Тил деген эмне?
а) Тил бул маанилүү курал
б) Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы
в) Адамдарды байланыштырат
г) Тил бул эс
Тил качан пайда болгон?
а) Байыркы заманда
б) Орто кылы мда
в) Коом менен бирге пайда болгон
г) Адам пайда болгондо
Тилдин чыгышы жөнүндөгү теориялар:
а) Лениндик теория
б) Кванттык теория
в) үн тууроо , сырдык сөз, маркстык теория
4.Тил менен ойлоону ажыратып кароого болобу?
а) болбойт
б) болот
в) билбейм
г) экөөнү бөлүп кароо керкек
5. Тил илими:
а) лингвист б) лингвистика
в) грамматика г) адабият таануу
6. Тилдин өнүгүүсү:
а) тил адам жаралганда кошо жаралып, бир калыпта турат
б) башка тилден сөздөр кабыл алынганда өзгөрөт
в) бир тил экинчи бир тилдин таасиринде жоюлат
7. Латын алфавитин кыргыз эли колдонгон жылдар:
а) 1926-1940-ж б) 1924-1926-ж
в) 1926-1930-ж г) 1926-1936-ж
8. Оозеки тил менен жазма адабий тилдин айырмасы:
а) айырмасы жок
б) оозеки тил менен сүйлөшөбүз, жазма тил
менен жазабыз
в) жазма адабий тил оозеки тилге негиз
түзөт
г) оозеки тил адабий тилдин нормасына
9. Фонетика ... илим.
а) сөздөрдүн өзгөрүшү жана жасалыш жолдору, сөз түркүмдөрү жөнүндөгү
б) сүйлөмдөрдүн түзүлүшү жөнүндөгү
в) тилдин сөздүк составынын азыркы жана мурунку тарыхый өсүш абалын изилдөөчү
г) тыбыштар жөнүндөгү
10. Фонетика деген сөз кабыл алынган тил:
а) орус
б) латын
в) грек
г) англис
11. Өпкөдөн чыккан аба ооз көңдөйүндө эч кандай тоскоолдукка учурабай эркин чыгышынан пайда болгон тыбыштар:
а) е, ё, ю, я б) а, э, ө, у, ү, ы, и
в) м, н, ң, р, л, й г) б, в, г, д, ж, з
12 Араб тилинен кабыл алынган сөздөр:
а) окуу, жылкы, комуз, кой
б) адабият, маданият, адам, мугалим
в) философия, поэма, синтаксис, алфавит
г) авод, агроном, поезд, телефон
13. Тыбыштык жагынан өзгөрүлүп айтылып кабыл алынган сөздөр:
а) класс, школа, лампочка
б) керебет, ирет, самоор, үстөл
в) депутат, сессия, помидор
г) ырахмат, ырас, ынсап
14. Сөздөр орфоэпиялык нормада берилген сүйлөм:
а) Май оозуңа, эң жакшы болуптур, балам.
б) Күнгөй, тескей тоолорунун чокусу асман тиреп турат.
в) Оозмо-ооз сүйлөшпөгөн болсо быякка келер беле.. .абтабачысы имиш.
г) үч сүйлөмдө тең колдонулду
15. Басма сөздөр, коомдук иштерди жүргүзүү, мектептерде сабак окутуу, радио берүү,
телекөрөтүүлөрдүн тилинин нормасы:
а) адабий тилдин нормасында
б) жергиликтүү тилдин сүйлөөсүндө
в) ар бир областтар өз-өзүнчө жүргүзөт
г) диалектилик жана говордук нормада
16 . Орфоэпия - бул ...
а) адабий тилдин нормасында туура жазуу
б) адабий тилдин нормасында оозеки туура сүйлөө
в) тыныш белгилерин туура коюу
г) башка тилден кирген сөздөрдү туура
жазуу
17.. Адабий тилдин нормасын сактап, сөздөрдү туура жазуу үчүн
иштелип чыккан эрежелердин жалпы системасы:
а) орфография б) орфоэпия
в) графика г) фонографика
18. Орфографиялык сөздүктүн автору:
а) К. К. Юдахин
б) Ш. Шүкүров
в) К. X. Карасаев
г) Ж. М. Мукамбаев
19. үнсүз тыбыштар артка карай өзгөрүп айтылгандагы жазылышы:
а) кандай айтылса ошондой жазылат
б) өзгөртүлүп жазылат
в) айтылышындай жазылат
г) уңгу түрүндөгүдөй өзгөрүлбөй жазылат
20. Сөздүк кор (фонд)…..
а) тилдеги бардык сөздөр
б) эне тилге гана мүнөздүү бардык уңту сөздөр
в) сырттан кирген сөздөр
г) неологизм сөздөр
21. Сөздүн лексикалык мааниси:
а) ар бир сөздүн өз алдынча тургандагы
керт башына тиешелуу болгон, аны
башка сөздөрдөн айырмалап турган
негизги мааниси
б) сөздөрдүн грамматикалык өзгөчөлүк-
төрүн аныктоого мүмкүнчүлүк берген маани
в) бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ
болушу
г) сөздөрдүн контексттин ичинде ар
башка түшүнүктө колдонулушу
22. "Семантика" деген терминдин мааниси:
а) тил илими
б) сөздүн түпкү теги
в)сөздөрдүн мааниси
г) тил, адабий, жазма эстеликтерди изилдөөчү илим
23.Сөздүн полисемия жана моносемия деген маанилери:
а) карама-каршы маанилери
б) жеке жана көп маанилүүлүгү
в) тыбыштык түзүлүшү жана мааниси
г) өтмө жана көп маанилүүлүк
24."Ат тезегин кургатпай",
Фразеологизм сөздөрүнүн мааниси:
а) жамгыр жаап, ат тезеги кургабай калган
б) мүмкүнчүлүк, убакыт бербей койгон
в) ат тезеги кургаганча тез-тез келген
г) кеч келгендигин билдирет
25. Кой оозунан чеөп албаган, чычканга кебек алдырбас, кашык канын ичүү ж.б. сыяктуу сөздөр окутулган тилдин бөлүмү:
а) синоним б) фразеологизм
в) архаизм г) образдуу мани
26. Идиомалар...
а) фразеологиялык ширешмелер
б) фразеологиялык айкаштар
в) фразеологиялык бирдиктер
г) табышмактар
27.Фразеологиялык бирдиктер өз алдынча туруп сүйлөм ...
а) болбойт б) боло алат
28 .Фразеологизм:
а) Илгери-илгери бир абышка-кемпир
болгон экен.
б) Кара жерге кар жааса, карды көр да
этин көр.
в) Анын эки көзү төрт болуп турган чагы.
г) Сыр сандыгында сыры толтура
29. Касым тактай тилгич менен тактай тиле баштады.
Сүйлөмдөгү этиштен атооч жасаган мүчө уланган сөз:
а) тактай б) тилгич
в) тиле г) баштады
30 . Соодагер, жароокер, айлакер. Сөздөргө уланган мүчөлөрдүн алгачкы формасы:
а)кор б)гер в)кер г) кар
31.Тракторчулардыкындагылардансыңарбы?
Сөздүн уңгу-мүчөлөргө туура ажыратылышы
а)Трактор-чулар-дыкьшда-гы-лардан~сыцарбы?
б)Трактор-чу-лар-дыкы-нда-гы-лар-дан-сьңар-бы?
в)Трактор-чу-лар-ды-кын-да-гы-лар-дан-сы-ңар-бы?
г)Трак-тор-чу-лар-дыкы-н-дагы-лардан-сыңарбы?
32.Сөздөрдүн синтаксистик жол менен жасалышы:
а) эки же андан артык сөздөрдүн айкашынан туруп, маанилик
бүтүмдүктө болуп, сүйлөмдө бир милдет аткарса
б) эки же андан артык сөздөрдүн.
айкашынан туруп, маанилик бүтүмдүктө болбостон, ар бир компоненти ар түрдүү сөз түркүмүнө кирсе
в) маанилеш эмес сөздөрдү айтабыз
г) сөз айкаштарын айтабыз
33.Сөз түркүмдөрүнүн топко бөлүнүшү:
а) 10 б)8 в) 2 г) 6
34 . Сөз түркүмдөрү, алардын жасалуу, өзгөрүү жоддорун окутуучу тил илиминин тармагы:
а) морфология
б) синтаксис
в) грамматика
г) лексика
35 . Мүчөнүн мүнөздүү белгилери:
а) жеке, өз алдынча туруп лексикалык мааниге ээ эмес, алар уңгуга уланганда мааниге ээ болот, жаңы сөз жасайт, сөздөрдү өз ара байланыштырат
б) өз алдынча туруп, мааниге ээ
в) уңгуга уланбай туруп, жаңы сөз жасайт, сөздөрдү өз ара байланыштырып турат
г) сөздөрдү өз ара байланыштырып турат, өз алдынча туруп лексикалык мааниге ээ
36 . Морфология илими ...жөнүндө илим:
а) сөз түркүмдөрү
б) уңгу мүчөлөр
в) мүчөлөр, алардын түрлөрү
г) сөздөрдүн жасалышы, мүчө, алардын түрлөрү жана сөз түркүмдөрү
д) сөздөрдүн жасалышы, сөз түркүмдөрү жана сүйдөмдөр
37 . Сөз түркүмдөрү канчага бөлүнөт:
а) 2
б) 3
в) 4
г) 5
38. Кызматчы сөз түркүмдөрү өз алдынча турганда сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарабы?
а) жок
б) ооба
в) билбейм
г) аткарса деле болот
39 . Сөздүн уңгуга уланган бөлүгү:
а) уңгу б) ташымал
в) мүчө г) жөндөмө
40 . Бүгүн «Алга» менен «Шахтер» командасынын беттешүүсү болот.
Асты сызылган зат атооч сөздөрдүн сүйлөмдөгү милдети:
а) ээ б) аныктооч
в) толуктооч г) бышыктооч
41. Жак мүчөлөр:
а) -мын, -сың, -сыз
б) -ым, -ың, -ы (-сы)
в) -ыбыз, -ыңар, -сыздар
г) -сызда, сузда, -сузга
42. Илик жендөмөнүн мүчөсүнүн түр,өзгөртүүсү:
а) 8 б)10 в) 12 г) 9
43.Заттардын сын - сыпаты, өңү - түсү, дамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн - түз көрсөткөн сын атооч эмне деп аталат?
а) катыштык
б) салыштырма
в) сапаттык
г) күчөтмө
44.Сын атоочтун канча даражасы бар?
а) 8
б) 2
в) 5
г) 4
45.Басаңдатма даража кандай мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат?
а) - арман, - ма, - аанак, - лата
б) - ий, - лык, - сыз, - сыз, - лар, - га
в) - ыңкы, - дан, - дай, - ын
г) - ыш, - гыл, - ылжым, - гыч, - гылт, - гылтым
46. Сын атоочтун синтаксистик кызматы кандай болуп бөлүнөт?
а) ээлик, баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук
б) сан атоочтук, ат атоочтук
в) этиштик
г) бөлүнбөйт
47. 1953-жылы 1-сентябрда М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинин 148 бөлмөлүү имараты ачылган. Татаал эсептик сан атооч:
а) 1953-жылы
б) 1-сентябрда
в) 1953-жылы, 1-сентябрда
г) 148
48. Жөнөкөй сан атооч:
а) 1001
б) алтымыш бир
в) жүз
г) 45
49. Тыныш белгиси туура коюлган сан атооч:
а) 50-жашта б) 1996-жыл
в) 1 май г) ХХ-кылым
50. Сан атоочтун сүйлөм ичиндеги синтаксистик мидети:
а) ээлик эле
б) баяндоочтук эле
в) баш жана айкындоочтук
г) тактоочтук
51. Ат атоочтун жөндөмөлөр менен жөндөлүшү, айрым мүчөлөр менен өзгөрүшү, башка сөз түркүмдөрүнөн жасалбастыгы белгиси:
а) лексикалык
б) морфологиялык
в) синтаксистик
г) маанилик
52. Ат атооч мааниси боюнча бөлүнүшү:
а) 6 га б) 5 ке в) 3 кө г) 4 кө
53 . Мага, сага, ага деген ат атооч сөздөрдүн уңгу, мүчөгө туура ажыратылышы:
а) ма\га, са\га, а\га
б) маг\а, саг\а, аг\а
в) мен+га, сен+га, ал+га
г) уңгу, мүчөгө ажырабайт,
54. Этиштин башка сөз түркүмдөрүнөн айырмасы:
а) жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнүшү
б) этиш сөздөрдүн маани бергендиги
в) мамиле, чак, жак, ыңгай категориялары болгондугу
г) айырмасы жок
55. -ар мүчөсү уюштурган чак:
а) айкын келер чакты
б) учур чакты
в) арсар келер чакты
г) өткөн чакты
56. Буйрук ыңгайды уюштурган мүчөлөр:
а) -са, -се, - со
б) -гай, -айын, са+экен
в) -гын, -сын, -гыла
г) -мак, -макчы, -максан
57. Кыймыл-аракеттин ар түрдуү кырдаалын билдирген сөз түркүмү:
а) зат атооч б) этиш
в) тактооч г) сын атооч
58. Кош сөз түрүндөгү тактоочтор:
а) бир паста, ар убак
б) бат-бат, тез-тез, кез-кезде
в) азыраак, жайынча, ылдам
г) Ысык-Көл, Кара-Балта
59. Ушунчалык, ошончолук деген тактоочтордун сөз түркүмү:
а) тактоочтон б) зат атоочтон
в) ат атоочтон г) сын атоочтон
60. Тууранды сөздүн жандуу жана жансыз заттардын табышын, үнүн
туурап көрсөткөн сөздөрү ... болот.
а) элес тууранды сөз
б) табыш тууранды сөз
в) кош сөз түрүндөгү тууранды сөздөр
г) мүчө уланган тууранды сөздөр
61. Элес тууранды сөздөр:
а) тарс-турс, шылдыр-шылдыр
б) маа-маа, арс-арс, мөө-мөө
в) кылчаң-кылчаң, ойсок-ойсок
г) шып этип, каре-курс
62. Өзгөчө сөз түркүмдөрүн аныктагыла
а) атоочтук сөздөр
б) тууранды, сырдык сөздөр
в) кыймыл атоочтор
г) этиштер
63. Адамдын ички сезимин билдирген же айбанатка карата айтылган сөздөрдүн сөз түркүмү:
а) тууранды сөз б) кызматчы сөз в) сырдык сөз г) тактоочтор
64. Тыныш белгилери туура коюлган сүйлөм:
а) Оо кокуй, ой, десе баятан бери айтпайсызбы, ал менин досум эмеспи.
б) Оо, кокуй ой десе, баятан бери айтпайсызбы, ал менин досум эмеспи.
в) Оо, кокуй, ой десе, баятан бери айтпайсызбы, ал менин досум эмеспи.
г) Оо кокуй ой, десе баятан бери айтпайсызбы ал менин досум эмеспи.
65. Сырдык сөз колдонулган сүйлөм:
а) Оо-уу, сен азамат турбайсыңбы?
б) Тарс-турс эткен мылтыктын үнү угулуп калды.
в) Бактыга, анын келбей калганын караны!
г) Мен аны, сөзсүз, эскертемин.
66.Кызматчы сөздөрдүн бөлүнүшү:
а) 3
б) 2
в) 4
г) 5
67. Коркоктук ...баатырдык.. .кадиктик.. .эрдик.. .айтор элимдин эртегисинде болуп өткөн бардык касиет дал ушул тоо койнунда сакталган.
Көп чекиттин ордуна тиешелүү байламта:
а) бирок б) ары в) не г) да
68. Киринди сөздөр:
а) анткени, эгерде, балам, бали
б) ошентип, демек, балким, мүмкүн
в) бах, ой-ой, тарс-турс, эң оболу
г) ошону менен бирге, карс-курс.
69. Сөз айкаштары,.сүйлөмдөр жөнүндөгү тил илиминин бөлүгү:
а) фонетика б) лексика
в) морфология г) синтаксис
70. Багыныңкы байланыштын түрү:
а)3 б)4 в) 5 г) 2
71. Эмгекти сүйсөң жыргайсың, эмгектен качсаң куурайсың". Макалда асты сызылган сөз айкаштарындагы сөздөрдүн өз ара байланыш жолу:
а) таандык байланыш аркылуу
б) ыкташуу байланышы аркылуу
в) башкаруу байланышы аркылуу
г) ээрчишүү аркылуу
72. Сүйлөмдүн негизги белгилери:
а) модалдуулук жана предикативдүүлүк
б) синтаксистик чак, жак, модалдуулук
в) предикативдүүлүк жана интонация
г) интонация жана модалдуулук
73. Айтылыш максатына карай сүйлөмдүн бөлүнүшү:
а) 2 б)4 в)5 г)3
74. "Чатыркөл, Соңкөл, Ысыккөл, Жеримдин көркү, ардагы"
деген сүйлөмдөгү бир өңчөй мүчөнүн саны:
а) 4 б)3 в) 5 г) 6
75. Сүйлөмдүн курулушун шарттап, сүйлөм тутумунда синтаксистик милдет аткарып турган сөздөр же сөз айкаштарынын аталышы:
а) сүйлөм мүчөсү б) сөз мүчөлөрү
в) айкындоочтор г) аныктоочтор
76. Тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосундагы маанилик карым-катышына жана байланыш өзгөчөлүктөрүнө карай татаал сүйлөмдүн бөлүнүшү:
а) 2 б) 3 в) 4 г) 5
77. "Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло".
Татаал сүйлөмдүн түзүлүшү:
а) жалаң эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөм
б) жалаң бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөм
в) бирөө бир тутумдуу, бирөө эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөм
г) бирөө жалаң сүйлөмдөн, бирөө жайылма сүйлөм
78. Тең байланыштагы жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм деп бөлүнүү себеби:
а) жөнөкөй сүйлөмдөрдөгү структурага байланыштуу
б) жөнөкөй сүйлөмдөрдөгү баяндоочтук формаларга байланыштуу
в) жөнөкөй сүйлөмдөрдөгү ээ менен баяндоочко байланыштуу
г) жөнөкөй сүйлөмдөрдөгү маанилик байланышка жана байланышуу өзгөчөлүгүнө карата
79. Тең байланыштагы татаал сүйлөм:
а) маани жагынан бирдей, багынбаган сүйлөмдөр
б) маани жагынан себеп-натыйжалаш сүйлөмдөр
в) карама-каршы маанидеги көз каранды сүйлөмдөр
г) маани жагынан байланышпаган сүйлөмдөрдүн тизмеги
80. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара байланыш
жолдору:
а) 3 б) 5 в) 2 г) 4
81. Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдү уюштуруучу түгөй:
а) байламталар жана интонация
б) ээ жана баяндооч
в) жай сүйлөм
г) баш сүйлөм
82. Баш сүйлөм:
а) жөнөкөй сүйлөмдөрдү байланыштырып турган сүйлөм
б) бүткөн бир ойду билдирип турган сүйлөм
в) багынычтуу татаал сүйлөмдө негизги ойду ээлеп турган сүйлөм
г) татаал сүйлөмдү түзүп турган сүйлөм
83. Элде мындай сөз бар: «Асыл-таштан, акыл-жаштан».
Сүйлөмдүн мүнөзү:.
а) төл сөз б) бөтөн сөз
в) тике сөз г) кыйыр сөз
84. Себеп – натыйжалаш мааниде байланышкан баш сүйлөмдү ажырат.
а) Кычан аттарды көздөй чуркады.
б) Тыңшады – добуш угулбады.
в) Эл – журт бар – турмуш да бар.
г) Каныбек тоодон түштү, себеби Анаркан аны күтүп отурган эле.
85Жөндөмө мүчөлөр деген эмне?
а) сүйлөм ичинде сөздөрдүн байланышын, жөнүн, катышын көрсөтүп турган - нын, - га, - ны, - да, - дан мүчөлөрү
б) сүйлөмдө кыймыл - аракеттин себебин билдирүүчү айкындооч мүчө
в) көптүктүн - лар мүчөсү уланган сөздөр
г) сөзгө уланганда уңгуну өзгөртүп жиберүүчү мүчөлөр
Жөндөмөлөр канчага бөлүнөт?
а) 2
б) 6
в) 12
г) 4
Оозеки жана жазма тил булар эмне?
а) ойду билдирүүчү
б) сабаттуулукту билдирүү
в) тилдин структурасы
г) тилдин эки формасы
Оозеки жана жазма речти бөлүп кароого болобу?
а) болот
б) болбойт
в) ар бирин өзүнчө колдонсо болот
г) бири – бирине жардам берет
Оозеки речти оңдоого болобу?
а) болбойт
б) болот
в) билбейм
г) ойлонуу керек
90. Сочинение … стилде жазылат.
а) адабий
б) публицистикалык
в) иш кагаздарынын стилинде
г) илимий
Сочинениенин түрлөрү
а) 1
б) 2
в) 3
г) 4
Сочинениенин логикалык түзүлүшү канча бөлүктөн турат?
а) 2
б) 3
в) 4
г) 5