СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызга кыргыз тилдин кереги не, кызматта жарабаса керегиңе? (Мамлекеттик тил күнүнө карата ачык сабак)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргызга кыргыз тилдин кереги не, кызматта жарабаса керегиңе?  (Мамлекеттик тил күнүнө карата ачык сабак)

Просмотр содержимого документа
«Кыргызга кыргыз тилдин кереги не, кызматта жарабаса керегиңе? (Мамлекеттик тил күнүнө карата ачык сабак)»

Тарбиялык саат 11-класс

Темасы: Кыргызга кыргыз тилдин кереги не, Кызматта жарабаса керегиңе?

Максаты: а) Окуучулар кыргыз тилинин 30 жылдык тарыхынан анын көрөңгөлүү, уюткулуу улуу тил экендигине дагы бир жолу ынанышат. Улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөрүн билишет.

б) Адабий тилдин нормасын сактап, сөзгө маани берүүсү калыптанат, тапкычтыгы артып, ой жугүртүүсү өнүгөт, нукура кыргыз сөздөрүн пайдалана билүүгө, эне тилин даңктаган көркөм окууларды, улуулардын акыл тамчыларын айтууга жетишет.

в) Улуттун нарк-насилин, ата салтын дилинде бекем сиңирүү менен өз тилин туу тутууга, сабаттуулукка, алган билимдерин турмушта пайдалана билүүгө тарбияланат.

Формасы: Сабак – таймаш

Ыкмасы : Топтордо иштөө, акыл чабуулу

Каражаттар: ноутбук, проектор, экран (интерактивдик такта), флипчарт, атайын даярдалган сүйлөмдөр, тексттер, учкул сөздөр.

Жүрүшү : Уюштуруу . Окуучулар 3 топко бөлүнүп олтурушат. Мамлекеттик тил гимнин чогуу ырдашат.

Мугалим: Саламатсыңарбы, балдар! Кутмандуу күнүңөр менен! Бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз таймаш түрүндө өтөт, 3 топ таймашат. Сабак Мамлекеттик тилдин 30 жыл-дыгына арналат.

Мына мындан 30 жыл мурун тактап айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз тили “Мамлекеттик тил” деген статуска ээ болгон. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынында жаңыланып, анда кыргыз тили – Мамлекеттик тил, орус тили – расмий тил деп жарыяланган. Мамлекеттик тил дегенибиз эмне?

Бул мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Ошол милдеттүү түрдө колдонулуучу тилибизди милдеттүү түрдө колдоно билели. Эмесе 30 жылдык тарыхы бар Улуу майрамыбыз кут болсун! Ооба, “Улуу” деп айтууга да толук негиз бар. Ой жүгүртсөк “Улуу адамдар жашы менен улуу эмес, элге сиңген эмгеги, кылган кызматы менен улуу” экен. Мен кыргыз тилин ошол сяктуу кылымдарды карыткан карт тарыхы менен улуу дээр элем. Карт тарыхта жуздөгөн элдердин тили башка элдерге сиңип, жок болуп кеткенин ар кандай булактардан угуп эле жүрөбүз. Ошондуктан тилине күйүп-бышып: “Тил жоголбойт, жоголсо жоголот дил! Уулуң да кызың да жоголот бил!” - деп Эл акыныбыз Шайлообек Дүйшеев кан какшаса, дагы бир таланттуу акыныбыз: Жок, жок, болбойт!.. Эне тилим өлбөсүн! Жамандыгын эки көзүм көрбөсүн. Жакшылыгын гана арнап элиме, Жаратканым андай күндү бербесин! –деп жаратканга жалынып келет. Андыктан, тил тагдырына кайдыгерлик кылбай, анын тазалыгы, нукуралуулугу учүн аз да болсо салым кошолу деген ниетте бүгүнкү таймаштын темасын: “Кыргызга кыргыз тилдин кереги не? Кызматта жарабаса керегиңе! – деп атап, анда санжыргалуу сөз берметтери, өзу кыска, айта салса нуска кептер, түркүн-түмөн сөз маанилеринин катылганына күбө болосуздар.

Калыстар тобу менен тааныштыруу.

Тосуп ал!”Таймаштын шарттарын тушундүрүү:

1.Саламдашат. Топтун атын жакташат. 2.”Көздөн өткөр!” 3. “Жадыңда сакта! 4. “Изде, ийгер!” 5. “Түйшүктөн!” 9. “Такшал!”Сөздүн күчү сөздө” 7. “Сабаттуу бол!” 8. “Кыпкыргызча сүйлөйлү!” 9. “Сөздун күчү сөздө” 10. “Ырым менен даңктайм эне тилимди!” 11. “Улуулар айтат улуу кеп” 12.“Ата салтын сактайлы!” 13. “Бар нерсенин баркын бил!”

1.Саламдашуу. 2. “Көздөн өткөр!”

Мында топтогу окуучулардын бири чакмактын ичиндеги тамгаларды тез жазып жетишүүсү керек. 20 секундадан кийин ичиндеги тамгалар алмаштырылат. Ошондо окуучу 1 минутада канча тамга жазып жетише алат.

Ф Л



А Г

3.”Жадыңда сакта!”

Мында окуучулардын бири 30 секунданын ичинде төмөнкү сөздөрдүн ар бирин 2сек. алмаштырып турганда канча сөз жазып жетишет. Андан соң сөздөрдүн маанисин түшүнө билүүсүн байкоо.

Ат токур, ак сөөк, кара алтын, дүнүйө капар, дан куурай, ак жоолук, педагог, жылкы мүнөз, күн желеси, кирпиги жабышуу, чабалекейдей каттоо, үзөңгү жолдош, кулжа айы, кан таламай, топ бузар, кыркы жылкы.

4.”Изде, ийгер!”

Мында бир нече сөздөрү жазылбаган сүйлөм берилет. Анын ичинен мааниси жагынан эң туура келгенин табышат. 1. Келечекте мен ____________ болгум келет, себеби бүгүнкү күндө ______________ адамдар __________________ жатышат.

а) догдур/оорулуу/эркин б) сүрөтчү/таланттуу/бекер в) мугалим/сабатсыз/кыйналып г) аскер/алсыз/окуп

2. _______________ эрежелерин билсек, _______________ туура түзө алабыз.

а) жүрүм-турум/каалагандай сүйлөшүүнү б) көбөйтүүнүн/каалагандай мисалды в) ыр жаратуу/каалагандай романды г) синтаксистин/каалагандай сүйлөмдү

5.”Түйшүктөн!”

А – О Мында ар кандай чакан тексттер берилет. Окуучулар “О”ну “А”га алмаштырып окуйт.

Киндик эне. Ыңоолоп, жорык дүйнөгө келген болокот “Жети энем бор” – деп, жерге түшөт. Өз эне, чоң эне, тоене, ояш эне, өкүл эне. Онон олордын эң эле олгочкысы, киндик энеси бор. Бул – нористенин киндигин кесип, киндик конын жерге томызгон эне. Ошондуктон киндик кон томгон жер, онын обосы мисир жана ыйык. Ор дойым жодыңдо соктолот. Ушундон киндик энени боло киндигин кесип, кирин жуугондыгы үчүн ыроозы кылот. Ор ким шортыно жорошо колундо бор жолдугун жосогон.

Жош одом желбегей жомынбойт”. Чынындо , желбегей жомынуу коры – кортоңдорго ылойыктуудой сезилет. Себеп дегенде, олор сырт кийимдерин улом кийип, улом чечип отурууго корогондо жомынып, кирип чыгууго, босууго, доорот олууго, номозго доярдонууго оңтойлуу болот. Улуулордын көзүнчө минтип озүн көрсөтүү – жош адамдын төрөпейилдиги, улуулорды тең сонобоочулугу, мончыркоп колгондыгы. Боорынон до, оксоколдорды козго илбей колуулорынон кобор берет.

6. “Такшал!”

Топторго “Алтын бешик” деген текст таратылып берилет. Алар окуп чыгып, андагы фразеологизм же түшүнүксүз сөздөрдү табышат. Ар бир сөздүн маанисин түшүндүрүп берген соң, сөздөр эсинде бекем сакталышы үчүн оюн ойношот. Мисалы: мисир – ыйык, киндик кан тамган – киндик кесип, кир жууган жер, туулган жер, көкүрөк көтөргөн - өсүп жетилген, алтын бешик – баалуу бешик, ак бата - аруу, таза тилек.

ыйык туулган жер

аруу тилек

көкүрөк көтөргөн

алтын бешик

Сөздөрдү жогорудагыдай досканын ар кайсы жерине жазып, бирөө айтып, экинчиси кол менен көрсөтүп тез айтып, тез таап ойноо шарт. М: “мисир” дегенде “ыйык”, “ак бата” дегенде “аруу тилекти” көрсөтүү керек.

7. “ Сабаттуу бол!”

Жат жазуу жазышат. Мында эки-үч гана сүйлөм жаздырылат. Тексттеги сөздөрдү экиден гана окуп берилет. Окуучулар тыныш белгилерин өздөрү коюусу шарт.

8. “ “Кыпкыргызча” сүйлөйлү!”

Пробка-тыгын, пульт- тескеме, резюме-таржымал, рюкзак-жонбаштык, куржун, сезон-мезгил, сенсорный экран- сезимтал экран, юбилей-маараке, музей-мураскана, адрес-дарек, балкон-салкындама, телефон-тындама, календарь-айнаама, код-сырбелги, кондиционер-желдеткич, карьера-мансап, кофе-брейк- шам-шум этме, момент-учур, морозильник- тоңдургуч, налог-салык, намек-кулак кагыш, загрузка-жүктөм, визитка-таанытма, активный-жигердүү, сеть-тармак, түйүн, спонсор-демөөрчү, стол-үстөл, сувенир-асем белек, футболка-желкөйнөк, оригинал-түпнуска, пляж-кумжээк, почти-дээрлик, точно-туптуура, так-анда, итак-ошентип..баштайлы, вообще-деги, уже-эчак эле, ладно-мейли, типа-дегендей, значит-демек, давайте-келгиле, прикинь-элестетсең, по любому-кандай гана болбосун, на самом деле- чындыгында, наконец-то- акыры. ырас эле.

9. “Сөздүн күчү сөздө”

Сүйлөп жатканы эле болбосо бардык эле адамдар сөз биле бербейт. Сөз билген адам анын ички поэтикасын, тышкы музыкасын сезет, туят. Сөз билген адам сүйлөсө ал ырдап тургансыйт. Күчтүү, сезимтал адамдар гана сөздү көз караштан түшунүшөт. Сөздү айттырбай түшүнүүнүн өзү керемет. Керек болсо үнсүз тиктешип туруунун өзү да, үнсүз сүйлөшүүнүң өзү да сөз. Сөз ошондой улуу нерсе. Эмесе кезекти сөз жөнүндө макал-лакаптарга, учкул сөздөргө, накыл кептерге берели.

10. “Ырым менен даңктайм эне тилимди” Көркөм айтуу.

11. “Улуулар айтат улуу кеп”.

Тил жөнундө улуу ойчулдардын айткандарынан кеп салышат.

12. “Ата салтын ардактайлы!” Суроолор: 1. Жети ата. 2. Ай аттарынын кыргызча аталышы. 3. Суу атасы - ......, сөз атасы-...... 4. Жигиттин пири -....... 5. Күүнүн пири-........... 6. Иттин пири - ........ 7. Айтылган сырды жашыруу эмненин белгиси? 8. Топту жарып сөз айтыш эмненин белгиси? 9. Бекитип тамак катпаган, айран, сүтү батпаган эмненин белгиси? 10. Ичпей-жебей мал кутүү эмненин белгиси? 11. Эртели-кеч сырдашуу эмненин белгиси?



13. “Бар нерсенин баркын бил!”

-Жылынып журуп, күндун баркын билбейт экенбиз, “чыгыштан чыкты, батышка батат” деп.

- Жашап жүруп, жердин баркын билбейт экенбиз, “тоосу таш, тусу топурак”деп.

-Ичип журүп, суунун баркын билбейт экенбиз, “жутса муздак, кайнатса ысык” деп. Дагы эмненин баркын билбейбиз? Улантышат.



Жыйынтыктоо: Калыстар тобуна сөз берүү. Жеңүүчүлөрдү аныктоо. Сыйлоо




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!