Жазуу көндүмү
- Кыргыз тили сабагында жазуу көндүмүн кантип калыптандырасыңар?
- Окуучуларга кайсы жазуу иштерин жаздырасыңар?
- Картина же сүрөт боюнча баяндап жазуу.
- Таяныч сөздөрдүн жардамы менен дилбаян жазуу.
- Көргөнү, укканы, окуганы жөнүндө аңгеме (баяндоо түрүндөгү эссе) жазуу.
- Толуктоо сыяктуу дилбаян (эгер…. болгондо, эмне болмок)
- Интервью түзүү жана жазуу
- Бланка даярдоо жана толтуруу
- Тамактардын рецепттерин жазуу
- Окуган тексти, китеби жөнүндө аннотация жазуу.
- Өзүнүн же адабий каармандын өмүр баянын баяндап жазуу.
- Адамдардын тизмесин түзүү, поезддердин, автобустардын жадыбалын түзүү, аткарылуучу жумуштардын тизмесин түзүү ж.б.
- Кандайдыр бир темага белгилүү бир сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, фразаларды кошуу аркылуу текст түзүү.
- Бардык сөздөрү бир окшош тамга менен башталган жомок жазуу, белгилүү бир сандагы муундарды же сүйлөмдөрдү катыштырып жомок жазуу.
- Эл алдына чыгып сүйлөөчү кебин жазуу, мисалы, досун туулган күнү менен куттуктоо, классташтарына жана мугалимине 4-классты бүтүшү менен куттуктоо кебин жазуу (жазууга даярдоо жана презентациялоо этаптары менен).
- Бирөөгө кат жазуу.
- Ар түрдүү турмуштук кырдаалдарга ылайык чакыруу, куттуктоо баракчаларын жазуу.
- Өзүнүн бөлмөсүн, класстык бөлмөсүн, мектебин баяндап жазуу.
- Жарнамаларды, кулактандырууларды жазуу.
- Ар түрдүү күнүмдүк кырдаалдар үчүн кат жазуу, (мисалы, сен киного жөнөшүң керек, апаң жумуштан келе элек – апаңа кат жаз; сен бүгүн машыгууда кармалып каласың – кабатыр болбош үчүн үйүңдөгүлөргө себебин түшүндүрүп кат (смс) жаз, ж.б.)
- Негизги сөздөргө таянып, аңгеме жазуу (мисалы: «пил, туфли, ванна» деген сөздөрдү катыштырып аңгеме жаз).
- Киришүү фразасын же киришүү сүйлөмдөрүн улантып жазуу (мисалы, Мектептин жанында чоң …)
- Белгилүү схема боюнча ырларды жаратуу (мисалы, 1-сабында зат атооч, экинчи сабында зат жана сын атоочтор, үчүнчү сабында кандайдыр бир фраза, төртүнчүсүндө – сүйлөм катышкан 4 саптуу ыр жаз).
- Өз дилбаяндарыңдын китепчесин түз (мындай дилбаяндар окуучуларга титулдук баракчаны, аталышты, сүрөттөрдү түзө билүүнү жана жасалгалай билүүнү өздөштүрүүгө жардам берет, ошондой эле мындай дилбаяндар окуу үчүн текст катары пайдаланылышы мүмкүн).
- Окутууда жекече жазылган дилбаяндар эле эмес, коллективдүү дилбаяндар да камтылат. Мисалы, окуучулар бир эле темага аңгеме, жомок, ыр жыйнактарын чогуу, мүмкүн, мектептеги, класстагы, коомчулуктагы маанилүү окуялар жөнүндө репортаждарды, дубал газеталарды, журналдарды даярдаса болот, аларды өздөрү жасалгалашат. Мындай жол менен түзүлгөн дилбаяндар калган негизги тилдик көндүмдөрдү өркүндөтүү үчүн да пайдаланылса болот.
Сүрөттөгүлө .
1. Бул жер катмарларынын деңиз деңгээли боюнча көрсөтүлгөн графиги.
2. Мында жер катмарлары: атмосфера, литосфера жана гидросфера үч башка түстө берилген.
3. Атмосфера – бул аба катмары. Анда куштар, учактар учушат.
4. Литосфера – бул кургак жер катмары. Ал деңиз деңгээлинен жогору жана төмөн да болот. Жер алдында суур, ал эми жер үстүндө тоо теке сыяктуу жаныбарлар жашайт.
5. Ал эми суу катмары – бул гидросфера. Ал деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан жана анда суу жаныбарлары жашайт.
6 . Ошентип, жер катмары үч бөлүктөн турат.
Сүймөнкул Чокморов «Майрам»
Бул С.Чокморовдун «Майрам» картинасы. Мында майрамдык маанай берилген.
Апалар, кыздар, балдар шырдактын үстүндө баарлашып отурушат. Аларды алма бактары курчап турат. Ал эми чогулгандардын бардыгы жарашыктуу болуп келишкен.
Ошентип, бул картина караган адамга майрамдын элесин тартуулайт.
Бул С.Чокморовдун «Майрам» картинасы. Мында майрамга чогулган адамдардын майрамдык маанайы берилген.
Апалар, кыздар, балдар кооз, кенен, оймолуу шырдактын үстүндө баарлашып отурушат. Аларды шактары ийилген, мөмөлөрү бышкан алма бактары курчап турат. Ал эми чогулгандардын бардыгы улуттук көйнөктөрүн : кыздар үкү топусун , чоң апалар кооз жоолуктарын , кемселдерин, ал эми кичинекей балдар калпактарын кийип, жарашыктуу болуп келишкен.
Ошентип, бул картина караган адамга майрамдын элесин тартуулайт.
- Бул алма.
- Алма таттуу болот.
- Анын жалбырактары жашыл.
- Өңү кызыл.
- Формасы тоголок.
- Ошентип, алма витаминге бай.
Бул алма. Алма таттуу болот.
Анын жалбырактары жашыл. Өңү кызыл. Формасы тоголок.
Ошентип, алма витаминге бай.
- Күчүк кичинекей үй жаныбары
- Анын кулагы шалпайган.
- Өңү күрөң түстө.
- Ал эми куйругу узун.
- Ошентип, ал абдан сүйкүмдүү жаныбар.
Бул күчүк. Күчүк кичинекей үй жаныбары.
Анын кулагы шалпайган. Өңү күрөң түстө. Ал эми куйругу узун.
Ошентип, ал абдан сүйкүмдүү жаныбар.
- Бул суунун жаратылышта айлануу схемасы.
- Мында атмосферада суулардын үзгүлтүксүз айланышы берилген.
- Суу өсүмдүктөр, деңиз суулары аркылуу бууланат.
- Атмосферада бууланган суу кайра жаан-чачын болуп жерге түшөт.
- Жердеги суулар кайра мухитке куюлат.
- Жыйынтыгында, суу дайыма айланып туруучу кубулуш.
- Бул күн системасынын планеталарынын сүрөтү.
- Мында тогуз планетанын жайгашуусу берилген.
- Күнгө эң жакын жайгашкан планета – Меркурий.
- Ал эми эң алыс жайгашканы – Плутон.
- Жер планетасы 3-орунда жайгашкан.
- Ошентип, күн системасында планеталар өз огуна ээ.
1. Бул баскетбол оюнундагы оюнчулардын позицияларынын сүрөтү.
2. Мында оюнчулардын орду эки түс менен берилген.
3. Биринчи жана экинчи оюнчулар өз корзинасын коргойт.
4. Бешинчи жана үчүнчү оюнчулар чабуул жасашат.
5. Ал эми төртүнчү оюнчу борбордо топту талашат.
6. Ошентип, баскетболдо ар бир оюнчунун өз орду бар.
1. Бул жаш акын, алып баруучу, «Чечен айтыш» сөз өнөрү таймашынын жеңүүчүсү Ж.Турсунбаевдин «Дил чабыт» аттуу жаңы ыр китебинин ачылыш аземине чакыруу афишасы.
2. Мында кеченин болор күнү, орду жана катышуучулар тууралуу маалымат берилген.
3. Иш чара 2014-жылдын 28-мартында саат 15.00до КТРКнын концерттик студиясында болот жана каалоочулар керектүү маалыматты 0557517521 телефону аркылуу биле алышат.
4. Ага Б.Бейшеналива атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинин студенттери катышат.
5. Андан тышкары кечени автордун сөзүнө жазылган обондорду аткарган ырчылар коштойт.
6.Ошентип, бардык китеп сүйүүчүлөр афишадан керектүү маалыматты ала алышат.
1. Бул Супара этнокомплексинин салаттарынын менюсу.
2. Мында салаттын беш түрү сунушталган
3. Салаттардын эң кымбаты Ажыдаардын чакырыгы – 335 сом, ал эми эң арзаны грин оранж салаты – 210 сом турат.
4. Салаттардын ичинен Ажыдаардын чакырыгы салатынын курамында гана эт бар, калгандары негизинен жашылчалардан жана татымалдардан турат.
5.Ал эми жалгыз гана Гринж оранж салатында экзотикалык жемиш – апельсин кошулган.
6. Ошентип, салат сүйүүчүлөр бул тамактануучу жайдан салаттын бир нече түрүнө буйрутма бере алышат.
Баяндоо текстинин структурасы
«Түлкү менен бөдөнө» тамсилин окугула.
«Түлкү менен бөдөнө» тамсилиндеги бөдөнөнүн амалы
- Бөдөнө кичинекей, бирок акылдуу куш эле.
2. Ал турумтай, кыргый сыяктуу жырткыч куштардан коргонуп жашачу. Бир күнү түлкү бөдөнөнү кармап алды.
3. Түлкү аны жемек болду.
- Бөдөнө түлкүдөн кутулууга амал ойлоп тапты. «Түлкү, мени адал жегиң келсе, анда сана!»- деп түлкүгө кайрылды.
- Макул,- деди түлкү.
Түлкү «алты» дегенде бөдөнө кутулуп, учуп кетти.
5. Ошентип, акылдуу бөдөнө өзүн куткаруу үчүн калп айтып, өз өмүрүн сактап калды.
«Бөдөнүн амалы» деген темада аңгеме жазгыла.
1
Структурасы
Сүйлөмдөрдү толуктагыла
Башталышы
2
Бөдөнө … эле. Ал турумтай, кыргый сыяктуу жырткыч куштардан … .
3
Окуянын чиелениши
4
Кульминация
Бир күнү түлкү … .
Түлкү аны … .
Окуянын чечилиши (диалог)
5
Бөдөнө түлкүдөн кутулууга ... ойлоп тапты .
Аягы
«Түлкү,мени ... келсе, анда сана!»- деп түлкүгө кайрылды.
Ошентип, акылдуу бөдөнө өзүн куткаруу үчүн ... , өзүнүн өмүрүн ... .
- Макул-деди түлкү.
Түлкү ... дегенде бөдөнө кутулуп, учуп кетти.
«Бөдөнүн амалы» деген темада аңгеме жазгыла.
1
Башталышы
2
Бөдөнө кичинекей, бирок акылдуу куш эле. Ал турумтай, кыргый сыяктуу жырткыч куштардан коргонуп жашачу.
Окуянын чиелениши
3
4
Бир күнү түлкү бөдөнөнү кармап алды.
Кульминация
5
Түлкү аны жемек болду.
Окуянын чечилиши (диалог)
Бөдөнө түлкүдөн кутулууга амал ойлоп тапты .
Аягы
«Түлкү, мени адал жегиң келсе, анда сана!»- деп түлкүгө кайрылды.
Ошентип, акылдуу бөдөнө өзүн куткаруу үчүн калп айтып, өзүнүн өмүрүн сактап калды.
- Макул,- деди түлкү.
Түлкү «алты» дегенде бөдөнө кутулуп, учуп кетти.
«Кышкы оюндар» деген темада аңгеме жазгыла.
1
«Кышкы оюндар»
Башталышы
2
Мага кыш мезгилиндеги оюндар абдан жагат. Аларга чана тепмей, кар киши жасамай, коньки тепмей кирет. Мен чана тепкенди жакшы көрөм.
Окуянын чиелениши
3
4
Кульминация
Бир күнү досум Асан менен тоого чана тепкени бардык. Ал жакта балдар көп экен. Биз чана тээп баштадык. Бир учурда Асан башка бала менен чаналары кагышып кетти.
Экөө уруша баштады.
Окуянын чечилиши (диалог)
5
Мен балдарга:
Аягы
- Урушпагыла, Асан чанасын бура албай калды,- дедим.
- Чын эле,- деди Асан.
- Келгиле, андан көрө үчөөбүз чиркешип, поезд болуп тебебиз,-деп тиги бала сунуш киргизди. Бардыгыбыз макул болдук. Кечке чейин чана тептик.
Ошентип, кышында чана тебүү абдан көңүлдүү болот. Кыш мезгили кышкы оюндары менен мага жагат.
Кышкы оюндар
Мага кыш мезгилиндеги оюндар абдан жагат. Аларга чана тепмей, кар киши жасамай, коньки тепмей кирет. Мен чана тепкенди жакшы көрөм.
Бир күнү досум Асан менен тоого чана тепкени бардык. Ал жакта балдар көп экен. Биз чана тээп баштадык. Бир учурда Асан менен башка баланын чаналары кагышып кетти.
Экөө уруша баштады.
Мен балдарга:
- Урушпагыла, Асан чанасын бура албай калды,-дедим.
- Чын эле,- деди Асан.
- Келгиле, андан көрө үчөөбүз чиркешип, поезд болуп тебебиз,-деп тиги бала сунуш киргизди. Бардыгыбыз макул болдук. Кечке чейин чана тептик.
Ошентип, кышында чана тебүү абдан көңүлдүү болот. Кыш мезгили кышкы оюндары менен мага жагат.
Азамат Алишер уулунун «Карышкыр» китебинен үзүндү
КАРЫШКЫР
Карышкыр – жапайы жырткыч жаныбар. Карышкырдын табиятта жана адам коомунда орду бар. Ал эл жүрөктүүлүк менен туруктуулуктун символу катары жоокерлердин соот кийимдерине тартылган. Мисалы, Польшанын Лобез шаарынын гербинде карышкыр бар. Италиянын тарыхындагы Рим шаарын түптөгөн ага-ини Римус жана Ромулусту карышкырлар багып чоӊойткон деген да уламыш бар.
Карышкыр биз билген иттердин түпкү теги болуп эсептелет. Окумуштуулар карышкырлар тобун латынча Canis деп аташат. Ага түлкү, чөө, койот, динго жана кадимки иттер кирет.
Окумуштуулар карышкырларды табигый санитарлар деп аташат. Себеби алар жапайы жаныбарлардын оорулууларын, чабырларын жана карыгандарын жеп жок кылып, дени сактардын көбөйүшүнө шарт түзүшөт.
Кыргыз жергесинде тоо карышкырлары басымдуулук кылат.
Карышкырлар – үйүр менен жашаган жаныбарлар. Орточо эсеп менен бир үйүрдө он карышкыр болот. Ар бир үйүр өз аймагында гана аӊ уулайт. Чоочун аймакка кирсе, аёосуз салгылаштар болот.
Үйүр ичинде катуу иерархия өкүм сүрөт. Үйүрдү эркеги – альфа карышкыр башкарат жана ал балалуу боло алат. Өмүр бою ал бир эле ургаачы карышкыр менен жашайт.
Ой жүгүртүү тексти
«Карышкыр – табияттын санитары» ой жүгүртүү текстин түзгүлө.
- Карышкыр жаратылышка пайда алып келет.
- Аларды жаратылыштын санитары деп аташат.
- Карышкырлар, биринчиден, оорулуу жаныбарларды жеп, оорунун таралышын азайтат .
- Экинчиден, жаш жаныбарларга тийбестен, карыларын гана жешет .
- Алар жапайы жаныбар болгондуктан тоолордо, токойлордо, табиятта жашашат.
- Айрымдар карышкырды жырткыч жаныбар, адамдарга, малдарга кол салат, зыян келтирет дешет. Бирок, карышкырлар болбосо, жаратылышта жаныбарлардын кайсы бир түрү көбөйүп же азайып кетиши мүмкүн.
- Ошондуктан, мен «карышкырлар – табияттын сактоочулары» деп эсептейм.
Карышкыр жаратылышка пайда алып келет. Аларды жаратылыштын санитары деп аташат.
А лар, биринчиден, оорулуу жаныбарларды жеп, оорунун таралышын азайтат . Экинчиден, жаш жаныбарларга тийбестен, карыларын гана жешет . Алар жапайы жаныбар болгондуктан тоолордо, токойлордо, табиятта жашашат.
Айрымдар карышкырды жырткыч жаныбар, адамдарга, малдарга кол салат, зыян келтирет дешет. Бирок карышкырлар болбосо, жаратылышта жаныбарлардын кайсы бир түрү көбөйүп же азайып кетиши мүмкүн.
Ошондуктан, мен «карышкырлар – табияттын сактоочулары» деп эсептейм.
Карышкырды жок кылуу керекпи? Ой жүгүртүү текстин түзгүлө.
1
Темага киришүү
2
...
Тезис
3
4
Акыркы учурда карышкырларды кырып жатышат
...
1-далил
2-далил
Карышкырды жок кылбоо керек .
5
Биринчиден ...
6
3-далил
Экинчиден ...
Ал табияттын санитары.
Алар жаш жаныбарларга тийбейт.оорулуу, картаңдарын жешет.
Ошондой эле ...
контраргумент
7
карышкырлар болбосо, тең салмактуулук бузулат.
...
корутунду
Башкалар карышкырды жок кылуу керек деши мүмкүн. Бирок алар жапайы жырткыч болгону менен адамдарга атайылап кол салбайт.
Ошондуктан
Мен карышкырларды атайылап жок кылууга каршымын.
Акыркы учурда карышкырларды кырып жатышат. Карышкырды жок кылбоо керек . Биринчиден, ал табияттын санитары. Экинчиден, алар жаш жаныбарларга тийбейт.оорулуу, картаңдарын жешет. Ошондой эле, карышкырлар болбосо, тең салмактуулук бузулат. Башкалар карышкырды жок кылуу керек деши мүмкүн. Бирок алар жапайы жырткыч болгону менен адамдарга атайылап кол салбайт.
Ошондуктан мен карышкырларды атайылап жок кылууга каршымын.
«Мен келечекте ... болом» деген темада текст жазгыла. Таянычтарды пайдалангыла
1
Темага киришүү
2
Мен келечекте ... болом
тезис
3
4
дарыгер
Мага ... болуу абдан жагат.
1-далил
5
2-далил
Биринчиден... .
Дарыгерлик кесип
Дарыгерлер адамдардын саламаттыгы үчүн күрөшөт.
Экинчиден... .
3-далил
6
Оорулуу адамдарды айыктырышат. Операция жасашат
Ошондой эле ... .
контраргумент
7
Дарыгерлер дени сак адамдардын көп болушуна ка көрүшөт
Башкалар … деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен ... ойлойм.
корутунду
Дарыгерлик кесипти жеңил кесип . Дарыгерлик эң оор, жоопкерчиликтүү кесип
Ошондуктан мен келечекте ... болууну чечтим.
Мыкты дарыгер
Эмне үчүн бак-дарактарды көп отургузуу керек? деген темада текст жазгыла. Таянычтарды пайдалангыла
1
Темага киришүү
2
Бак-дарактар ... пайда алып келет.
тезис
3
Бак-дарактарды ... отургузуу керек.
1-далил
4
5
2-далил
Биринчиден ...
Экинчиден ...
3-далил
6
Ошондой эле ...
контраргумент
7
Башкалар … деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен ... ойлойм.
корутунду
Ошондуктан мен .. . .
Жайкы эс алуу
Мен жайкы каникулда алыскы Ысык-Көлдөгү Дарскан айылында жашаган чоң атамдыкына бардым. Ал жакта эс алуу менен бирге чоң атама жана чоң апама чарбачылыктарына жардам бердим . Көрсө, айылда чарба иштеринде чоң жаңылануулар болуптур.
Чоң атам бакчада бак-дарактын арасына жашылчаларды тигиптир. Кызыгы, бакчанын жанына эле бал челек кармай баштаптыр.
Мен чоң апама жайытка уй айдаганга, үй иштерине да жардам бердим.
Ошентип, мен ар бир жерде өзгөртүү, жаңылануу киргизүү өнүгүүгө алып барарын түшүндүм.
сүрөттөө
сезим
диалог
Жайкы эс алуу
Мен жайкы каникулда алыскы Ысык-Көлдөгү Дарскан айылында жашаган чоң атамдыкына бардым. Ал жакта эс алуу менен бирге чоң атама жана чоң апама чарбачылыктарына жардам бердим . Көрсө, айылда чарба иштеринде чоң жаңылануулар болуп жатыптыр.
Чоң атам бакчада бак-дарактардын ортосуна жашылчаларды тигиптир. Күнүгө кубаныч, сүйүнүү менен аларды сугарып, отоо чөптөрүн тазалап жаттым.
- Чоң ата, эмне себептен бактардын арасына жашылчаларды отургуздуңуз,-деп сурадым.
- Балам, бак-дарактар отун жана курулуш жыгачы менен камсыздайт, ал эми өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгү ар түрдүү киреше булагын берет жана топурактын да сапатын жакшыртат. Мына, кара, жемиштерди сугарган суу менен жашылчалар да сугарылат, болбосо, аларды эки бөлөк сугарып, сууну жөн эле коромжу кылчу экенбиз,- деди.
Кызыгы, бакчанын жанына эле бал челек кармай баштаптыр. Андагы ызылдаган аарылар бир эле убакта жемиш бактарын чаңдаштырып, жемиштердин көп түйүлүүсүнө алып келип, бал да беришет экен.
Мен чоң апама жайытка уй айдаганга, үй иштерине да жардам берип жүрдүм.
Ошентип, мен ар бир жерде өзгөрүү, жаңылануу киргизүү өнүгүүгө алып барарын түшүндүм.