Кыргыздын улуттук оюндары
Аткарган : Таирбек кызы Дуния
Тайпасы: ФМО(б)-1-23
Текшерген: Маматова Ж.
01
План:
- КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОЮНДАР Ак чөлмөк Жоолук таштамай. Ак терек, көк терек Аркан тартыш Качма топ Беш таш же топ таш Шакек салмай Кыз куумай
- КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОЮНДАР
- Ак чөлмөк
- Жоолук таштамай.
- Ак терек, көк терек
- Аркан тартыш
- Качма топ
- Беш таш же топ таш
- Шакек салмай
- Кыз куумай
- КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОЮНДАР
- КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОЮНДАР
Ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмес өздүрүнө тиешелүү болгон (салттык) улуттук оюндары менен да айырмаланат. Ал эми кыргыз элинин улуттук оюндары болуп ордо, тогуз коргоол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, аңгилдек, уюм тууду, селкинчек, упай жана башка ат оюндарынын түрлөрү эсептелет.
2. Ак чөлмөк.
02
Айлуу түндө балдар эки тарап болуп бир жерди белгилеп, бир нерсе коёт: таш, чапан жана башка; андан бир тарап бир карыштай жыгачты (ак чөлмөк) алып, ыргытып жиберет. Аны издеп таап алып кайсы тарап болсо да, колунан тарттырбай алып келип таштаса, бир упай алган болуп эсептелет. Ошентип ойной берет. Ким паттеге (белгиленген жерге) алыс таштаса, ошол тарапты көп таштаганы эшек кылып минет. Ак чөлмөктөп ыргытып, ошого жеткиче айдай берет (минип барат).
3.Жоолук таштамай.
Балдар канча болсо тегерете отурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи жоолугун эшип алып олтурган балдардын аркасы менен кыдырата басып келе жатып, жоолугун бир баланын аркасына эч кимге билгизбей таштап коёт. Анын таштаганын билбей калса, дагы айланып басып келип жоолук ташталган баланы жоолукту ала коюп сабап калат. Эгерде артына жоолук таштаганын байкап калса, ал (бала, же кыз) тура калып, таштап кеткенди (бала, же кызды) кууп жөнөйт. Качкан бала ордуна отурганча кууп жетсе, жоолук менен чабат. Жетпей калса, тегерете айланып жоолукту таштап оюнду улантат.
4.Ак терек, көк терек
Ак терек, көк терек -балдардын оюну. Чогулган балдар, кыздар акты-каралы болуп эки тарапка бөлүнүп, маңдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Тутум боюнча оюн баштоого укук алган тарап жапырт үн менен:
- Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек, - дешет.
Экинчи тарап бир баланын же кыздын атын аташат. Аты аталган бала жүгүрүп келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракеттенет. Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгерде кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын бир тобун өз тарабына кошуп алат.
Аркан тартыш
Аркан тартыш-эки тараптан бирдей санда чыккан балдар же жигиттер белгиленген сызыктын эки жагына чубай турушуп, баары бир арканды кармашып, бирдей мезгилде өз тарабын көздөй тартышкан мелдеш оюну. Калыс адам белги берери менен аркан тартыш башталат. Каршысындагы оюнчулардын алдыңкысын белгиленген чек сызыктан өткөрө тартса, сүйрөп кеткен тарап утат. Мындай оюн күрөш, бука тартыш, оодарыш сыяктуу чоң жыйындарда, тойлордо, аштарда өткөрүлгөн. Азыр деле өткөрүлүүдө. Кээ бирде арканды жекеме-жеке да тартышат.
Качма топ
Качма топ - балдар оюну. Балдар эки топко бөлүнүшүп таяк кармашып, кайсы топтун өкүлү анын эң учун кармаса, оюнду баштап, топту чабуу укугун алат. Топ тоскон тараптагылардын бирөө оюнчуларга топ салып берип турат. Калгандары топту тосуп, белгиленген чеке (30-50м) чуркап бара жаткан балдарды топ менен урушат. Чабылган топту жерге түшүрбөй тосуп же качып бара жаткан балдарды урганда тийгизсе, алар тарап оюнду жеңген болот.Эгер өнөктөштөрдүн бары топту бирден чаап бүтүп, эң акырында калган бала топту үч жолу удаа чапканга чейин аркы чекке барып кайткан бала жок болсо, ал тарап утулган болот. Оюнчулардын кезеги алмашылып, экинчи тарап топ чабууга келет.
Беш таш, же топ таш
Беш таш, же топ таш - жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго экиден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын бир тарабынан бирөө колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тосуп алат. Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден, үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып утат. Эгер макулдашуу узак ойноо болсо, беш ташты көкөлөтө акырын ыргытып, анын бирөөсүн колунун сыртына тосуп, анан аны кайра жогору ыргытып, ташты ыргыткан колунун алаканы менен тосуп алат. Жерге түшкөн таштарды сол колунун бармак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өткөрө бирден шилтейт.
Шакек салмай
Шакек салмай, шакек катмай, шакек жашырмай - кыргыздын элдик оюну. Көбүнчө улан-кыздар ойношот. Оюнчулар эки алаканын бириктирип, колун тизесине коюп, тегерете отурат. Оюн баштаган киши шакек салгандай түр көрсөтүп, отургандарды кыдырып чыгат (чындыгында шакекти бир оюнчуга гана берет). Оюн андан ары эки түрдө уланат;
1. Шакек салган киши башка бир оюнчудан:
- Шакек кимде? - деп сурайт.
Эгер ал шакекти тапса катып отурган оюнчу, таппаса, өзү ырдап берет да, оюнду андан ары улантат;
2.Шакек салган киши өз ордуна отуруп:
- "Алтын шакек, атып чык" - дегенде, жашырган киши жанындагыларга карматпай тез ыргып туруп кетсе, ал кезекти алып оюнду улантат, эки жагындагынын бири кармап калса, ал "жазаланат" да, кайра ордуна отурат. Шакек салган оюнчу оюнду улантат.
Кыз куумай
Кыз куумай - ат оюндарынын түрү. Белгилүү чектен кыз менен жигит кубалаша ат салышат. Адатта кыз мурдараак ат чаап, жигит анын артынан кубалап жөнөйт. Кыз куумайдын максаты кыз жигитке жеткирбеш керек, жигит болсо кызды кууп жетиши керек. Бул оюн тойлордо өткөрүлүп, тамашалуу көрүнүшкө айланган. Кыз куумай оюнунун тарыхы никелик мамилелерге такалат. Кызды кууп жеткен жигит ага үйлөнүүгө тийиш болгон. Кийинки тарыхый баскычтарда түпкү мааниси өзгөрүлгөн.