СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили. Сын атооч

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тил

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили. Сын атооч»







№13 Коргол жалпы билим берүүчү

Орто мектеби





Тема:Сын атооч





Мугалими:Коңурбаева Алтынай





















Предмети: КЫРГЫЗ ТИЛИ

Классы: 4-класс

Сабактын темасы: СЫН АТООЧ

Сабактын максаты:

1) Билим берүүчүлүк: Сын атооч жөнүндө маалымат алышат. Сын атоочтон турган сөздөрдү табышат жана сүйлөмдөрдү түзүшөт.

2) Өнүктүрүүчүлүк: Берилген суроолорго ой жүгүртүп жооп беришет

3) Бири-бирин угуп жардам беришет.

Сабактын тиби: жаңы материалдарды тааныштыруу

Сабактын методу: топтордо, жупта иштөө

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, алма, телевизор

Сабактар аралык байланышы: окуу, сүрөт,

Сабактын жүрүшү:

Жол чырактын түстөрүн пайдаланып, окуучуларды 3 топко бөлүнүшөт. Кызыл, сары, жашыл.

Саламатсыңырбы, балдар!

Саламатсызбы, эжеке! Жагымдуу маанай түзүү.

Окуучулар бири-бирин карап жылмайышат. Андан кийин мугалимди карап жылмайышат.

Азаматтар! Эми балдар, телевизорго карап сабагыбызга эреже түзүп алалы.Таш бакадай кыбырабайбыз

1 Сабакка активдүү катышабыз

2 Убакытты туура пайдаланабыз

3 Берилген тапшырмаларга туура,бат

Жооп берүүгө жетишүү

Азаматсыңар, балдар! Эми балдар, биздин сабагыбыздагы негизги максатыбыз эмне?

Оң колумда беш бармак,

Сол колумда беш бармак.

Мыкты окуп жашымда,

Максатыбыз «5» алмак.

Азаматсыңар балдар, максатыңарга жеткиле! Эгерде силер жакшы баа алып, мыкты окуучу болгуңар келсе, сабакка көңүл коюп суроолорго жооп берип, тапшырмаларды аткарсаңар, мен силерге чүкөлөрдү берем. Сабактын аягында аларды санап кайсы топ көп чүкө чогултса, аларга эң жакшы деген баа коем.

Балдар, азыр интернеттин заманы, башкача айтканда бардык нерселерди биз интернет желелери аркылуу тапсак болот. Ошго байланыштуу мен силерге Кыргызстандын картасын алып келдим эле, ага интернет желелеринин эмблемаларын жармаштырабыз. Алардын артында атайын үй тапшырмаларына карата суроолор бар. Суроолорго жоопторду алгандан кийин, интернет желелеринин пайдасы жана зыяндуулугун окуучулар айтып беришет. Алар жооп берген топтор чүкөлөрдү алып турушат.

Жаңы темагакиришүү: Сын атооч

Кана балдар, бүгүнкү сабагыбыздын темасын төмөндөгү суроолорго жооп берүү менен таап алсак.

1-суроо. Алина кызыл алма үзүп алды.(кызыл)

2-суроо. Талаада кооз гулдөр көп(кооз)

3-суроо. Быйыл чоң үй салып бүтүрдүк(чоң үй)

4-суроо. Бөбөк татуу уйкуда жатат.(таттуу уйкуда)

5-суроо Айдардын кабанаак күчүгү бар (кабанаак)





Азаматтар, демек биздин бүгүнкү сабагыбыздын темасы СЫН АТООЧ экен.

Алдыбыздагы табактардагы алмаларды колубузга алып кармап, жеп көрөлүчү. Балдар, алма жөнүндө эмнелерди айта аласыңар? Алма кандай экен? Азаматсыңар, балдар! Демек алма зат анын даамын, формасын, көлөмүн, өңү-түсун билип алдык. Балдар, заттын сын-сыпатын, өңү-түсүн, даамын, формасын, көлөмүн билдирип КАНДАЙ? КАЙСЫ? -деген суроого жооп берген сөздөр сын атоочтор деп аталат. Анда эмесе балдар, биз интернет желеси аркылуу телевизордон эмнелер бар экендигин көрөбүз. -Балдар, ушул сүйлөмдөрдү түзөбүз. Дептерлерге жазабыз. Чүкөлөр менен бааланышат.

Китеп менен иштөө:

Китепте берилген «Балыктар» текстти 3топ бирден абзацтан окушат. Сын атооч создорду таап доскага жазышат. Суроолорду беришип. эрежени айтышат.

Физминутка:

Ютубдан «РАМ-ЗАМ-ЗАМ» ырын коюп балдар ырдап, бийлешет.

Бышыктоо:

5-көнүгүү

1-Топ: Балыктын суротун тартып, сын атооч катышкан сөздөрдү айтып беришет.

2-Топ: «БАЛЫК» деген сөзгө кластер түзүшөт.

3-Топ: «БАЛЫК» деген сөзгө синквейн түзүшөт.

Жыйынтыктоо: Балдар жол чырак жөнүндө эмнелерди билесиңер? Жол чырак кандай болот, кайсы жерлерге коюлат?

Балдар өз ойлорун айтышат.

Азаматсыңар, балдар! Ар дайым жолдо жүрүүдө абайлагылы!

Топтордо упайларды эсептеп коебуз. Өзгөчө активдуу катышкан окуучуларга эң жакшы баа коем.

Үйгө тапшырма: 6-көнүгүүнү аткарып келүү.