СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили. Кызматчы сөздөр

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили. Кызматчы сөздөр»

Тема: Кызматчы сөз түркүмдөрү

Кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрүн жогоруда биз негизги (маани берүүчү),өзгөчө жана кызматчы сөз түркүмдөрү деп бөлүштүргөнбүз. Кызматчы сөз түркүмдөрү өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбой, сүйлөмдө негизги сөз түркөмдөрүнө кошумча грамматикалык маани тартуулайт. Булар «маани бебөөчү сөз түркүмдөрү» деп аталат. Белгилүү тилчи С.Кудайбергенов буларды маани берүүчү сөз түркүмдөрү катары карап, бул топко жекече турганда лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөркирерин белгилөө менен, алар башка сөз түркүмүнөн төмөнкү белгилери боюнча айрымаланарын көрсөткөн.

1. Ар бир баштагы б сөздүк белгисин сакташып, негизги компоненттерден тыбыштык сөз катары ажыратылып айтылат. Ал эми мүчө болсо, айкашкан сөздөрү менен бирге айтылат. Бирок экөө теӊ лексикалык мааниге ээ эмес.

2.Маани берүүчү сөздөр морфологиялык жактан уӊгу, мүчөлөргө ажыратылбаган өзүнчө сөз болгондуктан, үндөштүк законуна баш ийбейт. Мүчөлөр м-н айкашпайт. Мүчөлөр болсо, тыбыштык составы жагынан жалганган сөзүн ээрчип, үндөштүк законуна баш ийет.

3.Маани бербөөчү сөз түркүмдөрү, бүтүн сөздүк касиетин сакташып, дайыма басымды кабыл алышат: сен үчүн, дейин, гана, албетте, мүнкүн, келдим го! Келе гой ж.б.

Ошентип, сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыруу, ийкемдүү тутумдаштыруу милдетин аткарып, кошумча ар түрдүү грамматикалык маанилерди алып келген сөздөрдү кызматчы сөз түркүмдөрү дейбиз. Кыргыз тилинде алар төмнкүлөр:

Байламталар, бөлүкчөлөр, жандоочтор, кыялий мамиле (модалдык) сөздөр.

Байламталар. Бир өӊчөй мүчөлөрдү же татаал сүйлөмдөрдүн составындагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү өз ара байланыштыруу үчүн колдонулган кызматчы сөздөр байламталар деп аталат. Ага: да, же, менен, бирок, демек, себеби, ошол, жана да, эгер ж.бю сөздөр кирет. Байламталар багындырма жана багындырбас болуп экиге бөлүнөт.

Багындырма байламталар: Бир өӊчөй мүчөлөрдү же багынычсыз сүйлөмдөрдү эмес, баш сүйлөм менен багыныӊкы сүйлөмдөрдү гана өз ара тутумдаштырылган байламталар багындырма байламталар деп аталат. Багындырма байламталарга: себеби, анткени, эгер, эгерде, эмне үчүн, ошонун натыйжасында, канча ошончо ж.б. сөздөр кирет. . Багындырма байламталар өз ара себеп байламта,шартуу байламта, салыштырма байламта болуп бөлүнөт.

Себеп байламта. Себеп байламталарга: анткени, себеби, неге десеӊ, эмне үчүн десеӊ, андыктан, ошондуктан, ошол себептүү, ошонун натыйжасында деген байламталар кирет. Бул байламталар аркылуу өз ара тутумдашкан сүйлөмдүн бирөө баш сүйлөмдүн милдетин аткарат, бирөө баш сүйлөмдөгү айтылган ойдун себебин билдирет.

Шартуу байламта. Шартуу байламталарга эгер, эгерде деген байламталар кирет. Бул байламталар катышкан сүйлөмдөдүн баяндшартуу ыӊгайдын – са мүчөсү м-н аяктап, баш сүйлөмдө айтылуучу ойдун шартын көрсөтөт.

Салыштырма байламта. Салыштырма байламталар түгөйлүү колдонулуп, анын бирөө баяндоочу – са мүчөсү менен аяктаган багыныӊкы сүйлөмгө, бирөө баш сүйлөмгө таандык болуп айтылат.Андай айкаштардын кандай, канча, канчалык деген бөлүгү багыныӊкы сүйлөмдүн тутумунда, ошондой, ошончолук, ошончо деген бөлүгү баш сүйлөмдүн состатында колдонулат.

Багындырбас байламта. Айрым сөздөрдү ж-а суйлөмдөрдү өз ара тутумдаштыруу үчүн колдонулган байламталар багындырбас байламталар деп аталат. Багындырбас байламталарга: ары, жана да, менен, а, ал эми, бирок, антсе да, ошентсе да, анткен менен, же, не, же болбосо ж.б. Багындырбас байламталар багындыргыч, каршылагыч жана божомолдогуч болуп, өз ара үчкө бөлүнөт.

Байланыштыргыч байламталар. Бир өӊчөй мүчөлөрдү, көп учурларда багынычсыз татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы айрым жөнөкөй сүйлөмдөрдү өз тутамдаштыруучу байламталар байланыштыргыч байламталар деп аталат. Алар: ары, жана, жана да, жана дагы, да дагы, дале менен.ж.б.

Каршылагыч байламта. Бул байламталар айтылуучу ойдогу карама-каршылыкты, айтылуучу ой бири-бирине туура келбей тургандыкты же айтылуучу ойго чек койгондукту билдирет. Буларга: ал эми, бирок, антсе да, ошентсе да, ошондо да, анткени менен ошенкени менен, ошондой болсо да, ошондой болгону менен ж.б.

Божомолдогуч байламта. Божомолдогуч байламта болгон же боло турган, же боло турган, же болуп жаткан кыймыл-аракеттин иш жүзүнө аша тургандыгын божомолдоп көрсөткөн байламталар божомолдогуч байламталар деп аталат. Аларга: же, же болбосо,не ж.б.

Байламталар түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал деп экиге бөлүнөт. Байламталар составына карай жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй байламталар бир сөздөн (жана, да, себеби, дагы, демек, бирок, же, эгерде, ошонуктан), татаал байламталар эки же андан көп сөздөрдөн түзүлөт: ал эми, анткени менен, антсе да, ошол себептүү, же болбосо, ошол үчүн, эмне үчүн десеӊ ж.б.

Байламталардын тыныш белгилери.

1.Сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыруучу а, ал эми, бирок, анткени, андыктан, ошондуктан, ошон үчүн, ошол себептүү, эмне үчүн десеӊ, антсе да, ошентсе да, же болбосо деген байламталар өзүнөн кийинки айтылган сүйлөмгө таандык болгондуктан, алардан мурун үтүр коюлат. М: Күн ачык, бирок аба салкын. Жумушту абдан тез бүттүк, себеби бизге коӊшулар жардамга келишти.

2.Ары, жана, же, не деген байламталар сүйлөм менен суйлөмдү байланыштыргандыктан, үтүр ар дайым өздөрүнөн мурда коюлат. Анткени алар речь тизмегинде өздөрүнөн кийинки сүйлөмгө таандык болуп айтылат. М: Же күн жаайт, же катуу шамал болот. Айсулуу ары билимдүү, ары өжөр кыз.

3. Да байламтасы бир өӊчөй мүчөлөрдү, же сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырса, өзүнүн алдындагы сөзгө, же сүйлөмгө таандык болуп айтылат да, андан кийин үтүр коюлат. М: Данияр жакын барды да, арабага көз жүгүрттү. Кыздар келишти да, дароо ишке киришти.

4. Айрым байламталар бир өӊчөй мүчөлөрдү тутумдаштырып, эки же андан көп жолу кайталаса, эӊ акыркысынан башкасы үтүр менен ажыратылат. М: Муратбекти же, Акылбекти же, Асылды чакырып кел. Айыл өкүмөтү ак сакалдарга да, мугалимдерге да, окуучуларга да абдан ыраазы болушту.

Жандоочтор. Атоочторду жөндөмөлөр боюнча башкарып, сүйлөм мүчөлөрүн байланыштыруу үчүн колдонулган сөздөр жандоочтор деп аталат. Жандоочтор: менен, жөнүндө, аркылуу, бою, боюнча, бойдон, үчүн, сайын, соӊ, тууралуу, көздөй, карата, карай, катар, чейин, дейре, караганда, кийин, мурун, бери, көрө ж.б. сөздөр.

Жандоочтордун түрлөрү. Жандоочтор жөндөмөлөр менен айкашына карата тбөлүнөт:

1. Атооч жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: менен, тууралуу, жөнүндө, аркылуу, боюнча, сайын, сыяктуу, үчүн бою, бойдон.

2. Табыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: көздөй, карай, карата, катар.

3. Барыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: караганда, жараша, чейин, дейре, карай, карата.

4.Чыгыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: көрө, көрөкчө, ары, бери, мурун, кийин, соӊ.

Бөлүкчөлөр. Өз алдынча мааниге ээ болбогон, айрым сөздөргө же сүйлөмдөргө ар түрдүү кошумча маанини киргизүү үчүн колдонулган кызматчы сөздөр бөлүкчөлөр деп аталат. Бөлүкчөлөргө: го, же, эӊ, өтө, абдан, түк, чылк, так, да, дагы, дал, куду, өӊчөй ж.б. сөздөр.

Бөлүкчөлөрдүн түрлөрү. Бөлүкчөлөр маанисине карата чектегич бөлүкчө, аныктагыч бөлүкчө, божомолдогуч бөлүкчө, тангыч бөлүкчө, сурама бөлүкчө болуп алтыга бөлүнөн.

Чектегич бөлүкчө. Атоочтордон жана жандоочтон кийин келип, бир затты, белгини же кыймыл-аракетти башкалардын ичинен ажыратып, бөлүп көрсөтүү, чектөө маанисин берген бөлүкчөлөр чектегич бөлүкчө деп аталат. Аларга: гана, эле.

Күчөткүч бөлүкчө. Күчөткүч бөлүкчөлөр дайыма тиешелүү сөзүнөн мурун келип, анын маанисин күчөтүп көрсөтүп, сын атоочтор менен айкалышканда күчөтмө даражаны жасаган бөлүкчөлөр күчөтмө даражалар деп аталат. Алар: эӊ, өтө, абдан, түк , чылк, чымкый, аябай, тим эле, жөн эле, өӊчөй, дегеле ж.б.

Аныктагыч бөлүкчө. Өзүнөн мурунку айтылган сөздү аныктап, тактап көрсөтүүчү бөлүкчөлөр деп аталат. Ага: да, дагы, дале, деле, нак, как, так, дал, куду деген ж.б. сөздөр кирет.

Божомолдогуч бөлүкчө. Сүйлөмдүн аягында колдонулуп, божомолдоо маанисин билдирген бейм, белем деген бөлүкчөлөр божомолдогуч бөлүкчөлөр деп аталат. М: Бүгүн күн ачык болот белеем. Ал окуудан келген бейм.

Тангыч бөлүкчө. Сүйлөм ичинде толук маанилүү сөздөр менен айкалышып келип, ага тану маанисин берген бөлүкчөлөр тангыч бөлүкчөлөр деп аталат. Тангыч бөлүкчөлөргө эч деген сөз кирет. М: Эч келген жок. Эч билишпейт. Эч нерсе жок. ж.б.

Сурама бөлүкчө. Бир нерсе жөнүндө башка бирөөнүн оюн билүү үчүн колдонулган ээ, ыя деген бүкчөлөр деп аталат. Сурама бөлүкчөлөр көбүнчө сүйлөмдүн аягында колдонулат. М: Эмне дедиӊ ыя? Менин бактым бар экен ээ ыя ? Кечигип келдиӊ ээ ? ж.б.

М о д а л с ө з д ө р . Божомолдоо, күмөн саноо, ырастоо, эске түшүрүү, таӊ калу сыяктууар түрдүү кошумча маанини билдирүүчү сөздөр модал сөздөр деп аталат. Модалдык сөздөргө бул сөздөр кирет. Модалдык сөздөргө бул сөздөр кирет. М: албетте, балким, мүмкүн, имиш, кыязы, сыягы, сыяктанат, баса, болжолу, ырас, мына, кыскасы, айтмакчы, мейли ж.б.

Модалдык сөздөрдүн түрлөрү. Модал сөздөр маанилерине карай төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт:

1. Ырастоо маанидеги модал сөздөр: албетте, арийне, чындыгында, ырас, сөзсүз, шексиз, ооба, тийиш ж.б.

2. Күнөм саноо, божомолдоо маанисиндеги модал сөздөр: балким, болжолу, чамасы, сыягы, кыязы, мүмкүн ыктымал, чыгар, окшойт, өӊдөнөт, сыяктуу, шекилдүү имиш, көрүнөт ж.б.

3. Тангыч модал сөздөр: көрсө, тура, кыскасы, канна, мына, акыры, айтор ж.б. Булар өзоүнөн кийин айтылган этиштин, аточчтун маанилерин такташат, аныкталат.

Бышыктоо: