СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстан тарыхын окуйбуз

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргызстан тарыхы

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстан тарыхын окуйбуз»

Кокон хандыгы Мугалим:Токтобек кызы Алмагүл

Кокон хандыгы

Мугалим:Токтобек кызы Алмагүл

Кокон хандыгы — 1709 – 1876 аралыгында, азыркы Өзбекстан , Тажикстан , Кыргызстан жана Казакстандын түштүк аймактарында жана Шинжаң-Уйгур автоном районунун (Чыгыш Түркстан) аймактарында жашаган мамлекет. Эң жогорку гүлдөөсүндө 820 миңдей км² ээлеген. Түркстан хандыктарынын бири.

Кокон хандыгы — 1709 – 1876 аралыгында, азыркы Өзбекстан , Тажикстан , Кыргызстан жана Казакстандын түштүк аймактарында жана Шинжаң-Уйгур автоном районунун (Чыгыш Түркстан) аймактарында жашаган мамлекет. Эң жогорку гүлдөөсүндө 820 миңдей км² ээлеген. Түркстан хандыктарынын бири.

1709-жылы «миң» деген өзбек уруусунан чыккан Шахрух бийдин Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө көзкарандысыз ээликти негиздеши, хандыктын негизделиши болгон. Ал анча чоң эмес Кокон шаарында чеп тургузган, кийин бул хандыктын борборуна айланган. Жергеликтүү уламыштар боюнча, султан Бабур (Темирландын чөбөрөсү) Фергана өрөөнү аркылуу Самаркандан Индияга өтүп бара жатканда, аялдарынын бири Кожент менен Канибадам арасындагы жолдон уул төрөйт; Алтынбешик (1545-жылы өлгөн) деп аталган наристени ал жердеги көчүп-конуп жүрүүчү төрт уруу (анын бири, сулалеге атын берген миң уруусу) багып алат. Качан анын тектүүлүк жайы билингенде, Алтынбешик бий көтөрүлүп, Ахсыга жайланышат.

1709-жылы «миң» деген өзбек уруусунан чыккан Шахрух бийдин Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө көзкарандысыз ээликти негиздеши, хандыктын негизделиши болгон. Ал анча чоң эмес Кокон шаарында чеп тургузган, кийин бул хандыктын борборуна айланган.

Жергеликтүү уламыштар боюнча, султан Бабур (Темирландын чөбөрөсү) Фергана өрөөнү аркылуу Самаркандан Индияга өтүп бара жатканда, аялдарынын бири Кожент менен Канибадам арасындагы жолдон уул төрөйт; Алтынбешик (1545-жылы өлгөн) деп аталган наристени ал жердеги көчүп-конуп жүрүүчү төрт уруу (анын бири, сулалеге атын берген миң уруусу) багып алат. Качан анын тектүүлүк жайы билингенде, Алтынбешик бий көтөрүлүп, Ахсыга жайланышат.

Гүлдөө мезгили [ түзөтүү | булагын түзөтүү ]

Алим хандын такка олтурушу менен хандыктын гүлдөө доору башталат. Нарботонун уулу Алим бий тажик тоолуктарынын жардамы менен Фергананын Кожент менен Шаш (Ташкен) кошулган батыш жарымын багындырган. Алим хандын өз атаандаштарын четтетип, бийлигин күч менен күчөтүүгө аракет кылгандыгынан улам, ал «залим» жана «шергаран» деп да аталып калган. Алим хандын (1798–1809) тушунда Кокон хандарынын теги Тимурдун тукуму Бабурдан тараган (Алтын-Бешик, Теңир-Жар) деген генеологиялык уламыш калыптанган. Падышалык кезинин бардыгын маанилүү шаарлардын бектери менен болгон согуштарда өткөрүп, Чымкен, Сайрам, Курама жана Ташкенди каратып, Эрдененин мезгилинен бери бухара-кокон талашынын очогу болуп келген Оро-Төбөгө 15 жолу жортуул жасаган. Анын тушунда Фергана өрөөнү биротоло Кокон хандыгына бириккен жана ички саясатынын орчундуусу аскер реформасы болуп, мылтык, замбирек менен куралданган 10 миңдей туруктуу атчан аскер түзүлгөн. Бирок ошол эле согуштар Алимдин өзүн өлтүргөн, анткени, көбөйгөн согуштардын кыйынчылыктарына чыдай албай калган эл аны каалабай калышкан эле, натыйжада 1809-жылы тууганы Омордун жолдоштору тарабынан өлтүрүлгөн

Алымбек Датка Асан бий уулу , Алымбек парваначы (1799–1862) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Жыйырма жети жашында аял алган. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал алайлык кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. Алымбек 1831 ­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.

Отуз эки жашында Анжиян вилайетинин беги болуп дайындалып, Ош ордосунда таасирдүү рол ойногон.

1842-жылы Шераалыны хандыкка көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген.

Хандыктагы саясий жана мамлекеттин 30 жылдык (1831–1862) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга (заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жээни Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес.

Курманжан датка (1811-1907) ― Кыргыз элинин XIX кылымдагы коомдук, саясий жана аскер ишмери. 1832-жылдан 1876-жылга чейин Алай кыргыздарынын башчысы, даткасы болуп келген. Бухара эмиратында жана Кокон хандыгында датка наамына ээ болгон. Орус императордук армиясынын полковниги (1876-жылдан тартып). Калк арасында:

Курманжан датка (1811-1907) ― Кыргыз элинин XIX кылымдагы коомдук, саясий жана аскер ишмери. 1832-жылдан 1876-жылга чейин Алай кыргыздарынын башчысы, даткасы болуп келген. Бухара эмиратында жана Кокон хандыгында датка наамына ээ болгон. Орус императордук армиясынын полковниги (1876-жылдан тартып). Калк арасында: "түштүк ханышасы", "улуттун энеси" ж.б лакап аттар менен таанымал болгон.

Курманжан Датка 1811 –жылы Оштун Жапалак айылына караштуу Орке кыштагында туулган. Алайдын жана Ош аймагынын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында адигине уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон.

Курманжан Датка 1811 –жылы Оштун Жапалак айылына караштуу Орке кыштагында туулган.

Алайдын жана Ош аймагынын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат.

1832-жылы Курманжан 21 жашында адигине уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон.