СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыздын каада-салттары, алардыг тарыхы тууралуу маалыматтар.
Кыргыздын макал-лакаптарынын түпкү мааниси
«Ат, аттан кийин жат».
«Аты жоктун буту жок», «ат-адамдын канаты», «жанга олчолугу жалгыз ат», ж.б. Ат тууралуу макалдар, маселдер биринин маанисин бири толутайт. Тоолуктар ат жандуу эл. Ат адамдын жолдошу. Жоого барса бир барган, жоонун жайын бир чалган, казатка барса бир барган, казаттын жайын бир чалган Камбар ата тукуму. Бул жөнүндө терең айтылып да, жазылып да келууде. Карыялар каркырадай катар жайлоодо биржүрүшчү. Желеси бар жерге кымыз ичууго атайын бастырып түшүүчү. Аттарын алышчу. Аларга урмат-сый менен дасторкон жайылчу. Аш-тойлорго, топко барып, таң-тамашаларды көрүшчү. Кары денеге ат усту дымак берүүчү, өзүнчө дене тарбия болуучу. Ат жок эки жакка чыгуу-жылуу кыйын эле. Кыскасы, макал ушундан улам айтылган.
«Эмгектүү кулда чарчоо жок». Чынында, кул эмгекке туулган, анын мээнеттен башка ой-санаасы жок. Ал айыл аралай албайт. Аш-тойлордо болбойт. Эрк өзүндө эмес. Бирок мында толук мааниде тушунгондо, Эмгек адамды корктондурот. Ага берилет. Айланчыктай берет. Эмгексиз адам жай алып, бош тек тура албайт. Макал мына ушуну туюнтуп турат.
«Бала ыйлабаса, эмчек кайда». Арийне, бала мемиреп, оозун бүлкүлдөтүп, кудайкапар уктап жатса, энеси «жакшы уктады» деп, ойготуп эмчек бербейт. «Ачка болду го» – дебейт. Курсагы ачканын бала озу кабардайт. Ошондо эне эмчек берүүгө отурат. Бул – макалдын туз мааниси. Өтмө мазмуну өтүлүүчү иштин зарылчылыгын бироолордон талап кылуу, ошол аркылуу оз максатына, тилегине жетүү. Улуктарга улам бара берүү, маселелерди кое билүү, алардын да бул иштерди аткарууга милдеттүү экенин далилдеп туруу, ж.б. түшүнүктү ичине камтыйт.
«Алдыраар күнү жаздыраар» Турмушта эмнелер болбойт. Көбүнчө бул ууручулукка карата айтылуусу. Күнү-түнү кайтаруудагы малбы, дүнүйөбү, эгин-тегинби күтүүсүз арадан бирдеме себеп, кездон кайым болуп, тизени мыкчып, алаканды шак коюп, куржалак калуулар бар. Андай нерселерди алдыртан андып, сыртынан багып, аста-секин жүргөндөрдүн колунан келет. Ага көбүнчө көздүн бурула жана илине түшүшү, кушуйку ж.б. айрым азгырыктар себепкер.
«Көйнөгү көөлүү, тамагы майлуу». Көө – казандын, тулганын отундан, түтүндөн пайда болгон кара боегу. Көөлөө-аны кез-кез кыргыч менен кырып туруу, көөлөнүү – казан аяк кармап отуруп-туруп жүргөн аялдардын көйнөгү ага тиет, кара көө жугат. Бул сөздүн оң түшүнүгү болот. Таптаза кийип, эчтекеге кол тийгизбей, эмгектенбей өзүнчө эле чиренип, бөйрөгүн таянып, акын Мидикем айткандай:
«Күрөң көз айнек кийип,
Муруну булутка тийип,
Көкүрөгү бийик»
- болуп тургандар бар. Ал жел жутуп, ачтан өлөт. Андайлар -жел жутуучулар. Эмгек гана эресеге жеткирет, курсакты ток кылат, ач-жылаңачты жок кылат – сымал насаатты билдирип атат.
«Отун апбаганга, отжактырба». Отун-жагылуучу жыгач. «Отун олжо, суу кордук», «отун алып, от жакмак, оңой эмес мал тапмак»,
«катын алган, отун алат» дешет. Албетте, жашоодо оңой-олтоң эчтеке жок. Баарына мээнеттенүү керек. Отун коп болсо, отту улуулата жага беруулор бар. Бирок, ошол отунду тоодон которуп келген адам башка. Анын антип жасаган аракеттери андай учурда эске алынбайт. Кыскасы, ушундан улам сөздүн торкуну мында башкада. Турмушта озунун ак эмгегинен тапкан табылга бироолордун алган олжосунан айырмасы билинет. Өзүңкүн аяп турасың, башкалардыкын элес албайсың. Анткени мандай териң, таман акың башкача сезилет. Ага эмгектенип жеткенсиң. Арийне, адал менен арамдын айырмасы, ушинтип билинет.
«Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч». «Кекти каапырга жараткан» – дейт. Атынан түшүп, курун моюнуна салып чоголой калса, кундан, күнөөдөн кечирүү шарты бар. Ушундан улам «алдыңа келсе атаңдын кунунан кеч» – деген сез калат. Анткени күнөөсүн моюнга алып атайын жолдугун жасап келүүлөрү, адамдын жүйөөлүү сөздөрү эмес, кара ташты эритет. Курду моюнга салуу, бардык күнөөнү моюнга алуу. Ага карабай, элдин элчилдигин санабай, кеп-созго жарабай, ажыр-жооп, каяша кылуу – элден-жерден чыгуу. Арийне, кундан кутулуу, кунду кечирүү оңой-олтоң эместир. Бирок эл-журт бар жерде акыры баары жайында болот.
«Ак ийилип, сынбайт». Жашоонун жолу ар кандай, ийри-түзү, ак-карасы, жакшы-жаманы бар. Бироолор бирөөлөрдү сүйдүрөт, экинчилери бирин-бири күйдүрөт, оз күнөөлөрүн башкаларга үйдүрөт. Ал байкуш анын жалаа-кесепетин тартат, жооптолот, суралат. Абакка да түшөт. Жалаа, доо териштирилет. Кудайым карап турат. Анын актыгына козжетет. Актын ийилгени-убактылуу тарткан азап-тозогу, сынбаганы – акыйкат акыры жеңгендиги. Эрки колуна тийгендиги. Демек, «акийилет, бирок, сынбайт», кара сынаттурбайбы!
Ой жүгүртүү торчосун кантип колдонуу керек
Ишмердик кадамдары. Ой жүгүртүүдөгү биринчи баскыч – бул окуяны жөн гана эскерүү. Эскерилген окуяны катышуучулар дароо эле ишмердик кадамдары (окуучулардын аткарган ишмердигинин жол-жоболору) боюнча кыска, так баяндап жаза баштаганы жакшы. Алар убакыт, өз ара катышуу, моделдер ж. у. с. нерселер боюнча байкоолорду белгилесе болот.
Ишмердиктин убактысы боюнча сезим-туюмдар. Бул мамыча катышуучуларга ишмердиктин ар бир баскычындагы өздөрүнүн туюмдарын (эмоциялык жообун) айтуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул маанилүү, себеби бир нерсеге карата биздин сезимдик мамилебиз абдан күчтүү болсо, аны талдоо кыйын. Биринчи кезекте биз өзүбүздүн сезимдерибиздин таасиринен бошонуубуз керек.
Ишмердиктин максаты. Ишмердиктин түрлөрү көп, алардын ар бири окуп-үйрөнүүнүн конкреттүү максатына жетишүү үчүн пайдаланылышы керек. Мисалы, биздин жагдайда ишмердик максаты Колбдун окуп үйрөнүү-окутуу түрмөгүнүн компоненттерин аныктоо болуп саналат.
Экинчи максат – сабак планынын окуп үйрөнүү-окутуу түрмөгүнүн компоненттерине дал келишин талдоо.
Окутуучунун ролу – бул мамычага катышуучулар тренердин (мугалимдин) ролу жөнүндө өздөрүнүн сезимдерин, кесиптик максаттарында басым жасоого тийиш болгон роль жөнүндөгү ойлорун жазышат.
Рефлексия торчосунун ролу жана максаты
Болочок мугалимдерди окутканда, биз көбҥнчө эмпирикалык (тажрыйба, байкоо, өлчөө) ишмердикке таянабыз. Мисалы, окутуучу мектептеги мугалимдин ролун ойнойт да, анын мектептеги ишмердигин көрсөтөт. Ал эми студенттер мектеп окуучуларынын ролун аткарат.
Бул ишмердик аягына чыгарылган соң, «окуучулар» ролдон чыгып, кайрадан университеттин студенттерине айланат. Алар бул ишмердикти студенттер катары талдашат, талкуулашат жана пикир айтышат. Ролдордун мындай алмашуусу баарын чаташтырып салышы мҥмкҥн. Талдоо ҥчҥн рефлексия торчосун колдонгондо, бул чаташууга жол берилбейт. Рефлексия торчосу өткөрҥлгөн ишмердиктин тҥзҥмдөштҥрҥлгөн жазмасын жана рефлексия ҥчҥн таянычты тҥзҥп берет. Бул торчо – рефлексиянын ыкмасы, каражаты. Аны толтуруу тҥзҥмдөштҥрҥлгөн рефлексиянын формасы болуп саналат.
«Ат сураган кордук эмес, ээр сураган кордук». Бир жакка минип бастырууга, бир зарыл жумуштарын буткорүп алууга, же атайын сурап мингич кылууга, кездеген жерине жетип алууга туура келет. А бирок, ээр-токумун кошо токуп бироолер берүүсү ето кыйын. Себеп дегенде ат минүү доорунда ар бир үй-бүледе озүнчо ээр-токумдары бар. Анысы дайыма ат үстүндо болот. Бардык жумуштар ат аркылуу бүткорүлот. Мал кайтарат, мал тосот, айылчылашат, кечуп-конушат, демек, башы бош ээр-токум болбошу мүмкүн… Ошондуктан, аттан айрыл, ээр-токумдан айрылбашыбыз керек.
«Жаак жаңылбай, туяк мүдүрүлбөй койбойт». «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» (макал). Пенде болгон соң, каталык кетирбей, баскан-турган соң, сөзсүз жер таянбай койбойт. Эгер адам ката кетирип, аны туюп, ез мезгилинде жое билсе, ошол адам өзүнүн катасын ондой билет. Макалда кечиримдүүлүк, ал эчтеке эмес тууралуу соз болууда. Туяк сүрдүгөт, кайра туруп басып кетүүсү -
ал да боло берүүчү, анчалык элес албоочу көрүнүш катары каралууда. Себеби, түбөлүгү туз – дейбиз.
«Кыңыр иш кырк жылда билинет». «Укпайт деп ушак айтпа, кербейт деп ууру кылба» – бул да буга үндөшөт. Кыңыр иш – мурун болуп кеткен копол, одоно иш. Ал жасалды, эч ким корген жок, жабылуу аякжабылуу бойдон калды, кундор айлар ете берди. Керген, уккан пенделер болбоду. Ии, и, эми эч ким билбей калды – дешет. кудайым карап тургандан соң, ал тапталбайт. Акыйкат жолу аркылуу бир нерсеге юир нерсе себеп болот да, ошол маселе козголот. Кайра кеп кылууга, мисалы, оч алууга, кузаматчылыка артууга, кайра элдин эсине салынат. «Ошондо ошондой тура!» – дешке туура келет.
«Ууруну каракчы урат». Каракчы -талаа-тузде адамдарды тоноп, жабыр тарттыруучу. Албетте, уурунун уурдап бараткан «олжосу» алар үчүн асмандан тушкондой болот. Уурунун көчүгү кууш, эч лам дебейт, бирдеме десе сазайын колдоруна берет. Элге айтып коет.
«Эки киши күнөкөр, бир киши данакер». Данакер-буюмдарын бөлүктөрүн бири-бирине бириктирүүчү, ширетүүчү, жабыштыруучу зат. Т.а. бири-бирине окшошпогон эки затты бириктирип аралаштырат. Аны «бура» дейт. Эки затты бир эриткенде данакер ошондогу ыпыласты болуп чыгат. Таза кылат. Экөөнү бириктирет. Демек, адам урушса, ортодон бироо арачалап, экөөнү элдештирег.
«Колуң менен кылсаң, моюнуң менен тарт». Адамзат куноо кылат, билип туруп кылат. Аны бирөөлөр кыйнабайт. Кыйнаган, азгырган кунде да ага барбашы керек. Бирөөлөрдү зар какшатып, сызга отургузуп, каргатып-шилетип, убал-сообуна карабай жасалган караниеттикти алые узатпайт. Андайды кудай тободо карап турат. Ал эртели-кеч карматпай, капканга тушпой койбойт. Эл озужазасын колуна карматып, мыйзам аркылуу энчисин алат. Абакка тушот, айдалат, байланат.өз колуң менен жараткан күнөөндү моюнга ил, моюнуңа алдыңбы, аны өтөө үчүн жолуңа түш – дейт.
«Жаш келсе ишке, кары келсе ашка». Элибиздин наркында тигил-бул иштердин оор-жеңилине карбай, токтонуп турбай, иш кылып жаткан жайда жаштар шымаланып, абалы ишке денелерин таштайт. Улуулардын колдорундагысын ала коет да, аракетти ары улайт. Улуулар, карап тургандар, анын ал адебине ыраазы болот. Батасын берет. Карылар ишке эмес, ашка чакырылат. Санжыра чечип, балдардын иштерин баамдап төрдүн төбөсүнөн орун алышат. Дасторкондо жадырап-жайнап отурушу- өзүнчө керк. Ушундан улам «Жакшы ишке барат, жаман ашка барат» – деген туунду макал бар.
«Эл акысын жер жебейт». Мында сез эмгектенүү, жерди иштетүү, дыйканчылык кылуу, мандай терди кара жерге тамызуу жонундо барууда. Байлык жерде, жер адамды багат, аны асырай билүүбүз тийиш. Эгер үрөөндү оз убагында сээп, мыкты малалап, отоо чөптөрүнөн арылтып, жер семирткичти тап менен берип, шарты менен сугарып, жаак-туяктан коруп, ойдогудай барктай билсең, ал токоч, ал талкан, чөбү тоют, мал чарбасын өнүктүрүүнүн мыкты шарты болот. Жер эне эмгек атасы, адамзатты ошол эле багат: «Жаз жарыш, күз күрөш» -деген мына ошондон калат.
«Иштесең кулча, тиштейсиң байча». Кул – байдын малайы. Ал шордуунун эмгеги, албетте, күчтүү, кулда чарчоо болбойт. Башкага барууга, көңүл ачууга укугу жок. Байдын козун карап, орун которууга айла-амалы тар. Эмесе, сен да эмгектенүүдө так ошондой аракеттен, бай чайнаган майды, нанды сен да чайнайсың. Т.а. «таман акы, мандай тер гана байлыкты жеткирет» – дегени. «Иштесең тиштейсиң, иштебесең тиштебейсиң» – социалистик эмгек принциби да ушундай түшүндүргөн.
«Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку». Мунун сөзтүшүнүгү кайсыныкы болсо өзү көбүрөөк аракеттенет, башкалардан ашык эмгектенет. Мандай терин бөтөнчө чачат. Өз буюму үчүн өзү күйүп-бышат. Мында кийиз уютуунун татаалдыгы, т.а. буладай жүндү тепкилөөдө, чөктүшүп алып, билектөө менен асыл буюмду жаратуу оңой эмес дечи. Бул аркылуу өз иши үчүн өзү баарыдан күйөрман экенини баамдалат. Ошондой эле кийиз басуучуларга бар мүмкүнчүлүктөрүн аянбашы жонундо да түшүнүк бар.
«Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун». 1. Касапчы – малды, анды, кайберенди, деле, жан-жаныбарды союунун чебери. Бул макал етмо мааниде айтылууда. Мисалы, колдогу малды союуда, мууздоо.
терисин сыйруу, мүчөгө ажыратуу, бузуу, жиликтөө, устукандоо өңдүү жолдору бар. Мында соз кыябы ошол ыкмаларды ирээттуу, таза, нарк-туу, бири-бирине ооштурбай аткаруу жөнүндө болуп отурат.
2. Деле бети келген ишти так, топ, даана, мандай жара абийирдүү, адилеттүү майын чыгара аткарган адамдарга карата да айтылат.
«Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр». Жар-ды-жалчы ат күтсө, аңги болушу ыктымал. Албетте, үйүр көрсө, ток-тоно албайт, аттай болбойт. Кишенеп, тыбырчылайт, мамынын ка-жыйт. Үйүрдү да айдап, желедеги айгыр менен алыша да, маташа да кетет. Жалгыз мингичинин мындай болушу, ээсин убарага салат. Арийне, бул -чындыктын бир чети. Эми отмо мааниси журум-туруму ар дайым атасын эл ичинде сындырган, баш билгисиз бир үйдүн жалгыз баласына карата да айтылат. «Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка отшош» сымал терс макалга бул үндөшө тушот.
«Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны». Бала ат жалын тартып минээри менен эле ата-эненин кубанычы артылат. Азыр деле эркек бала малга-башка тээкболот. Илгери «ат-адамдын канаты» аталгандыктан алыс-жакында аш-тойлор, таң-тамашалар арбын. Аларга созсуз ат менен бара коро турган. Андай жагдайлар балага унутулгус элес калтырган. Албетте, эл керген, жер корген бала укмуштарга кубе болгон. Кагылат-согулат, таалим-тарбия алат, бирөөлөргө таасирленет. Айрым үлгүлүү жагдайларын, ошондой жердеги оң каада-салтын, үрп-адатын бала өзүнө сиңирет. «Жер тамырынан эл тамыры коп», жакындары чыгат. Таанышуулар, достошуулар, илгери-кийин кайын журт, куда-сөөк күтүүлөр, ж.б. байланыштар өөрчүйт. Аттан ат тандап, баласына арнап, айыл аралатуу – аталык камкордук болуп саналат.
«Угаар жерге соз айт, сиңээр жерге суу сеп». Созду угуу -созду айта билгендей чоң өнөр. «Эмне соз уктуң?» – бул кыргыздардын нарктуу суроосу. «Эмне кеп бар?», «Кандай жакшы соз эшиттиң?». Албетте, булар нарктуу суроолор салт катары ата-бабадан бери карай жашап келуудо. Авар акыны атактуу Расул Гамзатов: «Тоого койчуларга барчумун. Барышым жарым кун, келишим жарым кун, бар болгону бир ыр угуу үчүн барчумун. Кошунамдын атын жалданып кайтараар элем. Ал үчүн мага биржомок айтып берээр эле» («Менин Дагестаным»). Адамга адам катары соз катат. Өзү менен кошо ошол отурушту, соз угуучулардын созун сыйлоо зарыл. Кеп торкуну мына ушундай…
«Талаа жери кең жер, улуу-кичүүгө тең жер». Сөздүн кырдаалы өзүнөн-өзүэлетүшүнүктүүдүр. Талаа-түздөрдөжүргөндө, мал багууда, ууга, аңга чыгууда ж.б. ларды адамдар бир чети өзүлөрүн кенен сезет. Жатып туруулары, тамак бышырып ичүүлөрү, от жагуу, казан-аяк жуулары, тошок салуулары үйдөгүдөй, айылдагыдай болушу ыктымал. Ар кими аттарын өзү жайлайт, өздөрү токуйт. Ар кими уктоочу жайын өзүлөрү оңтойлоштурат. Азык ичүүдө, отуруп-турууда, ич-ара анча айырмачылыктары болбойт. Мындайда бироолор бироолорго оз иштерин милдет кылбайт, тең аракетте болушат.
«Үйүндө кашык айран жок, кызынын аты Жууратбек». Сез етмо мааниде айтылууда. Жуурат – сүттөн уютулган айрандын оте коюу туру. Андан сузмо куюлат, курут кургатылат. Жууратбек – не-гизи эркек балдарга энчиленуучу ат. Кызынын атынын Жууратбек аталышындагы кайманалык, демек, ичээрге, жээрге эчтекеси жок туруп, дымагынын өйдөлүгүн какшыктоо менен көрсөтүүсү. Болгон-до да кызынын ысмын эркек балдарга теңеши аркылуу туюндуруу мыскылдын кучу болуп эсептелет.
«Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят». Кыргыздарда «чоң үй, кичине үй» деп, илгери тууган ичинде сакалдуусуна, башкаруусуна, байлыгына карата, ж.б. бөтөнчөлүктөрүнө карата боло айтып, ошого карата ызаатташа, сыйлаша турган. Ошол чоң үйдүн ээси уруунун же бир атанын балдарынын башчысы катары бааланган. Андан ыйбаа кылуучу. Мындай айтуу – макалды туз мааниде түшүндүрүү. Ал эми өтмө маанисинде колдоп келүүчү кошоматчылыкка, жасакерчиликке, жагынуулукка барып такалат.
Анын өзү эмес көлөкөсүнө жалбаруу сымал кытмыр ойду туюндурат.
«Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт». Адатта, иттер сакчы, короочу келет. Дабышты угат.караанды көрөт, же көрбөйт. Ошондой башка иттердин үндөрүн уккан, же корген учуру бар. Көргөндөй, уккандай үрүшөт. Макалдагы максат – ушакчылардын, чагымчылардын, куйтулардын, бузукулардын жүрүм-турумдарын өтмө мааниде бетин ача туюндуруу. Бирое бирдемени угат, бироо бирдемени керот, айрымдар укпаса да уккандай, көрбөсө да коргондей, башкаларга жеткизет. Ич-ара ой-пикир тузет. Кунарсыз ишеним пайда кылат. Мына ошол кырдаалды үрүп жүргөн итке салыштырып, байланыштырып жатабыз.
«Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру». Ууру мал уурдап келет. Аны алдыртан корсотпой соет. Этин өзүнүн адамдарына берет. Ошону менен жабылуу аякжабылуу бойдон калат. Мында;
Биринчиден, уурунун этин жешкендер уурудан айырмасы жоктор. Дагы уурдап келүүгө ашыккандар;
Экинчиден, «сорпо ичкен да ууру» -деп, кайып-каскагынан желип жаткандын устунен чыгып, ууру эт экенин байкабай, бейкапар жеп коюучулар. Өтмө мааниде түшүнгөндө, эгер уурунун айыбы ачылып, абакка тушуп калганда, беркини да кошо ала жатуусу.
«Жаман уул атасы өлгөндө көбөт». Атадан балага мурас калат. Тапканы-ташканы, там-тарагы, мал-мүлкү, ж.б. байлыктарына эгедер ошол баласы болот. Ата жети метр кездеме оронуп, түбөлүк жайына жатат. «Мал-мүлк т.а. атанын байлыгы балага опо эмес» – деген. Атасынын көзү өтөөрү менен уулу байлыкты уруна албай, четинен тугото баштайт,арак-шарап ичет. «Кой дечу кожо жок, ай дечү ажо жок», козунон чаар чымын учуп, мае болот, кобот. Ээлигип-жээлигип, аял алгысы, жарын чангысы келет. Ошондой да кылат. Таманы жер баспайт. Макалды чечмелеп келгенде ушундай Түшүнүү керек.
«Жакшыны жатым дебейт, жаманды өзүм дебейт». Адам-затты’н жашоо-тиричилигинде жакшы-жаман эгиз айтылат. Экөө тең мыйзамченем. Жамандар да, жакшылар да чыгат. «Бул – жаман урган менин жакыным, бир боорум, ал жакшы» -дечүбүз. «Башка уруктан, элибиз, жерибиз башка»… Албетте, минтпейбиз. Жакшылар кандай журсе да бардыкка бипбирдей. Аны элдик киши дейбиз. Төптүгү, тактыгы, акылы, ар-намысы аркылуу кимдин болбосун сүймөнчүлүгүнө айланып барат. Макалдын маани-жайын ушундай-ча түшүнүүгө болот.
«Эрди кудай ураарда, элүүсүндө жаш болот». «Эр ортону элүү жаш, элүү – жаштын туу чокусу. Андан ары алтымыш, жетимиш -демек, «мыш» деп коет. Ал – карылыкка баш коюулар. Мына ушул эр ортонунан соң ал жаш ургаачыларга тийишее, баласынан кичүүлөргө соз катып теминсе, а мумкун, алып да алса, озун сыланкорооздонто кармаса, дайыма жаштыктын кеп-сөзүн сүйлөсө, сүйбөгөнгө сүйкөнсө, айрым адепсиз уландардай жүрүм-турум болуп, ажыкызданса, ж.б. жаш өзгөчөлүгүнө жат жагдайлары болсо, ушул макал ошондойлорго ылайык келет.
«Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр». Макалдын оң мааниси түшүнүктүү, бирөөнүн жалгыз аты аңги болсо, топ жылкыларды көргөндө токтонуп тура албайт. Ал бычыла элек үч жашар быштыны элестетет. Өзүнүн аңгилигин албетте, жасайт. Аны лйрым аймактарда айгыр бойдон минишет. Ат болуп бычылбайт. Демек, бир чактары айгыр кылып, үйүргө кошо берүүгө жарайт. Айгыр өкүм, омуроолуу келет. «Кек беру (улак) чабышта», «эр эңиште» булар топко тартынбай кирет. Эми етмо мааниси да бар. Биреонун жалгыз уулу дейли, үйгө байыралбаса, эртели-кеч талаалап жүрсө, эч бир пайда-батасы болбосо, ата-энеге кайрымы тийбесе, эрке талтаң, эби жогураак, уят-сыйыты билинбесе ал селсаяк, чалакайым, туруксуз, кайсар, «жүгөнүжок атка окшоп турса», баса анын аңгиден айырмасы кайсы? Макалдын чоо-жайы ушуйда эмеспи.
«Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычагын ала жүрүптүр». Сөз төркүнү байга Караганда кедейдин марттыгын билдирүү. Бай болууга, мал күтүүгө ынтызар эместиги, бычагынын курчтугу. Адатта, байлык бир тыйындан куралатдейт. Томаяктардын, кембагалдардын, кедейлердин, букаралардын өз алдынча жашоогоКараганда, бирөелөргө жалданып, малай болуп, эптеп оокат кылууга, жеңилдей туюлушу…
«Ат айланып, казыгын табат». Ат жерин тушойт, жайытын эңсейт, качып келгени тууралуу болумуштар бар.
1916-жылы кыргыздардын Кытайга качышында Жумгалдык Бекболоттун Нарбашы (башы бир метр) кошо кетет. Ал тараптан бут кулук барымталанат. Кийин эл турган жерине кайтканда Нарбаш Кашкарда калат. Үч жылдан кийин эл артынан качып келет. Келип, чоң аш-тойлордо чабылып, баш байгелерге татып журуп, Кочкордук Бекчоро дегендин ашында чоң ат чабышта алдыда келе жатып, котон кыртасы узулуп кетип, жан берет.
Жумгалдык Кокумбай манаптын кара шумкары да так ошентип, эл артынан Жумгалга кайра качып келиптир.
«Оюндан от чыгат». Кыргыздардын ата-бабалардан бери келе жаткан оюн-тамашалары бар. Ал да жаш өзгөчөлүктөрүн айкындап турат. Жаштар оюну, улгайгандар оюну, карылар оюну, ат үстүндөгү оюндар… деп, бир топ түрлөргө бөлүп, ошол оюндарды өзүнүн жол-жоболору аркылуу жүргүзүү – адамды кумардан чыгаруусу. Ойноп, эс алуу, кийинки муундарга үйрөтүүсү, алар анын баркын билгендей даражада машыгып чыгууга шарттар түзүүсү. Оюңцан от жанат -мындан чыр чыгарат-дегендик.
Биринчиден, таң-тамашаларды ез эрежеси менен жүргүзбөөдөн пайда болот, буга ар бир көрүүчү күбөгө тартылат.
Экинчиден, оюнчулардын ичинен чырлар чыгат. Алар уттуруп баратканда итакайлашып, эптеп жыдытууга алып барат.
Үчүнчүдөн, Оюнда да теңсинбөө, утса унчукпай калуу, уттурса чырга айландыруу жагдайы бар.
Төртүнчүдөн, оюндун тууралыгы, тазалыгы, нукуралыгы үчүн күйөрмандар чыдабай кетүүсү, акыйкаттык талап кылуулары бар. «Ордо», «упай атуу», «атчабуу», «улактартуу», «жорго салдыруу», «кыз куумай», «жоолук таштамай», «эл чабар», «ак чөлмөк» өңдүү улуттук оюндарда чыр чыгаруу аркылуу оюнчулар тарап кетүүлөр коп болгон. Мисалы, Бугу-Сарыбагыштын айтылуу чабышы (1853-55-жылдар) карандай чүкө чертүүдөн, Сарбагыш менен Карамоңолдун чабышы ат байгесин бербей коюудан, ошол эле Карамоңолдор менен Чагалдактын чабышы Чоң Киндик деген жайлоону талашуудан ж.б. чабыш-уруштар учурунда арбын боло турган. Албетте, элдешип, кайрадан элчиликке келишкен. Ата салтын сактап, оюндун нышаасында жүргүзүүбүз зарыл.
«Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл». Нар-төөнүн чоңу. Атан тоо, лек тоо, буура тоо деп да коет. Негизи нар оркочу бир. Ал – чөлдөрдү басуучу төөнүн бир тукуму. Тоодон жыгылуу – албетте, бийиктиктен жыгылуу. Эми отмо маанисине келеек, күрөшсөңда, мелдешсең да, тирешсеңда, төкөрдөшсөңда, барымталашсаң да, басташсаң да, кыйындар, улуктар, менменсингендер, төбөсү көрүнгөндөр менен ачыкка чык. Тобокел тууду, жалтанба, чүнчүп калба, андан өчүндү ал, аяшууга болбойт. Же жеңдиң, же жеңдирдиң, уттуң же уттурдуң, эмнеси болсо анын бир талуу жерин таап, ошонусун кармоосу. Арийне, бул чечкиндүүлүгү, бир чети эр-азаматты кайраткердүүлүгү, тайманбастыгы, таймашуусу, ж.б. жигиттик сапатка даана татуусу. Буйла – төөнүн мурдун тешип, ага өткөрүлгөн жип, аны менен төө жеңил жетеленет. Сени менен ачыкка чыгуучунун аяшка эч кандай мүмкүн эместиги. Бул карма-каршылыктын ото курчушу.
«Ар кимдин жүргөн, туулган жери мисир». Туулган аймак адамдын өмүрүндө тендешсиз баалуу керунет. Анткени ошол жерден ыңаалап, жарык дуйного келет. Киндик каны тамат, ошол жерден асан чакырылат. Аты коюлат, сэры май оозантат. Эненин ак сүтүн эмесиң, абасынан дем аласың. Сүйүнчү айттырат, жентек берет. Көрүндүк алат. Бешикке бөлөнөсүң, бешикыры ырдалат. Эмгектейт. Тушооң кесилет, чымындап чуркайсың, бөбөк, тестиер ж.б. жигиттик доор башындан еткон жер, албетте. баарынан кымбат. Суусу да. тоосу да. абасы да, ой-кыры да өзүндүн өскөн кезиңди элестетет. Ошон үчүн туулган жер, тууган эл – дейбиз.
«Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашуугаоз жакшы». Кыргыздар сыйлашууга дилгир. Жат адамдарды сыйлоодон тап жылдырбайт. Канчалык конок айттырса, же конок дембе-дем өзүлөрү келип түшсө, «конок басты» болсо да, кайра-кайра үстөмөндөп, басмырттап турушса да, мейман күтүү шартынан кемтик чыгарбайт. Ошенткен сайын ички ар-намысы чыйрала түшөт. Анткени бир атага, бир урукка шек калтырбоого далалаттанышы.
Эми «ыйлашаргаозжакшынын» маани жайы-алар боордоштор, жакындар, каны бирлер. Албетте, ич-ара тигил жат коноктордой мамиле жасашпайт. Кайра конокторго уят болбоо үчүн жапырт кызмат кылышат… Алардын жалпы намысы болот. Жакындарынан ажыраса, канткени менен туугандык парз. Аза күтүү, катуу кападар болуу -бир туугандык, өздүк шарты, белгиси, зыйнаты болуп саналат. Оз, жат ушундайча билинет.
«Конок айтып келбейт». Кыргыздардын пейилинде атайын келүүчү, келе калуучу, а мүмкүн келип калбасын – сымал меймандарга да кам көрүүчү. Конок келсе, эмне соерун, дасторконуна эмне коерун, алдын-ала күтүлгөн. Ырыстуу тамагын бала-чакаларына бербей, катып туруучу. Баарынан уят нерсе -мейманды сыйлай албай калуу, дасторкон устун томсортуп коюу. Демек, конок келген кун бапырап, уйге береке кирет, отойнойт, казан кайнайт, кабак жайнайт. Бала-бакыра да «Конок келгенде берет, ошондо жейбиз», – деп ич-ара топук тилеп турат. Макал ушул маанайды билдирет.
«Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт». Мал союлуп дасторкон усту жайнап, коноктор жайыл дасторкондо чардап отурганда кийинки коноктор киргенде алар орундарынан козголот, копшолот. Улуу-кичуулоп отуруу кайрадан башталат. Дасторкон усту жаңырат. Мурункулардын кызуу кеп-сезу калышы, аны улоого кайра шарты болбошу, жаңы коноктордон мурунку отуруштун бузулушу, өзгөрүлүшү, эми кийинки келген коноктордун обону менен тейлениши мумкун. Арийне, отмо мааниде тушунгондо, бир отунучтор же бирдеме суроого байланыштуу биреолорго барып отурганда кийинки ошондой маселе менен баргандарга мурунку сый корулбошу ыктымал. Суралган немени кимисине берээри, тайталаш учуру да бар.
«Конокко аш кой, эки колун бош кой». Тээ түпкү ата-бабалардан бери мейманды сыйлоону бийик туткан кутмандуу эл, аларды урматтоодон эч бир тап жылдырган эмес.Кыргызда конокту «кудайдын эркеси» катары сезишет. Мисалы, алдыга эт тартылды дейли, ардактуу устукан ага сунулат. Андан сырткары кыртыштуу тиги-бул эттерден улам алдына коюп, ал кыя кесип алдыртан жегизүүбүзтийиш. Ал эч качан кысынбашы керек. Максатыбыз конокту тойгузуу, айрым элдердей «алың-алың», «жең-жең» деп, шаштырып, демитип туруу мейманды сыйлоонун тартиби-таалими эмес. Эң негизгиси, коноктон мурун колду аарчып чыга бербейбиз, аны аябай тойгузуу үчүн, табакка кошо кол салып, алдыртан сүрөп олтуруубуз керек. Мунун дагы тушүнүгү: «Конок койдон жоош, май берсе жей берет», – деп коебуз.
«Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт». Ооба, камыштуу жайда коендун жан сактоосу татаап, башка айбанаттарга жем болушу бышык. Жашоосуна шарты жок. Талаа коендоруна адыр белестүү, күнөстүү, ийиндүү, жардуу жерлер оңтойлошкон… Эл ичинде жургондо эр-азаматтар жеке езу эле эмес, журтунун ар-намысын ала жүрөт. Баланчанын эли жармач жашайт. Байлары букараларына, кедейлерине, кембагалдарына чыктатырбайт, саан-мингич бербейт. Эли ач-жылаңач отурат, тентип кетти сымал ушак айындар элдеги чыгаан азаматтардын жүрөгүн аралап өтүүчү. Өз көмөчүнө күл тарткан жигиттер журт үчүн эчтеке ойлобогондор, ар-намысы жоктор. Азыркы кырдаал уят-сыйытты жыйнаштырып таштап, өзүмчулүк тарапка ооп баратат. Мен түшүнгөн макалдын маани-жайы ушундай…
«Келгенче мейман уялат, келгеден кийин уй ээси уялат». Адептуүлуктүн салтында бирөөнүн айылына, үйүнө барууда адам кысынат, езун коомай сезиши ыктымал. Тартына барып түшүү -ыймандуулук. Алабарманданып, айылды аралай чаап, бейтааныш жерге түшүү анча аброй эмес. Үй ээси мейман экенин билет, туят. Чыгып атынан алат. Эшик ачат. Үйгө киргизет. Торге чыгарат. Ал-жайын сурашкан соң, конок да өзүн кенен сезет, жаркылдап турган уй ээсинен улам денеси жайылат. Эми мейманды кандай коноктойбуз, эмне соебуз, эт салабызбы, же башка тамакжасайбызбы? Үй ээсин ойлонтот. Коноктун жарпын жазууга, ойдогудай коноктоого бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт.
«Кыз – конок». Ал бирөөнүн бүлөсү. Жеринен кыз балага эне-ата, ага-тууган асемдүү мамиле кыла турган. Анын эли-жери болок. Ошол үчүн кийбегенди кийгизет, ичпегенди ичирет. Жоргону айт-тойдо, кочкондо кыз балага мингизет, төркүнү кыз балага ыроолойт. Үлпүлдөтө багылат. Бой тартканы отун-суу алдырбайт, тезек тердирбейт, куурай башын сындырбайт, Жел тийгизбейт. Барган жеринде барктуу-нарктуу болушу үчүн үйдөн узчулукту үйрөтөт, оз себин озу камдайт. Эне таалим-тарбиясында бардык жүрүмдөрү туура жолго багытталат. Анан бойго жеткенде, жуучу тушкондо, же кудалашкан жерине шаан-шокот менен аткарылат. Сыйлап калалы, ыйлап жонотпойлу, кыздын кырк чачы улуу – мына ошондон калган.
«Коногум өз үйүңдү ойлой отур». Биреего конокко барганда ал үйдүн дасторконуна, сый-урматына, жалпы эле тейлөөсүнө тыңсынбоо, үстөмөндөө керек эмес. Каниет кылып, ыраазы боло отуруу зарыл. Кыргыздар: «Аксактын амарына кароо керек». «Пайгамбар барга назир, жокко кайыл» -дейт. Эң негизи кабагы жарык, болгон ашын ак дилден берип, жылуу жумшакжаткызуу, атынжайлап кадимки адамкерчилигин көрсөтсө болду. Албетте, ыраазы болууга тийиш. Макалда: «Эгер менин үйүмө келсе, мен кантем, кой тыңсынбайын, кудая тоббо – дейин» -деш керек-деген ыйман баарынан зарыл.
«Угаар жерге соз айт, сиңээр жерге суу сеп». Созду угуу -созду айта билгендей чоң өнөр. «Эмне соз уктуң?» – бул кыргыздардын нарктуу суроосу. «Эмне кеп бар?», «Кандай жакшы соз эшиттиң?». Албетте, булар нарктуу суроолор салт катары ата-бабадан бери карай жашап келуудо. Авар акыны атактуу Расул Гамзатов: «Тоого койчуларга барчумун. Барышым жарым кун, келишим жарым кун, бар болгону бир ыр угуу үчүн барчумун. Кошунамдын атын жалданып кайтараар элем. Ал үчүн мага биржомок айтып берээр эле» («Менин Дагестаным»). Адамга адам катары соз катат. Өзү менен кошо ошол отурушту, соз угуучулардын созун сыйлоо зарыл. Кеп торкуну мына ушундай…
«Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат». Кыш киргенде кар түшөт, эрибей жатат. Жаз келет, кар жаайт. Ал кар -суу кар. Аны «сэры кар» дешет. Узун сарынын кары ал тушоору менен жаздын жылышынын илеби аркылуу бат эле эрийт. Мурунку жаткан кар ошонун жардамы менен кетет. Ал эми кандын башын кан жутаары кан калыс болбосо, эли-журтуна каардуу, кайрымы билинбесе, калк казынасын өзүтүгөтсө, башкаларга таратса, кыжырлануу пайда болот. Шылтоого шыноо болуп, хандыктан түшүрүүго эл жапырт аттанат. Арадан бироо кан көтөрүлөт.
«Акылдуу отко карайт, акмак казанды карайт». Кыргыздарда «Ашың болбосо да, кашың болсун»-дейт. Оттамызуу, аны дайыма бирдей ичкериштирип, өчүрбөй, түтүн кылбай күйгүзүп отуруу-адеп. «Оту куйбойт» дегени, «Адамга жылдызы, жакшы маанайы жок» -дегени, ж.б.у.с.лардын чоо-жайы бирдей.Макалдын мааниси адамдын казандагы ашка сугалактыгына, чала бышырып жешине барып такалат. Жакшы адам аштын даана бышышын самайт.
«Биринчиси соода, экинчиси коога». Кыргыздарда соода кылуу бардык жерде бирдей өнүкпөсө керек. Аркалыктарга Караганда Анжияндыктарда канатташ озбек жана тажик элдеринин таасири менен соодалашуу аракеттери мурунтан бери жүргүзүлгөндүгү шарттуу көрүнүш. Аркалыктарга соодагерлер Анжиян, Кашкар тараптан өзүлөрү келишип, же мал айдап барып, жалаң малга, мал-чарба азык-түлүктөргө пулдап жолуна түшүшкөн. Албетте, биринчи соода кызыктуу, алымдуу, ич-ара мамилелер так болот. Элибиз кадимкидей кызга калың төлөөдө баасы бычылган. Мынча кара, тигинче жандык айдап түшөсүң дегенге чейин барышкан. Кыз алуудан элибиз эчтекесин аянбаган. Тобокелге сала турган. Албетте, ез адамдарынын кошумчалары, колдоолору болгон. Эгер кыз баш ачылып, кайра төркүндөрүнө келсе, ал жубан аталат да, кайра эрге чыкса, мурункудай откур мамиле кылбайт. Бирок бүлөгө бүлө кошулуп, аткан соң, калың берет. Мурункудан өлчөмү кыскарылат. Кыргыздар бул макалды так ушул мааниде айтышкан.
«Моңолдор журттун уюткусу». Моңолдор – кыргыздын Сарбагыш, Бугу, Саяк, Саруу, Кушчу өңдүү ири уруулардын бири. Наалы эжеден тараган – дешет. Санжырачылар моңолдордун атасын «Моңгол» – дейт. Наалы эже Моңгол Дор дегенге турмушка чыгып, негизи ошондон уруу пайда болуптур. Демек, кыргыздардын жээни дегендер да ошондон. Эмнеси болсо да, моңолдор кеп жерлерге жайланышкан. Буларсыз элдуу айылдарды табуу кыйын. Ат-Башы, Нарында көбүрөөк учурайт. 9з оокаттары менен алек, уруу чабыштарына кеп аттанбаган, чыр-чатаксызтегерегинин ынтымагын сактап, нарктуулугу-салттуулугу аркылуу уюткулуу көрүнгөн, баага татыктуу калк. Моңолдордун санжырасында уруш-талаш.чаап алуулар, бироолер менен араздашуулар тууралуу малыматтар жокко эсе… Эл ичинде данакер экендиги тарыхта арбын айтылат.
«Тон жылуусун ээси билет». Тон – жандыктын, кийиктин түктүү терисинен тигилген сырт кийим. «Тон кеп кийилсе, жылуусу кетет» – дейт. Адатта, уй ээси дейли, бала-чакасынын, үйдөгү малы-жанынын, ал турсун тууган-уруктарынын, айылдаштарынын сырын, ал-абалын, кулк-мүнөздөрүн талаптагыдай тааныйт. Ошого карата апды-бердиси, кимге кандай мамиле жасашы ыктымал, макал мааниси ушул жагына чаап турат.
«Уздан учукартат». Уз-жумшакбуюм-тайымдарды кармоочу чебер. Бардык иш ийне аркылуу бүтөт. Бычып-тигүүдө еөн-бучкак чыгат. Кээде жердиктен артып да калат. Кимдин буюм-тайымын жасап жатса, ал буюм ээси артканын езу деле берет, аны бирдемеге уз жаратып алат. Бул салт жеринен бар. Калган еен-бучкактардан (еен – кездемеде, бучкак – териде болот) курак буюмдары жаралат.
«Устадан шакирти отуптур». Шакирт – устанын комурун очүрүүчүсү, коорүгүн басуучусу, күжүсүн күйгүзүүчү, б.а. жардамчысы. «Жүро-жүро кобойтүп, жүгүргонмүн тайымдан» -дегендей, таалим-тарбия жаш чактарынан оң таасир берүүчүсү аркылуу күлүктон күлүк чыгат, онордон енор жаралат. Устадан уста, уздан уз таралат. Биринен бири үлгү алат. Заманына карата канткени менен жол корсоткон адамы ага сыймыктуу, сыйлуу нас’аатчысы, ардактуу адамы болуп, ошол бойдон кала берет.
«Эсепчини да жут алат». Илгери ай-жылдардын кандай болоорун алдын ала айткан элдик астрономиктер да жаралган. «Бул жылы кыш жылуу, жаз каат, жайы салкын болот». «Жем-чоп камдагыла, кышынын моюну узун келет» Тескерисинче, «мал-жан кыштан оюн салып чыгат», «үроондү түштон мурун сеп, туштон кийинки үроон үшүп кетет», «эртең кечинде кун жаайт», «түндо үшүк алат» ж.б.у.с. боолголорду алдын-ала берүүчүлер, билүүчүлор болгон. Албетте, андай айтуучулардан да жаза кетүүлор бар. Аны журтчулук «эсепчини да жут алат» – дейт. Жут – малга-жанга каатчылык келген учур.
«Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн». Ат араба бар, өгүз араба бар. Ат араба огуз арабадан ылдам журот. Жол арбыйт, огуз араба кылдырап, жай жүрөт, мүмкүн болушунча жер арбыйт. Ошого карата иштери бутот. Турмуш озу араба, эптеп-септеп кор тиричилик, күйпүл жашоо ото берет. Демек, ушундай жагдайларга моюн сунуп, өзүнүн күнүңдү өзүң көрө берүүң керек.
2. Кара жанды кыйнабай, алынып-жулунбай, иштеп эмне кыласың, акырын өнөктүгүң, ото берсин, анча эле жинигип, кайда барасың, кай муратка жетесиң-деген ой жатат.
«Жалкоого күн кечкирбейт». Жалкоо – эч бир нерсени жасоого моюну жар бербеген бекерпос адам. Жатыпичээрлер, жанбактылар, жел жутуп отургандар. Албетте, андай адамдардын жашоосу ото супсак болот. Адам эмгек этсе, бир нерсеге шыктанса, ал тарапты беттесе, кызыгуу аркылуу көзгө көрүнүүчү, көңүлгө тете болуучу бирдемелерди жаратса, анын убайын, үзүрүн корот. Аларга убакыт жетишпейт. Күндүн батышы, таңдын атышы тез отот…
«Тууй элек уйдун уузун күтүп». Ар иштин башталышы жана аякталышы бар. Аткарылуучу жана аткарылбоочу аракеттер болот. Бир максатты коздогон адам анын натыйжасына ишенет. Талапсыз эле, айкын максатсыз эле ай. караган текедей болуу, эч качан ийгилик алып келбейт. Болбогон эле иш үчүн талаптана берүүдөн майнап чыкпайт.
«Балам, балалуу болгондо билээрсиң». Ата-эне балалуу болгондо оз ата-энелерин баа жеткис эмгегин, түйшүгүн, баркын билет. «Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада». М.а. ар адам оз баласы учун кам корот. Өмөчөктөйт. Аны дүйнөгө алып чыккан ата-эне аргасыздан ушул макалды айтууга мажбур болот. Бала – ата-энеге милдеттүү. Бирок, кийинки чактары кайрымсыздар арбын, «ой, эптеп жашап кетсин, оз оокатын өзү кылсын» – дечүлөр баладан бирдеме үмүтөтпөйт. Кайра ата-эненин колун карайт. Ата-эне кыйбайт, а бала өзүнүн балдарына да ошондой мамиле кыла баштайт.
«Атын атаса, куту сүйүнөт». Куту мүйүз, жыгач, темир сандыкча, үкөкчө. Ага алтын, күмүш же анын нускалары салынат. Куту- «кут» -дегенден келип чыкса керек, себеби, куттушуу бакыт. Бактылуу болуу—ошол үйдүн пейили. Ар үйдө кут бар. Ал үй-бүлөнүн бирөөсүндө болот – дейт. Ошонун козу өткөн соң ал үйдөн кут качты – дейт. Эми макалдын маанисине келеек, ач адамдарга карата да айтылат. Кандай шартта жүрбөсүн адамды адамдар катарга ала жүрүүсү, ал тууралуу жакшы пейилде, каада-көңүлдө болуусу. Анын адамкрчиликтерин айта эскерүүсү, унутта калтырбоосу.
«Беш кол тең эмес». Беш кол – беш манжа: бармак, соомой, ортон, атыжок, чыпалак. Булардын ар биринин аткара турган милдеттери, салыштыруулары бар. («Эли – олчом» деген темада айтылат). Демек, узун-кыскасы бирдей эмес. Адамдардын жашоо-турмушу так ошондой. Кулк-мүнөздөрү, өңү-түсү, бою-ою, аткара турган иштери, жүргүзгөн аракеттери ар кыл. Чойросу да, кийимдери да, ичкен тамактары да, минген атары да тең болбойт.
Бири момун, бири шайыр,
бири токтоо, бири чалпоо,
бири сулуу, бири серт… Кыскасы, бири бай, бири жарды, бири ток, бири ач, коендой окшош күндөр аз. Соз төркүнү ушул жакта болуп жатат.
«Бир даам таткан жериңе, миң курдай сапам бер». Кыргыздар ата салтында ото меймандос эл келет. Даам таткызат. Жыланга да ак чачып чыгарат. Даам берүү – конок кылууда ак дасторкондун ыйыктыгын сезишет. Бир чактары конок кылганы үчүн ал өмүр бою унутпай, «ушинтти эле» – дештин озу эле адамкерчилик. «Кайдан келди кара эшек, жолдон келди жоор эшеюжөрбөй, адамдык сапатты сыйлай, урматтай, нарктай, барктай билүүбүз аркылуу байыркы эл өзүбүздүн каада-салттан тайбай ушул күндү керуудо…
«Койлуу катын куйрук жейт, эрдүү катын таяк жейт». Эски макалдын чоо-жайы мындай – койлуулар куйрук жеши талашсыз дечи. Сөздүн чордону эрдүү катын таякжеште баратат. Албетте, бир үйдө казан-аяк кагышат. Үй ээси эркек болгон соң, ал аялын башкарууга бардыктараптан укугу бар. «Эрди-зайып урушат, эси жогу болушат»
деп да коет. Эрдин таягы аял үчүн эчтеке күнөөгө арзыбайт. Аны катыны көрүлө жүргөн адат катары билүүсү тийиш. Муну жашоо-турмушта кайталана берүүчү, кек сактабоочу, кечиримдүү болууга үндөөчүжөнөкөйжорук-дептүшүнүүлөрүзарыл. Негизи эрди-катын
урушпай, талашып-тартышпай жашоолору баарынан керек. Ынтымак ырыска шерик.
«Адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң». Үйүр -жылкылардын өзүнчө тобу. Бир айгырдын ээлик жылкылары. Ошондуктан, бир айгыр үйүр жылкы дейт. Айгыр адашып кетсе, непаада, күнчүлүк жерден агытсаң да, келээри бышык. Мында да адамдардын үй-бүлөөчүлүгү тууралуу сез баратат. Ток этээр жерин айтканда, эрди-аял урушат, талашат, тартышат, таарынышат, ажырашат, кайра табышат. Жашоо-тиричилик калыбына келет. М.а. «ачылгандын айыбы жок, кайра өзүжапкан соң» болот.
«Чала молдо дин бузат». Түшүнүктүү, ар бир ала-теле иштелген иштин сапаты анча жарамдуу болбойт. Үнөмүн бербейт, үзүрүн көрсөтпөйт. Арийне, молдо дин ээси, акылдын көзү, кудай талаанын өкүлү, пайгамбардын элчиси катары эсептелүүчү. Ага анча шек келтирүүгө болбос. Чалакай акыл-ой, жарым-жартылай жасалган буюм-тайым, аракет-алымдын натыйжасы, адамды анча алым сындырбайт. Сез төркүнү ошол тарапты чалып отурат. Иш колунан келбейт. Келчүүлөргө бербейт.
«Бузулган элге бучуктан аким». Аким – бийлик ээси. Элин-жерин адилеттүү башкарууга чама-чаркы келбеген, же калкына каарлуу, ичмекей-жемекей, элин эзип, отоп-бутап жиберүүчү, кексе, өзүмчүл жетекчилер болот. Туура багыт береалбагандыктан эли чачылат. Ич-ара араздашат. Аралары ачылат. «Эшегине карата тушагы». Ынтымак кетет, Ыдырап тентийт-тербийт. Аны башкоштура албаган, бироеге баса караган башкаруучунун бучук болбосо да, бучукка отмо мааниде салыштырып атат.
«Адамдын өзү тойсо да, көзү тойбойт». Адам пенделиктин жолунан тайбайт. Бири-бирин көрүп бирдемелерди жасап жатса, атаандаша калат, ошондой натыйжаларга жеткиси келет. Байлык адамдын аң-сезимин, ой-пикирин эл алдында көрүнөө бузат. Анын артынан томолонуп кетууго даяр. Бир дүүлүгүп кеткен соң, ал кайра тартпайт. Ал адам өзүмчүл болуп, озголордо болбосо, өзүмдө эле болсо-деп калат. Дагы байысам, эл-журттан айырмалансам – мына, көздүн ачкөздүгү. Т.а. адам тамакка тоет, байлыкка, бийликке тойбойт. Ошон үчүн «Карынбай малга, Улукман жашка тойбогон». «Адам топуракка тоет» – деп айтылууда.
«Усталардан дат калат, молдолордон кат калат». Уста-темирчи, кара уста тууралуу сез болуп отурат. (Зергер, жыгаччы, мүйүзчү, таш чегүүчү – булар да устага кирет). Дат – темирге жугуучу, убакыт өткөн сайын темирдин эскилигин билдирүүчү сэры боек сымал лайдасыз неме. Демек, усталардын узанууларында өзүнчө из бар. Кайсы кылымдардагы буюм-тайым экенин ошол дат аркылуу билебиз. Т.а. Ошол чеберден мурас, нуска, улгу, керез, таберик калды -дегенди туюнтат.
Молдо – арабча сабаттуу адам. Ал жаза да, дин китептерин которо да билет. Демек, сез мааниси түшүнүктүү чыгар…
«Акыл коошот, билим жугушат». Акыл, билим бир айтылат. Биринин маанисин, сапатын бири толуктайт. Акылдуудан акыл аласың, билимдүүдөн билим жугузасың. Биринин жарыгы бирине тийет. Ошон үчүн мыктылар өзүнүн күч-кубатын, бай тажрыйбаларын, акыл-оюн шакирттерине берет. Артынан ээрчитет. «Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети», албетте, буга етме мааниде түшүнүк бере алат.
«Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат». Түшүнүктүү адамдардын күчтүүсү «күрештө» бирди жыгып, балбан аталат. Билимдүүлөрэлди тарбиялайт, окутат, билимин берет, бири-бирине жугат. Алардын жазган китептери көпчүлүккө нуска болот. Генийлердин, акылмандардын ж.б.лардын эмгектери баарыга таралат. Андан илим жаралат. Алар акыл кенчине айланат. Академиялар, университеттер, институттар пайда болот.
«Шаарга барып шапке кийбей, же айылга калып аштык айдабай». Мында сез шаарга барган адам окуганы оң, билимдүү болуп же жумушчу аталып, же кайра айылга келип элге билим, тарбия, таалим берсе дегени. «Айылга калып аштык айдамайы» -дыйканчылык кылса, кетмен чапса, мал бакса, шаарды азык-түлүк менен тейлебейби дегени. Макал Советдоорунун алгачкы жылдары пайда болуп, кадимки орок менен балканын союзун түшүндүрөт.
«Бетеге кетип, бел калат, бектер кетип эл калат». «Токтогул кетип, тор калды, Эшмамбет кетип эл калды» (Коргоол ырчы). Макалда элдин-жердин улуулугу, ыйыктыгы, түбөлүктүүлүгү жөнүндө соз кыябы баратат. Кимдер келип, кимдер кетпеген. Жарык жана жалган дүйнөдө адамзат- бир келген конок. Ата журтта, жер энеде буйруктуу жашоо! Тиричиликтерин өткөрүп, табияттын жандуу аракеттери өзгөрүп-өнүп, бирде толуп, бирде бөксөрүп, оте берет. Кеп-сөздүн күчү мында уюткулуу элинди, жеринди, киндик кан тамган Ата Мекениңди унутпа. Ошолор барда адамсың, бу дуйне эч кимге опо болбойт-дегени.
«Жакшы аял (зайып) жарым ырыс». Өмүрлүкжар, жубайлар, эрди-катын, абышка-кемпир, карыя-байбичеж.б. сыпаттоолорэриш-аркак тууралуу ондогон макал-лакаптар, учкул создер, уламыш-болумуштар бар. «Эр-аял (зайып) үй куту», «Зайып жакшы-эр жакшы, вазир жакшы-кан жакшы», ж.б. лардын мааниси бир, мазмуну терең, уңгусу бекем. Турмуштан калпынып алынган мындай аныктамалар жөнүндө акындардын ыр саптарында таасын, кеңири баяндалат. Зайып сапаттарына кеп кырдуулук кирет:
Биринчиден, эрине ойдо карабоосу, каяша айтпоосу, ал анын сылыктыгы, сыйдалыгы, ыймандуулугу, изааттуулугу. Оболунда жүруүсү, бул мусулманчылыкты урматтоосу.
Экинчиден, ыплас жакка баспоосу, эринин көзүнөчөп салбоосу. Ала жипти аттабоосу. Шайкелең-шаттуу көрүнбөөсү, эринин кызыкчылыгын баарынан жогору коюусу.
Үчүнчүдөн, көпчүлүк орундарда, түптүү жашоодо элдик каада-салтты, үрп-адатты кармап, сактап, жактап, анын мыйзам чегинен чыгып кетпөөсү, отуруп-турушу, сүйлөө маданияты;
Төртүнчүдөн, тазалыгы, тамак-ашты бышыруусу, мал-салды тейлөөсү жана саашы;
Бешинчиден, тиричилигин кармоосу, бала-бакырасын үндөктөөсү, тарбия-таалим берүүсү, калп айтпоосу, төптүгү, калыстыгы. Аталарын үйдүн куту, табышкери, панакери катары кароосу;
Алтынчыдан, бу жарык-жалган дүйнөдө өмүр сүрүп, узак жашоодо, кайын журтуна алынуусу, ал сапаттары аркылу торкун-төсүнүн, оз элинин баркын көтөрүүсү;
Жетинчиден, иштүүлүгү, узчулугу, албетте, бул сапаттарга эгедер аял элдеги далилдүү чындыктай начар эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти эң жакшы, т.а. эл башы, журт атасы, тон жакасы кылып ташташы…
Арийне, эр-жигит да зайып, жар, үй-бүлө күтүүнүн жалпы өлчөмүн билген шартта гана жогорудагы кырдаалдар дал өзүндөй сакталусу…
«Эр сыйлаган эшикке жатпайт, ат сыйлаган жөө баспайт». Эр жигиттин жана аттын сапаттары жашоо-турмушта эгиз, эриш-аркак айтылат. Элин-жерин, ата-журтчулугун баарынан жогору койгон жан ошол элдин сүймөнчүлүгүнө эгедер. Кары-жашына алынат, бирдей таанылат. Калың калктын кароолунда турат. Демек, алар – элдик адамдар, жанагы «эл мыктылары», «кал’кжакшылары». Кыя етпой, сыйлап, урматтап, астейдил болуп турушат. Төрдүн төбөсүнөн орун беришет.
Ат – эрдин символу. Эр жигит минген атынан корунот. Жоорсуз, семиз, сылап-сыйпап, оз убагында жеми-чөбү даяр, «жанга өлчөлүү жалгыз ат» кылып, жабуулап минее, эр азаматтын канаты. Качсаң кутуласың, куусаң жетесиң…
«Куттуу үйден куру чыкпа». Бала-бакыралуу, бакыт жаралган үйдө келди-кеттилер арбын болот. Жайыл дасторкон үйгө элдер үйүр. Ансыз ал үй коңултактап да турат. Казанын кайнатат, отун ойнотот, кабагын жайнатат. Ашын берет, келбери болот. Албетте, бул кут түшкөн үй, үйдөгү бирөөсүнүн куту бар өңдөнүүсү. Ашы менен кошо кыргыздар урматтуулардын, атактуулардын, элдик адамдардын алдына ат тартат, үстүнө чепкен жабат. Аң терилерин сунат. Айрымдарына жакалуу кийим, көйнөк кийгизет. Бул -жакасын агартуу. Алганы учун келген адам ыраазы. Бергени учун уй ээси ыраазы. Соопчулук учун андайлар бей-бечараларга да ете кайрымдуу болуусу.
«Келгенче мейман уялат, келгеден кийин уй ээси уялат». Адептуүлуктүн салтында бирөөнүн айылына, үйүнө барууда адам кысынат, езун коомай сезиши ыктымал. Тартына барып түшүү -ыймандуулук. Алабарманданып, айылды аралай чаап, бейтааныш жерге түшүү анча аброй эмес. Үй ээси мейман экенин билет, туят. Чыгып атынан алат. Эшик ачат. Үйгө киргизет. Торге чыгарат. Ал-жайын сурашкан соң, конок да өзүн кенен сезет, жаркылдап турган уй ээсинен улам денеси жайылат. Эми мейманды кандай коноктойбуз, эмне соебуз, эт салабызбы, же башка тамакжасайбызбы? Үй ээсин ойлонтот. Коноктун жарпын жазууга, ойдогудай коноктоого бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт.
«Кыз – конок». Ал бирөөнүн бүлөсү. Жеринен кыз балага эне-ата, ага-тууган асемдүү мамиле кыла турган. Анын эли-жери болок. Ошол үчүн кийбегенди кийгизет, ичпегенди ичирет. Жоргону айт-тойдо, кочкондо кыз балага мингизет, төркүнү кыз балага ыроолойт. Үлпүлдөтө багылат. Бой тартканы отун-суу алдырбайт, тезек тердирбейт, куурай башын сындырбайт, Жел тийгизбейт. Барган жеринде барктуу-нарктуу болушу үчүн үйдөн узчулукту үйрөтөт, оз себин озу камдайт. Эне таалим-тарбиясында бардык жүрүмдөрү туура жолго багытталат. Анан бойго жеткенде, жуучу тушкондо, же кудалашкан жерине шаан-шокот менен аткарылат. Сыйлап калалы, ыйлап жонотпойлу, кыздын кырк чачы улуу – мына ошондон калган.
«Коногум өз үйүңдү ойлой отур». Биреего конокко барганда ал үйдүн дасторконуна, сый-урматына, жалпы эле тейлөөсүнө тыңсынбоо, үстөмөндөө керек эмес. Каниет кылып, ыраазы боло отуруу зарыл. Кыргыздар: «Аксактын амарына кароо керек». «Пайгамбар барга назир, жокко кайыл» -дейт. Эң негизи кабагы жарык, болгон ашын ак дилден берип, жылуу жумшакжаткызуу, атынжайлап кадимки адамкерчилигин көрсөтсө болду. Албетте, ыраазы болууга тийиш. Макалда: «Эгер менин үйүмө келсе, мен кантем, кой тыңсынбайын, кудая тоббо – дейин» -деш керек-деген ыйман баарынан зарыл.
«Угаар жерге соз айт, сиңээр жерге суу сеп». Созду угуу -созду айта билгендей чоң өнөр. «Эмне соз уктуң?» – бул кыргыздардын нарктуу суроосу. «Эмне кеп бар?», «Кандай жакшы соз эшиттиң?». Албетте, булар нарктуу суроолор салт катары ата-бабадан бери карай жашап келуудо. Авар акыны атактуу Расул Гамзатов: «Тоого койчуларга барчумун. Барышым жарым кун, келишим жарым кун, бар болгону бир ыр угуу үчүн барчумун. Кошунамдын атын жалданып кайтараар элем. Ал үчүн мага биржомок айтып берээр эле» («Менин Дагестаным»). Адамга адам катары соз катат. Өзү менен кошо ошол отурушту, соз угуучулардын созун сыйлоо зарыл. Кеп торкуну мына ушундай…
«Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат». Кыш киргенде кар түшөт, эрибей жатат. Жаз келет, кар жаайт. Ал кар -суу кар. Аны «сэры кар» дешет. Узун сарынын кары ал тушоору менен жаздын жылышынын илеби аркылуу бат эле эрийт. Мурунку жаткан кар ошонун жардамы менен кетет. Ал эми кандын башын кан жутаары кан калыс болбосо, эли-журтуна каардуу, кайрымы билинбесе, калк казынасын өзүтүгөтсө, башкаларга таратса, кыжырлануу пайда болот. Шылтоого шыноо болуп, хандыктан түшүрүүго эл жапырт аттанат. Арадан бироо кан көтөрүлөт.
«Акылдуу отко карайт, акмак казанды карайт». Кыргыздарда «Ашың болбосо да, кашың болсун»-дейт. Оттамызуу, аны дайыма бирдей ичкериштирип, өчүрбөй, түтүн кылбай күйгүзүп отуруу-адеп. «Оту куйбойт» дегени, «Адамга жылдызы, жакшы маанайы жок» -дегени, ж.б.у.с.лардын чоо-жайы бирдей.Макалдын мааниси адамдын казандагы ашка сугалактыгына, чала бышырып жешине барып такалат. Жакшы адам аштын даана бышышын самайт.
«Биринчиси соода, экинчиси коога». Кыргыздарда соода кылуу бардык жерде бирдей өнүкпөсө керек. Аркалыктарга Караганда Анжияндыктарда канатташ озбек жана тажик элдеринин таасири менен соодалашуу аракеттери мурунтан бери жүргүзүлгөндүгү шарттуу көрүнүш. Аркалыктарга соодагерлер Анжиян, Кашкар тараптан өзүлөрү келишип, же мал айдап барып, жалаң малга, мал-чарба азык-түлүктөргө пулдап жолуна түшүшкөн. Албетте, биринчи соода кызыктуу, алымдуу, ич-ара мамилелер так болот. Элибиз кадимкидей кызга калың төлөөдө баасы бычылган. Мынча кара, тигинче жандык айдап түшөсүң дегенге чейин барышкан. Кыз алуудан элибиз эчтекесин аянбаган. Тобокелге сала турган. Албетте, ез адамдарынын кошумчалары, колдоолору болгон. Эгер кыз баш ачылып, кайра төркүндөрүнө келсе, ал жубан аталат да, кайра эрге чыкса, мурункудай откур мамиле кылбайт. Бирок бүлөгө бүлө кошулуп, аткан соң, калың берет. Мурункудан өлчөмү кыскарылат. Кыргыздар бул макалды так ушул мааниде айтышкан.
«Моңолдор журттун уюткусу». Моңолдор – кыргыздын Сарбагыш, Бугу, Саяк, Саруу, Кушчу өңдүү ири уруулардын бири. Наалы эжеден тараган – дешет. Санжырачылар моңолдордун атасын «Моңгол» – дейт. Наалы эже Моңгол Дор дегенге турмушка чыгып, негизи ошондон уруу пайда болуптур. Демек, кыргыздардын жээни дегендер да ошондон. Эмнеси болсо да, моңолдор кеп жерлерге жайланышкан. Буларсыз элдуу айылдарды табуу кыйын. Ат-Башы, Нарында көбүрөөк учурайт. 9з оокаттары менен алек, уруу чабыштарына кеп аттанбаган, чыр-чатаксызтегерегинин ынтымагын сактап, нарктуулугу-салттуулугу аркылуу уюткулуу көрүнгөн, баага татыктуу калк. Моңолдордун санжырасында уруш-талаш.чаап алуулар, бироолер менен араздашуулар тууралуу малыматтар жокко эсе… Эл ичинде данакер экендиги тарыхта арбын айтылат.
«Суроосу жарашса, соз айтылат». Адатта, эл арасынан куйма кулактар коп чыккан. Алар – санжыра сандыгын ачкандар, шекердей ангеме сездору аркылуу калк кумарын жазгандар, соз баккандар, кулактын курчун кандыргандар. Создү уга билүү менен айта билүүнүн тыгыз эриш-аркак жагдайларын сактоочулар. Таамай берилген суроолор аңгеме создун иче-карын чубай алат. Сез кадырын билүүчүлер илгертен эле тилемчиси жарашса аттан түшүп берген.
Болбосо, айрымдар аңгеме учугун өзү саптай алат. Кээлер сөз төркүнүнөн адашып, тык токтоп.оңтойлуу суроо издеп калат. Окуя суроо-жооп аркылуу толукталат.
«Бөйрөктөн шыйрак чыгарып». Бөйрөк менен шыйрактын айырмасы асман менен жердей. Бейрек жан-жаныбарлардын ички органы, сийдикти тазартуу, тамакты сиңирүү сымал милдетти аткарат. Шыйрак- бут. Жан-жаныбарлар бутсуз баса алышпайт. Демек, бойрок эч качан шыйрак болуп бербейт. Макалдын өтмө маанисине келеек, айрымдардын туура эмес журуш-туруштарына барып такалат. Т.а. бул женсуз нерсени алып барган, башка коошпогон обу жокторду, эби-сыны жок шылуундары туура эмес иштерди «туура» дечулор.
«Эр жигиттин ичине, ээр-токумдуу ат батат, катындын ичине карабашыл киши батат». Макалдын маани-жайын оң маанисинде да, отмо маанисинде да туюндура алабыз. «Катындын ичине карабашыл киши батат» – дегени – курсакта бала жатат. Аны эне ичтен жетилтип, убагы келгенде тореп берет. Ал адам болот. Эненин мээрими, чыдамы, баарына тобокелчи экенин ушул аркылуу билдирип турат, «Эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батат» – дегени, тигиге эриш-аркактүшүнүктү берет. Мында да жигиттик пейилдин кенендиги, адамдык айкөлдүгү, теңиздиги, терендиги, кенебестиги айтпасакда шарттуу түшүндүрүлөт.
«Жооштуку жоон». Мында адамдын мүнөзү жөнүндө айтылат. Айрымдар оор басырыктуу, коңур, баскан-турганы токтоо, куудум-шудуму жок, ез оокаты менен алек, ошол адам айрым шартта күтүүсүздөн эле бирдемеден улам катуу ачуулана, капалана кетүүсүнө карата макал айтылат. Маанилүү маселеге чыдамы кыстап кетүүлөрү бар.
«Желмогуздун кичинеси эң кыйын». Турмушта «желмогуз бул» -деп аныктап айта турган далилидер коп. Бул жомоктордо жолугат. Это коркунучтуу, сүрдүүжети баштуу адам, жегич катары сүрөттөлөт. Сез маанисинде айрымдарды, мисалы, кичине сезилген кишилердин терс жүрүш-туруштарын, кылган иштерин ошол жети баштуу желмогузга салыштыра айтабыз.
«Чөптү кордосоң, көзгө зыян». Кек чөп жан-жаныбарлардын жашоо-тиричиликтери үчүн чоң ырахатты тартуулайт. Аны биз жашыл чеп болуп көрүнсө да «ыраң» деп тергейбиз. Момун, коңур, б.а. биреөлөрге карасанатайлык кылбаган, ез арбайын озү соккон адамдарды, оз бетинче оокатын кылып, эл ичинде тынчжүргондордү «Чёл менен суудан башкага зыяны жок» – дейбиз. 8тме маанисинде кээде так ошондой теңиз жандарды кор кармоо аркылуу айрымдар
өзүлерү да жаза керүп калат. Т.а. алар да чоп кезду сайгандай абалда калат. Макал – биреелердун убал-сообун эстей жур, алардын да кудай-теңири бар-дегенди билдирет. Ал эми «сэры ичине чеп салып», – ошондой адамдардын жакшылыгын баалабоо, биреелердун эмгегин бурмалоо, кайра жакшылыкка жамандык издео, адамкерчиликти акмакчылыгына алмаштыруу. «Кезүнечоп салуу», изин жашыруу. Мисалы, эрди-аялдардын биреолор менен билгизбей жагымсыз жактарга, алдоолорго баруулары, ж.б. аркылуу түшүндүрүү-туюндуруу.
«Моюнунан байлаган ит ууга жарабайт». Жетекке конбегон ит тарткынчыктап, кетенчиктеп кеткиси келип турат. Жетекке кенбогон, ууга чыгып, уусун алууга машыккан тайгандар (бул да ит баласы) тоодо атчандар менен бирдей темпте катар журот. Ушундан улам бир ишти аткарууда адамдардын да ар кандайы бар. Бироелеру элпек, шайдоот, дагы бироолору копшок жана башкалары кежир, ителеп-суреп жатып, араң бир жака жумшайсың. Макал жумуш кылып бербеген, берсе да «тилди тешип» жатып, аткандарга арналат. Андайды «моюнунан байлаган итче» деп коюшат.
«Суунуку сууга». Бул – кыскача баяндаганда оңой табылган олжо. Берки маңдай тер, таман акы аркылуу табылган байлыкка Караганда жумушу жок болот. Бат эле пайда болгон андай «чокой боолорун» кезун тез тазалап жиберүүге адам аярдык, анча сарандык кылбайт, колдун кириндей карайт. «Кайсы эле эмгегим, мээнетим кетти» – деп. Андай табылгаларга адам езу март, берешен келет. Создүн маңызы мына ушунда турат.
«Тойгондо токтунун эти топурак татыйт». Токту – бир жаштагы ургаачы кой. Анын эти жумшак, козунун этинен анча айырмасы болбойт. Албетте, ото жегиликтүү да келет. Сезсүз ичтейи келип, коп жеп, тойгон соң, тамактын даамы мурункудай сезилбеши шексиз дечи. Ушуга карабай ичкен тамакка, кесирленүүлор бар. «Ал мындай», «чала бышыптыр», «арык экен», «супсак тура» сымал создор ич-ёра жүрүшү ыктымал. Мунун отмо мааниси адам тойгондон кийин ошол ичкен тамагына акарат айтуусу. Бироодон бирдемени үзүлүп-түшүп алуу, максатына жеткен соң, аны карабай кетүү да ушуга барып такалат.
«Талаага кетти мээнетим, тартыштым байдын дөөлөтүн». Адатта, байларга, бийлерге, болуштарга, манаптарга, бектерге, хандарга кимдер кызмат кылбаган. Мисалы, алардын малын багуучу, отун-суусун алуучу, жерин айдоочу, чөбүн чабуучу ж.б. муктаждыктарына жароочу кедей-кембагалдар, малайлар эле.
Ошолор гана чыдоочу, мээнетти мына ошолор ченебей кылуучу. Бирок эмгек акылары ар дайым ойдогудай алынбай, болушаары табылбай, көбү жемин жедирип жиберуучу. Ушундай эзүүлөрдөн чыдай албай айрымдары байдан тайманбай мандай терин, таман акысын доолоого баруучу. Дөөлөттүү байлар манчыркап, аларга ондуу жооп бербей, ич-ара нараазылыктар болгондо арызданып барган бийи да байдын сөзүн сүйлөөчү. Бул макал мына ушундайды туюндуруп турат.
«Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат». Бул макалга дагы үндош: «Баатыр болмок мандайдан, чечен болмок тандайдан», «Баатыр баатырды козүнөн тааныйт», «Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт», ж.б. макал жана учкул создөр биринин мазмунун бири толуктайт. Жоокерчилик заманда эр-азаматтар ез элинин бейкеттугун сактоодо, мисалы, жылкы тийүүдон, чет душмандардын айылды чаап кетүүсүнен, ички аймактыкуурулардан, таң каракчыларынан ж.б. күндесү-түндосү ат жалында, куш уйкуда, таш жазданып, чырм этпей турушкан. Жалтанбай, тике ителгидей жоону качырышкан. Эр намысы үчүн жүрөкторүн калкан кылып, эреолге чыккан. Душманын жерине жеткире кууган. Казак-калмактардын жүрегүно кокталкандай тиийшкен. Кечээки эле тарыхый баатырлар Эр Табылды, Курманбек баатыр, Тайлак баатыр, Жайнак баатыр ж.б. аттары айтылбай калгандар – буга ачык далил. Жоокерчилик заманда доолашуулар, кун телеолор, калыска түшүүлор, адилеттүүлүктү жактоочулар ондуулор арбын боло турган. Мына ошондой шартта чечендер таңдайынан чаң чыгара суйлеп, ар кандай кузаматтуу иштерди бара, козго сайгандай керо, имере айтып, ишти жылчыксыз бүткоро турган. Баатырдыктын кейипкерин уламыштарда Манас баатырга такасак, чечендиктин касиети Жээренче чеченге ыйгаруу менен макал жашап келүүдо.
«Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат». Бул макалга дагы үндош: «Баатыр болмок мандайдан, чечен болмок тандайдан», «Баатыр баатырды козүнөн тааныйт», «Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт», ж.б. макал жана учкул создөр биринин мазмунун бири толуктайт. Жоокерчилик заманда эр-азаматтар ез элинин бейкеттугун сактоодо, мисалы, жылкы тийүүдон, чет душмандардын айылды чаап кетүүсүнен, ички аймактыкуурулардан, таң каракчыларынан ж.б. күндесү-түндосү ат жалында, куш уйкуда, таш жазданып, чырм этпей турушкан. Жалтанбай, тике ителгидей жоону качырышкан. Эр намысы үчүн жүрөкторүн калкан кылып, эреолге чыккан. Душманын жерине жеткире кууган. Казак-калмактардын жүрегүно кокталкандай тиийшкен. Кечээки эле тарыхый баатырлар Эр Табылды, Курманбек баатыр, Тайлак баатыр, Жайнак баатыр ж.б. аттары айтылбай калгандар – буга ачык далил. Жоокерчилик заманда доолашуулар, кун телеолор, калыска түшүүлор, адилеттүүлүктү жактоочулар ондуулор арбын боло турган. Мына ошондой шартта чечендер таңдайынан чаң чыгара суйлеп, ар кандай кузаматтуу иштерди бара, козго сайгандай керо, имере айтып, ишти жылчыксыз бүткоро турган. Баатырдыктын кейипкерин уламыштарда Манас баатырга такасак, чечендиктин касиети Жээренче чеченге ыйгаруу менен макал жашап келүүдо.
«Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер». Адатта, кымыз көпчүлүктүн көңүлү тушкен элдик суусундук. Ал жердин чобу катары бааланат. Бул тамакты меймандос калкыбыз ичсин, суусуну кансын, каны толсун өңдүү маанайда келбери, жайыл дасторкон келишет. Желе турган айылга, конушка түшпөй өтүү элибиз үчүн эрээн-төрөөн. Каалашынча ичип, канжыгасындагы кол чаначка байлана кетүү – өзүбүзгө таандык меймандостук. Ушундан улам «кымызды суусаганга бер, кызды сураганга бер» -деген туюнтма бар. Кыз бой тартып бешкөкүл болгондон тартып, кабарын угуп, коруп-билишке жолдош-жоролорунан алып, үйлөнүүчү жигиттер айыл аралайт. Кыз көрүүгө атайын аттанып чыгышат. Жактырган кыздарына ата-энелери, ага-туугандары жуучу тушот. Куда болуучулары ниеттери топ келсе, макулдашат. Үйлөнүү, үлпөт куруу шарты белгиленет. Макалдын кыскача маани-жайы мына ушундай…
«Келиндин аягынан – койчунун таягынан». Турмуштун жолу ушундай, келин алуу, кыз чыгаруу, тиричиликти жандандыруу, тукумду улоо аракеттердин башаттарынан болуп саналат. «Кызым кандай жерге барат, кандай бүлөгө тушугат. Уулум кандай келинчек алат»… Мусулманчылыкта мурунтан эле «маңдайга жазылды» – деп коет. Келиндин жагымдуулугу, шайдооттугу, төрөп-түшүп, ак этек басып, жабылуу ак инген аталышы – эки тараптын бактысы, таалайы. Бул көңүлдөрүнүн тынгандыгы, сый-урматка эгедер экендиги. Кудалар бири-бирине кадыр-баркы артылганы. Бирок, макал отмо мааниде башканы түшүндүрүүдө. Келген келин анчалык оор басырыктуу болбосо, желпинип айылчы аталса, аягы жер баспаса, жургон-турганы суюк болсо, желдүү көрүнсө, айыл ичинде тескери созго алынса, баарынан да, үйдөгү турмушта октум-соктум коп, чыгаша арбын болсо, ж.б. мүнөздөрү билинсе, мында уяттуу созго илинбейт. Койчунун куралы – ыргай таягы. Кээде ошол таяк сырдуудай каралат. Анткени мал-баш эсен болсо, толу эгиз, жүнү тегиз делсе, койчунун кадыр-баркы артылат. Таяк ак жолтой туюлат. Кеп төркүнүн элей келгенде ушундайча кабыл алуубуз керек.
«Ачууну таттуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз». Кыз
бала – жеринен башкалардын бүлөсү. Ал алые кетеби, жакынга барабы, тагдырынан, буйругунан. Кыргыздар антип жол аралыктарды олчоп олтурбайт. Жакын арадан эле турмуш тапсын дебейт. Тушкон жуучу да ага карабайт. Мыкты бүлө үчүн баарына кайыл. Шарттары туура келсе, куда-сооктордун катташтары, сый-урматтары ж.б.
жагдайларына бул анчалык кымбатка турбайт, кадимкидей шартка карата келди-кеттилер боло берет. «Кол башында коп Бугуда кызыбыз бар», «Чоролук саяктар бизге куда-соок», «Тайаке-тайындары Кеминдик», «Сарыбагыш-Жантайлар», «Кайын-журтум бул эле чүйлүк» ж.б. дайындуу даректердин чоо-жайы – ошол кыздын алые кетсе да, баарына данакер болушу. Ошентип эки тарапка аралыктар анча мааниге ээ эмес. «Кыз баладай болобу, элди эл кылат, жерди жер кылат, жер тамырынан эл тамыры коп болот. Бироолордун тукумун остурот» – сыяктуу кептин торкуну «Алысты жакын кылган кызга» барып такалат.
«Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт». Торкүнү жакын болсо эле, салган тошегу жыйылбай калбайт. Соз кыябында кыздын ата-энелери, ага-туугандары ж.б. жактары чукул турушеа, карым-катнаштарың, баруулары, келүүлөрү, албетте, арбын болот. Күн болобу, тун болобу, эл аягы үзүлбөт. Төркүн басты, төркүнгө барды көрүнөт. Акырын үй-бүлөлүк шарттуу иштерге бул да тоскоол кылат. Ток этээр созубуз макалда ат тезегин кургатпай, төркүн-төсүнө теминип баруучу, жээлигип туруучу ургаачыларга карата айтылган.
«Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан олот». Албетте, сагызган – канаттуулардын ото сагы да, айлакери да, акылдуусу да. Анын бир нече өнөрү, митаамдыгы бар. Тооктун, каздын, өрдөктүн жумурткаларын уясынан билдирбей, эки жакты карап, шакылыктап ташып кетет. Аттын жорун көрсө, соорусунан тушпойт. Тумшугу ото шиш келет. Сагызган – кыраан куш. Мүнүшкөрлөр сырын билип, кеп жасоо аркылуу таптаса, айбанаттардын коздорун чукуп алат. Үндөккө да, тапка да бат кирет. Сагызган жонундо жалпысынан мына ушундай мүнөздөмө берүүгө болот. Эми мунун отмо маанисине келеек, адамдарга багышталат. Коомдук мүлктү отоп-бутап, жеп-ичип тургандар калп эле журт козунчо сактанымыш этип, казандагы кайнап жаткан ашка колун салган сугалактар эске келет.
«Элдүү түлкү ачка өлбөйт». Түлкү – айбанаттардын митаамы, айлакери. Адам таппас жоруктары бар. Буйтап да, жазгырып да кетет. Ал оозеки адабияттарда, айрымдардын эскерүүлөрүндө ж.б. жерлеринде да айтылып келуудо. Ал эми адамдарда мына ушундай айлакерлер, акылдуулар, митаамдар коп жолугат. Эл маанактеп, көрүнгөндөрдүн ичи-койнуна кирип, айрымдарды алдап да, кээлерине чын эле жүрүш-турушу аркылуу жагып алат. Өз оокаттарын тың кылып кетүүлор арбын кездешет. Макал мына ошондойлорго арналат.
«Балтыр бит башка чыгат». «Биттин жүрбөгөн жери жок» -деген кеп бар. Бирок, соз башка багытта баратат. Мында дөөлөттүүлөрдүн, мансаптуулардын томаяктарды, кедей-кембагалдарды кемсинтүү, мазактоо, төмөн саноо, келекелөө мааниде айткандарына барып такалат. «Буларды үйге киргин десек, дароо улаагаңдан терге етет, теңтуш болуп алат, сый жарашпайт» – деп, озулорун жогору саноо -сыяктуу тушунукторду ичине камтыйт.
«Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы». Кыргыздардын мал чарбасы тууралуу накылдары, макал-лакаптары арбын. Малдан алынган азык-түлүктөр-элибиздин жашоо-тиричиликтери. Малды мал табат. «Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет» -дейт. Ошол мандайга бүткөн бештүлүктү (төө, жылкы, уй, топоз, кой, эчки (кээде терт түлүк дейбиз)). Ага тее, жылкы, уй анан кой-эчки бир айтылат. Төлдөтүү, конуш которуп, жаздатуу, жайлатуу (жайлоого чыгаруу), күздөтүү, кыштатуу, кечуп-конуу, тоюттоптоо, короо-сарай даярдоо, м.а. малды асыроо оңой түйшүккө жатпайт. Демек, тапкан бирөө дейли, ал оңой, ал эми анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, дайыма мал күтүү баарынан кымбат мээнет болуп эсептелет.
«Эшигин керүп, төрүнө өт, энесин көрүп, кызын ал». Меймандостукту туюндурган, жана салттуулукту шартташтырган бул накылда негизги сездун мазмуну эненин кызга күндөлүк таалим-тарбиясына барып такалат. Кыз бала – эртели кечтир башканын бүлөсү. Жеринен үндөктөлүп барган кыз, кор болбойт. Орун-очок алышы баарынан зарылчылык. Эне озу да дал ушундай турмуштук тийиштүү жолду басып еткен. Аны кызына мурастайт. Жакшы уй-бүлө кирип-чыккандарга озунчо жылуу сезимди берет. Маданияттуулукка үндөйт. Өзүнчө тартылуу кучке ээ кылат. Суктануу пайда болот да, мындайлар менен куда-соек болгулары келишет. «Энени коруп кыз өсөт, эжени көрүп сиңди осот», «Аганы коруп, ини осот, эжени көрүп сиңди өсөт» – өңдүү макалдар бири-бирине таасын үндөшөт.
«Бакыр киши паанада»
Бакыр киши-езтиричиликтерин жасап, малы бар, жаны, даны бар – дегендей биреелер менен иши, ыры-чыры жок, кудай момун катары жургендер. Паана – эл ичин маанектоо. «Бир кудай өзү паана» – дейт эмеспи. Албетте, тынчтыкта алдымы-жуттуму, куудум-шуудуму жоктор да, каада-наркты да, салтты да, урп-адатты да, элдик жөрөлгөлөрдү эл катары сактаган, женекой, коңур адамдар. Бакырчылык – журт арасында катардан калбай жашоо, кесип кылуу…
«Ат уяты – сатуу, кыз уяты – тартуу»
Тартуу – бирдемелерди бироолорго сый катары беруу. Мыкты жылкылар, аксакал аттар, жорголор, күлүктөр сатууга чыгарылбаган. Сыймык катары минилген. Салынып, чабылып, озунчо баркка татыган. Кыз, күлүк, ат, жорго, ырчы, чечен, санжырачы көпчүлүктүн кырында турган. Албетте, чоң-чоң дубандын нараазычылык, кузаматтык ж.б. ырбап кетуучу жайлары бешкөкүл кыз берүү аркылуу андай коогалуу иштер тынчтыкта бүтүүчү. Негизи бой тартып, бойго жетип, болукшуп турган ургаачыга «кыз
тандоо» расими болуучу. Жуучу тушуучу, эки тарап сүйлөшчү, кеп-кеңеши бүтсө, болжошкон чакта, отуз кун ойнотуп, кырк кун кыңшылатып, жол-жобосу менен шаң-шапатта колдон аткарууга не жетсин. Кызды тартуулоо – барымталоо, эрксизден аткаруу, эркинен бузуу, сүйгөнүнөн бөлүү ондуу жагдайын да тузуп атпайбы!?
«Өлө албай жатып өлөң айтат». Өлөң- казакча ыр. Өлөң айтуу – ырдоо. Сүйүмбай, Жамбыл, Кенен, Үмөтаалы, Майкот сыяктуу казак элинин акындары өлөң айтуунун чеберлери болгон. Өлөң ыры көбүнчө торт муундан турган, домбуранын коштоосу, же оозеки түрдө да, аспап менен да, аспапсыз да ырдала, айтыла берген. Демек, мындай таланттар баркталган, даңкталган. Сөздүн отмо мааниси айрымдар бар, чамаа-чаркы чак. Колдорунан эчтеке келбейт, жарутылуу бирдеме жарата деле албайт. Анан эле оозу менен орок орот. Алын билбей иш кылуучуларга, өпкөсүн көптүрүүчүлөргө бул макал мисал боло алат.
«Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт». Жылкыны тай кезинен үйрөтүп минет. Колу түшпөсүн деп анда аяп минет. Балдардын мингичи болуп саналат. Жаш немени алыска минүүгө жарабайт. Бирок бара-бара жер таанытууга, жанча минүүгө үйрөтөт. Ансыз мал да майболпоч болуп калат. Тоо-ташты, адыр-белестерди, ашуу-дабандарды арткан жана ашкан мал созсуз бышык келет. Ал эми эр-азамат болсо, эл ичинде жамандыкты-жакшылыкты корот. Эл-журттан сырткары да журот, кагылат-согулат. Анан эсине, акылына келет. Көргөнүн-билгенин көңүлүнө түйөт. Жамандык-жакшылыкка аралашат. Башынан откорот. Турмушта сүрдүгөт, кайра оңолот. Жашоо-тиричиликти оз колу менен кармап корот. Бироолордон уйронот, бироолорго үйрөтөт. Анан кадимкидей адам болуп чыга келет. Макалдын мани-жайы мына ушундай.
Адамдын бери караса жүзү, өңү көрүнүп турат. Жүз көрүшүү, жүзүң көрсөтпөө, тик карабоо, артын салуу-салбоо сымал салттуу жагдайлар бар. Жүз – пенденин жарык маанайы. Ушуга карата да мүнөз, ички дүйнө аныкталат. Бул макалдагы сөздүн мааниси башкага бурулат. Бирөөлөрдүн бирөөлөргө иши түшөт. Айрымдар аласалуу-береселүү болуп да калат. Карыздар оно албай, аны өндүрүү кыйындаган учурлар да бар. Козу бардагы, көзүжоктогу мамилелер бирдей сезилбейт. Адатта, өңдү көргөндөгү байланыштар бирдей болбойт. Адам жүзүн көрсөткөн соң, береселүү адам тайсалдай түшөт. Берүүгө моюн да сунат. Убарачылыгы бар жерге өзүң барып тындыруу керек. Ken оролу мына ушул тууралуу болуп отурат.
«Бокторүп кетүү»
Бөктөрүнчөк-эр эңиште(эр оодарышта) аттын соорусуна тоголоктоло коюлган корпоче. Ал оюн учурунда эр үчүн өбөк, жөлөк. Өтмө маани бөктөрүү – «эр эңиш» оюнундай башка бирөөлөрдү да жеңил-желпи бөктөрүп кетүүсү болуп атат. Т.а. адамдын өтө тыңдыгы, мыктылыгы. «Эр эңиш» оюнундай көрүп, образдуу айтканда, бирөөлөрдү артына «бөктөрүп» алуу-чудай күчүн билдирет.
«Колдо бар алтындын баркы жок»
Албетте, алтын – бардык түстүү металлдардын эң кымбаты, өтүмдүүсү. Андан ото асыл нус-калар жаралат.
«Алтынды болсо дат чалбайт, Алты жыл жерде жатса да. Жезди болсо дат чалат, Сандыкка салып катса да». (Эл ыры)
Деле колдо турган алтындын баркы, наркы кантип артылбасын, бааланбасын. Ал байлыктын чордонун тузет. Мында айта турган ой башкада, кобунчо пендечиликке карата багышталат. Айрым адамдар укмуштай эрдиктердин тузуна татыйт. Зор натыйжаларга ээ болот. Бироолордон айырмалуу ийгиликтери бар. Тируусундо ага на-зар ташталбайт. Жарыкдуйнодон кочет. Оо, бирчактары анын эле-си, эмгеги кайрадан эл алдына козголот. Барктай, даңктай башта-шат, буга мисал коп. Макалдын отмо мааниси мына ушундай…
«Чүкөсүн белок жыйнап». Кыргыздарда чүкө оюндары коп. Бироолор утат.бироолор уттурат. Уттургандардын чүкөлөрүн уткан-дар озуно менчиктеп жыйнап алат. Албетте, бул оюндун шарты. Отмо маанисине келеек, олжого ортоктош, оюнда оноктош болгондор кээде өзүнчө жыйнап, башкаларга тап жылдырбай, беришп’ей калат. Ынтымак-ражадан бөлүнүп чыгат. Кеп кыябы так ошондо өзүмчүлдөр, жекече байлыкка умтулгандар тууралуу болууда.
«Тегин жерден орт чыкпайт». Арийне, ар нерсенин чыгуу за-рылдыгы, муктаждыгы, мүмкүндүгү, кокустугу жаралат. Бир нерсенин жаралышы үчүн экинчиси себепкер, андан орт чыгышы да ыктымал. Орттоп таштоочу учур да болот. Бул макалда мына ушундай шарттарга тогоп, айтаар соз, адамдардын жашоо-тиричилигин-де карасанатайлар, короалбастар жолугат. Жамандык кылуулар, ж.б. терс көрүнүштөрдүн чыгуу себептери бекеринен эмес, сөсүз анын төркүнү бар өңдүү ойлорду эл отмо мааниде туюнтуп атат.
«Аш ичсең, акылың менен». Сыягы кийинки чыккан макалдар-дан болушу керек. Ошон үчүн мунун отмо мааниде эки түшүнүгү бар. 1. Ичкен ашың сиңимдүү болсун, макирөө кылба, тамакты макироо кылуу, ал арам тамак дейбиз. Буга кошумча бироонун эмгегин жеш, коомдук мүлккө кол салыш – бул да арам, макироо тамак.
2. Макал арак-шарапка барып такалат. Арак ичүүдө жагымсыз создор козголот. Кер-мур айтышуулар, уруш-талаштар жүрөт. Улуу-кичүүнү көзгө илбөөлөр болот, кусуп-чычууларга чейин барышат. Ошон үчүн ушул накылды эрксизден айтууга туура келет.
«Шай кеткенче шыңкыткан, Өзүбүздөн көрөлү. Ар бир тамак кыйын го, Ашык болсо ченеми. Челектеп ичпей, курдаштар, Ченемине көнөлү». (Байдылда)
«Алып алтоо болбойт, берип бешоо болбойт». Бул – ич-ара катнаштыкты, санаалаштыкты билдирет. Мындай мамиледе эки та-раптын бирин-бири түшүнүүлөрү, алыш-бериште алардын ыраазы-чылыктары, тең кароолору. Ынтымак-ырыска мындай сапат, тотон, куда-сооктердун, дос-тамырлардын, т.а. катышы бар адамдардын арасында болот.
«Адам болуш аста-аста, айбан болуш бир паста». «Адам болуу баарынан артык». Атанын баласы болгуча, адамдын баласы бол
· дейт. Демек, эң эле кымбат жердик адамзат. Андан улук, кере-меттүү, касиеттүү нерсе жарык жана жалган дүйнөдө жок. Ошончо-лук улуу нерсенин изден тайбай төрөлүшү, чоңоюшу үчүн убакыт, тарбия-таалим ж.б. сапаттар зарыл. Анан барып, адам атка татыктуу болот. Ошондон соң, «адам болот деген ушул», деп түшүнөбүз. Муну ачып козду жумгуча булгап айтуулар чыгат. Бир соз менен ал «айбан болду» – деп коет. Буга «Кожо болуу кырк жылда, ленде болуш бир кундо» – деген макал даана үндөшөт.
«Мал бир жуттук». «Байлык колдун кири» (макал), «Кедейлик кемтикэмес» (макал). Албетте, Кыргыз Ата малы-жаны менен мак-танат. Малды боор этиндей корот. Мал – байлыктын ата башы катары каралат. «Карынбай малга тойбоптур, Улукман жашка тойбоптур»
· дешет. Жыл жакшы болгондо мал толу менен дүркүрөп осот. «Малым бар»-деп мактанат. Жутжылдары койчумандар жалгыз таягын кармап калат. Ага кардын калың түшүшү, көчкүнүн болушу, колдо тоюттун жоктугу, малдын жерден от ала албай калышы, кок мээ, ылаң, сакоо, сарыолко, котур, карасаң, түйнөк, кара жамаа, кара опко, ж.б. дартка чалдыгышы – баары биригишип келип, «жут» деп айтылат. Ушундан мал кырылат. Ага да кайыл эл «баш аман болсунчу, мал бир жуттук» – деп коюшат.
«Жакшы мал-жанга аралжы». Күлүк, жорго, омоктуу, аркалуу мингич, сүттүү уй, эгизчил жандык, кыскасы, короо ичинен кезго бөтөнчө көрүнүп турган малдан чыгаша чыкса, кыргыздар «бала-ба-кыранын башына садага, ушунуку менен кырсыктан, балакет-балаа-дан оолак калалы, мындан ары мал-баш эсен болсун» – деп, ага кейип-кепчишкен эмес. Бул макал отмо мааниде да, оң мааниде да ушундай элдик ырым-жырымды туюнтат.
«Жарга жамаачы болбо»… Адатта, адамдар бири-бири менен аласа-бересе үчүн доолашат. Моюндарына коюуга ич-ара жүйөөлөшөт. Ошол шартта үчүнчү адам ортого кийлигише түшсө, бирөөсүнүн талабын талашеа, жогорудагы соз отмо мааниде колдонулат. Мунун экинчи түшүнүгү: «Куюшканга
кыпчылган боктой болбой» ары турчу, сенсиз деле өзүбүз че-чишип алабыз», – деп коюшат.
Жеке басардык
Бул – адамдардагы терс коруНуштордоН-Өзүмчүлдүктүн өтө одоно көрүнүштөрүнүн бири. Анын бир түрҮ-Бийлик, байлык жана башка көзгө көрүнүүчү, көңүлге түйүлүүчҮ сапаттардын баарын өзүнө үйүүчүлүк.
Биринчиден, мындайлар жеринен жашоо-тиричиликтИ жүргүзүүдөн башталышы ыктымал. Уяда эмнени көрсө, учканд3 ошону алаары белгилүү. Тарбия-таалимден башталышЫ. калыптанышы, ал адатка айланышы шарттуу көрүнүш.
Экинчиден, мындай сапаттар анын канында да дүрбөшү, ата-бабаларынан бери келе жаткан жоролго да болушу мумкун.
Үчүнчүдөн, мансапкордукта адамзат пендесин андай жагдайларга биротоло оодарып жиберүүсү да себепкер.
Төртүнчүдөн, байлык, кор дүнүйө айлана-чөйрөсү ушундай абалга түртөт, жекесе ар-намысынан, оң сапаттардан кол жуудуруг1 коет. Арийне, байлык, бийлик, терс жүрүш-туруш бар жерде адамдз мындай күрүнүштөр боло берген, боло берет, болот.
Көрүндө өкүргүр
Бул каргыштардын каргышы. Түщүнүктө адаМ баласы жантаазим кылат. Түбөлүкжайына алып барып, кеомп коет-
Ошондо «тирилип», караңгы көргө түшкөнүн, кайра чыкпасын билип, айкырыкты салат имиш. Арийне, мындан артык кордук болобу?!. Ачуу создун мааниси «Сен да так ошондой абалга келип кал, елгондон кийин да тим жатпай, аламаатты көргүнүң», – деп каргоосу жатат. Мындай каргыш тим эле ооздон чыкпайт. Журт бузаар, куйту, алдамчы өндүүлөргө карата жан кашайганда айтылат.
«Өлүмтүгүн артып»
Өлүмтүк- каза болуучу адамдын кепини, айрыла турган жыртышы, ж.б.ларына керектелүүчү бирдемелери. Эми соз маанисине келеек, айрым адамдар бирөөлөргө өзүн милдеткор, саласал кылуусу, карандай эле догурунуу, кайра-кайра сурап тажатуу, болгон бирдемелерин аткарууга жоопкерчилигин жүктөөсү. Т.а. ал непада бул жарык жана жалган дүйнөдөн кайтса, өлүк карызынан өйдө куткаруу кызматын бирөөгө тапшыруусу. Башкалардан артык өзүн байлап коюучулар, озунен кокон тыйын өнбөөчүлүк. Бирөөлөрдөн артык кун көрүүчүлүк, уят-сыйытты жыйыштырып коюучулук.
«Эсери болбой эл болбойт»
Журтчулукта ар кандай пенделер бар. Мүнөздөрү бири-бирине окшош сымалдар жана башкараактар да жаралат. Мисалы, дервиш, селсаяк, кемакыл, жинди, зөөкүр өндүүлөр бар. Эсер – эл арасында жүрүшкөн ошолордун жалпы ата-лышы. «Кой аксак-тескеги менен миң» – дегендей, мына ушундай адамдары аркылуу эл-журт болуп саналат.
«Отузуңда «ордо» бузсаң, кыркыңда кырдан аша албайсың»
Ордо-элдикчүкө оюну. Ал кыргыз аймагында тортдубанды бирик-тирүүчү жайларга чейин кызыктуу ойнолот. Ордо бузуу – топ бузуу. Т.а. Борбордо бөктөлүп жаткан кеп чукону абалак же томпой менен атуу аркылуу чачыратуу. Демек, эр жигит отуз жашында ошого араң жараса, кыркында кайсы иштин тыянагын чыгарат. Эмне жасап кый-ратат. Кайсы муратка жетет сымал ойлорду етме мааниде, жылды-руу аркылуу айтып отурат.
«Жаман иттин аты – Берубасар, жаман адамдын аты Кыдыр-назар»
Арийне, жакшы тилекте, илгери үмүттө адамдар ар кандай энчилүү аттарды кое беришет. Кеп атында эмес, затында дейт. А мында етмо мааниде, атына карата заты болсо? өңдүү ойду айткы-лары келишет.
«Жандоочу кийик аттырат»
Элде «устанын шекити», «уздун үйренчүгү», «жолбашчынын, колбашчынын шакирти» дейт. Ушул сымал жандоочу – мергенчинин шериги. Мергенчи тозотто отурат. Шериги ыңгайын таап, кайберендерди, ж.б. айбанаттарды ага айдап берет. Ал атат, ошентип, олжого туйтунушат. Мында соз теркүнү туз мааниде айтылып отурат. Ал эми етмо мааниде бир иштин бүтүшүне экинчи биреелер себепкер, данакер болот. Соз нугу ушул жонунде баратат.
«Бойроктөн шыйрак, бөдонодон куйрук чыгарган»
Турмуш-та бойрок шыйрак эмес, шыйрак бойрок эмес. Экое эки башка орган. М.а. экое эч качан бири-бирине отушпойт. Ошондой эле бодонодо болоор-болбос жожодой куйрук билинет. Кеп мааниси айрым адамдардын орунсуз журум-турумдары, жасаган тескери аракет-кыймыл-дары, обужоктук, олдоксондук корүнүшторү тууралуу отме мааниде айтылып калган.
«Бээ» десең «төөгө» кетет»
Ургаалдуу сөздү, бир окуяны айтып баратып, капыстан башка маанидеги сөзгө, окуяга түшүп кетүүсү. Кеп маанисин түшүнбөөчүлүгү, сөздү угууда жана айтууда чалакай-ымдыгы. М.а. окуя бир гана бээ-жылкы жөнүндө айтып жатышса, аны коюп төө тууралуу айтып отуруп алуусу. Кеп-сөз айтуунун шарттуу-лугун билбегендиги ушул өтмө мааниде түшүндүрүлүп атат.
«Касам ичкенсип»
Бул ич-ара убадалашууну так кылуу. Муну ант деп да коет. Демек, касам ичүү, б.а. антташуу, касам ичүү -аяктагы тамакты ак бата аркылуу кадимкидей жутуу. Шерттен жан-боо. «Антташкан», «шерттешкен» бир эле түшүнүктү берет. Аны бузуу – чоң айыпка жыгылуу. Кудай Таала алдында кечиримсиз, чоң күноого батуу. 2. «Ант ичкенсип» – кээде берген антка турбагандар-дын каргышка калуусу, жүдой түшүүсү.
Боз койдон жоош, ак койдон аңкоо корүнүү»
Албетте, бештүлүктүн ичинен койдун асылдуулугу ото артылат. Теңиз бироолорго зыяны жок пенделерди кой маарек, кой оозунан чоп ал-багандарды койдон жоош деп коет. Ал эми бул макалда, тескери-синче, кылгылыкты кылган, кыл жип менен чымырата бууп койгон. эл-журттан чыккан шылуундар, кескилер, жалаң жамандык кылуучулар. Т.а. бардык кыянатты жасап, корсо, кормоксон, билсе, бил-мексен болгондор мында отмо мааниде айтылып жатат.
«Байдын уулу айраның, айраның болбосо чыгаар эле ойронуң»
Албетте, байдын, кедейдин жашоолору жеринен болуп келуучу жоролго. Мында кедейдин байга коз карандылыгы тууралуу кеп коз-голууда. Демек, жумушун кылып, айранын ичип, даамын таткан неме байга акарат айта албайт. «Куп» деп турушу зарыл. Муну ушул мааниде түшүнүү зарыл.
«Жерден жек чыкты, эки кулагы тик чыкты»
Бул – терең мааниде айтылуучу сез. Жек – «желмогуз», «тириукмуш», «алаа-мат» алып келуучу. Белүп жарылуучу немелерди мына ушул макал аркылуу отмо мааниде туюнтушат. Тынч жаткандарга фашис-ттердин кол салышы, дүйно элдеринин азап-тозогу буга айныксыз далил боло алат. Бироелерго коо жаап, журтчулуктан саясий айып таап, жок кылуучулар коп болгон. Бул макал ошолорго ж.б.у.с-ларга арналат.
«Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боеп»
Боекчу атасынын сакалын кантип боемок эле. Мында да отмо мааниде айтылып атат. Кезүно корунгонду кобойтуп, бирдемеге окшошту-
руп жасай беруулор бар. Ал аракеттери эчтекеге татыбайт. Баага отпосо да, «кыйынсына» беруусу ушундай макалдын чыгышына себепкер болуучулар…
«Атанын малы балага опо болбойт»
Ата-эне коону балада, баланын коону талаада. Бала озунун баласы тууралуу ойлойт, кам корот. «Балам, балалуу болгондо билээрсиң» – деп коет. Бирок, ата оз муунуна козу откондо кор болбой оокат кылышына мал-мулк калтырат. Аны бала ирээттүү куто билеби? Атамдын мага калтырган уйу-жайы дейби? Муну озундой асырай алабы? Андай-лар мумкун, бардыр. Анткени менен атанын мандай тери, таман акысы менен баланын мандай тери менен таман акысы бирдей бааланбайт. Аныкы арзан, озунуку кымбатка турат. Т.а. эмгектен-ген адамдыкы жогору, даана тузга татыйт. Бирок, бала бакыра албайт. Озун башкача сезет. Ошон учун ата эмгеги жеңилдей ту-юлуп, ал байлык арзан ондурулду болот да, коромжуга учурайт. Анча нал бербеши ыктымал.
Табанаак эрден, тубанаак бээ өтөт»
Эр – эркек, эр – буле ээси. Алардын табышкердиги ар кандай елчонет. Ушуга карата та-бышкер, олжолуу, жатыпичээр, жанбакты, жалкоо ж.б. адамдарга болунот. Ал эми бээ жылына тууйт. Алар ич-ара тукумдайт. Тулпар да, кулук да, жорго да бээден чыгат. Кымызы адамдын каны, эти кыргыздын жаны. Демек, коокор эмчек бээлер озу эле бир сабаа кы-мыз болот. Бээ улам жашаган сайын сутун демейт. «Жарашат кандай желеге, жайкалтып кулун эмизген», – деп бээлер желенин, уйурдун да корку. Т.а. мына ушундай жагы жогору бааланат.
«Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат»
Малды айдоо-нун да озунчо бир ыкмасы бар. Мисалы, жылкыны «чу», «так», ча-кырса – «кыруу-кыруу» дейт. Уйду, топозду «еш», чакырса – «мо-мо» – дейт. Койду «кош», эчкини»чек», деп айтат. Макалда ошол адамдын кур дымагын корсотуп турат. Үйүр-үйүр жылкы, күтүрөтүп бодо мал айдап бараткандай өзүн өзгөчө сезүү, т.а. анын көйрөндүгүн, мактанчаактыгын, элди дүрбөткөндүгүн билдирип коюусу… Ышкы-рып айдоо-жылкы айдоодо болот.
«Үйүнө жакын иттин куйругу чагарак»
Кабанак иттердин куй-ругу чагарактап, жондору дүктүйө чыгып, короого, уйго адам жо-лотпойт. Макалдын бир мааниси, айрымДар айылында, элинде, үйүндө кыйынсынышканы, баатыр, эржурокболушканы менен ко-лунан анча эчтеке келбейт. Үйдө баатыр, жоодо жок көрүнөт. Айылы, үйү үчүн пайда-батасы бир аз болсо да, эли-журтунун керегине аттанып туше албайт.
«Ала карганы атынан чакырат». Журт-езу калыс. Ак, караны алар ылгашат. Баатыр, эр, эпкиндүү, жалкоо ким? Кыраан, алгыр, чабал кайсы, эл өзүчыныгы бааны берет. Макалда кимдин кимдигин даана өзүн айтуу тууралуу сез баратат. Жакшыны жакшы, жаманды жаман, түзүктү түзүк, акты ак, караны кара – деш парз. Демек, ала кушту оз атынан эле чакыруу керек.
«Арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат». Арстан -жырткыч, азуулуу жаныбарлардын сүрдүүсү. Ал чалып, т.а. азуусу менен душманын жара тартып коет. Аны «арстан чалыш» дейт. Ал эми адамдарды да арстанга салыштырат. Тотен, эзүүчүл, чөйрөлөрдө бирин-бири ичтен пасташуу-басынтуу бар, айрымдарды артыкча көкөлөтүү же таптакыр жок кылуулары туюлат, ж.б. жагдайлары, уруу билермандарында коралбастыктар, атаандашуулар коп болгон. Мисалы, күлүк ат көпчүлүктүн коз кырында турат. Ага, дубанды бузган жорго, сулуу кыз оңцүүлөргө суктары тушуп калса, анын баркына жетеби-жетпейби, акыры аны колго тийгизүүсү, намысын колуна алу-усу керек. Макал ушундан улам айтылат. Алар өзүлөрүн чалган ошол арстанга салыштырат. Бирөөлөрдүн убалына карашпайт…
«Ат баспайм деген жерин үч басат». Адатта, алые жерди ат арытат, ат арбытат.Кыргыздар алыска аттанаарда алдына ат шай-лаган, үстүнө тон камдаган. Тар капчыгай, таштак жолду ат аркылуу откон. Мынданат барбаган, адам корбогон жер жоктой. Мындан адам да барбайм деген элин, жерин уч, андан да кеп басат оңдүү корутунду чыгат.
«Мал ээси менен, баш мээси менен». Уюткулуу калкыбызда мал-башка ошол уйдун ээси эгедер. Союуну-коюуну, бир жакка берүүгө үйдүн ээсисиз калган үй-бүлөсү бийлик жүргүзо албаган. Мурунтан чукталып койгон нерсеге гана үйдүн зайыбы кийлигише алган. «Атаң айткан», «Атаң айтып кеткен, өзүңөр билгиле» -деген. «Макул болгон» өңцүү ыраазылыктар аркылуу беркилер бийлей алыш-кан. Албетте, бул үй-бүлөдө ич ара сыйлашуу. Үй ээсинн пир тутуу-су, чыгыш мусулман элдеринин ыйманы, адеби, ырыс-кешиги… «Баш мээси менен», мейманга жандык сойсо, баш тартат. Баш сыйда мүлжүлөөрү менен баш мээси алынып, сорпого эзип, туураган этке (нарынга) кошулат. Ал тамактын даамын чыгарат.
«Балык башынан чирийт». Мында создун чоо-жайы адамдарга чаап турат. Б.а. мансаптуулар, улуктар өзүлөрү заң-мый-замды бузуп, башкаларга таба болуп жатышы, эл алдында уят-сыйыттан кетиши тууралуу билинип отурат. «Алар минтсе, калың эл кантмек эле» – деген бутум чыгарышат. Ал эми балык башы-
нан бузулабы же башка жеринен жыттанабы? – Аны илимий жак-тан изилдеп аныктаган жок.
«Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман». Адам баласы ар нерсени корот, оз кулагы аркылуу угат. Ошолорун бироолорго айткысы, угузгусу келет. Ар кими эле бир мааниде көрө, уга билбейт. Кээлери аны терс угат, айрымдары оң угат. Бирдемени айткан адам жаман көрүнүп калышы да ыктымал. Чындыкты, адилдикти айткандар ушул макалды өзүнө-өзү нааразы болуп айтып коюулары да бар… «Укканымды жана көргөнүмдү бекер айтыптырмын» -деши ыктымал.
«Нысапсызга кашык салса, беш ууртайт». Нысапсыз – суга-лак, топуксуз адам. Илгери табак-аяк тартыш чакта жарма кылса, (сут жарма, буудай жарма, кара жарма, сорпо жарма, таруу жарма, конок жарма ж.б.) кесме кылса, бир табакка (жыгач табакка) куюп, беш-алтоону бир каратып, ар бирине бирден жыгач кашык берип кою-учу. Кээде бир тобу бир кашык менен да ичишкен.
Табактагы даам баарынын тең ырыскысы. Ирээттүү ичиши керек. Макалдын чоо-жайы сугалактар, топуксуздар, тойбостор тууралуу баратат.
«Тулпар тушунда, күлүк күнүндө».
«Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт дейт тулпар тушунда.
Турмушка өчпөс из калтыр,
Туягың бүт үн учурда». (Байдылда)
Адам турмушунда оомалуу-төкмөлүү учур коп кездешет. «Тери тондун ичинде, тердесин жигит өлбөсүн, куур тондун ичинде куура-сын жигит өлбөсүн» (макал). Чындыгында, бул накылдын артында «куурардын жыргалы бар» деген туюнтма жатат. Ошондо биз ар нерсенин оз доору, гүлдөө учуру болоорун билебиз. Ар бирибиз жаш кезибизде бир жолу дуулдап, күүлдөп алганбыз. Эл башында чычайып турган адам ал доолоттон ажырап, катардагы адамдардын арасында болуп калат, ошого карата сыпаттоо тура! Анын доору откон, эми баланчанын доору журуп жатат-дейбиз. Негизиошон-
дой чакта пайдалуу етеелүү иштериң келечектеги муундарга же-тиш керек. Айрымдар «Ой, ал күркүрөп турган, кул челип турган учуру болгон» – ондуу сыпатоолор айтылган. Учуру келип «куу алып турган» чакта келечектуу касиеттерге ээболуубуз зарыл.
«Кол ийрисине тартат». «Айылдаштын аты чыкканча, аталаш-тын тайы чыксын» (макал). Мында сөздүн маани-жайы адамзаттын кол күчүнө барып такалат. Адамдын колу сыртка тартууга Караганда ичке имере тартууга ийкемдүү да, күчтүүда келет. Ал отмо мааниде
«кол ийрисине тартуу» болуп, «жек-жаатына, урук-туугандарына, кайын-журтуна, жердештерине, дос-тамырларына көбүрөөк көңүл буруучуларга, аларга дайыма кайрымдууларга карата айтылып келүүдө. Колдон келсе, мындай болбой калыс жүрүү, баарына бир-дей мамиле кылуу – адамдык сапат, кудайга жагаар иш.
«Кой үстүндө боз торгой жумурткалап».
«Канчалык болсун заман сур, Кайраттуужүргүн Амантур. Өлкөбүз өсүп өзгөрөт, Өзгөргөн кезди көз көрөт, Канатын элеп боз торгой, Уясын салат эртелеп, Кой эмес, кочкор үстүндө, Жумурткалаар кез келет». (Байдылда)
Бул – адамдарга карата отмо маанидеги тушунук. Береке-бей-пилди, толуп-ташканды, бардар-бакубаттыкты, кемибес-берешен тур-муштун ооматын билдирет. Баардыгы жыргалчылыкты коруп жаткан-дай. Динге байланыштуу макалдын чыгышында акылга сыйбаган, кыялданууда билинип турат. Бул эмгек гана бакытка жеткирээри тууралуу сез болбой эле, уламыштарга барып такалганы баамдалат.
«Эр тайын тартат». Бул – алкоого, кадырлоого алынуучу на-кыл. Баланы асыроо ичте пайда болгондон баштап, аны багуунун күндөлүктарбиясы башталат. Ойдогудай тамактануу (тал гак болгондо талгагын кандыруу зарыл. Талгак тууралуу езунче кеп). Өз учурун-да эс алуу, оору-сыркоого чалдыкпоо, кайгы-капага тушукпоо, кара-жанды карч уруп, анча кейитпөө, оор жумуш жасабоо, ичкилик ичпее, терс жакка баспоо, кыскасы, езу самаГандай жашоо – баланын ичтен жетилүүсү үчүн зор мааниге эгедер. Төрөлгөндө ымыркай чыйрак чыгат. Андан аркы чоңоюшуна өзүнөн-өзү шарттар түзүлөт. «Курсак-тагы балапан, асмандап учкан куш болот». Ал кандай экенин ичтеги уясына да байланышат.
« Уулу кыраан төрөлүп,
Ууга бышкан жатыны.
Уламадан сез тапкан,
Ургаачынын акылы». (Ж. Бөкөмбаев)
Каныкей энебиз мына ушундайча айтылат. Кыргызда «чыккан жери мыкты», «төркүн-төсү сыйга татыктуу адамдар»… Албетте, бул элдик баа. Анын жээнди тайындарынын колдоолору, сүрөөлөрү, өзүлөрүнүн таасирин тийгизүүлөрү да эр жигитте, ушундан улам жогорудагы макал айтылган.
«Жээн эл болбойт, желке тон болбойт». Жээн – кыздын баласы. Ал тайата, тайэне үчүн небере болуп саналат. Анткени чыккан кыз чийден сырткары. Ошондуктан, кызды бирөөлөрдүн бүлөсү -дейбиз. Демек, андан туулган баланын эл-жери башка. Жээнди тайаке-тайыны баккан учурлары да бар. Тайатага, тайэнеге жээн-небере – өзүнүн уулунун балдарындай эле сүймөнчүлүккө эгедер. Ошондой көрүшөт, ойдогудай мамиле кылышат. Бирок эркек бала эл-жерин, кыз бала өз төркүнүн таппай койбойт. Себеп дегенде, каны башка, жаны башка. Кыргызда «тентиген, тербиген» «бироонун элин-де кул» өңдүү сездер менен урук, уруулар кошо акарат катары ай-тылган учурлары бар. Мисалы, «тентиген саяк», «сарбагыштын кулу», «элиң-жериң солтону тап» сымал ачуу кептер эртели-кеч эл ичинен айтылышы ыктымал. Буга улуу эпостогу Семетейдин Бу-карга тайаке-тайынына барышы, ал жакта чоңоюшу, ойноп жургон жеринде ыза болушу, акыры Таласка кыргыз элин таап келиши ай-кын далил боло алат. ч
Теринин жалаң желкесин кесип алып, челдеп, өңдөп, боеп эч ким тон бычкан эмес. Натыйжада, ал «моңолдорго жээн», «Тыным-сейиттин жээнинен торолген бала», «жээнибиз келди, жээн аяк кар-майт» өңдүү ой-максаттар нарктуу да, салттуу да туюлат. Ошондуктан, «жээн келди – жети беру келди» – дейбиз. Ал ала да, жула да билет. Анткени ал эненин кадыры. Жээн энесинин төркүн тарабын алыс-жакынына карабай, жаштарына карата тайата, тайэне, тайэже,
тайаке, тайжезде, тайжеңе деп айтат. Анын бир гана түшүнүгү бар. Энесинин төркүндөрү эркелетет. Ал келгенде ез жагдайына ага бир-деме энчилешип турушат. Анын ата башы тай ээнчилейт. Ошондон улам «тайаке-тайын» дейт. Демек: «Тай энчиленген жерим, тай мин-гизген элим», – деп турушат. Деле бирөөлөргө тай энчилое так ошол жээндерге берүүдөн калыптыр. Т.а. кыз төркүнү үчүн кандай кымбат болсо, анын балдары ошондой баркталат, ардакталат. Улуулардан уккандарга Караганда неберелерине деле бирдеме энчилее кыргыз-дарга таандык мыкты салт экени талашсыз.
«Катын албай, кайын ал». Бул макалга айланган сездун маа-ни-жайы мындай: эрди-зайып эриш-аркак. Баш кошкону, үй күткөнү, балалуу болгону алар турмуш, келечек тууралуу максаттанат. Мындай талаптуу жашоо кыздын төркүнүнө кынадай жагат. «Чыккан кыз чийден тышкары» болсо дагы ар дайым анын төркүн-төсү, алым-бе-римдүүсү, аттанып түшөөрү шарттуу көрүнүш. Күйөө бала үчүн кайын журт ата журттай эле дымактуулукка эгедер. Күйөөнү тосот, жоро-жолдошторун кошо сыйлайт, «куйее карыса жээн», «күйөөнү пайгамбарым сыйлаптыр» деген накылдын түпкү теги эле бири-бирин ур-
маттоосу, кадыр тутуусу. Баары биригип, кайын журттун алдуулугу-на, бардарлыгына барып тогошот.
«Күйөө карыса, жээн болот». «Күйөөнү пайгамбарым сыйла-ган», – дейбиз. Бул жакшы салттардын ичине кирет. Демек, куйоо карыган чакта кайын-журтуна ого бетер алынат. Сыйлап, торге оту-рууга шарты жетилет. Элибизде журт күйөө адептүүлүктүн үлгүсү катары көрүнүп, жибектей созулуп, жээндей эркелей алган. «Кудайдын кулу, Мухамбеттин үмүтү болгонубуздан соң, Фатима деген кы-зын 33 миң черүүнүн аскер башчысы, Мухамбет пайгамбарым менен чоң атасы бир тууган Аалы алат. Куранды элге тараткан Осмон да Мухамбеттин куйое баласы болот. Мына ушуларды пайгамбарым ук-муштай сыйлап өтүптүр. Ал бара-бара салтка айланат. «Туз кемгонсүп». Бул өлүккө карата айтылат. Адатта, адам бул жарык жана жалган дүйнөдөн коз жумаары менен алыс-жакындары-на кабар айтат. Алардын келип топурак салуусу тийиш. Айрымдарга кабар ез учурунда жетпей, алгач болуусу же кабар айтылбай, унутта калуусу ыктымал. Мындай шартта, тотен, кабар айтылбагандардын ич-ара таарынычтары болот. «Ал – атасын туз комгенсуп», «Кемпир кемгенсуп», «шашылып эле коюп», «жумурай эл-журтка кабар айт-тырбай» сымал сездер айтылат. Ошондуктан илгери алдуулар ушундай ойлорду укпоо үчүн, мисалы, атасы же ардактуу кишилери кыш-күрөөдө казасы табылса, аны жай жерине коюп, ак кепинден, аруу жууп, кара ашын берип, жаназасын окутуп, озунчо боз үйгө жаткы-зып, күзөтчүлөрдү коюп, «училигин», «жетилигин», «кырк ашын» өткөрүп, куранын түшүрүп, кыштата жол-жоболорун кылып, жаз чы-гаары менен терт дубан элге ат чаптырып, атайын кабар айттырып, ардактап-даңазалап коюла турган.«Жакшынын көзү кор, кулагы кер». Албетте, жакшыны «жакшы» дейбиз. Соз мааниси мында. Ошол мыкты адамдын бир сапаты бар. Ал көзүнө көрүнгөндү, кулагы укканды, тотен, начар жагдайлар-ды таназар ала бербейт. Аны билүүгө ал куштар эмес. Анын артынан сая түшүп, өзүнүн кадыр-баркына доо кетирбейт. Көрсө, кермексен,
укса, укмаксан кала берет. Бирөөлөрдү уятка калтыргысы келбейт. Арийне, мындай керунуш чыгыш элдерине таандык алгылыктуу сапаттардан болуп саналат. Кыргыздар ««Үү» дебеген адам уйдой ба-лакеттен кутулуптур». «Төө көрдүңбү?» – «мыя», «бээ көрдүңбү?» -«мыя» дейт. Кеп төркүнү адептүүлүктү сактоо тууралуу барат. Жо-горудагы макал-лакаптарга ««корбодум» деген бир соз, «кордум» деген миң соз»» – түшүнүгү үндөшүп турат. Демек, созго чалынба, жалааны башыңа үйбө, ушак-айыңга алданба сымал накылдарды ичине камтыйт.
«Жылуу-жылуу сүйлосо. жылан ийинден чыгат». Демек, мында сөздүн күчүн көрсөтүп турат. Айрымдар «жылуу сүйлөсө, жылан ийинге кирет» -дешет. Жок, адатта, адам улук, жылан адамдан се-зет, коркот. Айрым учурда анын айбат кылуусу – коргонсуусу. Ал ийинге кире качат. Аны адам сөздүн күчү аркылуу «ийинге киргиз-бейт». Созду отмо мааниде айтканда, жылан уу чачат, чагат. Мына ошондой душманды да адам бал тили менен эпке келтирет деген терең ойду билдирип отурат.
«Атты көрүп аягы талыптыр». Ат – Камбар Атанын тукуму, жаныбар аз жатат. Тикеси менен тик туруп, күндү-түндү алмашты-рат. Алые сапар жол басса да арыбайт, талыбайт. Кээде туруп үргүлөйт. Соз маанисинде мунун чыдамкайлыктын накта өрнөгүнө салыштырат. Коп эмгектенип, таман акы, мандай тери барлардын чыдамын ошол аттын касиетине байланыштырып жатат.
«Чоконун төесүндөй солкулдап». Соз мааниси мындай: Чоко Ат-Башыдагы Сарбагыштардын манабы (ата санжырасын сурай кел-генде Болот бийден Эсенгул, андан Ниязбек, Ниязбектен Рыскул-бек, андан Кайдуулу, андан Чоко торолот. Т.а. Ниязбектин сегиз бегинин биринен болуп эсептелет). Оо, бир жылдары тиги Кашкар бетиндеги черик, карабагыш, чоңбагыш элдеринде кургакчылык каптал, ачарчылыкокүм сүрот. Ошондо Чоко баатыр Ат-Башы, Нарын бөксолорүнон эгин топтоп, ошоякка кербен тарттырат. Түнү бою жүрүп отуруп, белде конгон төөлөр сууктан эртең менен ото чый-рыгып, титиреп калат. Ушул создон «Чоконун төөсүндөй солкулдап» деген лакап айтылат.
«Бир карын майды бир кумапак чиритет». Кумалак – тоонун, койдун, эчкинин коргоолу. Мында карындагы майга кумалак кирип кет-се, бара-бара ал созеуз чиритет дечи. Кеп төркүнү башкада, соз эл ичин бузуп-жаруучу, айыл ынтымагын кетирүүчү бузуку, шыкакчы, мүлтүдөк, куу, көшөкөр, куйту, жандиним, чуукуйрук адам тууралуу барат.Ошолор кумалак ордуна отмо мааниде салыштырылып айтылат.
«Музоо муз жалайт, торпок туз жалайт». Кийин эле уйларга жем-чоп, ачытма тоют, аралашма тоют берип, ардактала асыралуу-да. Демек, сүт, эт өндүрүү аракеттери талаптагыдай болуп калбады-бы! Болбосо, мингич аттарга гана чоп салып, жем илүүчү, калган жылкы жайьгпан күн көрүүчү. Саан уйга гана кичине чоп, саман са-луучу. Музоо торпоктон баштап көбүнчө аттын чоптон чыгарган ша-келин, аттын тезегин, анан саман жечү. Мунун отмо мааниси кыргыздар илгертен аш-тойду коп өткөрүүчү. Ошондо мыкты табактар, м.а. табактынчүйгүнүаксакалдарга, мансаптууларга, куда-соокторго, ур-маттууларга тартылуучу. Катын-калачтар, келин-кесектер, бала-ба-кыралар, ошолордон арткандарын, берген устукандарын жешип, сорпс-шилең ичип, топук алуучу. Аксакалдар, төбөлдөр бийлик жүргүзгөн илгерки заманда чыккан бул макалдын чоо-жайын мына ушундайча деп жорушубуз керек.
«Пайгамбардын актөөсүжоголгондогу төлгө». Макалдын мааниси мындай: Кайсы пайгамбар сабаа экени белгисиз. Биз Мукам-бет пайгамбар деп түшүнөбүз. Иши кылып бироо болуш керек. Анын аябай жакшы көргөн, касиеттуудой караган актайлагы жоголуп кетет. Акыры издеп, чарчап бүткөндөн соң, төлгөчүгө барышат. Барып тол го салдырышат. Төлгөчү ак тайлак баланча жерде турга-нын айтып берет. Тайлак табылгандан кийин ишеним лайда болот. Эң эле мыкты толго «Пайгамбардын ак төөсү жоголгондогу толго» эл оозунда айтылып калат.
«Колу ойнооктун, оозу ойноок». Бул сөздүн төркүнү, адатта, уз-усталарга арналат. Алар кардар адамдар үчүн узданат-узанат. Буюм-кечелерин ойдогудай бүтүрүп бергени үчүн кардарлар аларды куру койбойт. Шарт боюнча акысын беришет. Чеберчилик колдо-рун сыйлашат. Биринен сала бири бирдемесин өткөрө берүүгө ара-кеттенет. Ошого карата уз-усталар кармаган үлгүлөрүн карап тур-гандай кылууга дымактанышат. Макалдын мааниси колундан буткон нерсе – мандай териң, таман акың. Ал өз оозуңа жетип турат. Т.а. «иштесеңтиштейсиң» дегенди билдирет.
«Уулуң чоңойсо, абийирдүү мйнен айылдаш бол, кызың чоңойсо, өнөрдүү менен айылдаш бол!» 1. Соз төркүнү мындай: Айлана-чөйрөнүн таасир берүүчү касиети зор. «Жакшыга жа-наш, жамандан адаш» – дейт. Бала эс тартаары менен айлана-чойро ага таасир корсотот. Таасир берүүчү адамга жакындашууга умтулуу пайда болот. Улуулардын баскан-турганы ага үлгү берет. Ошондой болууга дымактана турган турпаты жагат. Ушундай жүрүш-турушка эгедер болгусу келет. Дал келүүчү кесип, адис-
тиктандоого аракеттенет. Абийирдүү менен айылдаш болууга ким-дер максаттанбаган.
2. Мында да чөйрө чоң мааниге ээ болот. Кыз балага кыргызда узчулукту биринчи катарга коет. Килемчи, өрмөкчү, түймокчү, быч-мачы, тикмечи, саймачы, оймочу болуш үчүн айыл ичинде уздар керек. Алардын тегерегинде үйрөнчүктөрү бар. Андай жерлерге имер-чиктоо аркылуу енер осот. Жолун жолдоого шарттар түзүлөт.
«От алгансып». Соз мааниси мындай бир ишти жасоодо ото шашылыштыкты керсеткен учуру болот. Мисалы, ширенке жок, турмуш татаал-тартыш чактары, кечинде от өчпөй турушу үчүн тезек-көңдөн от көөмп коюучу. Эртең менен оту мурунураак күйгөндөн калактап, от алуучу. Ал алекизаматта тутанып кетуучу. Демек, от алуу жеңил-желпи көрүнүш. Бир жакка барууда атайын аттанып келген соң, анын сый-урматын көрбөсө, байырлай албаса, шашкалак-тап турушса, андай учурду «От алгансып» , «келгенинен кеткени бат» – деп койгон. «От алышпай калды», демек, байланыштары үзүлдү дегенди билдирет.
«Тез бар жерде ийри жыгач жатпайт». Албетте, соз маанисин азыркы муундар анча андай алышпайт. Тез – жыгач аспабы, м.а. дүкөнү (станогу). Ачакей жыгач оруну. Учу жалпагыраак, сабы жуму-ру жыгач анын «ыкшоору» деп аталат. Кызытуудан чыккан ийри жы-гачты теске ошол ачакей ыкшоору менен кошо коет. Белге алып жыл-дыра тартканда ийири жыгач матоого түшүп, түзөлө берет. Мындай шартта чыканактай жыгачтар октой туз болот. «Матоого алгандай», «тезге салгандай» деген сез мына ушундан улам калат.
«Досайрылат, сөөк кайрылат». «Досбергениндоолайт», «Эсеп-тешкен дос болбойт» -дейбиз. Кеп мааниси түшүнүктүү. Куда-сөөктүк мамиле түбөлүктүү. «Күйөө кыздын же кыз күйөөнүн, т.а. эки тарап-тын эли бири-бирине кошкон кошумчаларынын кыйшыктарынан, ашык-кеминен еон чыгарышат. Нааразы болушат, пендечиликте андан аркы катышты тып токтотуп коюуга дейре барышат. Аралары ачылып ке-тишет. Куда-сөөктө алыш-бериште андай жакка барбайт. Сеек катары катыштарда оош-кыйыштар боло берет. «Алыбекалына жараша» -дейт. Анткени ортодо балдартурат. Ошондуктан, «Сөөктүн эңжа-маны суу кечирет», – деп айтылат.
«Баш кесмек бар, тил кесмек жок». Соз кызыл тилдин баркы тууралуу баратат. Туура сүйлөгөн кеп-кеңеш өлбөйт. Тил аркылуу
жүрек-жүлүндү аралай алуучу туюнтмаларды түшүндүрө алабыз. Ошондуктан, кызыл тилинен чаң чыккан чечендер, ырчылар кандай гана айткан сездөрү менен калкка-журтка таанымал болушуп калган. Элдин мүдөөсүн көздөшкөндүктөрү үчүн канчалык тууралык тууралуу айтып жатышкандыктарынан ага сурак жүрбөгөн, сот кеспе-ген, абакка жатпаган. Арийне, хандыкта да башуруучулук тарыхта көп эле болгон. Тил кесүү болбогон, а кызыл тил – элдин-журттун да мүдөөсү. Арийне, тилинин азабын тартуучулар азыр да бар.
«Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт». Абалтан калган сез төркүнү, айрыкча, мында тууган 6hr атанын балдары тууралуу, жети атасына чейинкилер, кыз алышпаган туугандар айтылат. «Бар болсо асырай албайт» – дегени ич-ара ыйкы-тыйкы-лык, нараазылык, араздашуу, ичкүптүлүк, атаандашуу, таарынуу, ж.б.лар жүрбөй койбойт. Минтүү пендечилик.
Биринчиден, жекече турмуштун бирдей эместиги, тыңсынуула-ры, жалкоолук;
Экинчиден, өз ара ой-пикирлердин эки ачалыгы;
Үчүнчүдөн, бала-чакалардын кагылышууларынан улам кирип-чы-гышпай калуулары;
Төртүнчүдөн, алардын арасынан да, алдым-жуттумдардын чы-гуулары. Бирдемелерди сыртынан бычып коюулары;
Бешинчиден, жакшылык-жамандыктарга солгун катышуулары;
Алтынчыдан, тууганчылыктын ички шарттарында бири-бирине саласал кылып коюулары;
Жетинчиден, дайыма туугандарын кириптер кылуулары, чыга-шага учуратуулары ж.б.у.с. лардан пайда болгондор себепкер.
Ал эми «жок болсо коре албайт». Канткени менен «туугандын * озу таарынса да, брору таарынбайт» – дейт. Каны бир. Баари бир коргүсү, катышкысы келип турат. Түтүшпойт, биротоло кыркышып кетпеген соң, туугандыгын танбайт. «Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат». Кайра эле эл болуп, катышып алат.
«Бакыр болсоң, баркыт кий». Баркыт – сыйда түктүү кездеме. Анын тас баркыт (тугу ото такыр), чий баркыт (чийдей жол-жолу бар) деген түрлорү бар. Бакыр – табияты жоош, озүнчо оокат кылган, эч ким менен ейдо-томону, алдым-жуттуму жок, байлыгы деле чак оңдүү адам. Албетте, мындайларга тигил бир чети бышык кездеме сыйда жерлерге кийүүго шартташа тушот. Демек, «бакыр болсоң, баркыт кий» мына ушундан калган.
«Бетон элге барсаң, ошол элдин бөркүн кий». Борк-баш кий-им. Туулуп оскон жер – туу казык. Башка жердин татымы башкараак болот. Ошон үчүн «өз элиң өзөктөш, башка эл канатташ» – дейт. Бул «Кайсы жерди жердесең, ошол элдин ырын ырда» дегенге маанилеш. Эл менен эл бол. Сиңишип кет, телинип кал. Быгышып тур, жуурулуша жур. Эли-журтунун назарын сындырбай өндүү накылды туюндурат.
«Жаман жолдоштон, ат артык». «Ат адамдын канаты». Алые жол сапар чеккенде ат – адамдын жан жолдошу, ай-талаада ат ээсин маанектеп оттойт. Ээр-качкылык кылбайт, ээсин ара-жолдо калтыр-байт. Казатта минилет. Жаман адам талаа-түздө билинет. Атың бас-пай, ээн жерде калсаң: «Атынды откоруп, тыңыганда артымдан кел», -деп чаап кетет. Андайларчөнтөгүңдү, пайданды издеп, ошого карата мамиле кылат.
«Жан-жопдош болом деп бирее, Жармашты шарап ичкенде.
Бөлүнүп кетти карабай,
Бөтөлкө колдон түшкөндө». (Байдылда)
же болбосо:
«Жолдошуң жаман болсо, Алые жолдо тун катпа. ■ Аялың жаман болсо, Киши алдында ун катпа». (Макал)
Арийне, тим жеринен айтылбайт эмеспи. Демек, бул «Акылдуу касыңдан коркпо, кем акыл досуңдан корк» – дегенди билдирет.
«Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөнө бергис бирөө бар». Мында, абалы, егее менен бүлөнү түшүнүп алалы. Экое тең темирди кур-чута турган буюмдар, аспап-куралдар. Өгөө бүлөөгө Караганда бы-дырлуу келет, өзү темирден турат. Кургак курчутат. Темирден жа-лын чыгарат.
Буле таштан чыгат да, маки, бычак, керки, балта өңдүүлөрдү курчутууда суулап алат да, миздүүлөрдү ойдогудай жаландатып таштайт.
Биринчиден, «Экеене бергис бирее бар». Бул сапатты билдирет. Биринчиден, эр жигитке карата айтылат. Ал жалгыз өзү эле экиге татыйт-дегени.
Экинчиден, «Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар» сымал макалды кайталоо.
«Дөөтүсү курч». Бул – атактуу усталарга карата айтылган. Деету-усталардын пайгамбары. Усталар-анын шекиттери. «Курч» дегенде көңүл, адатта, алардын аспап-куралына чалат. Демек,
мындай усталар тынбай узанышат. Аларга кардарлар коп. Ошон үчүн табышкер болушат. «Темене тартып, тее алышат» өңдүү түшүнүктү берет.
«Алые жерге куда болсоң, арткы жактан аш келээр, жакын жерге кудаболсоң, түрдүү ушак сез келээр».
Кыргызда «Ачууну таттуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз» дешет. Улам куда-сеек айылдан алыстаган сайын барып-келиши бар-ктуу-нарктуу көрүнөт. Төркүн-төсүнө, куда-сөөгүнө атайын камынып келип түшүп, көптөн бери көрүшпөгөндүктөн, аттан сыйлуу алышат. Мал союлат, келгени билинет. Ошого карата төркүндөрү кызга, куда-сеекке конок камын көрүшөт. Куржун-кечесине жараша кайра аткару-уга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
2. Жакын жерде кирди-чыктылар арбын болот. Эртели-кеч чай ичилет. Ич-ара ал-абал билинип турат. Жакышылык-жамандыктарын тең көрүшөт. Шарттуулукту сакташат. Деген менен «төркүнү жакын-дын төшөгүжыйылбайт» -дегендей, болгон кыймыл аракет көрүнүп-билинет. Кудалардын, бүлөлөрдүн, «минтип койду, тигинтип койду» сымал шыбыр-күбүрлөр чыгат, андышып калат. Ал төркүнгө, куда-ларга бат жетет. Ар ким оз билгениндей күдүк ойлорго малынат. Демек, бара-бара ушакка чалдыгат.
«Сынчынын саңар өтүгү майрык». Бул – адамдын бири-бирине тыңсынуусу. Адатта, сынчы бирөөлөрдүн, жүрүш-турушун, чыгар-маларын, «ичип-жеп», деле укмуштай кыйын сындай алат. Ал да жазуучу, бирок, озу анчалык чыгарма жаза албайт. «Мындай жазыш
керек», «тигиндей жүрүш тийиш»… Бирөөлөргө кыйын көрүнгенү менен өзүнчө андай ишти аткара албайт. Мунун жандырмагы: «9з ба-шында итти көрбөй, киши башындагы чөптү көрөт», – деп айтабыз. «Бычакка саптык».
«Бычакка саптык уулуң жок,
Кайгырып жашың куюлду». («Саринжи-Бөкөй»)
Бул – баарында да баланын дарамети тууралуу ийги сез. Т.а. «бычакка саптык» етме мааниде айтылат. «Ошончо балдарындын ичинен алгылыктуу уулуң жок тура» – дегенди туюндурат. Мындай-ларды «камчы саптык эмес экен» деп да коет. «Бычакка саптык» бала – колунан бирдеме келүүчү, ишке жароочу, эл милдетин моюн-га алуучу бала… Муну ушундай гана түшүнүү зарыл…
«Күн тийген жердин чоросу». Бул – кошоматчы адамдарга карата айтылуучу соз. Т.а. «Күн тийген жер» – дөөлөттүүлөр, мансап-
туулар, улуктар. Ошолорго жаккан шылуун, кошоматка кой союучу «чоролор» же ошолордун ырын ырдаган, чоорун тарткан эки жүздүүлөр, «бет пардасы» жоктор. Мында, чорону алардын жигити, камчы чабуучусу сымалы түшүнүү керек.
«Ал күн карама». Мында да кошоматчылык тууралуу соз ба-рат. «Кун карама» – маданий өсүмдүк. Ал эртеден-кечке дейре кун жылган сайын ошону карап жылып, осуп турат. Демек, кун карама-ны улук, улук мансапкор десек, ошонун тилин алганды отмо мааниде, «Кункараманы караган кун карама» деген түшүнүктү берет. Муну тескериси – жер карама, жоош, жүүнү бош, эчтекеге эби жок өңцүү мүнөздөмө айтылат.
«Көлөкөгө тон бычып». Бул – жок нерсени бардай көрүү, б.а. ошол тууралуу кур кыялдануу, аткарыла элек, ойдо жүргөндү атка-рып атам – деп, өзүнө-өзү калпыс сүйлөө. Мисалы, «тондук тери жок туруп, тон кием» деш, «аты жок туруп, ат минем» деш. Демек, ага ээр-токум камдаш керек. Таптакыр жокту бардай түшүнүүсү. «Таш түшкөн жеринде оор». Мында да адамдардын тагдыры тууралуу соз жүрөт. Аттанып түшкөн жериң ушул, эми мандайдагы жазууну көрөсүң, көрүп, турмушка моюн сунасыц дегени. М.а. Бул негизи кыз балага карата айтылат. «Босогону аттап кирдиң. Мындан аркы жашооң жакшыбы, жаманбы, болоору болду. Төркүнүндүн эшигин кайра аттаба, эрден чыккан кыз аталба» – дегенден «Таш түшкөн жеринде оор» отмо мааниде табышмактана айтылганы. «Бөрү (ууру) тойгончо жеп, өлгөнчө карганат». Мында макал отмо мааниде айтылган. Боруго жегич адам салыштырылган. Т.а. айрым алкымы бузуктар коомдук мүлктү же бироолордун ак эмге-гин, таман акы, мандай терин талап алат. Анан «Төө көрдүңбү?» -«Мыео», «Кой көрдүңбү?» – «Мыое» – болуучулар. Алаарын алып, жулаарын жулуп, болоору болуп, боеосу канып, бирок, аларын танып, касам ичип, нан тиштеп, тузга сийип, баса берүүчүлөр.«Жандай салып бастырса, жакшы атка жол жокпу». Туз мааниде айтканда макал түшүнүктүү. Шайдоот аттар көп атчандар менен бастырганда өз ордун, жолун таап жүрөт. Аттар да жол талашат. Ич-ара алар да орун бошотот. Анткени аксакал аттардын даңканы бири-бирине билинип турат. Айбааты, шаңы болот. Ошон үчүн сокур сезимдери менен сезишет.
Бирок бул макалдын соз төркүнү башкача чалып турат. Эр жигит эпкиндүү, жагымдуу иш кылса, күч-аракеттери айкын, асыл максат-тар айкалышса, андайларды эли-журту өзүлөрү эле барктап-бапес-теп, тарбиялап-таалимдеп алат өндүү астейдил түшүнүктү берет.
«Саргара жортсоң, кызыра бөртөсүң». Бул – «Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот» – дегенге маанилеш. Ар убак ак эм-гек кылсаң, анын үзүрүн сезсүз көрөсүң. Андай мандай тери сени
сөзсүз эрезеге жеткирет. Мээнеттен – эмгектенүү, анын алгылыктуу үзүрүн көрбөй койбойсуң – өңдүү далилдүү чындыкка барып така-лат. «Эмгекэрезеге жеткирет». Булар-бири-бирине маанилеш.
«Кайда барба, Мамайдын көрү». Бул – эң эски макалдардан. Мында оор турмуштун запкысы тууралуу сез болууда. Сыягы улуу-лардын божомолдоолорунда Мамайдын бейитинин оозу ачылып ка-луусунан улам ушундай түшүнүк келип чыгуусу тийиш. «Кайда бар-саң жокчулук, кедейлик-кембагалдык сени күтүп турат». «Эмгектен качсаң дөңгөккө», «Эмгектүү кулда чарчоо жок» – сымал макалдар буга үндөшүп турат.
«Жаман да болсо, өз улагыңды теке сал». Уюткулуу Кыргыз Атанын тукумдары уй малдарын боор эти менен тең көрөөрү бел-гилүүдүр. Бештүлүк – төө, жылкы, уй, кой, эчки. Анын бирөө эчки тукуму (Чычаң Ата). Мунун эркек улагы бир-бир айдан соң биттелет да, ылайыктуусун теке кылып калтырат. Ал алты айлыгында куутка жарап калат да, ургаачы улак – чебич чагында тууп коюуга мүмкүнчүлүк алат.
«Жаман да болсо, ез улагынды теке сал» – бул етме мааниде адамга карата айтылууда. Демек, «кызматка өз ага-туугандарыңан, жерге-жээктериңен, куда-сөөктөрүнөн, тайаке-тайындарыңан, кайын-журтуңан танда. Алар сени кыйбайт. Баркынды, баанды көтөрөт. Тирек болот, жакшылыгынды чыгарат. Жамандыгынды жашырат. Бири-би-риңерди колдошосуңар» – дегени.
«Бөрү баласы ит болбойт». Акыйкатта берүнүн (карышкыр), иттин, түлкүнүн тукуму бир. Макал боюнча түшүнгендо борү баласы негизи бакмага кирбейт. Бирок етме мааниде алганда, борүнү – же-гич адамга, итти – момунга салыштырабыз. Жеринен жегич адамды эч качан оңоого, кекиртегин тыюуга болбойт. Оз-ез, егей-егой, неги-зин кое бербейт деген түшүнүктү берип турат.
«Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт». Кайынага – келин-дин эринин агалары. «Калтайбаса» – уялбаса, улуулук, кайынага-лык, сыпат, абийирди сактабаса – деген мааниде. «Келтейбейт» – ал антип жаткан соң, келини эмнеден уялмак эле, ага карата мамиле кылуу. Ушундан улам ич-ара сыр ачуулар, кеп айтуулар, ортодон махабат мамилелери тутанып кетүүлөр да пайда болот.
« Узун көбөө тон кийип, Көйкөлөсүң, кайынага. Өзүңдөн кичүү теңдүүгө, Сүйкөнөсүң,кайынага». (эл ыры)
Жаштар оюндарында, жоро отуруштарда, сармерденде, кайы-нагасына беттей, ушинтип соз каткан келиндери да чыккан. Арийне, мындай жоруктар мындайраак, кыйыр, жети ата еткен, кыз алышпа-ган туугандар арасындагы кайынага, кайынэже, жезде, тайжезде ортолорунда жел өтүүчү эмес. Алар бири-биринен уяттуулукту, өтө абийирдүүлүктү сакташа турган. Дагы бир мисал, «Кунажын кезун сүзбөсө, букачар мурунтугун үзбөйт» – деген макал бар. Кунаажын – ургаачы торпок. Букачар – биттелбеген эркек торпок. Өтмө маа-ниде алганда кунаажын – бешкекул, букачар – улан. Түшүнүктүүдүр… Экөө ич-ара махабат тууралуу сырдашпаса, бул балакет кайдан болот эле деген ой жатат.
«Кеңешип кескен бармак оорубайт». Мында сез акылдашуу тууралуу баратат, б.а. минтип отуруп чечкен кеп-кеңеш бышык келет. Нал берет. Ага эч ким нараазы эмес. Баары ыраазы, калыстык-ты көздөйт дегенди билдирет.
«Эне көргөн тон бычат, ата коргон ок жонот». Эне корген буюм-тайым кармаса ал – уз, ата корген нуска жасаса аны уста деп коет. Экое биригип «чебер» аталат, т.а. «Тон бычат» -дегени эне таалими менен кыз бычмачы-тикмечи болот. «Ок жонот» – дегени, бала ата өнөрү аркылуу уста аталып, мылтык согот, ак бараң сайлайт-дегени.
«Шодокондун бүркүтүндөй жутунуп». Бул – ач кез адамдын кейипкерин берүү. Болжолдо, Шодокон аттуу мунушкер болсо керек. Анын буркуту кыраан чыккан го. Өтмө мааниде алганда, ал уламыш-ка айланган. Буркут эки тулкуну эки колуна чеңгелдеп, бирөөнү оозу-на тиштеп баратса, бир тулку качыптыр да. Аны алуучу жери жок, эки көзүн кымындатыптыр… Лакаптын төркүнү адам дуйнеге тойбойт, кара топуракка гана тоет. Адам пендеси тирүүчүлүктө, ушинтип, ты-тына берет. Алдым, жуттум, ачкездук, сугалактык, бул жашоодо боло берээри көрүнүп турат.
«Бирөөнүн союлун көтөрүп». Бул – башкалардын таламын талашуусу. Союл – кол курал, союлдашуу – бири-бири менен уру-шуу, башка-көзгө койгулашуу. («Бирөөнүн келтегин көтөрүп» -дейт). Биринен -бири келтек жеп, токмок жеп тынышуусу. Арийне, мында кошомат кылуу үчүн ага болушуусу тууралуу да ой жортуп баратат.
«Эчки тууй албай жатып, койго аначы болот». Бул – оз ишин аткара албай отуруп, бирөөлөрдүн аракеттерине киришүү. «Муну мындай эле кылып койбойлубу», «тигини тигиндей эле жасап сал-байлыбы». Ушул ӨҢДҮҮ ооз көптүрмө кептерди айтып, озунун колу-нан кокон тыйындык, сэры тыйындык, чака тыйындык иш келбөөчүлөрдөн улам чыккан макал.
«Таш койгон ташын алат, кыш койгон кышын алат». Мында сез ич-ара катыштарды эске салат. Куда-сеоктер, тууган-уруктар, дос-тамырлар арадан жамандык-жакшылыктарда кошумча кошушат. Ар биринин алып келгени эсепке алынып, эсте турат. Анткени кийин ага кайра эмне алып баруубузга бул тактык, төптүк болот. «Ал мага муну алып келген», «Куру кол эле келген», «Айтып келип, бербей койгон».
«Тиги кудам жылкы жетелеп келген», «Ал досум кой сойгон». Мындай эсептөөлөрдөн соң ошого карата катыш жасап, эмне алса, ошону беруусу, минтип макалга айланып кеткен.
«Ары жок тооктун түшүнө актаган таруу кириптир». Мында соз төркүнү took эмес, жатып ичээр жалкоо адам тууралуу баратат. Эч эм-гектенбей, эчтеке таппай, куру кыял аркылуу ойду-тоону ойлонгондор-дун кейипкерин took аркылуу берип отурат. Мунун маанилеши катары «Сарт санаасы менен байыйт» – дегенди айтса болот.
«Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барсаң бытпылдык». Бодене -адал канаттуу. Этин укмуштай баалашат. Ал дайыма «бытпылдык» – деп сайрайт. Муну ошол үнүнө карата айрым элдер торго асыра-шат. Тетен, мындайга езбек эли маш келет. Чайканаларда отуру-шуп, «бытпылдык» деген унунон ыракаталышат. Макалдын мааниси айрым адамдарда бар. Үйү-жайы жок, аш-тойлорбу же айыл аралай-бы, жер безип, эптеп бир оокат кылып жүрүүчүлер бар. Макал етме маанисинде ошолорго карата айтылат.
Битке өчөшүп, көйнегүңдү отко салбаАчарчылык, жокчулук жылдары адамзат азат. Андайда согуш болот. Калкты котур каптайт, кургакчылык келет. Жети тозок бир болот. Бит басат. От жакканда, койнокту отко кайсап алса «бы-тыр-бытыр» ун чыгат. Макал ошондой шарттан алынган. Демек, «бир болбогон ишке таарынып, көңүлдү кайт кылып, өзүңцүн ар-намысың-ды кетирбе. Эси жок акмактарга, акылы тайкыларга бел алдырба, өзүң уят болуп, аны менен өчөшүп, улуу-кичүүлөрдүн алдында сы-нып калба» деген сымал ойду туюндурат.