СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстан Россиядагы революциялар мезгилинде (1917-1918 жылдар) // 9 класс, Кыргызстан тарыхы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Убактылуу Өкмөт, Совет бийлиги

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстан Россиядагы революциялар мезгилинде (1917-1918 жылдар) // 9 класс, Кыргызстан тарыхы»

Кыргызстан Россиядагы революциялар мезгилинде

Кыргызстан Россиядагы революциялар мезгилинде

План ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДА КЫРГЫЗСТАНДА СОВЕТ БИЙЛИГИН ОРНОТУУ ЖАНА УЛУТТУК АВТОНОМИЯ ТҮЗҮҮ АРАКЕТТЕРИ

План

  • ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДА
  • КЫРГЫЗСТАНДА СОВЕТ БИЙЛИГИН ОРНОТУУ ЖАНА УЛУТТУК АВТОНОМИЯ ТҮЗҮҮ АРАКЕТТЕРИ
1905-1907-жылдардагы Биринчи революция негизги коомдук-саясий маселелерди чечкен эмес Чексиз бийлик «Жер маселеси» Россия империясындагы элдердин теңсиздиги

1905-1907-жылдардагы Биринчи революция негизги коомдук-саясий маселелерди чечкен эмес

Чексиз бийлик

«Жер маселеси»

Россия империясындагы элдердин теңсиздиги

Россиянын Биринчи дүйнөлүк согушка катышуусу жаңы революцияга шарттарды түздү Экономикалык кризис (отун, транспорт, азык-түлүк жана каржы (инфляция) Эмгекчилердин материалдык абалынын начарлашы Бийлик кризиси (падышанын бийлигинин кулашы) Россиянын фронттогу жеңилүүлөрү, элдин согуштан чарчоосу

Россиянын Биринчи дүйнөлүк согушка катышуусу жаңы революцияга шарттарды түздү

  • Экономикалык кризис (отун, транспорт, азык-түлүк жана каржы (инфляция)
  • Эмгекчилердин материалдык абалынын начарлашы
  • Бийлик кризиси (падышанын бийлигинин кулашы)
  • Россиянын фронттогу жеңилүүлөрү, элдин согуштан чарчоосу

1. ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДА Петроградда башталган көтөрүлүш бүткүл Россияга тез жайылып, жалпы элди күрөшкө шыктандырган. Бул кыймыл көп өтпөй Кыргызстанга да жеткен. Жергиликтүү бийлик борбордогу козголоң тууралуу маалыматты жашырып келген. Мисалы, падышанын бийликтен баш тартуу жөнүндө кабары 1917 жылдын 3-мартында кабыл алынган, бирок, бул тууралуу расмий маалымат 10-мартта жарыяланган. Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү бул окуяны канааттануу менен кабыл алышкан.

1. ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДА

  • Петроградда башталган көтөрүлүш бүткүл Россияга тез жайылып, жалпы элди күрөшкө шыктандырган.
  • Бул кыймыл көп өтпөй Кыргызстанга да жеткен. Жергиликтүү бийлик борбордогу козголоң тууралуу маалыматты жашырып келген. Мисалы, падышанын бийликтен баш тартуу жөнүндө кабары 1917 жылдын 3-мартында кабыл алынган, бирок, бул тууралуу расмий маалымат 10-мартта жарыяланган.
  • Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү бул окуяны канааттануу менен кабыл алышкан.
Россияда кош бийлик өнүккөн: өлкөнү бир эле учурда Убактылуу өкмөт жана Петроград Кеңеши башкарган Мариинск сарайында Убактылуу Өкмөттүн жыйыны Таврия сарайындагы жумушчулар жана жоокерлер депутаттарынын кеңешинин жыйыны

Россияда кош бийлик өнүккөн: өлкөнү бир эле учурда Убактылуу өкмөт жана Петроград Кеңеши башкарган

Мариинск сарайында Убактылуу Өкмөттүн жыйыны

Таврия сарайындагы жумушчулар жана жоокерлер депутаттарынын кеңешинин жыйыны

Коомдук-саясий уюмдар ийгиликтүү түзүлө баштады. Март айында Сүлүктү кенинин жумушчу депутаттарынын Кеңеши түзүлгөн. 6-7-мартта Пишпекте солдат депутаттарынын Кеңеши уюштурулуп, көп өтпөй жумушчу жана кол өнөрчүлөрдүн депутаттар кеңеши менен биригет. Кийинчерээк Нарын жана Караколдо Советтер пайда болгон. Улуттук революциялык-демократиялык уюмдар пайда болот – май айында
  • Коомдук-саясий уюмдар ийгиликтүү түзүлө баштады. Март айында Сүлүктү кенинин жумушчу депутаттарынын Кеңеши түзүлгөн.
  • 6-7-мартта Пишпекте солдат депутаттарынын Кеңеши уюштурулуп, көп өтпөй жумушчу жана кол өнөрчүлөрдүн депутаттар кеңеши менен биригет. Кийинчерээк Нарын жана Караколдо Советтер пайда болгон.
  • Улуттук революциялык-демократиялык уюмдар пайда болот – май айында "Букара" союзу (лидер Кожомурат Сарыкулаков), андан кийин эмгекчи мусулмандардын бирикмелери.
«Кош бийлик» орногон Борбордук Россиядан айырмаланып, Кыргызстанда «үчилтик бийлик» түзүлгөн: Жумушчу жана солдат депутаттарынын кеңештери, Убактылуу Өкмөтүнүн комитеттери Кыргыз коомдук комитеттери.

«Кош бийлик» орногон Борбордук Россиядан айырмаланып, Кыргызстанда «үчилтик бийлик» түзүлгөн:

  • Жумушчу жана солдат депутаттарынын кеңештери,
  • Убактылуу Өкмөтүнүн комитеттери
  • Кыргыз коомдук комитеттери.
Кожомурат САРЫКУЛАКОВ (1892-1918) — коомдук ишмер, Европанын университеттеринде окуган алгачкы кыргыз студенттеринин бири.

Кожомурат САРЫКУЛАКОВ (1892-1918) — коомдук ишмер, Европанын университеттеринде окуган алгачкы кыргыз студенттеринин бири.

Ахмет Байтурсынов (1872 —1937) — казак элинин коомдук жана мамлекеттик ишмери, «Алаш» партиясынын лидери , агартуучу, тилчи-окумуштуу, адабият таануучу, түрколог, акын жана котормочу

Ахмет Байтурсынов (1872 —1937) — казак элинин коомдук жана мамлекеттик ишмери, «Алаш» партиясынын лидери , агартуучу, тилчи-окумуштуу, адабият таануучу, түрколог, акын жана котормочу

Падышалыктын кулаганы тууралуу кубанычтуу кабарды уккан кыргыздар 1917-жылдын мартынан тарта Мекенине кайта баштаган. Кайтып келе жаткан жолдо адамдар каза болуп жатты, бирок бул үйгө кайтып келген качкындарды токтоткон жок. 1917-жылдын май айынын башына карата Кыргызстанга 64 миңге жакын адам кайтып келген.
  • Падышалыктын кулаганы тууралуу кубанычтуу кабарды уккан кыргыздар 1917-жылдын мартынан тарта Мекенине кайта баштаган.
  • Кайтып келе жаткан жолдо адамдар каза болуп жатты, бирок бул үйгө кайтып келген качкындарды токтоткон жок.
  • 1917-жылдын май айынын башына карата Кыргызстанга 64 миңге жакын адам кайтып келген.
Убактылуу Өкмөт Мекенине кайтып келген качкындарга жакшы мамиле жасаган эмес. Мисалы, Пржевальск уездинин Валерьяновна айылынын жанында жазалоочу отряддын мурдагы командири Гейциг башында турган адамдар тобу Кытайдан кайтып келген качкындардын тобун кырып салышкан…  Ошентип, Февраль революциясы кыргыздарга улуттук эркиндик алып келген жок.

Убактылуу Өкмөт Мекенине кайтып келген качкындарга жакшы мамиле жасаган эмес. Мисалы, Пржевальск уездинин Валерьяновна айылынын жанында жазалоочу отряддын мурдагы командири Гейциг башында турган адамдар тобу Кытайдан кайтып келген качкындардын тобун кырып салышкан…

Ошентип, Февраль революциясы кыргыздарга улуттук эркиндик алып келген жок.

2. КЫРГЫЗСТАНДА СОВЕТ БИЙЛИГИН ОРНОТУУ ЖАНА УЛУТТУК АВТОНОМИЯ ТҮЗҮҮ АРАКЕТТЕРИ 25-октябрь (7-ноябрь) 1917-жылы В.И. Ленин жетектеген большевиктер партиясы Петроградда төңкөрүш жасап, кийинчерээк тарыхта Улуу Октябрь Социалисттик революциясы деп аталып калган.

2. КЫРГЫЗСТАНДА СОВЕТ БИЙЛИГИН ОРНОТУУ ЖАНА УЛУТТУК АВТОНОМИЯ ТҮЗҮҮ АРАКЕТТЕРИ

  • 25-октябрь (7-ноябрь) 1917-жылы В.И. Ленин жетектеген большевиктер партиясы Петроградда төңкөрүш жасап, кийинчерээк тарыхта Улуу Октябрь Социалисттик революциясы деп аталып калган.
Совет бийлиги биринчи кезекте Кыргызстандын өнөр жай райондорунда — Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларында орнотулган. 1917-жылы декабрда жаңы бийлик Жалал - Абадда, 1918-жылы янва рда Ошто жеңишке жетишкен.
  • Совет бийлиги биринчи кезекте Кыргызстандын өнөр жай райондорунда — Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларында орнотулган. 1917-жылы декабрда жаңы бийлик Жалал - Абадда, 1918-жылы янва рда Ошто жеңишке жетишкен.
Түндүк Кыргызстанда совет бийлиги башында Таласта, 5 - январда 1918 - жылы Пишпекте, февралда Токмокто жеңген. Совет бийлигин коргоо үчүн ыктыярчылардан Кызыл гвардиянын отряддары түзүлгөн. Алардын жардамы менен Ысык-Көлдө жана Нарында Совет бийлиги орногон. 1918-жылдын ортосунда Совет бийлиги бүткүл Кыргызстанда жеңишке жеткен.
  • Түндүк Кыргызстанда совет бийлиги башында Таласта, 5 - январда 1918 - жылы Пишпекте, февралда Токмокто жеңген. Совет бийлигин коргоо үчүн ыктыярчылардан Кызыл гвардиянын отряддары түзүлгөн. Алардын жардамы менен Ысык-Көлдө жана Нарында Совет бийлиги орногон.
  • 1918-жылдын ортосунда Совет бийлиги бүткүл Кыргызстанда жеңишке жеткен.
Кокон автономиясы 26-29 ноябрда (9-12 декабрда) түзүлгөн. 1917-жылы
  • Кокон автономиясы 26-29 ноябрда (9-12 декабрда) түзүлгөн.

1917-жылы "Шура-и-Улемия" жана "Шура-и-Исламия" мусулман уюмдарынын демилгеси боюнча Кокондогу аймактык 4-чү мусулман съезди Түркстан Совет Республикасынын Өкмөтү (ТСР) баштаган революциялык өзгөрүүлөргө жол бербөө, феодалдык-бай жер ээлигин, шариат ченемдерин сактоо, ошондой эле Түркстанды Советтик Россиядан бөлүү жана Кокон хандыгын калыбына келтирүү максатында уюштурулган.

Кокон автономиясында мыйзам чыгаруу бийлиги 54 кишиден турган, аткаруу бийлигинин башына адегенде М. Тынышпаев , андан кийин М. Чокаев келген болчу.

Мустафа Чокаев

Кокон автономиясынын чогулушу

Кокон автономиясынын чогулушу

Кокон автономиясынын жетекчилиги Бухара эмири, Хива ханы, Атаман А.И. Дутов жана
  • Кокон автономиясынын жетекчилиги Бухара эмири, Хива ханы, Атаман А.И. Дутов жана "Алаш"улутчул уюму менен биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетишкен. Кокон автономиясына активдүү колдоо көрсөткөн Британ өкмөтү Коконго аскердик кеңешчилерин жана курал-жарактарын жөнөткөн.
  • 1918-жылдын январь айынын аягында Иргаштын кол алдындагы Кокон автономиясынын Куралдуу Күчтөрү ТСРге каршы согуш аракеттерин башташкан. 1918 - жылы 6-9 (19-22) февралында Иргаштын аскерлери Кызыл гвардиянын кошуундары тарабынан талкаланып, андан кийин Кокон автономиясынын айрым жетекчилиги камакка алынып, калгандары качып кетишкен.
Качкын кыргыздардын Мекенине кайтып келиши. Кыргызстанда Совет бийлигинин орношу менен 1916 жылдагы көтөрүлүштүн катышуучуларын куугунтуктоо жана жазалоо токтотулган.

Качкын кыргыздардын Мекенине кайтып келиши.

Кыргызстанда Совет бийлигинин орношу менен 1916 жылдагы көтөрүлүштүн катышуучуларын куугунтуктоо жана жазалоо токтотулган.

Падышачылык кулап, Совет бийлиги орногондон кийин 1916-жылы Кытайга качкан 200 миң кыргыздын 100 миңден ашыгы (кытайлык маалыматтар боюнча) Мекенине кайтып келген. Совет бийлигинин көмөгү менен кайтып келген качкын кыргыздарга кайтарымсыз жардам көрсөтүү үчүн 100 млн. рубль бөлүнгөн. Бул каражатка качкындар үчүн мал, айыл чарба шаймандары, боз үйлөр, курулуш материалдары сатылып алынган. Мекенине кайтып келген кыргыздарга 1920-жылы эле 50255 гектар айдоо жери, 87400 гектар жайыт жер бөлүнгөн. Бардык качкындар мамлекеттик салыктардан 5 жылга бошотулган.

Падышачылык кулап, Совет бийлиги орногондон кийин 1916-жылы Кытайга качкан 200 миң кыргыздын 100 миңден ашыгы (кытайлык маалыматтар боюнча) Мекенине кайтып келген.

Совет бийлигинин көмөгү менен кайтып келген качкын кыргыздарга кайтарымсыз жардам көрсөтүү үчүн 100 млн. рубль бөлүнгөн. Бул каражатка качкындар үчүн мал, айыл чарба шаймандары, боз үйлөр, курулуш материалдары сатылып алынган.

Мекенине кайтып келген кыргыздарга 1920-жылы эле 50255 гектар айдоо жери, 87400 гектар жайыт жер бөлүнгөн. Бардык качкындар мамлекеттик салыктардан 5 жылга бошотулган.

Суроолор  Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясы Кыргызстанга кандай таасир берди? Кыргызстандагы революциялык кыймылдын активдүү катышуучуларынын ысымдарын жана 1917-жылы пайда болгон социал-демократиялык топтордун, уюмдардын жана партиялардын аттарын атаңыз. Кыргызстанда Совет бийлиги кандай орногон, ага жергиликтүү калктын мамилеси кандай болгон? Большевиктердин улуттук маселе боюнча программасы кандай болгон? Эмне үчүн большевиктер Кокон автономиясына каршы чыгышкан?

Суроолор

  • Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясы Кыргызстанга кандай таасир берди?
  • Кыргызстандагы революциялык кыймылдын активдүү катышуучуларынын ысымдарын жана 1917-жылы пайда болгон социал-демократиялык топтордун, уюмдардын жана партиялардын аттарын атаңыз.
  • Кыргызстанда Совет бийлиги кандай орногон, ага жергиликтүү калктын мамилеси кандай болгон?
  • Большевиктердин улуттук маселе боюнча программасы кандай болгон?
  • Эмне үчүн большевиктер Кокон автономиясына каршы чыгышкан?
Үй тапшырмасы Маанилүү дата, терминдерди табуу

Үй тапшырмасы

  • Маанилүү дата, терминдерди табуу