ, керек болсоӊ военкомат алып деле калат.Эмине сага окшогон жетишпей атабы? Анык өзүӊө кастык кылган акмак экенсиӊ! – дешти.
Этиштин ыӊгайлары.
Сүйлөөчү адамдын кыймыл-аракетке карата болгон мамилесин билдирген этиштин формасы ыӊгай деп аталат.
Этиштин ыӊгайлары кыймыл-аракеттин чындыкта болгонун же болуп жаткан абалын, ниетин, тилегин, буйругун, шартын билдирет.
Этиштин ыӊгайлары бешке бөлүнөт:
1 | Буйрук ыӊгай Сүйлөп жаткан биринчи жактын кыймыл-аркетти аткаруу үчүн экинчи жакка берген буйругун көрсөтүүчү этиштин формасы буйрук ыӊ.д.ат. | 1. Негизги этиштер:Айт, кел, кет, оку, бар, жаз, бил,тап, ал, ук, сүйлө ж.б. 2.Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер буйрук ыӊгайды уюштурат. Иште, ойно, сүйлө, кайчыла, жолук, жазыш, жардамдаш, сана, башта ж.б. 3.-сын, -гын, - гыла сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат. М: ойносун, баргын, иштегиле ж.б. |
2 | Шарттуу ыӊгай К-аркеттин ишке ашырылышы үчүн тиешелүү шарттын болушун көрсөткөн этиштин формасы ш.ы.д.а. | -са мүчөсү уюштурат.М: барса, келсе, окуса, жазса, көрсө, ойносо ж.б. |
3 | Тилек ыӊгай К-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон тилекти билдирген этиштин формасы т.ы.д.а. | - гай мүчөсү уюштурат да, андан кийин эле, элек деген көмөкчү этиш сөздөр кошулуп айтылат. Шаарга баргай элек. Парижди, Лондонду көргөй элем. |
4 | Ниет ыӊгай К-аракетти иштөө үчүн болгон ниетти билдирген этиштин формасы н.ы.д.а. | - мак, - макчы мүчөлөрү уюштурат. Көбүнчө -мак мүчөсүнөн кийин эле, экен, турсун, тургай, бол, беле, эмес деген көмөкчү этиштер кошо айтылат. М: Ал бүгүн айылга кетмек. Элдин сөзүнө караганда, Каныбек келмек эмес ж.б. |
5 | Баяндагыч ыӊгай К-аракеттин өткөндө болгонун, сүйлөп жаткан учурда болуп жатканын же келечекте боло тургандыгын жайынча гана баяндаган этиш сөздөр б.ы.д.а. | Жазам, жаздым, келем, келдим, барам, бардым, уктум, көрөм,көрдүм, тарттым, тартам ж.б. Мен булардын сүрөттүн дагы тарттам. Карыянын черткен күүсүнүн баянын уктум да ойго баттым. |
Текст менен иштөө
Кадырбек үйүнө отпуска алып келсе жакшы эле болорун, кааласа тыякта калып деле каларыӊ башкалардан көрө өтө жакшы эле болорун, кааласа тыякта калып каларын башкалардан көрө өтө жакшы түшүнүп турган, бирок эмне үчүндүр көӊүлү келбеди. «Баары бир кайта кете тургандан кийин барып эмине кылам? Же оорукта калып калышым керекпи? Балдары согушта жүргөн абышка—кемпирлердин ичин күйгүзүп, «Алда теӊир ай, Биздин балдар эмне келбейт »,-- дегизип, алардын көз жашын көргөнүмбү? Анан мен согушка кайтарда эки энем эки жагыман чыгып, жибербечүдөй болуп мойнума асылып, шолоктоп турушса … Жок, согуштун аягына чейин барбайм. Эмне болсо да биротоло болоюн. Же өлүгүм же тирүүм!» -- деди ичнен Кыдырб
Этиштин чактары.
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын же андан мурун болуп өткөндүгүн, же андан кийин болорун көрсөткөн этиш сөздөр этиштин чактары деп аталат.
Этиштин чактары үчкө бөлүнө: 1. Учур чак 2.Келер чак 3. Өткөн чак
I. Учур чак: Кыймыл – аракеттин сүйлөп жаткан учурда болгондугун көрсөтүүчү этиш сөздөр учур чак этиш деп аталат.
Этиштин учур чагы төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.
Этиш сөздөргө чакчыл - а, -е (- й), - ып мүчөлөрү уланып, андан кийин жак мүчөлөр уланган бар, кел, тур, бол, отур, бер, кет, жаз деген ж. б. көмөкчү этиштердин жалгануусу аркылуу түзүлөт.
М: : Бактыгүл мектепке бара жатат.
Бала уктап жаткан. Жүргүнчү улам эки жагын карай берди. Бала таенесин жанында тургандай көрүп турду. Мен дүрбүнү таштай салдым.
- оо, - уу мүчөлөрү аркылуу түзүлгөн кыймыл атоочторго жатыш жөндөмөсүнүн уландысы
(- дан) улануу менен түзүлөт. Элдин турмушу жакшырууда. Бак – дарактар бүрдөөдө.
II. Келер чак: Кыймыл – аракеттин, окуянын келечекте боло тургандыгы же болбосу анык экендигин ачык көрсөткөн этиш сөздөр келер чак деп аталат.
Келер чак кыймыл – аракеттин аткарылышына карай айкын келер чак, арсар келер чак болуп экиге бөлүнөт.
а) айкын келер чак ( - а, - й ) чакчыл мүчөлөрү уланып андан кийин жак мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу жасалат.
б) арсар келер чак (- ар, - бас) мүчөсүнүн жардамы менен жасалат.
М: Мен жакында госпиталдан чыгып барып калармын. Жамийла менен Даниярды келип калышаар деп күтүп жатым. Сейдакмат эртеӊ келбес. Балким, Момун чал мектепке барбас- деп, ойлоду Орозкул. Бербес кишинин ашы – бышпас. Келер кишилер келишти. Соолбос өмүр, сынбас темир болбос.
III. Өткөн чак: Кыймыл – аракеттин, окуянын сүйлөп жаткан учурдан мурун болуп өткөндүгүн көрсөткөн этиш сөздөр өткөн чак деп аталат.
М: Мен Танабайга бардым. Танабай атканага барып, короодон Гүлсарыны көргөндө жүрөгү мыкчыла түшкөн экен. Күздү күздөй, кышты кыштай Танабай жоргону багып чыкты.
Өткөн чак кыймыл – аракеттин болуп өткөндүгүн билдиришине карай төрткө бөлүнөт.
1. Айкын өткөн чак кыймыл-аракеттин, окуянын ачык-айкын болуп өткөндүгүн билдирет. _-ды, -ди, - ду, -дү, - ты, -ти, -ту, -тү мүчөлөрү уюштурат да, андан кийин жак мүчөлөрү улана берет. М: Мен ойлогон максатыма жеттим. Жакшы окугандыгыӊ үчүн баалуу сыйлыктар менен сыйландыӊ.
2.Капыскы өткөн чак кыймыл – аракеттин капысынан болуп өткөндүгүн көрсөтөт. –ып, -дыр (-ыптыр) мүчөлөрү уюштуруп, ага жак мүчөлөрү уланат. М: Бул ишти өз убагында жасаган экенмин.
3. Жалпы өткөн чак кыймыл – аракеттин жалпы мурун болуп өткөндүгүн билдирет. Аны –ган, -ген, - гөн, -кан, - кен, -кон, -көн мүчөлөрү уюштурат. М:Экөө алгач согуш бүткөн жылы жолуккан. Жалгыз Танабай эмес, ал кезде элдин бары жеӊишке курсагы тоюп, жеӊиштен кубат алып жашаган. Көзүн ачып, зыӊылдаган башын көтөрсө, Бектай дөбөнүн далдасынан көрүнбөй кеткен экен.
4.Адат өткөн чак кыймыл – аракеттин адат катарында болуп өткөндүгүн же бир нече ирет кайталагандыгын билдирет.
- чу мүчөлөрү уюштуруп, ага жак мүчөлөрү уланат. Айрым учурларда – чу мүчөсүнөн мурда –уу,- үү, - оо, - өө мүчөлөрүнүн толук же толук эмес түрү колдонулуп, андан жак мүчөлөрү улана берет. М: кел-чү --келүү-чү – келчүмүн - келүүчүмүн – келүчүмүн; бар – баруучу – барчу- баручу – баручусуӊ – баруучусуӊ ж.б.
Текст менен иштөө
Кыдырбек эртеси Тургамбайдан кат алды. Турганбайдын каты Кыдырбекке чоӊ кубаныч болду, анткени экөө госпиталдан бери кат үзүлүп, бири-бирин таппай жүрүшкөн.
«Кыдырбек, мен сени дайынсыз жоголду го дедим эле, кудайга шүгүр, бар экенсиӊ. Мен сени үйдөн сурадым. Карындашым кат жазып, сенин адресиӊди жибериптир. Мына эми кубанып, сага кат жазып олтурам. Баарынан да кызык: азыр мен сенин двизияӊдамын, 9-дивизияны, Белобородовду билесиӊби? Мен так ошондо артдивизиондо политрукмун. Бубликти? Азыр менде орудиянын командири, кайдан жүрүп мында келип калганын билбейм.
Сени айтып жаны калбайт. «Пулемётту расчётунда экөөбүз бирге болчубуз» дейт. Баякы сенин айтканыӊдын баарын толук айтты. Эми адресиӊди берсем кат жазат. Анын мактаганын укчу болсоӊ отуралмак эмессиӊ. Өзүмдүн бу дивизияга кайдан жүрүп келип калганымды укчу болсоӊ, кызык. Немецтер бизди Дондон кубалаганда биздин дивизия бөлүнүп, бөлүнүп, тымктыракайы чыгып кетти. Кимдин кайда калганын ким билсин. Душман кайда, биз кайда? – билбей калдык. Мен эими немицтер байлап кетет ко дегенмин. Биз бир взводго жакын киши элек. Кайсы жакты бет алып басышты билбей турдук. Туш-туштун бары немец. Түн ичинде кыштакка кирсек, тамак табылбайт. Абышка –кемпирден башка жан жок.
Этиштин өзгөчө формалары:
Атоочтуктар, чакчылдар, кыймыл атоочтор этиштин өзгөчө формалары деп аталат, себеби булардын баарында теӊ этиштик, атоочтуктарда сын атоочтук, заттык, чакчылдарда , тактоочтук, кыймыл атоочтордо зат атоочтук белгилер бар.
Атоочтуктар
Атоочтуктар морфологиялык жана синтаксистик жол менен жасалат.
Кыймыл-аракетти заттын белгиси катарында көрсөткөн, этиштик касиетке да, атоочтук (сын атоочтук, зат атоочтук) касиетке да ээ болгон, тиешелүү мүчөлөр (-ган,-ар, - бас ж.б.) аркылуу жасалган, этиштин оӊ, терс формасы боюнча өзгөргөн, сүйлөм ичинде кандай? кайсы? Деген суроолорго жооп берип, көбүнчө аныктоочтук милдетти аткарган этиштин өзгөчө формасы (түрү) атоочтуктар деп аталат.
Атоочтуктардын морфологиялык жол менен жасалышы
Мүчөлөрү | Мисалдар |
- ган | барган, барбаган, жазган, жазбаган, өргөн, көрбөгөн, окуган. |
- ар | келер, көрөр, барар, сүйлөөр, ойлоор, иштээр, жетээр. |
- бас | барбас, келбес, албас, ойнобос, сынбас, койбос. |
- оочу, - өөчү (-очу,- чу) | байкоочу- байкачу, иштөөчү-иштечү |
- уучу, - үүчү, - учу, -чу | баруучу- барчу – баручу, келүүчү- келүчү- келчү |
- а//- е, - й +жаткан, турган, жүргөн | бара жаткан (кишилер), тарай турган (элдер), ала жүргөн (китептер) |
- а// -е // - й + элек | бара элек, келе элек, тарай элек, кете элек. |
- ып + жүргөн | барып жүргөн, көрүп жүргөн, ойноп жүргөн. |
- гыдай | алгыдай, бергидей, келгидей, аткаргыдай, жегидей |
- максан+ сал, бол, киши, адам. | көрмөксөн болду, билмексен болду, укмаксан болду |
Атоочтуктардын синтаксистик жол менен жасалышы.
Атоочтуктар да эки же андан көп сөздөрдүн айкалышып айтылышы аркылуу жасалат. Мындай атоочтуктар синтаксистик жол менен жасалган, же татаал атоочтуктар деп аталат.
М: Көрө албас кишилер менен көп жолдош болбо. Тапкан-терген дүйнөм сенники, балам. Болор- болбос иш үчүн урушпа. Бара берүүчү адатыӊды кой.
Этиштин синтаксистик кызматы.
Сүйлөм ичинде ат атоочтор ээлик, баяндоочтук, толуктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат.
Сүйлөм мүчөлөрү | Мисалдар |
Ээлик | Жүгүргөн (ким?) албайт, буюруган (ким?) алат Иштеген (ким?) тиштейт. Иштебеген (ким?) тиштебейт. Баруучулар (кимдер?) жөнөп кетишти. Бара электер (кимдер?) келишти. Күлгөндүн билгени бар. |
Толуктоочтук | Бөлүнгөндү бөрү (кимди?) жээр, айрылганды (кимди?) аюу жээр. Ок өтпөстү (эмнени?) кийгизип, ок жетпести (эмнени?) мингизип, Манасты того багалы. Шаарга баруучуларга (кимдерге?) жолуктук. |
Бышыктоочтук | Бербестен (кимден?) безе кач. Тил албастан (кимден?) аша кач. Эккенден (эмнеден?) эрикпе, баштагандан (эмнеден?) зерикпе. |
Баяндоочтук | Коркконго кош көрүнөт. Биз шашылыш жөнөп калдык. Ажардын ким экендигин окуучуларга айта кетелик. Бу жолу Гүлсарыны колхозго өкүл болуп келген райондун прокурору минип баратты. Сегизбаев прокурор өзүнчө ушундай ойлоп, жоргонун жүрүшүнө ырахаттана термелип келатты. |
-- Ата, башыӊды көтөрчү, - деп жалынды бала, алсырап араӊ кыймылдап, эриндери дирилдеп, колу калтырап турду бала.
-- Ата, бу менмин. Угуп атасыӊбы? Ата, башым айланып баратат. Ата, кыйналып атам, - деп бала ыйлап жиберди.
-- Башым катуу ооруп атат, жаман катуу ооруп атат.
Абышка онтоп алды, кыбыр этти, бирок эсин жыйбады.
-- Ата Кулубек байкем келеби? – деди ый аралаш .
-- Айтчы, ата, Кулубек байкем келеби? – деп таятасын булкулдатты.
Абышка онтоп капталына оодарылды. Мас кебетеси ылай-чаӊга булганып, сакалы жулмалангандай жүдөгөн көрүнүшү суук. Таятас ынын суук кебетеси балага көз ирмемче алиги Орозкул балталап, топурак - канга жуурулуп жаткан маралдын башына окшоп кетти. Бала аза-бою үрктү, кетенчиктеп боюн ала качты.
-- Мен балык болуп кетем. Уктуӊбу, ата, мен сүзүп кетем. Кулубек келгенде айт ,мени балык болуп кетти де.
Ушуну айтып, эси чыккан бала кетенчиктей берди.
Абышка жооп кайтарбады, үнсүз жаты.
Бала андан ары кетти. Суу жээгине түштү. Ошо бойдон токтолбостон сууга кирди . . .
Бала балык болуп, суу менен сүзүп кеткенин эч ким туйбады.
Ушул тексти окуп, этиш сөздөрдү тапкыла, суроолоду бергиле?
Бышыктоо:
1- тапшырма. Этиш сөз түркүмү (жеке иштешет)
2-тапшырма. Кёнщгщщ иштёё (доскага чыгып)
3- тапшырма. 5 мщнёттщк жат жазуу. Ёзщн-ёзщ текшерщщ.
Жыйынтыктоо:
1. Этиш деп кандай сөздөрдү айтабыз?
2.Этиштин түзүлүшүнө карай бөлүнүшү. Татаал этиштин түрлөрү.
3. Негизги жана жардамчы этиштер. Жардамчы этиштер кандай кызмат аткарат.
4. Этиштин категориясы жана анын бөлүнүштөрү.(мамиле, ыӊгай, чак, жак)
5. Этиштин өзгөчө формалары : Атоочтуктар, чакчылдар, кыймыл атоочтор.
Баалоо: Студенттер баалоонун критерийлери аркылуу бааланат.
Тапшырма берщщ: Этиш сөз түркүмүн катыштырып, дил баян жазып келүү. (морфологиялык, синтаксистик талдоо жщргщзщп келщщ).
Колдонулган адабияттар:
1.Абдубалиев И. «Кыргыз тилинин морфологиясы» Бишкек-2008
2.Щсёналиев С. Ёмщралиев Б. «Азыркы кыргыз тилинин таблицалары» Биш.-2003
3.Иманалиев С. Щсёналиев С. «Кыргыз тилинин справочниги» Фрунзе - 1983
4. Давлетов С. Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили:морфология. Фрунзе-1980
5. Абдувалиев И. Садыков Т. Азыркы кыргыз тили: морфология. Бишкек-19
1-көнүгүү
Гүлсары элире жүрүп кетти. Танабай көпкө ойлонуп олтурду. Танабай жоргого укурук салып, өзү айылга коштой жөнөдү. Ал бирде канторго барып, бирде машиналарга барып, жаны тынбай жүгүрүп жүргөн. Кийинки жааган жамгыр көпкө жатып калды, жылкылар болсо, кар тээп, оттогону кирди. Жүгү артылган төөнү жетелеп, Торгой көчүп кетти. Сексенге жашым келгенче, алдан-күчтөн тая элекмин. Ана-мына дегенче кыш өтүп, жаз да келип калган турбайбы. Кубанычын бөлүшүп, жолдошторуна айтмайынча, Танабайдын көӊүлү такыр тынбайт. Гүлсары суу ичмекке кетенчитеп, катардан чыкмакка аракеттенди.
Танабайдын корону аралап көрмөй, санаасын тындырмай адаты бар.
2- көнүгүү
Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста-аста. Алтынды билиш оӊой, адамды билиш кыйын. Эмгектенүү ар бир адамды бакытка жеткирет. Болуштуктуу талашуу элди бузат. Илим үчүн күрөшүү келечек үчүн күрөшүү болот. Мактоо жеткирет, чагым өлтүрөт. Айтыш оӊой, иштеш кыйын. Билим алуу ийне менен кудук казгандай. Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок. Баш кесмек бар, тил кесмек жок.Бармак басты, көз кысты. Кетмен чапмак алмак-салмак, кош айдамак бармак-келмек. Шумкар учушунан, жигит жүрүш-турушунан таанылат.