Кыргыз тили сабагынан 5-класстардын “эң мыкты” баага окуган
окуучуларынын арасында өткөрүлгөн “Акыл Ордо” таймашы
Саламатсыздарбы, урматтуу агай-эжейлер, окуучулар жана бүгүнкү “Акыл Ордо” конкурсунун катышуучулары! Мына бүгүн кыргыз тили сабагы боюнча 5-класстардын “эң мыкты” баага окуган окуучуларынын арасында “Акыл Ордо” интеллектуалдык билим таймашы өтүп жатат. Таймашка катышкан окуучуларыбыз кыргыз тилинин бөлүмдөрү боюнча түзүлгөн суроолорго жооп беришет. Бүгүнкү таймашта билимдүүнүн билимдүүсүн, акылдуунун акылдуусун тандап алабыз. Катышуучуларды тааныштыра кетейин:
_______________________________________
_______________________________________
_______________________________________
_______________________________________
_______________________________________
Ал эми ушул окуучуларыбыздын билим деңгээлин текшерүү үчүн даярдалган калыстар тобу менен таанышып алалы:
___________________________– комиссиянын төрайымы;
___________________________– комиссиянын мүчөсү;
___________________________– комиссиянын мүчөсү;
Анда эмесе, катышкан окуучуларыбыздын баарына ийгилик каалайбыз!
№1
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили кайсы? Кыргыз тили
Тексттин планы деген эмне? Анын кандай түрлөрү бар? Тексттеги ойдун урунттуу учурларын көрсөтүү үчүн план түзүлөт. Текст кичине болсо, жөнөкөй план түзүлөт, эгерде текст көлөмдүү болсо татаал план түзүлөт.
Арыз кайсы иш кагаздарына кирет жана ал кайсы учурда, кандай тартипте жазылат? Расмий эмес иш кагаздарына кирет. Арыз – мекеме жетекчисине ошол эле же башка уюмдун мүчөлөрү тарабынан сунуш, өтүнүч, арыздануу мазмунунда жазылат. Ал төмөнкүдөй тартипте жазылат:
1. Мекеменин аталышы, жетекчисинин кызматы жана аты-жөнү, арыздануучунун кайсы жерде, ким болуп иштери аты, жана фамилиясы көрсөтүлөт. Арыздын тексти түшүнүктүү, так жана кыска жазылат. Колу коюлуп, фамилиясы жазылат жана датасы коюлат.
Жай сүйлөм деген эмне? Мисал келтир. Сүйлөмдөгү ой жайынча гана баяндалса, жай сүйлөм деп аталат.
Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү кайсылар жана аныктооч деген эмне? Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү: аныктооч, толуктооч, бышыктооч. Аныктооч заттын сын-сыпатын, санын, өңү-түсүн, формасын, даамын билдирип, кандай? кайсы? кимдин? эмненин? канча? нече? деген суроолорго жооп берген сөздөр аныктооч деп аталат.
Алфавит деген эмне? Белгилүү тартип боюнча жайгаштырылган тамгалардын жыйындысы алфавит деп аталат.
Ачык муун деген эмне жана ага мисал келтир. Жалаң үндүү тыбыштан турса, же үнсүз менен башталып үндүү менен аяктаса ачык муун болот. Ба-ла, ки-ши, кө-чө.
Уяң үнсүздөр кантип жасалат жана ага кайсы тыбыштар кирет? Уяң үнсүздөрдү айтканда шыбыш да, үн да катышат, бирок шыбышка караганда үн басымдуулук кылат. Буга: л, м, н, ң, р, й тыбыштары кирет.
Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр деген эмне жана аларга мисал келтир. Эгерде сөздөр бир маанини гана билдирсе, бир маанилүү сөздөр деп аталат. Бир эле сөздүн бир нече маанилерди билдириши сөздүн көп маанилүүлүгү деп аталат.
Антоним дегенди кандай түшүнөсүң жана ага мисал келтир. Сөздөр берген маанилери боюнча бири-бирине карама-каршы маанини билдирсе, антоним деп аталат.
№2
Кыргыз тили “мамлекеттик тил” макамын кайсы жылы алган ? 1989-жылы 23-сентябрда “мамлекеттик тил” макамын алган.
Текст деген эмне ? Тематикалык, стилдик жактан биримдикте болгон, логикалык жактан бир бүтүн сүйлөмдөрдүн топтому текст деп аталат.
Кептин кандай түрлөрү бар, алар кайсылар? Кептин түрлөрү булар: баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү
Чакыруу деген эмне? Өткөрүлүүчү маараке тойлорго, түрдүү чогулуштарга чакыруу үчүн жазылган кабарлоо болуп саналат.
Суроолуу сүйлөм деген эмне? Мисал келтир. Суроо маанисинде айтылган сүйлөм суроолуу сүйлөм деп аталат. Суроолуу сүйлөмдөр бир нерсени билүү, бышыктоо жана тактоо максатында айтылат.
Толуктооч деген эмне? Мисал келтир. Толуктооч дайыма кыймыл-аракет менен байланышат, б.а. кыймыл-аракет багытталган затты билдирет. Толуктоочко кимге? эмнеге? кимди? эмнени ? кимде? эмнеде? ким менен? ким жөнүндө? деген суроолорго жооп берет.
Тыбыш, тамга деген эмне, жана алардын айырмачылыгы эмнеде? Кулагыбызга угулган айрым-айрым үндөр тыбыш деп аталат. Ал эми ошол тыбыштарды белгилөө үчүн колдонулган шарттуу белги тамга деп аталат. Тыбыштарды айтабыз жана угабыз, ал эми тамгаларды жазабыз жана көрөбүз.
Жабык муун деген эмне жана ага мисал келтир. Үндүү менен башталып, үнсүз менен аяктаса жабык муун болот. Ун, үй, уй
Сөздүн тике жана өтмө маанилери деген эмне жана аларга мисал келтир. Нерселерге, кыймыл-аракетке тике багытталган жана аларды билдире турган сөздүн лексикалык мааниси тике маани деп аталат. Сөздүн тике маанисинен башка нерсени, кубулушту образдуу, эмоциялуу жана көркөм туюнтуу үчүн колдонулган маани өтмө маани деп аталат.
Альбом деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар? 6 тамга, 5 тыбыш бар.
№3
Тексттин мүнөздүү белгилери кайсылар? Экиден кем эмес сүйлөмдөрдөн түзүлөт. Сүйлөмдөр берген маанилери боюнча өз ара тыгыз байланышта болот. Алар биринин маанисин экинчиси толуктап, тактап улантат жана жыйынтыктайт.
Баяндоо деген эмне? Турмушта болуп жаткан, болуп өткөн, боло турган окуяны, жаратылыштын кубулушун ирети менен кабарлоо баяндоо деп аталат.
Кулактандыруу деген эмне? Кулактандыруу – белгилүү бир уюмдун же топтун мүчөлөрүн алдыда боло турган иш чараларга, чогулуш, жолугушуу менен кабардар кылуу үчүн колдонулган жазуу же оозеки түрүндөгү билдирүү болуп саналат.
Сүйлөм айтылыш максатына карай канчага, грамматикалык түзүлүшүнө карата канчага бөлүнөт? Сүйлөм айтылыш максатына карай төрткө, (жай, суроолуу, илептүү, буйрук) ал эми гр. түзүлүшүнө карата экиге бөлүнөт. (жөнөкөй жана татаал)
Буйрук жана илептүү сүйлөмдөр деген эмне? Буйрук сүйлөм эркти, өтүнүчтү, каалоону, буйрукту билдирет да буйрук иретинде айтылат. Күчтүү сезим менен айтылган сүйлөм илептүү сүйлөм деп аталат.
Бышыктооч деген эмне? Бышыктооч сүйлөмдүн айкындооч мүчөсү, ал кыймыл-аракет менен байланышта болуп, анын ар түрдүү кырдаалын (мезгилин, ордун, сан-өлчөмүн, сапатын) билдирип, качан? кайда? кантип? эмне үчүн? эмне максат менен? деген суроолорго жооп берет.
Кыргыз тилинде канча тамга, канча тыбыш бар жана үндүү тыбыш деген эмне? Кыргыз тилинде 36 тамга жана 39 тыбыш бар. Өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ооз көңдөйүбүздө эч кандай тоскоолдукка учурабай, үйдүн катышы менен айтылса үндүү тыбыштар деп аталат. Үндүү тыбыштардын саны – 14.
Туюк муун деген эмне жана ага мисал келтир. Үнсүздөр менен башталып, үнсүз менен аяктаса туюк муун деп аталат. Мек-теп, бал-дар, деп-тер.
Сөздүн эмоционалдык мааниси деген эмне жана ага мисал келтир? Айрым сөздөр адамдын ички сезимин билдирет. Алар төмөнкүдөй эмоционалдык маанилерде айтылат: кубануу, ырахаттануу, ыраазы болуу, сүйүнүү, өкүнүү, кайгыруу, кейүү, ачуулануу. Мына ушул учурларда айтылган сөздөр эмоционалдуу сөздөр болот.
Баяндооч деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар? 8 тамга, 8 тыбыш бар.
№4
Тексттин эң кичине бирдиги - эмне? Сүйлөм
Сүрөттөө дегенди кандай түшүнөсүң жана ал өз ичинен канчага бөлүнөт? Заттын негизги белгилерин ачып көрсөтүүчү кептин бир түрү сүрөттөө деп аталат. Мында жаратылыштагы көрүнүштөрдү, адамдарды, жаныбарларды, буюмдарды жана башкаларды сүрөттөөдөн аларга тиешелүү болгон белгилер, сапаттар, өзгөчөлүктөр көрсөтүлөт. Сүрөттөө өз ичинен экиге бөлүнөт: жандуу заттарды сүрөттөө, жансыз заттарды сүрөттөө.
Расмий эмес иш кагаздарына кайсы иш кагаздары кирет? Арыз, кулактандыруу, чакыруу, тактама, өмүр баян, мүнөздөмө, ишеним кат, түшүнүк кат, акт ж.б. кирет.
Татаал сөздөр жана сөз айкашынын ортосунда кандай окшоштук жана кандай айырмачылык бар? Татаал сөз да, сөз айкашы да экиден ашык сөздөрдөн түзүлөт. Бул алардын окшоштуктары. Ал эми айырмачылыгы татаал сөздөр эки же андан ашык сөздөрдөн куралып, бир лексикалык маанини туюндурса, сөз айкашы эки же андан ашык сөздөрдөн куралып, сөзгө караганда кеңири маанини түшүндүрөт.
Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кайсылар? Ээ деген эмне? Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү ээ жана баяндооч. Сүйлөмдө дайыма ойдун негизин ээлеп, дайыма атооч жөндөмөсүндө туруп, ким? эмне? кимдер? эмнелер? кимиси? эмнеси? деген суроолорго жооп берген сөздөр ээ деп аталат.
Татаал сүйлөм деген эмне? Мисал келтир. Эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлүп, бирдиктүү бир татаал ойдон кабар берсе, татаал сүйлөм деп аталат.
Үнсүз тыбыштар деген эмне жана ага кайсы тыбыштар кирет? Өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ооз көндөйүбүздө толук же жарым-жартылай тоскоолдукка учурап, шыбыш аркылуу жасалса, үнсүз тыбыштар деп аталат. Аларга: б, в, г, д, ж, з, й, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х. ц, ч, ш, щ, (ки, ги, дж) тыбыштары кирет.
Каткалаң үнсүздөр кантип жасалат жана ага кайсы тыбыштар кирет? Үн такыр катышпай, жалаң гана шыбыш аркылуу айтылган тыбыштар каткалаң үнсүздөр деп аталат. Аларга к, п, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ тыбыштары кирет.
Синонимдердин эрежесин айтып, мисал келтир? Айтылышы ар башка, бирок берген маанилери бирдей сөздөр синонимдер деп аталат. М: адам-киши-пенде, сөйкө-сырга.
Пияз деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар? 4 тамга, 5 тыбыш бар.
№5
Тексттин темасы деген эмне?. Тема – бул тексттин жалпыланган мазмуну. Ал текстте эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгын билдирет.
Расмий иш кагаздарына кайсы иш кагаздары кирет? Жарлык, жобо, мыйзам, программа кирет.
Сөз айкашы деген эмне? Эки же андан ашык толук маанилүү сөздөрдөн түзүлүп, кандайдыр бир маанини туюндуруп айкашса сөз айкашы деп аталат.
Сүйлөм дегенди кандай түшүнөсүң? Бүткөн бир айрым ойду билдирген сөз же сөз тизмеги сүйлөм деп аталат.
Баяндооч деген эмне? Ээнин кыймыл-аракетин көрсөтүп, эмне кылды? эмне кылат? эмне кылып жатат? деген суроолорго жооп берген сөздөр баяндооч деп аталат.
Фонетика бөлүмү эмнени окутуп үйрөтөт? Тилдин тыбыштык түзүлүшүн окутуп үйрөтүүчү тил илиминин бир бөлүмү фонетика деп аталат.
Жоон жана ичке үндүүлөр дегенди кандай түшүнөсүң жана ага кайсы тыбыштар кирет? Жоон үндүүлөрдү айтканда, тил артка карай тартылып, анын түп жак бөлүгү жумшак таңдайды көздөй көтөрүлөт. Ага а, о, у, ы, аа, оо, уу тыбыштары кирет. Ичке үндүүлөрдү айтканда, тилдин учу алга карай жүткүнүп, ортосу таңдайды карай бир аз өйдө көтөрүлөт. Ага э, ө, ү, и, ээ, өө, үү тыбыштары кирет.
Жумшак үнсүздөр кантип жасалат жана ага кайсы тыбыштар кирет? Үнгө караганда шыбыш көп катышкан үнсүздөр жумшак үнсүздөр деп аталат. Аларга б, в, г, д, ж, з тыбыштары кирет.
Омонимдердин эрежесин айтып ага мисал келтир. Тыбыштык түзүлүшү окшош, бирок маанилери ар башка сөздөр омонимдер болот. Мисалы: кыш-жыл мезгили, кыш-кирпич
Оюнчук деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар? 6 тамга, 7 тыбыш бар.