Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мазиева Айзада Кубулбековна
МОРФОЛОГИЯ 11-класс
.
1.Морфология тууралуу кыскача түшүнүк;
- 1. Морфема (сөз мүчөсү)тууралуу маалымат;
- 2. Сөз түркүмдөрүнүн классификацияланышы .
- Морфология – тил илиминин грамматикалык курулушунун алгачкысы. Сөздөрдүн өзгөрүшү, жасалыш жолдору,сөз түркүмдөрү, сөздук состав тууралуу үйрөтүүчү илим.
- Ал сөздөрдүн түрдүү грамматикалык касиеттерин ачып, ар кандай грамматикалык маанилерди, грамматикалык маани берүүчү каражаттарды изилдеп үйрөтөт.
Морфема
- Сөздун андан ары тутумдарга бөлүнбөй, кандайдыр маани берип турган эн кичинекей морфологиялык бирдиги морфема деп аталат.
Мисалы: Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо. (Барпы)
Мисалдагы Ала-Тоо деген татаал сөздүн тутутмундагы жөнөкөй сөздөрдүн ар бири бирден гана морфемадан (мүчөдөн) турат, көрк-кө эки морфемадан турат, эл бир морфемадан, бол-бо-со үч морфемадан турат. Кээ бир создор мүчөлөнбөйт, башкача айтканда, тутумунда бир эле мүчө (морфема) болот: мисалы, ата, суу, чапан, саман, жылкы, кайт ж.б.Көпчүлүк сөздөр кыргыз тилинде оңой эле морфемаларга ажырайт:ойло(ой-ло),китепканачы(китеп-кана-чы)ж.б. Кээ бир сөздөр келип чыгышы изилденип,белгилуу болгондо гана морфемаларга ажырайт.Мисалы:сүйлө эки мүчөдөн турат.Унгусу сөз,мүчөсү-ла(салыштыр:озбекче сузла)
- Кыргыз тилинде маанилери боюнча өз ара жалпылыктарды билдирип турган сөз мүчөлөрдүн (морфемалардын үч түрү бар.
Алар: унгу (сөздун уңгусу б.а. сөздун уңгу мүчөсү )
Сөздун куранды мүчөсү (сөз жасоочу мүчө)
Сөздун уланды мүчөсү (сөз өзгөртүүчү мүчө)
Уңгу
- Сөздүн эң негизги мүчөсу, андан ары мүчөлөнбөй, лексикалык маани берип турган бөлүгү.
Ал лексикалык маани менен кошо грамматикалык маанини да туюндурат.
Кыргыз тилиндеги уңгу өз алдынча толук кандуу сөз болуп кызмат кыла алат.
Мисалы: иш , иш-мер, иш-чи; адеп , адеп-түү, адеп-сиз;
Сөз жасоочу мүчөлөр
- Сөздун тыбыштык турпатын, грамматикалык формасын гана эмес, лексикалык маанисин да өзгөртөт. Жаны лексикалык маани, жаңы сөз жаратат.
Кыргыз тилинде сөз жасоочу мүчөлөр өтө көп.
Мисалы:
- чы: уйчу, көмүрчү
- ча: кыргызча, адамча
- сыра: уйкусура, этсире
- ма: басма, түймө
Сөз өзгөртүүчү мүчөлөр
- Сөздүн лексикалык мааниси менен жалпы категориялык грамматикалык маанисин өзгөртпөйт. Сөзгө жалганып, анын жеке грамматикалык маанилерин өзгөртүп, сөздүн ар түрдүү формаларын жасайт.
Кыргыз тилинде сөз өзгөртүүчү мүчөлөр:
- жөндөмө мүчөлөрү (-нын, -га, ны, да, дан);
- таандык категориясынын мучолору (-ым, -ын, -ыныз,
-сы, -ы, -быз, -нар, -ныздар);
3) көптүк санды уштуруучу мүчө (-лар);
4) жак мүчөлөр (-мын, -сын, сынар, сыз, -сыздар);
5) чак мучолору (-ды, -ган, -ыптыр, -чу);
6) мамиле мүчөлөрү (-каз, -кар ж.б.)
7) ыңгай мүчөлөрү (-са, -гай)
Сөз түркүмдөрү
- I Маани беруучу соз туркумдору
- 1. Зат атооч
- 2. Сын атооч
- 3. Сан атооч
- 4. Ат атооч
- 5. Этиш
- 6. Тактооч
- II Озгочо соз туркумдору
- 7. Сырдык создор
- 8. Тууранды создор
- III Кызматчы соз туркумдору
- 9. Байламталар
- 10. Бөлүкчөлөр
- 11. Жандоочтор
- 12. Модалдык создор
Көнүгүү, машыгуу иштери
Сүйлөмдү мааниси боюнча толуктагыла, сөз түркүмдөрүнө ажыраткыла
Атадан жакшы туулса, эшиктен … сүйрөөр,
Жаман туулса, төрдөн … сүйрөөр.
Кыргыз макалы
Атадан жакшы туулса, эшиктен төргө сүйрөөр,
Жаман туулса, төрдөн көргө сүйрөөр.
Сүйлөмдү мааниси боюнча толуктагыла, морфемаларга ажыраткыла
Жаманды … , жакшыны … .
Жаманды жашыр, жакшыны ашыр.