СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздын улуттук баш кийимдери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздын улуттук баш кийимдери»

Сабактын темасы:Кыргыздын улуттук баш кийимдери

Предмет: Кыргыз тили

Классы:3-ж

Сабактын тиби:Аралаш

Жаңы лексика:Ыйык,буюм,ардакташат,тепсенди

Сабакта колдонулган ыкма:Жаңы билимдерди айтып берүү,алган

билимдерин бышыктоо

Сабактын жабдылышы:Техникалык каражаттар,сүрөттөр,окуу китеби

Сабактын максаттары

Сабактын көрсөткүчтөрү

1.Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт.

2.Улуттук баш кийимдердин баалуулугун ыйыктыгын түшүнө алышат.Алардын кимге арналгандыгын айырмалай алышат.

3.Алган билимдерин практика жүзүнө колдоно алышат.Сүрөт менен ырды айкалыштырып,иш алып бара алат.

1.Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүшсө.

Суроо-жооптун негизинде текст түзө алышса.

2.Улуттук баш кийимдердин баалуулугун,ыйыктыгын түшүнө алышса. Алардын кимге арналганын айырмалай алышса.

3.Алган билимдерин практика жүзүндө колдоно алышат.Сүрөт менен ырды айкалыштырып,иш алып бара алышса.

Негизги компетентүүлүк

Предметтик компетенттүүлүк

Маалымат билгилиги-Окуучулар улуттук баш кийимдер боюнча кыскача аңгемелешүү үчүн ар түрдүү булактардан маалымат алуу жана пайдалануу менен тилдик бирдиктерин,алардын сүйлөөдөгү функцияларын түшүнөт жана билип тааныйт.

Тилдик таануучулук-тилдин системасын, тактап айтканда,тилдин түзүлүшү,анын

категориялары тууралуу билимге ээ болуу,анын ичинде орфографиялык сабаттуулукка жетишүү.

Социо-катнаштык билгилик-Окуучулар өтүлгөн материалдарды эске түшүрүү боюнча билимди колдонуу,өз алдынча иштөө,жуптарда иштөө,топтордо иштей билүү менен социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүктү(өз оюн так,толук айтып берет,башкалардын айтканын кунт коюп угат)калыптандырышат.

Кептик таануучулук-кептик кырдаалдарга жана тилдик нормаларга ылайык жазуу жана оозеки формада карым-катнашты ишке ашыруу,өзүнүн кептик мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт жана сөздүк корун байытуу,байланыштуу кебин,сүйлөө,жазуу маданиятын өркүндөтөт.

Оз ишмердигин уюштуруу жана маселелерди чечүү

Окуучулар өтүлгөн материалдарды эске түшүрүү боюнча өз ойлорун жазуу түрүндө билдирүү,салыштырма талдоо жүргүзүү менен өзүн-өзү уюштуруу жана маселени чече билүү компетенттүүлүгүн калыптандырышат.

Маданият таануучулук-тилдин улуттук-маданий өзгөчөлүгүн үйрөтөт.Тил аркылуу элдин улуттук баалуулуктарын таанып билет,элдик жана этно маданий лексиканы өздөштүрөт.









Сабак-н

этап-ы:

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү


Ком

пент

1.Уюш-

туруу

-Саламатсыңарбы,балдар!-Маанайыңар кандай?Бүгүн кайсы күн?

Тапшырма эмне берилген ?

1.Бул сүрөттөрдө спорттун кайсы түрүнө кирет.?

2.Бул сүрөттөр кыргыздын улуттук кандай оюндарына кирет?

-Саламатсызбы эжеке.Маанайыбыз жакшы.Бүгүн шаршемби күн.

Өтүлгөн темаларды кайталоо

Сүрөттөдөгү оюндардын аталышын айтып беришет.


Сабактын

темасын

максатын

жарыялоо

Сабактын темасы жарыяланат,алардын максаттары окуучуларга түшүндүрүлүп айтылат.

Угушат,түшүнүшөт


Жаңы теманы түшүндү-

рүү

Бирдин айынын жыйырма экиси

Шаршемби

Тема:Кыргыздын улуттук баш кийимдери

Мм

мамалак,машине,манты,май,мал. Кыргыздын улуттук баш кийимдери

экиге бөлүнөт.Аялдардын баш кийими,эркектердин баш кийими.Аялдардын баш кийимине :элечек,шөкүлө,такыя ж.б.Эркектердин баш кийиимине:калпак,тебетей,малакай ж.б кирет.

1-тапшырма

а) Калпак жөнүндө ырды окуп берем.Бул эркек баш кийими экенин түшүнүшөт.

б)Тебетей жөнүндө ырды көркөм окуп берем.Тебетей жөнүндө түшүнүк беремин.

в)Шөкүлө деген ырды көркөм окуп берем.Шөкүлө-кыз келиндердин баш кийими экенин түшүнүшөт.

г)Элечек жөнундө ырды көркөм окуп беремин.Элечекти көрсөтүп энелердин баш кийими экенин түшүнүшөт.

2-тапшырма

а)Жаңы сөздөр менен иштешет.

б) “Улуттук баш кийимдер” аттуу текстти окуп берем.Маанисин түшүнүшөт,суроолорго жооп беришет,суроо жооп иретинде кайталап бекемдешет.


Кыргыздын улууттук баш кийимдерин айырмалай билишет. Ырларды көркөм окушат.


















Жаңы сөздөрдү айтышат.

Суроолорго жооп беришет.

Ак жүзүндөй-светлое лицо

Ак нурундай-светлые лучи

Баалуу-ценный

Киели-оденем

Алмаштырбай—не сменив

Кирдетпей-не загрязняя

Балпайышып-с почестью,со статусом
















НК1

Бышыктоо

3-тапшырма

3-көнүгүү.Сүйлөмдөрдү туура түзүп жазгыла.

1.Ардакташат,баш кийимди,абдан,кыргыздар.

2.Таштабайт,жерге,эч убакта,баш кийимди.

3.Уулуна,берет,атасы,өзүнүн.

4.Бербейт,башка,белекке,бирөөгө.

5.Коюуга,отургучка,баш кийимди,болбойт.


Кыргыздар баш кийимди абдан ардакташат.

Баш кийимди жерге эч убакта таштабайт.

Атасы өзүнүн уулуна берет.

Башка бирөөгө белекке бербейт.

Баш кийимди отургучка коюга болбойт.


НК3

Физминутка

Окуучулар эс алуу мксатында физминутка жасашат.



Сабакты жыйынтыктоо

Улуттук баш кийимдерине эмнелер кирет?

Эркектердин баш кийимине эмнелер кирет?

Аялдардын баш кийимине эмнелер кирет?

Окуучуларга үч түстүү чүкөлөр берилет.

Бүгункү сабакты түшүнгөн окуучу кызыл чүкөнү көтөрүшөт. Орто түшүнгөн окуучу сары чүкөнү көтөрөт.Түшүнгөн жокмун деген окуучу жашыл түстү көтөрөт.

Окуучулар суроолорго жооп беришет.





Окуучулар бүгункү сабакты түшунгөнүн чүкө аркылуу билдиришет.








Үй тапшырма

Ырларды көрөм жаттоо

Ырды көркөм жаттап келесиңер


Баалоо

Окуучулар сабакта жооп бергенине карап берилген быйтыкчаларына карап бааланат.

Журналга,күндөлүккө бааланышат










Текшерилди: