Катышуучунун коду.
Кыргыз класстары үчүн Кыргыз тили Аткаруу мөөнөтү 60 мүнөт |
1-тапшырма. Окуу жана түшүнүү.
Текстти окуп, ага карата түзүлгөн суроолорго жооп бергиле.
Сап. Теориялар менен илимий тажрыйбалардын натыйжасында жер
кыртышынын астындагы магманын бар экендиги тастыкталганда,
вулкандардын табигаты түшүнүктүү болгон.
5-сап. Вулкан-бул жер кыртышын түзгөн тектердин аракетинен улам басым
алдында болгон магманын сыртка атылып чыгышы.Магманын аракетинен
улам энергиялык чыңалуу болот да, акырындап отуруп,ал чегине жеткенде
тышка карай жол издей баштайт.
10-сап. Ошентип,көпкө “уктаган”вулкандар атылып чыгат.Көптөгөн
вулканологдордун айтуусуна караганда, вулкандын кыймылга келишинин
ички себептерине таасир эткен тышкы себептер да бар.Алар ар кандай 15-сап. асман телолорунун салыштырмалуу жакындап келишинен улам жердин
тартылуу кучунө таасир этиши же болбосо кундо болуп өткөн
кубулуштардын таасири.Кундун массасы жердин массасынан
330 000 эсе чоң болгондуктан,андагы болуп өткөн кубулуштар
20-сап. жердин ички катмарындагы процесстерге өз таасирин тийгизет.
2-тапшырма. Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.
Төмөндөгү ырастоолордун кайсынысы тексттин темасы боло алат?
А) Вулкандын натыйжалары
Б) Вулкандын келип чыгыш теориясы
В) Жер титирөөнүн негизги себептери
Г) Вулканологдордун ой- пикирлери
2. Текст боюнча вулкандын атылышына таасирин тийгизген сырткы
себептер кайсы?
А) Кундө болуп өткөн кубулуштар
Б) Магманын аракетинен улам энергиялык чыңалуусу
В) Магманын чегине жеткенде тышка карай жол издөөсү
Г) Асман телолорунун Күнгө таасирин тийгизүүсү
3. 28-саптагы “анын” деген сөз эмнени билдирүүдө?
А) Магниттик талааны
Б) Жер планетасын
В) Күндү
Г) Магниттик бороондорду
4.Тексттин 32-37-саптарындагы берилген негизги ой кайсы?
А) Вулкандын аракетке келүүсү ички басымдын көбөйүшүнө
себеп болот
Б) Жер кыртышындагы кубаттуу толкундар жердин катмарын
Деформациялайт
В) Жер титирөөдөн улам вулкандар аракетке келет.
5. 34-саптагы “деформацияланыш”деген сөз эмнени билдирет?
А) жаңы бир нерсенин курулуусун
Б) бир нерсенин жаңы формага келүүсүн
В) бир нерсенин формасынын бузулуусун
Г) туура вариант жок.
3-тапшырма: Төмөнкү үзүндү сүйлөмдөр кайсы иш кагазына тиешелүү болсо,
тушуна жаз.
10 мүнөт убакыт берилет.
№ | Сүйлөмдөр | Иш кагаздын түрү |
1. | Китептерди олимпиада аяктагандан кийин тапшырам | |
2. | 1998-жылы Ош МУ нун журналистика факультетин аяктадым. | |
3. | 8-Б класстын окуучулары белгиленген коомдук иштерге толугу менен активдүү катышуусу милдеттендирилсин. | |
4. | Бүгүнкү ишембиликке бардык окуучулар катышып,көрсөтүлгөн иштер сапаттуу аткарылды | |
5. | Жаңы жылдык балатыны жасалгалоо 11-класстын окуучуларына жүктөлсүн. | |
4-тапшырма: Кыргыз тилинин практикалык грамматикасы .
20 мүнөт берилет.
Кайсы катардагы асты сызылган сөз “бүткөн жери” маанисинде колдонулду?
А) Булактын башын бууган жарыйбы?
Б) Бул көчөнүн биринчи башынан экинчисине чейинки алыстык
жыйырма чакырым болот.
В) Айыл башы чыгып сүйлөйт экен.
Г) Очок башындагыларга устукан бергиле.
Кайсы катардагы сүйлөмдөрдө асты сызылган сөздөр этиштик
Эмес мааниде колдонулган?
Сүрөт тартып койдум.
Бүгүндөн баштап,биздин уюмдук мүчөсүсүң.
Ошол жерди көздөй бара бер.
Ал имараттын чокусунан жерди карай албайсың.
А)2-3 в)1-4
Б)1-3-4 г) бардык
3. Кайсы сүйлөмдө -ганы мүчөсү максатты билдирип турат?
А) Мен бул жерге келгени, эт көрө элекмин
Б) Аябай иштеп, жыгылганы калыптыр.
В) Мен айылга эс алганы баратам.
Г) Иштегени жакпаса да, сүйлөгөнү жаксын.
4. “Жарык” гезити – жаңы гезит. Сүйлөмгө кайсы тыныш белги жетишпейт?
А) үтүр В) сызыкча
Б) тырмакча г) бардыгы жетиштүү
5. Кайсы варианттагы сөз тизмегинин соңуна чекит коюлса, өз алдынча
сүйлөм боло алат?
А) жалкоолук жагымсыз
Б) жагымсыз жалкоолук
В) жалкоо жагымсыздык
Г)жалкоолук жагымсыздык.
5- тапшырма: Төмөндө берилген сөздөрдүн лексикалык
маанилерин жаз.
10 мүнөт берилет.
№ | сөздөр | түшүндүрмөсү |
1. | Бичик | |
2. | Борук | |
3. | Даакы | |
4. | Дооран | |
6- тапшырма: Төмөнкү диалектилик сөздөрдүн адабий тилдеги
аталышын жазгыла.
15 мүнөт берилет.
№ | сөздөр | адабий тилде аталышы |
1. | мандикер | |
2. | пайтава | |
3. | Текмат | |
4. | Чарпая | |
5. | Бурга | |
6. | Гарам | |
7- тапшырма: Архаизм сөздөрдүн маанилерин жаз.
10. мүнөт берилет.
А) чом-
Б) кашкөй-
В) кыр көрсөтүү-
Г) сынып-
8- тапшырма: төмөнкү сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүз.
15 мүнөт берилет
Эгер булуттагы салыштырма нымдуулук азайып кетсе, анда булуттар тарап кетет.
Булуттардын пайда болушу үчүн абанын суу буусуна каныккан көрсөткүчү жүз пайыз болуусу керек.
Суу буусу атмосферанын төмөнкү катмары болгон тропосферада кармалат.
9-тапшырма: Текстин маанисин улап жазгыла:
Эки киши дос болот. Алардын достугу көп жылга созулат. Бир күнү экөө болбогон нерседен улам талашып кетишет да, бирөөсү экинчисин жаакка чаап жиберет. Экинчиси жаагы ооруганына карабай, унчукпай басып кетет. Ары жакка барып кумга “Бүгүн эң жакшы досум мени жаакка чапты” деп жазып коёт. Ошентип алардын достугу улана берет.бир күнү экөө сууга түшкөнү барат. Кырсык болуп, биринчиси сууга чөгүп кетерде, экинчиси аны куткарып калат. Өзүнө келгенден кийин, ташка “Бүгүн эң жакшы досум менин өмүрүмдү сактап калды” деп жазып коёт.
__________(улантуу үчүн жарым бет кылыш керек)__________
10-тапшырма: фразеологизм сөздөрдү катыштырып сүйлөмдөрдү түзгүлө:
А) Ийри отуруп, түз кеңешүү
Б) Кайнаса каны кошулбоо
В) Миң гүлүнүн бир гүлү ачыла элек
Г) эки тизгин, бир чылбыр
I бөлүм. Кыргыз адабияты
“Кыргыз тили-улутубуздун жүзү” деген темада эссе жазуу.
(150 сөздөн туруусу керек).
60 мүнөт убакыт берилет.
II бөлүм. Тестирлөө
Кыргыз тилинен тест 20 мүнөт берилет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимнинин сөзүнун автору ким?
А) Сейит Алтымышов
Б) Бакыт Алишеров
В) Жалил Сыдыков
Г) Насыр Давлесов
2. Граматика кандай милдеттендирүүчү мүнөзгө ээ?
А) туура жазуу жана туура сүйлөө өнөрүнө
Б) сөз түркүмүн окутат
В) сүйлөм мүчөлөрүн окутат
Г) тыбыш менен тамганы үйрөтөт
3. Логика эмне жөнүндөгү илим?
А) уңгу жана мүчө жөнүндөгү илим
Б) тамгалардын түзүлүшүн изилдейт
В) ойлоо, ой-жүгүртүү, өз ара өнүгүү жолдорун изилдейт
Г) искусствону окутуп үйрөтүүчү илим
4. Турмуш фактыларын көркөм сүрөттөгөн көлөмдүү публицистикалык чыгарма кандай аталат?
А) фельетон
Б) макала
В) памфлет
Г) очерк
5. Байланыштыргыч байламта аркылуу байланышкан тең байланыштагы татаал сүйлөмдү белгиле.
А) Отко, чокко кармасаң да, үмүт өлбөйт карыбайт.
Б) Айша орогун алды да, буудайды шартылдатып оро баштады
В) Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет
Г) Солдат улам жакындап келе берди, бирок бир да киши ордунан козголгон жок.
6. “Досуңа сыр айтпа, досуңдун да досу бар”. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн кайсы түрү?
А) себеп-натыйжалаш
Б) чечме
В) салыштырма
Г) мезгилдеш
7. Тыныш белгиси туура коюлган сүйлөмдү белгиле
А) жер казына, суу-өмүр
Б) “Сабакка барасыңбы деди чоң энем”
В) “Кимдин баласы болосуң?”-деп колун берди
Г) “Тилимден кубаттуу сөз жок”
8. “Азамат болсоң ак иште” деген сүйлөм ээсиз сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет?
А) жаксыз
Б) туюк белгисиз жактуу
В) белгилүү жактуу
Г) эки тутумдуу
9. Кептин оозеки стилине мүнөздөмө бер:
А) сөз каражаттарынын түрдүү болушу
Б) диалектизмдердин болушу
В) сөз каражаттарын, интонация, мимика жана жестти эркин колдонуу
Г) синонимдердин көп болушу
10. Төмөнкүлөрдөн ыкташуу байланышындагы сөз айкашын белгиле:
А) тынчтыкты сактоо
Б) абийирдүү бала
В) мектептин багы
Г) олимпиадага баруу
11. Бир тилдеги сөздү, сөз тизмегин ошол үлгүдөгүдөй экинчи тилге сөз тизмектеринин жардамы менен которуу эмне деп аталат?
А) профеционализмдер
Б) стилистика
В) калька
Г) эркин котормо
12. Бир тилдеги энчилүү аттардын системасын үйрөтүүчү илимдин тармагы:
А) ономастика
Б) топонимика
В) антропонимдер
Г) филология
13. Мамлекеттик тил гимнин толукта:
Мекен тили- Ата Журттун кареги,
Биримдиги, күч-кубаты, тиреги
....................................................
А) Мекен тили-кан-жаныбыз, туубуз,
Ата Журттун келечеги, ак таңы.
Б) Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көөдөндөгү согуп турган жүрөгү.
В) Мекен тили - Ата Журттун жүрөгү,
Ата Журттун келечеги, ак таңы.
Г) Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили-бак-таалайдын кутманы
14. Туура жазылган сөздөрдүн тобун белгиле:
А) педагогко, Алиевтин, Жалал-Абадта
Б) геологго, Тынаевдик, Калининградда
В) Гамбургка, Саматовтун, поезддер
Г) клубка, митингке, заводко
15. Жалпылагыч сөздөрдүн милдетин аткаруучу сөздөрдү белгиле:
А) баары, бүтүн, бүткүл, булар, бешөө, жетөө
Б) беш, он, эч ким, бүгүн, канча
В) бүткүл, факультет, китеп, дарак
Г) булар, врач, баары, төртөө, экөө
16. Туура жазылган кошмок сөздөрдү белгиле
А) тилкат, өмүр баян, коңкарга
Б) жардам кыл, жооп бер, кара өзгөй
В) тилгат, калпак, Аларча
Г) колу туткак, кара тору, Шамалды-Сай
17. Абийириңди жашыңдан сакта. Бул сүйлөмдө үндүүнүн кайсы түрү сакталды?
А) таңдай күүсү
Б) жоон үндөшүү
В) ичке үндөшүү
Г) эрин күүсү
18. Сүйлөмдөрдөн обочолонгон түшүндүрмө мүчөлүү сүйлөмдү тап:
А) кап! Ушул акмакты кантсем болот, ыя?
Б) Өзүмдүн айылыма, Ала-Тоого, келдим.
В) Ох-о! Тенти агайдай киши кайда!
Г) аттиңай! Жакып устанын жогун карачы.
19. Тилдеги сөздөрдүн түпкү тегинин келип чыгышынан кабар берген сөздүк:
А) диалектологиялык
Б) түшүндүрмө
В) экимологиялык
Г) орфографиялык
20. Араб тилинен кабыл алынган сөздөр:
А) окуу, жылкы, комуз
Б) алфавит, философия, поэма
В) адабият, маданият, адам
Г) завод, аграном, телефон