Кыргыздын ааламга кымбат белеги – Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары
Биздин Мекен таланттарга кандай гана бай! Болгондо да зор, дүйнөлүк масштабдагы таланттарга бай... Алардын бири - Кыргызстандын уулу Чыңгыз Айтматов. (Михаил Шолохов)
Ч.Айтматовдун чыгармалары окулуп турганда, ал тирүү
Жарык
көргөн
китептери
жана
чыгармалары
Айтматовдун чыгармалары
- «Саманчынын жолу» повести
- «Бетме -бет» повести
- «Жамийла» повести
- «Биринчи мугалим» повести
- «Эрте келген турналар» повести
- «Делбирим» повести
- «Ак кеме» повести
- «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести
- «Гүлсарат» повести
- «Кылым карытар бир күн» романы
- «Кыямат» романы
- «Кассандра «Н» тамгасы» романы
- «Тоолор кулаганда» романы
Саманчынын жолу
Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести жалпы адам баласынын согушка каршы протестин, жеке бир тагдыр аркылуу Жер бетинде жашаган жалпы аялдардын трагедиясын, өлүм менен өлбөстүктүн кармашын көрсөткөн чыгарма.
Бир үй-бүлөдөн атанын жана үч уулдун согушка кетиши, алардын мекен коргоо үчүн баш тартпай барышы, а түгүл бирөөсүнүн (Жайнак) өзү суранып жүрүп урушка аттанышы – дүйнөлүк окурмандарды таң калтырган жана фашизмге каргыш айттырган.
Чыгарма адегенде кыргыз тилинде "Ала-Тоо" журналынын 1963-жылдын январь айындагы санына басылган
«Бетме – бет»
"Бетме-бет" кыргызча жазылган, орусчага авторлоштукта которулган. Айтматовдун ушул чыгармага чейинки аңгемелери орус тилинде жазылып, орус тилиндеги басылмаларга басылган болсо, бул повести кыргыз тилинде жазылып, түп нускасы биринчи жолу "Ала-Тоо" журналынын 1957-жылдагы №6 санына "Бетме-бет келгенде" деген ат менен жарыяланат. Автор өзү А.Дроздов менен бирге ишке ашырган орусча котормосун белгилүү жазуучу, Сталиндик сыйлыктын эки жолку лауреаты, 1931-жылдан көп жылдар бою "Октябрь" журналынын башкы редактору болуп иштеген Федор Панферов окуп чыгып, жактырып, темасынын "коркунучтуулугуна" карабай журналынын 1958-жылдагы №3 номерине басып жиберген. 1959-жылы кыргызчасы "Обон" деген жыйнагына, орусчасы 1961-жылы "Повести гор и степей" деген китебине жарыяланган жана башка повесттери менен бирге бул китеби үчүн Айтматовго 1963-жылы 21-апрелде Лениндик сыйлык ыйгарылган.
"Бетме-бет" повестинде жазуучу согуш мезгилиндеги элдин оор турмушун, Сейде сыяктуу карапайым кыргыз аялынын аң-сезиминдеги өзгөрүүлөрдү, өз жанын Мекенден жогору койгон Ысмайылдын тагдырын баяндайт. Анда Ата Мекендик согуш мезгилинде кыргыз айылдары дуушар болгон кыйын турмуштун айрым элестери чагылдырылган. Повестте адеп-ахлакка тиешелүү маселелер козголгон. Тактап айтканда, аскер качкынынын кейиштүү тагдыры сүрөттөлөт.
ЖАМИЙЛА
"Жамийла" Москвада жазылган. Жаш жазуучу Чыңгыз Айтматов Максим Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунда окуп жүргөн 1956-1958-жылдарда, Тверь саябанындагы батирде жашаган кезде бул шедевр чыгармасын жараткан. Айтматов алгачкы аңгемелерин орусча жазып, орус тилиндеги басылмаларга чыгарып келсе, "Бетме-бет" жана ушул "Обон" повесттерин адегенде кыргызча жазган. Кийин кайра орусча жазууга өткөн. Жазуучу "Обон" повестинин орус тилиндеги вариантын Москвадагы "Новый мир" журналына алып барганда анын редактору "Джамийла" деп атын оңдоп, анан журналдын 1958-жылдагы №8 санына (3-32-беттер) чыгарган.
Адегенде "Обон" деген ат менен жарыяланган. Аны кыргызча "Ала-Тоо" журналы 1958-жылы №10 санына басып чыгарган. Чыгарманын аты Даниярдын Жамийлага август түнүндө ырдап берген ырынан улам ушундай аталган. Жазуучуга Лениндик сыйлыкты алып келген чыгармалардын бири.
«Жамийла» повести чыныгы турмуштан алынган чыгарма.
Повестте Данияр менен Жамийланын махабаты боз улан бала Сейиттин айтуусунда берилет.
Биринчи мугалим
"Биринчи мугалимдин" үзүндүлөрү алгач кыргыз окурмандарына тартууланган. Ал кездеги өтө популярдуу "Ала-Тоо" журналы "Бетме-бет" жана "Обон" повесттеринен кийин окурмандарынын арзуусуна да, сынына да кабылып жаткан жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаңы повестин 1961-жылы "Элдик мугалим жөнүндө баллада" деген ат менен басса, "Мугалимдер газетасы" ушул эле жылы "Биринчи мугалим жөнүндө баллада" деген ат менен элге тартуулаган.
Айтматов бул повестин Димитриева менен бирге орус тилине которуп, ал Москвадан чыккан "Новый мир" журналынын 1962-жылдагы санына "Первый учитель" деген ат менен жарыялаган.
Повестте Дүйшөн айылга келип, эски аткананы окуу бөлмөгө ылайыктап, балдарды окута баштайт.
Бир нече убакыт өткөндөн кийин, алар Алтынайды макулдугун сурабай эле кошуна айылга турмушка беришет. Жаңы күйөөсү мектепке барып, мугалимди сабап, Алтынайды уурдап качат.
Анын окуучуларынын бири, Алтынай, жетим болгондуктан, аталаш туугандарынын үй-бүлөсүндө жашайт. Туугандары Алтынай менен, мектепте жарым күнүн өткөрүп, ал эми үй-тиричилигине жардам бербейт деп, суук мамиледе болушат.
Алтынай билим алуусун улантып, жашоодогу ийгиликтерге кадам шилтеп баштайт да кийин чоң академик болуп чыккандыгы баяндалат.
Бирок Дүйшөн милиция менен кызды куткарып, балдар үйүнө жайгаштырат.
Эрте келген турналар
Чыгарма орус тилинде жазылган жана "Ранние журавли" деген ат менен "Новый мир" журналынын 1975-жылдагы №9 санына басылган. Аны кыргыз тилине Ашым Жакыпбеков которгон. Кыргызчасы "Эрте жаздагы турналар" деп да, "Эрте келген турналар" деп да аталып келет. Эң алгач кыргызча котормосу "Ала-Тоо" журналынын 1978-жылдыгы №7 номерине жарыяланган.
Башкарма, майданчы Тыналиев мектептен Ак-Сайга кош айдоо үчүн беш жигитти – "чорону" тандап алат. Алардын колбашчысы он бештеги – Султанмурат жана жолдоштору Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубаткул. Мына ушул Тыналиев "Ак-Сай десанттары" деп атаган балдарды алдыда оор сыноолор күтүп турган. Чыгармада ошол балдардын өмүрүнүн бир кыска үзүмдөрү, кош айдоого даярдыктары, кош айдоо кезиндеги жеңиштери жана жеңилиштери чагылдырылат.
Делбирим
Повесть элге эки аты менен тараган: биринчиси – "Кызыл жоолук жалжалым", экинчиси – "Делбирим".
Повестте армандуу махабат баяныбаяндалган . Илияс менен Аселдин сүйүүдөн тургузган үй-бүлөсүнүн бири-бирин түшүнө албастыктан кыйроосу, Илиясты жакшы көргөн Катийча жана Аселди жакшы көргөн Байтемир – төртөө тең өз-өз ордунда туруу менен, төртөө төрт башка мүнөздү алып жүрүп, бир дарыяга куйган өзөндөрдөй төртөө ыйык махабат дайрасына өз тагдырлары менен кошулуп турат.
Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повести "Долон" деген ырдын жазылышына да шык берген. 1966-жылы Нарын музыкалуу драма театры Ч.Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повесттин сахналаштырмак болот. Режиссер Бообек Ибраев спектаклге ыр жазуу тапшырмасын Жумамүдүн Шералиев менен жаш жигит Калыйбек Тагаевге тапшырат. Сөзүн Шералиев жазат да, обонун Тагаев чыгарат, Сагыйпа Чечейбаева аткарып чыгат. Кезегинде (азыр кырк жыл өтсө дале) бул ыр эң кеңири таралган чыгармалардын катарына кирет.
Ак кеме
Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повести жазуучунун даңкы жалпы дүйнөгө катуу тарап жаткан кезде жазылган жана анда миф менен азыркы адамдардын нравалык-моралдык сапаттары таразаланып, учурдун адептик-ыймандык курч проблемалары көтөрүлгөн.
Дүйнөдөн алыс жайгашкан тоо арасындагы токой чарбасында - жети жаштагы бала жана улуу алты адам жашайт. Бала жалгыз. Балага көзөмөл салып жана ата-энелик вазыйпаны, элдик уламыштарды мыкты билген таятасы Момун алмаштырып турат. Жомоктор жана кызыктуу уламыштар дүйнөсүнөн терең таасир алган баланын дүйнөсү, улуу адамдардын реалдууу ачуу дүйнөсүнө карама каршы кабылат.
Чыгарма 1978-жылы "Ала-Тоо" журналынын №12 санына жарыяланган.
"Ак кеме" повестин жазууга түрткү болгон окуя. Айтматов анда борбордук газетанын өз кабарчысы катары иштеген кези экен, бир жолу иш сапар менен Соң-Көлгө барат да, келе жатканда булардын машинасына браконьерлер атып алган бугуну жүктөшөт. Ошону карап отуруп, катуу көңүлү калат да, ошондон чыгарманын түпкү түйүлдүгү пайда болуп чыгарма пайда болгон.
Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт
"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести — аталар өз өмүрүн балага калтырып бул дүйнө менен кош айтышкандыгы, адамдар өлбөстүктү сактап калууга милдеттүү экендиги тууралуу философиялык , этикалык мааниси терең чыгарма.
Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести жазуучунун башка чыгармаларынан сүрөттөлгөн окуясынын өзгөчөлүгү – Жер бетинен жоголуп бара жаткан нивх аңчыларынын турмушуна кайрылгандыгы, сюжеттин деңизде адашып калган жалгыз кайыкта өткөндүгү, аз гана мезгил алкагында жашоо үчүн күрөштү чагылдыргандыгы, адамзаттын бүт баары бир кайыкта экендигин, ошол адашкан кайыктагылар урпактарды сактап калууга милдеттүүлүгүн окурмандарга ибараттаган повесть-эскертүү, повесть-миф экендигинде.
Бүгүн жазуучунун Охот деңизинде жараталыш жаныбарларына аңчылыкка чыгып, кайра ошол табияттын капсалаңына кабылып, дагы эле ошол жаратылыштын бир жаныбарынын жардамы менен бирөө болсо да аман калуу жагдайы көрүнгөн окуя сүрөттөлгөн
Жазуучунун чыгармасы "Знамя" журналына "Пегий пес, бегущий краем моря" деген ат менен 1977-жылдын №4 санына жарыялаган. Кыргызча котормосу 1981-жылы чыккан.
1980-жылы повест Италиянын Эл Аралык "Этрурия" сыйлыгына татыган.
Гүлсарат
Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсарат" повести коомду өзгөртүүнү ойлогон коммунист Танабай Бакасов тууралуу татаал психологиялык чыгарма.
Тоталитардык-коммунисттик доордун арааны жүрүп турганда ошол коомдун былык жактарын ачып көрсөтөт. Повесть адам менен жылкынын татаал байланышын чагылдырган чыгарма болуу менен өз кезегинде жалпы советтик адабиятты реформалоого таасирин тийгизген.
Чыгарма орус тилинде жазылган. Биринчи жолу "Новый мир" журналынын 1966-жылдын март айындагы санына "Прощай, Гульсары" деген ат менен жарыяланган. Китептик варианты 1967-жылы Москванын "Молодая гвардия" басмасынан ошол эле ат менен басылып чыккан. Бул повесттин "Танабайдын келиши" деген чакан бөлүмү "Советтик Кыргызстан" газетасынын 1968-жылдын 22-июнундагы санына басылып чыккан.
"Прощай, Гульсары" повестине 1968-жылдын ноябрь айында өлкөнүн мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Бул сыйлык СССРдеги Лениндик сыйлыктан кийинки экинчи орундагы барктуу сыйлык болгон.
"Кылым карытар бир күн"
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романы жарык көрөрү менен окурмандардын кызыгуусун жараткан. Ал азыр да окурман журту кайрылып окуган чыгармалардын катарында турат. Романды орус акыны Евгений Евтушенко "дүйнөлүк адабияттын контекстинде узак өмүр сүрө турган залкар чыгарма" деп баалаган.
"Кылым карытар бир күн" романы 1980-жылы жарык көргөн. Чыгарма алгач ирет Москвада чыгуучу "Новый мир" журналына басылган. 1981-жылы Кыргызстан басмасы, Молодая гвардия басмасы өзүнчө китеп кылып чыгарган.
Буга чейин жазуучу он сегиз аңгеме, повесттерди жазса, 19-чыгармасы "Кылым карытар бир күн" ("Бороондуу бекет") романы болду.
Жазуучу чыгарманы 1979-жылы декабрында баштап, 1980-жылдын март айында аяктаган.Тагыраак айтканда, алгачкы романын төрт айда жазып бүтүргөн.
Кыямат
- Жазуучу бул чыгармасы менен эми акыркы жолу абийириңди жаап, напсиңди тыйбасаң, анда сенин тагдырың тамам болот деп адамзатка дагы бир жолу эскертүү берди
Чыңгыз Айтматов "Кыямат" романында татаал сюжеттик түзүлүштү карманып, композициясын чаташтырып, деги эле бирине-бири кайнаса каны кошулбаган ар кыл доордогу, ар кыл улуттагы, ар түрдүү диндеги, ар кай жердеги адамдардын тагдырларын бир өзөккө тизип, ар бирин өзүнчө жана биримдикте калчап көрсөткөн.
3 "Кыямат" романынын бир нече аталышы бар: Чыңгыз Айтматов бул чыгармасын орус тилинде жазган. Москвадан чыккан "Новый мир" журналынын 1986-жылдагы №6, 8, 9 сандарына "Плаха" деген ат менен жарыяланган. 1985-жылдан СССРде "кайра куруу" жүрүп, көп маселелер ачык айтыла баштаганда жазуучунун бул чыгармасында да көп маселелер ачык айтылып, тоталитардык-буйрукчул түзүлүштүн капасында кармалып жаткан окурмандардын өзгөчө кызыгуусун жараткан. Романдын алгачкы эки бөлүмү Ашым Жакыпбековдун, үчүнчү бөлүмү Аман Токтогуловдун котормосунда кыргызчаланып, "Ала-Тоо" журналынын 1987-жылдагы №11, 1988-жылдагы №1,2 номерлерине жарыяланган. Кыргызча "Акыр заман", "Кыямат", "Баталга" деген аттар менен аталып келет. Орусча түп нускадагы "Плаха" сөзмө сөз которгондо "адамдардын башын ала турган бийик секи", "өлүм жазасы окулуучу дөбө", "баш алынуучу баталга" деген маанини туюндурат.
- "Кыямат" романы үчүн 1988-жылы Италия эл аралык "Алтын оливка бутагы", 1991-жылы Бавария Рюкарда атындагы сыйлыктарын ыраа көрүлүп ыйгарылган.
Тоолор кулаганда
- Чыңгыз Айтматовдун акыркы романы.
Бул чыгармасында Айтматов азыркы турмуш, дүйнөлөшүү заманынын экологиялык көйгөйлөрү жөнүндө кеп кылат.
- Чыңгыз Төрөкуловичтин соңку романынын кыргызча варианты "Жаабарс" деп да аталат.
- Чынгыз Айтматов романда эки жандын – бири – Жаабарс – илбирс, экинчиси Арсен Саманчиндин жеке жашоосун, тагдырын салыштыруу менен сүрөттөп, тагдырдын сырын таамай чагылдырат.
Чынгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда”романы акыркы чыгармаларынан болуп саналат. Роман алгач орус тилинде 2006-жылы "Дружба народов" журналына жарыяланып, 2007-жылы Санкт-Петербург шаарынын "Азбука-классика" басмасынан өзүнчө китеп болуп жарык көргөн. Кыргыз тилинде 2010-жылы А.Пазыловдун которуусу менен жарык көргөн.