СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили. Тилдин чыгып келиши

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили. Тилдин чыгып келиши»

Практикалык иш №1

Темасы: Тилдин келип чыгышы жана өнүгүшү.

Максаты: а) Тилдин келип чыгышы тууралуу маалыматка ээ болушат.

б) Тилдин пайда болушуна карата окумуштуулардын пикирлерин талкуулашат.

в) Коомдун өнүгүшү менен тил да өнүгүүгө дуушар болоорун далилдешет.

Адам баласы эмгектенүүнүн натыйжасында адам жекече күн өткөрбөстөн,биримдешип,алгачкы эң жөнөкөй эмгек каражаттарын ойлоп табууда,коркунучтуу жаныбарлардын таасиринен коргоонууда,биргелешип аң уулоого чыкканда өз ара пикир алышуунун элементтери пайда боло баштаган.Тиешелүү даражада бирин-бири түшүнө баштаган.Ымдоо,жымдоо, сүрөт тартуу аркылуу түшүнүшүп олтуруп,бара-бара татаалданган,бир муундуу сөздөрдөн куралган жөнөкөй сөздөрдөн –азыркы пикир алышуунун каражатына,улуттук мамлекеттик,мамлекет аралык милдет аткаруучу кызматка айланды.

Тилдин пайда болушун Ф.Энгельс эмгектин натыйжасында келип чыккан деп карайт.Чындыгында,адамзаттын түйшүгү да,ойлоосу да,ар кандай чыгармачылыгы да эмгек менен байланышкан.

Тил үн туроонун негизинде пайда болгон деген пикирлер бар.Алардын ою боюнча ,жаныбарлардын үнүн тууроонун негизинде пайда болгон.

Мындай пикир алгылык туу эмес,анткени бизди курчап турган бардык эле заттар үн чыгара бербейт.

Мындан тышкары сырдык сөз теориясы деген топтогу окумуштуулардын пикири боюнча корккондон, чочугандан, кубангандан, кайгыргандан тил пайда болгон дешет.

Тил-коомдук көрүнүш, ал коом пайда болгондо келип чыккан. Коомдун өнүгүшү менен тил да өнүгүүгө, өзгөрүүгө дуушар болуп отурат. Эмгектенүү учурунда тил адам баласынын оюн тиешелүү денгээлде андан ары өнүктүрүп,болгон бардык иш-тажрыйбаларын тил аркылуу бир элден экинчи элге, бир муундан экинчи муунга өткөрүп турат. Тил коомдук эмгекти уюштуруда, аны андан ары өнүктүрүүдө, илим менен техниканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Коомдук өнүгүштүн тиешилүү деңгелге жетишине,маданият менен адабияттын өнүгүшүнө тилдин түздөн-түз таасири бар.Коомдук,күндөлүк жашоо-турмуштагы өнүгүштү тил аркылуу калыптандырып,өндүрүштүк тажрыйбаларды топтоп,эмгек каражаттарын өнүктүрүүнү камсыз кылып,ошону менен жашоонун материалдык негизин,деңгээлин жогорулатууга түрткү берет.

Аткарылуучу тапшырмалар:

1-тапшырма

Тил илиминдеги тилдин келип чыгышы жөнүндөгү теорияларга таблица түзүп түшүндүргүлө?

Үн туроо теориясы


Сырдык сөз теориясы

Социалдык эмгек теориясы

Тилдин табияты жөнүндө кандай көз караштар бар?

Тилдин келип чыгышы тууралуу кандай теорияларды билесиңер?

Алардын негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

Үн туроо теориясынын маңызы жана кемчиликтери?

2-тапшырма

Сырдык сөздөрдөн мисал келтиргиле,алардын түшүнүктөрдү билдире албастыгын далилдегиле?

Бах,бали,баракелде,кокуй,катыгүн,капырай,ботом,ай,кап,апей,эй,өх,ой,аттиңай,аттиң,чиркин,чиркинай,пай-пай,төх,ойбой,жолуң болгур,көп жашагыр,кудай ур,айланайын,мурдуңду урайын,ура,алло,кыруу-кыруу,кош,чү,бар болуңуз.

1.Сырдык сөз теориясынын мазмунуна токтолгула.

2. Социалдык теориясынын кемчилиги эмнеде?

3. Адамдын пайда болуш эволюциясын мүнөздөгүлө?

4. Тил эмне үчүн биологиялык жана психологиялык көрүнүш эмес?

5. Тилдин коомдук көрүнүш экендигин далилдегиле?

3-тапшырма

Сырдык сөздөрдүн төрт түрлүү жазылгандыгын таблица аркылуу далилдегиле?

1.

СС

!

Сүйлөм

М.:Ураа! Биз жеңдик

2.

СС


,

сүйлөм

М.: Бали, ырдап жибер

3.

сүйлөм

,

СС

,

сүйлөм

М.:Сен, катыгүн, ушундай белең?

4.

сүйлөм

,

СС

М.: Ал эмнең, кокуй.



Тил –байланыштын куралы,тил –таанымдын куралы деген тезистерди түшүндүргүлө?

Тил-коомдук көрүнүш экендигин далилдегиле?

Сен кайсы теорияны туура деп эсептейсин?

3-тапшырма

Төмөнкү окумуштуулардын тил жөнүндө айткандарын жаттап,

бөтөн сөзгө айландырып тузүп чык?

Өнөр алды- кызыл тил. Жети элдин тилин бил,жети түрлүү билим бил. Тил- эң эле ыйык! Ал элпектикти,сулуулукту,тактыкты талап кылат. Ага кайдыгерлик кылып кароого болбойт. Тил байлыгы-учу-кыйыры жок океан,казып бүтпөй турган кен. Эне тилдин ээси-эл.

Сөздүн мыктысы жөнөкөй,түшүнүктүү жана мазмундуу келет. Жакшы сөз жарым ырыс.Эне тилим-эне сүтүм. Аз сөз –саз сөз,көп сөз-чөп сөз.Көп уккун да,аз сүйлөө.

Кыргыз элинде : “Өнөр алды –кызыл тил “-деген макал бар. “Жети элдин тилин бил,жети түрлүү билим бил”-деген туура.” Тил-эң эле ыйык “ Ал элпектикти,сулуулукту ,жана тактыкты талап кылат.Ага кайдыгер кылып кароого болбойт.”-деп улуу окумуштуулар далилдешкен. “Тил байлыгы-учу-кыйыры жок океан,казып бүтпөй турган кен”-деген эмеспи.

Тил деген эмне?

2.Элдин белгилүү адамдардын тил жөнүндө айткандарын билесиңби?

3.Тил жөнүндө кандай макалдарды билесиң?

4. Кыргыз тили жөнүндө кандай обондуу ырлар ырдалып жүрөт?

5. Тилдин сен үчүн мааниси кандай?

Колдонулган адабияттар:

Бектур Исаков “Кыргыз тили “ 10-11 класстар үчүн окуу китеби Бишкек-2012

Бектур Исаков “Кыргыз тилин 5-11-класстарда натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмо” Бишкек -2012

С.Үсөналиев “Кыргыз тилинин спровочниги” Бишкек-2000

Озекеева А. “ Билим өзөгү – тил таанымы” (усулдук иштелме) Бишкек-2010

С.Үсөналиев “Окутуп тарбиялоо “ ,китеп 1986





Практикалык иш №2

Темасы: Кептин стилдери.

Максаты: а) Кептин стилдери боюнча кеңири түшүнүк алышат. б)Кептин стилдери жана алардын бири-биринен болгон өзгөчөлүктөрү жөнүндө айырмалап билишет

в) Оозеки жана жазма стилдин өзгөчөлүгүн байкашат.

Стиль деп белгилүү шартка же максатка ылайык сөздөрдүн оозеки же адабий тилде колдонулуу өзгөчөлүктөрүн айтабыз.Ал эми адабий тилдин стилин жана тилдик каражаттарын изилдөөчү тил илиминин бир тармагы стилистика деп аталат.

Кыргыз адабий тили шарттуу түрдө оозеки сүйлөшүү жана жазуу стили болуп бөлүнөт. Алардын бири-биринен төмөнкүдөй айырмачылыктары бар.

Оозеки сүйлөшүү стилине адамдардын өз ара жекече мамилеси жана турмуш-тиричиликке байланыштуу ар кандай пикир алышуулар кирип, өз оюн сөз тандабай эле түшүндүрөалат. Жазма кеп көпчүлүккө арналгандыктан, ар кандай терминдер, бир маанилүү сөздөр кеңири пайдаланылып, сөздөр, көбүнчө, тике мааниде колдонулат.

Оозеки сүйлөшүү стилинин сүйлөмдөрү кыска болсо да,түрдүү интонациялык бөтөнчөлүктөргө ээ. Мында өз оюн жазма тилге караганда тез түшүндүрө алат.Оозеки сүйлөшүүдө ойлонуу мүнкүнчүлүлүгү аз болуп,тилдин тазалыгын сактоо жана сөз тандоо жагы жетиштүү болбой,көбүнчө кайталанма сөздөр көп кезигет.Ал эми жазуу жүзүндө баяндоодо алдын ала ойлонулуп,сөздөр кылдаттык менен тандалып ,оозеки кепте пайдаланылбаган таттал сүйлөмдөрдүн көп колдонулат.

Оозеки сүйлөшүүдө ар кандай үн кубулуштарынан пайдаланып,айтылуучу ойду суроо иретинде же күчтүү сезим менен берүүгө,алар айтылганда ар кандай мимика,кыймыл менен көрсөтүлүп,адамдын ички сезимин,билдирген сырдык сөздөр кеңири колдонулат.Жазма тилде тыбыштар менен белгиленип,тыбыш белгилери коюлса да,оозеки тилдин өзгөчөлүктөрүн так өзүндөй кылып толук бере албайт.

Сүйлөшүү стилинде сүйлөм курулушу көбүнчө суроо-жооп иретинде болуп,сөздүн диалог формасы ,толук жана кемтик сүйлөмдөр басымдуулук кылса,ал эми жазуу стилинин негизин монологдук кеп түзөт.

Аткарылуучу тапшырмалар:

1-тапшырма

Төмөнкү схемага карап ,текст түзүп айырмасын түшүндүргүлө?

Ким менен? Бир киши менен

Көп киши менен

Үйдө жүргөндө

Кептин чөйрөсү кайда? Иш убагында

Мамиле жасоо

Кандай максатта? Кабар берүү

Таасир кылуу

Стиль деп эмнени түшүнөсүн?

Адабий тилдин стилин жана тилдик каражаттарын изилдөөчү тил илиминин бир тармагы эмне?

Кыргыз тилин шарттуу түрдө кантип ажыратабыз?

Алардын кандай айырмачылыгы бар?

2-тапшырма

Текстти окуп,анда бир эле окуянын эки түрдүү баяндалганын,стилдик жактан кандай айырмасы бар экендигин айтып бергиле?

Жайдын күнү тоону жакшы билем десең,аны арала.Алыстан караганда тоонун жону,кыры сүрдүү бозорот.Сырдуу томсорот.Аска таштары кароол карагансыйт.Арча бадалдары бет-беттин түгү сыяктанат.

Тоо койнуна улам аралап кирген сайын,көзүң көрө элек сонун дүйнөнүн кызыгына батасың.Улам бир коктунун кызыл-тазыл гүлдөрүнө көзүң тойбой,курсагыңдын ачканын унутасың.Эликтей элиресиң.Көзүң ойноктойт.

2)Бүгүн бир топ балдар тоого жөнөдүк.

-Күн жаап калышы мүмкүн,плащыңды алдыңбы?-деди Жамийла.

-Күн жааса үшүмөк белек,ысып жатса,-деди Бакыт.

Баарыбыздын колубузда тамак-аш салган сумкабыз бар.Тоону өрдөп кетип бараттык.Кызыл-тазыл гүлдөр .Буларды көрүп,көнүлүң сергийт.Түш ооп калганда гана тамак оюбузга түштү.Бийик өскөн арчага жеттик да,анын түбүнө олтуруп тамактандык.

Кептин сүйлөшүү стилине мүнөздүү кандай белгилер бар?

Кептин кандай формаларын билесиң?

Кептин сүрөттөө тибине мүнөздүү стилди белгиле?

Оозеки кептин өзгөчөлүгү эмнеде?

Оозеки стилине мүнөздүү чөйрөнү белгилениз?

3-тапшырма

“Ашканада” деген диалогду окуп,оозеки сүйлөшүу стилине тиешелүү белгилерди айтып бергиле?

-Төртүнчү үстөлү кайда ?

-Сол жакта турат.

-Сен аркы жагына олтурасыңбы?

-Бул жагына эле олтурайынчы?

-Самар сен жогорку бурчуна олтургун

-Макул.

-Кана сен эмне тандадың?

-Окуп бүтө элекмин.

-Биринчисине эмне алабыз? Каймак кошулган борщ алсак.

-Сенчи? Мен тооктун шорпосун алсам дейм.

-Балык бар бекен ?Ошону албайсыңарбы?

-Жок,мен бифштекс аламын.

-Ким шишкебек жейт?Бол бат айткыла!

1. Сүйлөшүү стилине мүнөздүү чөйрөнү белгилениз?

А) китеп в)журнал

Б)газета г)үйдө

2. Мимика,жансоо,сырдык сөздөр өзгөчө каражаты болуп саналган стилди белгилениз?

А) суйлөшүү стили в)публицистикалык

Б) жазуу стили г)илимий чыгармалар

3. Оозеки сүйлөшүү стилинде сүйлөм курулушу көбүнчө кандай болот?

А) суроо-жооп в) ой жүгүртүү

Б)баяндоо г) сүрөттөө

4. Ыр саптарына ылайык стилди белгилениз?

А)илимий в) расмий эмес

Б) көркөм г)расмий

5.Акын,жазуучулар колдонгон стилди белгилениз?

А) илимий в) жөнөкөй

Б) иштиктүү г) көркөм

Колдонулган адабияттар:

Бектур Исаков “Кыргыз тили “ 10-11 класстар үчүн окуу китеби Бишкек-2012

Бектур Исаков “Кыргыз тилин 5-11-класстарда натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмо” Бишкек -2012

С.Үсөналиев “Кыргыз тилинин спровочниги” Бишкек-2000

Озекеева А. “ Билим өзөгү – тил таанымы” (усулдук иштелме) Бишкек-2010

С.Үсөналиев “Окутуп тарбиялоо “ ,китеп 1986

Практикалык иш № 3

Темасы: Көркөм стилдин кептин түрлөрү менен карым-катышы.

Максаты: а) Көркөм стиль жөнүндө жалпы маалымат алышат.

Б) Көркөм стилдин башка түрлөрдөн айырмалангандыгын

билишет.

В) Кептип түрлөру жана көркөм сөз каражаттарын айырмалап

билишет.

Көркөм стиль башка түрлөрдөн айырмаланып,универсалдуу стиль деп аталат. Ал бардык курактагы,ар кандай кесиптеги адамдарга түшүнүктүү.

Көркөм чыгарманын жаралышынын негизги максаты-адамдарга эстетикалык-нравалык тарбия берүү менен бирге руханий дүйнөсүн,таанып-билүүсүн,дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу.

Көркөм стиль башкалардан айырмаланып,тилдик каражаттарды колдонууда эне тилдеги бай материалдардын бардык түрлөрүн,б.а.,синонимдерди,өтмө маанидеги сөздөрдү,антонимдерди көркөм ыкмада колдонулушун,фразеологизмдерди ж.б.пайдалануу менен окурмандын көңүлүн өзүнө бурат,чыгарманын көркөм сөз кудурети артат,стилдик өзгөчөлүгү пайда болот.

Көркөм текст пайда болоордон мурда автор тарабынан иштелип чыккан план боюнча сисмемаланып,окуяны бир ыраатта берүү үчүн кырдаалды баяндоо,жаратылышты же көрүнүштү сүрөттөө кыялындагы нерсени ой жүгүртүү аркылуу берүү ыкмалары ишке ашат. Ошентип,тексттеги сүрөттөө,баяндоо, ой жүгүртүү ыкмалары келип чыгат.

Сүрөттөөнүн түрлөрүнө жартылышты,адамдын тышкы келбетин,ички мүнөзүн,үй буюмдарын алардын жайгашуусун ж.б. чагылдыруу кирет.

Буга көркөм чыгармалардын (аңгеме,очерк,повесть,роман, поэзия,поэма,драма)тили кирет.Анда улуттук тилдеги көркөмдүк каражаттар (метафора,метонимия,эпитет,кайталоо)кеңири колдонулуп,бизди курчап турган чындык,жаратылыш,адамдардын образдары,турмуштук кубулуштар,айбанаттар,жан-жаныбарлар,үрп-адат ж.б өтө кызыктуу,элестүү эмоционалдуу берилет.


Аткарылуучу тапшырмалар:

1-тапшырма

Иштин берилиши:

Төмөнкү ыр саптарын жаттап,салыштырууну тапкыла?

Коробосу керек өмүр арчадай,

Мээнет менен өтүүсү парз ар бир күн.

Ошол болот эне сүтүн актамай.

Сүүйүң,ырың-мөмөгө мол бакчадай

Болсуң десең,жалкоолугуң калтыргын,

Максатыңды ара жолго таштабай.(“Эгиз сүйүү”)

Бардык салыштыруулар үч элементтен:салыштырылуучу объект,салыштырылган образ жана окшоштуктун белгисин көрсөткөн тил бирдиктеринен түзүлөт.Андай болгон учурда,жогорудагы ырды өмүр,сүйүүң,ырың,-салыштырылуучу объект (окшогон нерсе), акчадай,бакчадай-салыштырылган субъект (окшоштурулган нерсе),коробосу керек жана мөмөгө мол сөз курамдары окшоштуктун белгиси.

Кептин түрлөрү канчага бөлүнөт?

Кептин кандай формалары бар?

Кептин сүрөттөө тибине мүнөздүү белгилерди айтып бер?

Ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?

2-тапшырма

Текстти окуп,кыш мезгилин сүрөттөөдө кандай метафоралар колдонулгандыгын айтып бергиле. Андан ары текстти улантып жазгыла.

Кыштын ызгардуу түнү агарып, таң белгисин бере баштады. Чыгыштан көзүн жуумуп, аска сыяктуу жылтылдап, Чолпон жылдыз көтөрүлдү. Берметтей тизилип, көктө жүргөн көп жылдыздар “биз эми кетебиз” дегенсишип, бир күлүп, бир жылмайып, дүйнө менен коштошту да, батышты карай тарады. Көп кечикпей, анын артынан алтын нурга боелуп, акырын гана козголуп, күн да чыкты.

Ой жүгүртүү тексттинин негизги белгилерин айтып бер?

Кептин функционалдык стилдерин санап бер?

Оозеки кептин стилинин өзгөчөлүгү эмнеде?

Акын,жазуучулар колдоно турган стилди айтып бер?

3-тапшырма

Текстти интонациялык жактан туура окуп,андагы айтылуучу ойдун негизин жана кептин түрлөрүн аныктагыла?

Эмне үчүн жай мезгилин жакшы көрөм?

Жылдын ар бир мезгилинин өзүнчө жакшы жагы бар,бирок мага жай айлары жагат.Жай-жылдын эң сонун мезгили.

Бул мезгилдерде окуу токтоп,балдардын баары каалаган жактарында эс алышат.Жайында табигаттын кубулушуна көз тойбойт.Кечке чейин таза абада жүрө бергиң келет.

Жайлоого барсаң кызыл-тазыл гүлдөр жайнап,кубулжуган куштардын үнү угулат.Айланаң жапжашыл.

Жайында көнүлгө жагымдуу көп нерселер болот:сууга түшөбүз,карагат терүүгө барабыз,тамак-аштарыбызды даярдап алып,жүрүшкө чыгабыз.

Ошентип,жай айы адамдардын баарына кубаныч тартуулайт.

Текшерүүчү суроолор:

Ар кандай стилде жазылган текст түзгүлө?

Көркөм стилдин айырмасын белгилеп көрсөт?

Окуянын ыраттуулугу деген эмне?

Кептин түрлөрү эмнеси менен айырмаланат?


Колдонулган адабияттар:

Н.Абдесов “Кыргыз тилин туюнтма белгилер,таяныч таблицалар аркылуу окутуу” Бишкек 2001

Бектур Исаков “Кыргыз тили “ 10-11 класстар үчүн окуу китеби Бишкек-2012

Бектур Исаков “Кыргыз тилин 5-11-класстарда натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмо” Бишкек -2012

С.Үсөналиев “Кыргыз тилинин спровочниги” Бишкек-2000

Озекеева А. “ Билим өзөгү – тил таанымы” (усулдук иштелме) Бишкек-2010

С.Үсөналиев “Окутуп тарбиялоо “ ,китеп 1986


Практикалык иш №4

Темасы: Расмий иш кагаздары.

Максаты:а) Расмий иш кагаздары жөнүндө жалпы маалымат алышат.

б) Расмий жана расмий эмес иш кагаздарынын стилиндеги негизги

айырмачылыктарды билишет.

в) Расмий иш кагаздарында аткарылуучу иштер жөнүндө үйрөнүшөт.



Иш кагаздарынын ичинен расмий иш кагаздар саны, аткарылуу өзгөчөлүгү жана түрлөрү боюнча өздүк иш кагаздардан кескин айырмаланат. Расмий иш кагаздары деген терминдин өзү да шарттуу болуп саналат.Бул топтогу иш кагаздарынын аткарылышында жетекчиликтин негизги фигура катарында аракетте болушу аларга өздүк иш кагаздарга салыштырмалуу бир канча расмийлүүлүк түс берет.

Расмий иш кагаздарынын ар бир түрүнүн түрчөлөрү да даярдалуу процесси боюнча бири-биринен айырмаланат.Мисалы,акт өзүнчө иш кагазы катары бир канча түргө бөлүнөт,бирок ал түрлөрдү актынын мазмундук жалпылыгы бириктирип турат.Ошондуктан иш кагаздарынын түрлөрүн даярдоодо жана аткарууда алардын башкы белгилерине көңүл буруу зарыл.

Расмий иш кагаздарына акт,буйрук,протокол,закон,указ,устав,программа,өкмөттүк билдирүү,мамлекеттердин ортосундагы келишимдер кирет.Булардын стили официалдуу иш кагаздарынын стилинен айырмаланып,сүйлөмдөрдүн түзүлүшү бир үлгүгө салгандай окшош жана жөнөкөйүрөөк болбой,саясий жактан так келип,саясий жана публицистикалык сөздөр менен жазылат.

Аткарылуучу иштер:

1 –тапшырма

Төмөнкү үлгүгө салып,акт түзүүнү үйрөнөбүз.

Биз,төмөндө кол коюучулар,Токмок шаарындагы Ж.Саадаев атындагы №5 орто мектептин директору Дамира Рыспаева,окуу бөлүмүнүн башчысы Раписа Калилава,мугалимдер Т.Касмамбетава,Р.Сүйүнова бул актыны түздүк,анткени алдыңкы мугалим Алышпаева Гүлзатка “Билим берүүнүн отличниги “ деген наамдын берилишине байланыштуу белек сатып алуу үчүн мектептин фондунан 200(эки жүз) сом алдык.


Директор (колу) Д.Рыспаева


Окуу бөлүмүнүн

Башчысы(колу) Р.Калилова


Мугалимдер (колу) Т.Касмамбетова

(колу) Р.Сүйүнова

Расмий иш кагаздары деген эмне?

Расмий иш кагаздары менен расмий эмес иш кагаздарынын айырмасы эмнеде?

Жарлык менен билдирүүнүн айырмасын билесиңби?

Маданий массалык иш-чара өткөрүү жөнүндө билдирүүнү кандай жазат?

Акт кайсы учурларда түзүлөт.

2-тапшырма

Иштин берилиши: Төмөндө берилгендер иш кагаздарынын кайсы түрүнө кире тургандыгын бөлүп көрсөткүлө?

Арыз, акт,баяндама кат,токтом,устав,отчет,билдируу,кызмат каттары, жарыя,дарек,билдирме,буйрук,көрсөтмө,жарлык,кулактандыруу,жобо, иш сапар күбөлүгү, тил кат,түшүнүк кат,нускама,протокол,телеграмма,өмүр баян ,чакыруу.

Оздүк иш кагаздар .

Арыз,жарыя,дарек,кулактандыруу,тил кат,түшүнүк кат,өмүр баян,чакыруу ж.б

Расмий иш кагаздар.

Акт,баяндама кат,токтом,устав,отчет,билдирүү,кызмат каттары,буйрук,көрсөтмө,жарлык,жобо,иш сапар күбөлүгү,нускама,протокол,телеграмма.

Тил кат кайсыл учурларда жазылат?

Өзүңөр чакыруу кагазын даярдагыла?

Жаныңдагы досуңа мүнөздөмө жаз?

Устав кандай жазылат?

Алыстагы бир тууганыңа телеграмма жөнөт?

Ушул иш кагаздарын турмушта колдонуп көрдүң беле?


3-тапшырма

Иштин берилиши: Төмөнкү схема аркылуу жарлыктын (указ) реквизитин түзүп чыккыла?

1


2

3


4


5

6


7

8



Жарлыкты мамлекет башчысы чыгарат. Жарлык менен мамлекеттик орден жана медалдар, ардак наамдар, өлкөгө өзгөчө кырдаалдар жана согуштук абалдар киргизилет, кимдир бирөөгө өлкөнүн жарандык укугу берилет же жарандык укук алынат.

Кыргыз Республикасында жарлыкты өлкөнүн Президенти гана чыгара алат.

Реквизиттер томөндөгүдөй чечмеленет:

Докуметтин аты;

Текст;

Кызмат орду;

Колу;

Аты-жөнү;

Каттоо номуру;

Жарлык даярдалган жай;

Дата;

Текшерүүчү суроолор:

Мекемелер арасындагы кызматташууну ишке ашыруучу негизги документ эмне деп аталат?

Ишенич кат кайсыл учурда жазылат?

Мүнөздөмө кайсыл учурда берилет?

Мүнөздөмөнүн текстти өз ара тыгыз байланышкан канча бөлүктөн турушу мүмкүн?

Протокол кандай болүмдөрөн турат?

Колдонулган адабияттар:

Т.Ахматов,Т.Аширбаев “Иш кагаздары мамлекеттик түрдө иш жүргүзүү” Бишкек-2001

Аширбаев .Т “ Кыргыз тилиндеги иш кагаздар” Ош-1992

Аширбаев. Т” Кыргыз тилинин стилистикасы”Бишкек -2000

Иманав. А “Иш кагаздарынын үлгүлөрү” Каракол- 1992

Типтүү нуска.-Бишкек,1992