СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздын Ак Калпактары жонундо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окучуларды кыргыздын улуттук баш кийими Ак Калпак жонундо тушунук беруу

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздын Ак Калпактары жонундо»

Калпак

Кыргыз калпагы, бир караганда, жөн гана жа-шоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим катары көрүнөт.

Чынында ушундаи, анда оерилип жаткан ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Эми ошол маанини аныктап, аны кайра элге бергенге аракет кылып көрөлү. Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда анык-талган адам жашоосунун төрт башталмасы - от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек, ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.

Ырас, калпактын мазмунуна сиңирилген бул маанини мындай учкай ой менен чектеп коюуга болбойт жана ал өзүнчө терең чечмелөөнү талап кылган көрүнүш., эми калпактын түсү туюндуруп турган мааниге өтөлү. Кыргыздар уул баласы балагатка жеткенге чейин, ага кыюусу жашыл калпак кийгизишкендигин билебиз, мында болсо бала жаңыдан жаздын илебине багынган табияттын символун алып турат, б.а., мындай калпакты кийип турган кыргыз баласы жаңыдан жетилип келе жаткандыгын сырткары кишиге жашыл кыюусу аркылуу туюндуруп бере алган. Мындай калпакты кыргыздар балдарына балагат жашына чейин кийгизишкен да, качан бала балагат жашына келгенде, анын ордун кыюусу кызыл менен бастырылган калпак алмаштырганын көрөбүз.

Бир караганда, анча маанилүү көрүнбөгөнү менен, чынында ал кыргыз арасында көп нерсени туюндуруп тур-ганын, аны талдай келгенде, аныктап алабыз. Чечмелей келсек, кыргыз баласына бел куда же бешик куда болуп койбосо, мына ушул балагат жашына келген мезгилден тартып өзүнө жар издөө мүмкүнчүлүгү берилген. Өз айылында кыюусу кызыл калпак кийип жүрүү анча маанилүү болбосо, башка айылга барганда, ал айылдын адамдарына, өзгөчө кыз качырып, жеңкетай жегиси келип турган жеңелерге ал көп нерсени түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, максаты бир жаштардын өз ара пикир алышуусуна кеңири шарт жараткан. Элестетип көрүңүз, айылына кызыл кыюуланган калпак кийген эки мырзанын келиши (күйөө жана күйөө жолдош) жүк бурчунда отурган кыздарды эмес, биринчи алардын жеңелерин толкундатып, алардын сынынан өткөндө гана жеңелер эки жаштын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүп беришкен. Байкап карасаңыз, мындай калпак кийип башка айылга келген мырзалар бир гана жеңелердин эле эмес, ал айылдагы бардык элдин сынынан өтүп, ошондой эле айыл ичиндеги уша-кайың менен кеңири талкууга алынууга аргасыз болгон. Тактап айтканда, кызыл кыюулуу калпак аркылуу айыл эли толугу менен күйөө баланы тандап алуу укугуна ээ бо-лушкан. Ал эми ал мырза үйлөнгөндөн кийин, кыз тарап «күйөө баштык» даярдап келип, ошол баштыктын ичине сала келишип, ага кыюусу кара болгон калпак кийгизишкен. Калпактын мындай түрү мырзанын үй-жайы бар экендигин, б.а., анын турмушу аккарасы аралаш пендечиликке өткөндүгүн сырттан башкаларга сездирип турган. Алган аялы каза болуп калбаса жана коомдогу абал өзгөрбөсө, мына ушул калпакты ал өмүрүнүн аягына че-йин кийип өткөн. Эгер кокусунан алган аялы каза болуп жесир калса, анын жылдыгы өтүп, кайын журту макулду гун берген соң (эгер балдары жаш болсо), ал ошол калпакты кийип өзүнө экинчи жубай издеген. Ал эми балдары чоңоюп эр жетип калган болсо, алар аталарына өздөрү айтып атасын үйлөнтүүгө тийиш болгон. Мындай жесир калган адамды туюндуруп турган калпактын төрт талаасы гана кара менен бастырылган же кара кийизден жасалган калпак болгон. Азыркы шартта калпактардын мындай мааниси көпчүлүк элдин эсинде сакталып калбагандыктан, аялынын бар же жок экендигине карабастан жөн гана жараштырып кийип жүрүшөт.

Адамда социалдык турмуш дайыма эле бир калыпта боло бербейт эмеспи. Эгер ал адамдын өз айылынын алдында же өз уруусунун ичинде кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда туугандары, уруулаштары ал кишиге эч кандай башка түсү болбогон аппак калпак кийгизишкен. Ошол калпагынын актыгына карап аны төрдү көздөй өткөрүп жиберишкен. Анткени, мындай калпак менен көп учурда уруу же урук арасындагы, бир ата менен экинчи атанын ортосундагы олуттуу маселелер чечилип келген. Экинчиден, мындай калпакты акка моюн сунган, калыстыгынан жазбаган адамдарга да кийүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Ал эми уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турган. Алардын эл алдында даражасын көтөрө билген, азыр биз «Бакай калпак» деп атаган калпакты, балким, формасы башкача болсо да, бийиктиги алыстан көрүнгөн, төбөсү шуңшуюп турган, бастырылбаган калпакты кийишкен. Ар бир манаптын, же бийлик ээсинин канчалык даражасы бар экендигин калпактын кыюусуна сайылган оюу менен, дал ошол оюулардын арасына кыстарыла кеткен асыл таштар, мончоктор айкындап көрсөткөн. Кыр-гыздар даражасын эле эмес, байлыгын да салыштырышкан, ага терең маани берип баалап турушкан. Ырас, ал калпактарда кантип чагылып берилгени тууралуу маалымат жетишсиз, балким, дагы изилдеп кийинчерээк тактап берерибиз. Бирок, кыргыздын байлыгын ат жабдыктары менен өзү кийген аң терилери так-таасын айкындап бере алгандыгын билебиз. Маселен, түлкү ичик, карышкыр ичик, сүлөөсүн ичик, суусар тебетей, кундуз тебетей дегендердин ар биринин кийүүдө мааниси болгондугун көрөбүз.